АҢГЕМЕ
Апа мектептин мугалими болчу илгерки. Жаш кезинде орус тилинде сабак берчү. Совет доорунда ал «интернационализм» деген сөздү эң жарык идея катары көрчүбүз дейт. Ал кезде Москвадан келген китептер ыйык саналчу. Лениндин сөздөрү — чындык, ал эми өз эне тили — жөн гана айылдык турмуштун тили болчу. Эми карыган чагында кобурап калчу болду: өз тилинде түш көрө албай калганын.
Бир күнү улуу небереси шаардан келди. Эс алганы. Небереси жаңы заманда туулуп, социалдык тармактардан тарбияланып, эркин ойлонгон, ичинен өзү ким экенин түшүнүүгө умтулган зирек бала. Телевизор менен эч иши жок үчүн – пропагандага акылы тумандай элек...
Ал айылдын чаң баскан көчөсүндөгү чоң апасынын үйүнө башпакты. Үйдүн дубалында советтик мезгилден калган Ленин менен жоолукчан дыйкандын сүрөтү илинип турат.
– Чоң апа, – деди ал, чачын артка сылап. – Биз азыр университетте “колониалдык тил” деген теманы өтүп жатабыз. Эне тилибизди чала билгенибиздин себебин ошондо ойлондум...
Чоң апасы унчукпады. Чай демдеп отуруп, түтүнү быкшыган самоордун буусуна тиктеди. Самоор буусунун жытычы? Бул жыт ага бала чагын – мектептеги ар бир сабактан кийин партиялык ураандар айтылып, бирок үйдө апасынын кыргызча кошогун угуп ыйлагандарын эске салды.
– Биз орус тилин сүйүп өстүк, уулум, – деди акырын. – Анткени аны билүү – акылдуу, билимдүү болуу дегенди туюнтчу. Ал заманда өз тилибизди унутуп баратканыбыз эч кимибиздин башыбызга келбептир, чёрттуку. Көрсө орус тилинен акылыбыз кеңейип кетпептир, тескерисинче, көптү билбей калыппыз... – деди оор үшкүрүп.
– Эмнеге аны токтотуп коё албадыңар убагында?
– Ким токтото алат эле?.. – чоң апасы күлө сүйлөдү аргасыздай. – Бизди бир чоң деңизге ыргытышкан тура, түгөткүрлөр.
– Чөктүрүп өлтүрүү үчүнбү? – зээндүү небереси кунт коюп тыңшады.
– Ал деңиз империянын тили тура көрсө. Биз ошол көр деңиздин түбүнө түшүп кетерде, союз урады. Ырас эле ураптыр... Кээси жээкке чыга албай калышты ал деңизден…
Небереси терең ойго батты. Терезе сыртында удургуган шамал көктөгү айды булутка жашырып, кайра өзү айдап чыгарып турду.
– Чоң апа, азыр да ошол шамалдын күүсү уланып жаткандай. Кээде өз элибизди өзүбүз унутуп жатабыз. Бул жолу интернет аркылуу.
Чоң апасы баш ийкеди.
– Ар бир доордун шовинизми ар башка тура, уулум. Илгери ал мылтык менен келсе, азыр алгоритм деген балекети менен келди. Илгери советтик империя тилибизди жоготсо, азыркысы өз үнүңдү башка тилге которуп койот заматта. Мунун баары — ошол эле үстөмдүк, болгону кийими жаңы...
Чоң апасы башын көтөрүп, дубалдагы Лениндин сүрөтүнө кадалды.
– Биз ошондо “бардыгы бирдей” дегенге ишенгенибизди кантейин. Бирдей болбой калсын: үнүбүз угулчу эмес экен…
Небереси көзүн жумду. Эсине шаардагы мугалимдин сөзү түштү: “Империялык тил адамдын аң-сезимин өзгөртөт. Ал адамга өз дүйнөсүн башкалардын көзү менен көрүүгө үйрөтөт.”
– Демек, чоң апа, империянын айткан-дегенинен чыкпапсыңар да?..
Күлүп койду чоң апасы:
– Ооба десең. Жашоону өз көзүбүз менен тааныбаппыз анда.
Түн кирди. Сыртта жамгыр үнү күчөндү. Ал үн чоң апасына бөтөнчө угулду негедир. Илгери орусча ырдалган хорго окшободу жамгыр үнү. Өз тилинде шыбыраган сыяктуу ал дагын.
– Тилиңди сакта, уулум, – деди ошондо гана. – Тилиң бул – сенин дүйнөң, тарыхың. Башка элдин тилин билүү – жакшы, бирок өз тилиңде ой жүгүртүп, дүйнөгө ошол көз менен кара. Ошондо гана эч бир шовинизм башкара албайт сени.
Эртеси таңда дубалдагы Лениндин сүрөтүн чоң апасы очоктогу отко ыргытып, Лениндин күйгөн сүрөтүн тиктеп турганын көрдү. Таңгалды чоң апасына.
– Ушул көркоо элдик насилибизден ажыраткан экен баарыбызды, – деди жанына келген небересине кобуранып. Бизди туура эмес багытка салган жолбашчы бул...
Чоң апасы убайымдуу мээрим менен бооруна тартты аны.
Эртеси шаарга кайтып баратып, чоң энесинин үнүн жазып алды телефонуна: «Тилди сүйүү — элди сүйүү. Элди сүйүү — эркиндикти сүйүү».
Ошол аудио кийин университеттин дубалында илинди. Аны уккандар ойлонуп калышты: бул жөн гана тил жөнүндө эмес, адам болуу жөнүндө накыл кеп дешти мугалимдери.
Кийин муну айылдагы чоң апасы самоор чайын ууртап отуруп угуп, ыйлап жиберди.
Бул — тарыхтын да, тилдин да, адамдын да кечирими болчу.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR