Аркадий Аверченко: Абийир

  • 17.11.2025
  • 560

АҢГЕМЕ

— Сиз ким болосуз?

— Төртүнчү Думанын депутатымын.

— Жок, кесибиңизди сурап жатам.

— Кудайым, ай! Депутатмын да!

— Уялбайсызбы?

— Эмнеден?

— Жалпысынан, уялбайсызбы?

— Эмнеден уялмак элем?

— Жок, буйтабаңыз, менин көзүмө түз карап жооп бериңиз: уялбайсызбы? 

— Чындап эле түшүнбөй жатам... 

— Сиз эмне деп жатасыз! Түшүнбөйм... түшүнөм... жөн гана ачыгын айтып коюңуз: Сиз уялбайсызбы?

Тыныгуу

— Ну?

— Эмне?!

— Эмнеге унчукпайсыз?

— Эмне дешим керек?

— Уялбайсызбы? Чынчылдык менен моюнга алыңыз: уяласызбы же уялбайсызбы? 

Тыныгуу. 

— Ну, уялам!

— Ошол да. 

Экөө тең үшкүрүп, эки жакка кетишти.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз