АҢГЕМЕ
Психологдун бөлмөсүнө Зуура оор дем менен кирди. Терезеден көк асман көрүнүп, асманда бир да канат каккан куш жок эле. Зууранын ичиндеги дүйнөдө да ошондой боштук турган.
— Отуруңуз, — деди психолог жумшак үн менен.
Зуура отурар алдында өз сөөгүнөн өтүп турган кайгысын кантип чыгарууну билбей үшкүрүндү.
— Кызым… Сайкал… — деди ал мукактанып. — Такыр эле өзгөрүп кетти… Мектепти толук бүтпөй жатып… боюна бүтүп калып... Жаман чөйрөгө кошулуп… Алдап-соолап да, тилдеп да, ийге келтире албадык. Кайра үйдөн качып, түнөрүп эле… Айламды таппагандан сизге келдим.
Психолог башын ийкеп, үндөбөдү көпкө. Зуурага кунт коюп кадалды. Терезеден көрүнгөн көк асманга көз чаптырып, абай сурады:
— Сиз эмнеден коркосуз?
— Эмне?.. — Зуура селт чочуп алды. — Кызымдан корком… Кандай болуп кетеринен корком.
— Андан мурда эмнеден коркчу элеңиз?
Зуура бир аз ойлонуп:
— Көп нерседен… Адепсиз чыккан ээн ооздордон болбосо экен дедим кызымды. Уят болбосун дедим элге… Тыйып чоңойттум.
Психолог салмактуу сүйлөндү:
— Ата-эненин тыйуусу көбөйгөндө, баланын ички каршылыгы өсөт. Ал акыры сыртка чыгат. Кайсы тарап бош болсо, ошол жакка.
Зуура башын көтөрүп, психологго кадады көзүн:
— Демек… Биз өз колубуз менен…
— Ооба, – психологдун үнү салмактуу чыкты. — Мунун баары ошо жүрөгүн коргой албаганыңыздан...
Зуура үн катпай отурду. Бөлмө бурчунда илинген саат жебеси акырын чыкылдап, Зууранын жан дүйнөсүндөгү жылдар да акырын сүрүлүп өтүп жатты: «Туш келди кете бербе!», «Кайда жүрдүң?», «Ким менен сүйлөштүң?» – кайра-кайра жаңырып угулган үн эле бул…
— Эмнеге тыйчу элеңиз? — деди психолог акырын.
— Күйөөм Кубат экөөбүз тең… тартип менен адам болот дедик. Бизди ушинтип тарбиялашкан. “Кызга кырк үйдөн туйуу” дешкенинен…
Психолог сабырдуу сүйлөдү:
— Тыйуу — кылыч сыяктуу. Аны узак кармап турсаң, өзүңдү жаралашы ыктымал. Уул-кыздарыбыз да ошол сыяктуу. А эркиндик — суу сыяктуу, аны таптакыр токтотуп койсоң, суу баткакка айланат.
Зуура канчалык карманса да, көзүнөн жаш тоголонуп кетти.
— Мен аны сүйдүм… Биз экөөбүз тең сүйдүк…
— Сүйүү менен көзөмөлдү көптөрү чаташтырып алышат, — деди психолог. — Силер Сайкалды сүйдүк дегениңер менен, канатынан тартып, асмандан коргогуңар келгени – туура эмес. Эми ал асман-жерден качып жүргөн кыз.
— Эми эмне кылышым керек? – айласы куругандай сурады Зуура. – Кийинки уулум да… тилимди албай баратат…
Психолог көзүн албай, олуттуу айтты:
— Баланын жүрөгүндөгү каалга... тыйуу менен жабылат, түшүнүү менен ачылат. Сайкалдын жүрөгү азыр жабык. Силер алгач… өз жүрөгүңөрдү ачышыңар керек. Антпей туруп жол көрсөтө албайсыңар...
— Кантип ачам? — деди Зуура жалбаргандай.
Психолог Зуурага бир стакан суу сунду.
— Суудай болуңуз. Таза... Катаңызды мойнуңузга алыңыз кызыңыздын алдында. Тыйууну, жазалоону токтотуңуз. Кызыңыз азыр кир суудай. Эми да баткакка түртпөңүз. Жанына отуруп, сүйлөбөсө да бооруңузга тартыңыз.
Зуура акырын баш ийкеп, ийниндеги оор жүктөн бошонгондой жеңилдеди. Ал врачтан чыкканда, көктөгү куштардын бири канатын жайып, зуулдап өттү. Зуура анын артынан узак карап турду.
— Кудай буйруса Сайкал да учат турмушка… — деп шыбырады.
Зуура үйүнө кайтып келгенде, эшик алдында жаткан аппак кар ага бир нерсени эскерткендей болду — актык, бирок муздактык.
Үйдө күйөөсү Кубат диванда көңүлсүз отуруптур. Телевизор күйүп турганы менен, ой-санаасы башкада анын.
— Барып келдиңби? — деди Кубат кайдыгер немедей.
— Барып келдим… психологго.
Кубат селт этти:
— Эмне деди? Баягы эле ата-энени жаман көрсөткөн кебиби?
Зуура күйөөсүнө тик карады. Бул жолу жүдөгөн Зуура эмес эле, бир нерсени түшүнүп келген адамдын көзү менен тиктеди.
— Жок, Кубат. Ал мага бир нерсени көрсөттү… чындыкты.
Кубат күлүмүш этти, бирок күлкүсү супсак эле.
— Эмне чындыгы? Сайкал бузулуп кеткенин... акыл-эс киргизет бекен?
Зуура жай отурду да, Кубаттын тизесине койгон колу титиреп жатты.
— Биз ага тыйууну гана үйрөтүппүз, Кубат. "Болбойт", "Жакын жолобо", "Кайталап сураба" дей берип... Ал үндөр могул дубалга да сиңип калгандай.
Кубат оор дем тартты.
— Тыйбасак эмне? Турмуш оңойбу? Бузулбасын дедик. Көчөдө эмне жүрөт?
— Ооба, ошондон корктук… — деди Зуура. — Бирок биз ага коркууну мурас кылыптырбыз. Сүйүүнү эмес. Биз ага жылуулук бербегенден, жылуулукту ал башка адамдан тааптыр… ким болсо да.
Муну уккан Кубаттын жүзүндө буга чейин жүрөктүн эң түпкү жарасын ачып жибергендей, өңү сууй түштү.
— Мен… мен эмнени туура эмес кылыптырмын? — деди шалдайып.
Зуура бул жолу күйөөсүн күнөөлөгөндөй эмес, жоголгон нерсени чогуу издеп жаткан жакынындай көз кадады.
— Эсиңдеби, Сайкал кичинекейинде сага сүрөт тартканын? Сен “Эмне кереги бар мунун” дегенсиң... Ошондо анын колу калтырап кеткени көз алдымдан кетпейт! Ошондон кийин ал биротоло сүрөт тартпай калган. Биз анын үнүн ошондо өчүрүптүрбүз, Кубат.
Кубат башын мыкчып отуруп калды.
— Мен… мен ошончолук катуу тийдим беле ага?..
— Сен эле эмес, мен дагы катуу болдум ага. Тыйып жүрүп… өзүн угууга мүмкүнчүлүк бербедик. Коркок чоңойттук аны. Корккон адам сырттан жылуулук издейт экен көрсө.
Үй ичинен тарс эткен үн чыкты, экөөнүн кичүү баласы Баркыт өз бөлмөсүндө эшикти катуу жаап алды. Экөөнү селт эттирди мунусу. Ал үн Зуурага психологдун айтканын эскертип тургансыды: "Эсиңизде болсун: үнү басылган үйдө эшиктер катуу жабылат."
Зуура ордунан турду.
— Көрдүңбү? Биз бул балабызды да үнсүз тарбиялаган үчүн... Мындай үйдө бала эмес, көлөкө чоңоёт.
Кубат өзүнүн олбурлуу денеси кичирейип бараткандай; диванга жыйрылып отурду. Зуура жылды ага.
— Кубат… али кеч эмес. Бирок Сайкал үчүн кечигип атабыз. Ага баралы… экөөбүз чогуу угалы кебин.
Кубат башын көтөрдү.
— Анан ал бизди угат бекен?..
— Эгер биз анын үнүн чындап уксак...
Сырттагы шамал терезени какты. Кыштын аппак кары Зуурага бул жолу актык менен башталчудай туюлду.
— Жаңы барак ачалы, Кубат. Тыйуу эмес, угуу менен.
Кубат акырын баш ийкеди. Түшүнүүнүн, кечиримдин, жылуулуктун үнү эле бул.
Сайкал шаар четиндеги эски көп кабаттуу үйдүн балкоосунда отуруптур. Ал ушул балконду жакшы көрчү. Бул жерде эч ким анын тынчын алчу эмес.
Телефонуна көз чаптырды. Апасынан эки билдирүү: “Кандайсың, кызым?” Анан “Качан келесиң?” Ушундай кыска, эч нерсе айтпаган, бирок көп нерсени жашырган суроолор.
Сайкал жооп жазган жок.
Ичи бош сыяктуу, бирок ошол боштук оор, көрүнбөгөн таштай өйдө көтөртпөдү башын.
Эшик тыкылдады. Курбу кыздарынын бири баш бакты:
— Сайкал, апаң издеп келиптир. Төмөндө…
Сайкалдын жүрөгү шуу деди. Ал секин, абайлап тепкичтерден түшүп баратып, ар бир кадамында өзүн токтоткусу келди: "Барба, кайра чык, кайра балконго кач" — деген эски адаты тарткылагансыды артка. Бирок белгисиз күч аны алдыга түрттү.
— Кызым… — деди Зуура. Бул сөздө мээрим, жылуулук, сүйүү толо угулду.
Сайкал башын жерге салды. Ал апасына карагысы келген жок. “Уялам… кайсы бетим менен…” деген сезим турду ачык. Бирок Зууранын эсинде психолог айткан кеп турду: “Соолуган гүлдү эмес, өчүп бараткан шамды кароого үйрөнүңүз”.
Ал бир аз аралык сактап сүйлөдү:
— Кызым, мен бүгүн биринчи жолу үнүңдү укканы келдим. Болгону ошол… Башка эч нерсе...
Сайкал башын көтөрдү. Көздөрүндө таңгалуу, коркуу, ишенбөөчүлүк турду.
— Мени качан укчу элеңиз?.. Сырымды бөлүшчү белек?..
— Ооба. Угам бүгүн... Сөзсүз!
Ушул эки ооз сөз Сайкалды заматта өзгөрттү. Ичине толгон сезимдер дамбаны жарган суудай шар кетти.
— Апа… ага өзүм каалап барган жокмун… — деди ал титиреген үн менен. – Кимдир бирөө… өмүрүмдө биринчи жолу жылуу сөз айтты мага. Үнүмдү тыйбаган жылуу сөз болду ал. Анткени үйдө менден дайыма үн катпоону талап кыласыңар…
Зууранын жүрөгү тыз этип алды. Сайкал андан ары үндөбөдү. Көздөрү жашка толуп турса да, агызган жок. Акырын шыбырады:
— Корккомун... Жада калса өзүмдөн корком. Силерден да…
Зууранын үнү титиреп, буулуга эчкирди:
— Биз сени чоңойтобуз деп, коркууну гана чоңойтуп келиптирбиз, кызым!
Экөө бири бирин сыга кучакташты көпкө.
— Апа… мен кайра үйгө келсем болобу?.. Уят болбойбу?..
Зуура көзүн жумуп, көз жашын араң кармап турду:
— Уят эмес, кызым. Үнүңдү чыгара алчу өз үйүңдө жашайсың мындан ары. Тыйуу салбаган, сени угууга даяр үйгө...
Сайкал ыйлап жиберди өксүп.
Кубат жакын келип калыптыр. Адегенде тартынгансып токтой калып, акырын басып келди. Ал да кызын көрүп, жумшак үн катты:
— Сайкал… Кечир. Мен кара жерге кирейин...
Сайкал атасынан мындайды күткөн эмес. Ал да атасына акырын баш ийкеди. Бул көз ирмем – үч башка жүрөктү бириктирген кечиримдин үнү эле.
Үйгө кайтышканда Сайкал босогодон аттап, бир нерсени туйду: үй ичинде баягы муздактык жок эле. Ал терең дем алды. Өз үнү, өз деми — биринчи жолу өз үйүндө жаңыргандай болду.
Сайкал чайын ууртап жатып, биринчи жолу ата-энесине тик карады. Зуура анын көздөрүнөн жаш эмес, үмүт көрдү.
Үйдүн терезесинен шамалдын желаргысы согуп, шамды үүлөдү үстөлдөгү. Титиреген шам үй-бүлөдөгү үлбүрөп жанган сезимдер болчу.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR