Бейшебай Усубалиев: Кол

  • 01.12.2025
  • 188

АҢГЕМЕ

Окумуштуулар кеңешинин жыйыны жаңы эле бүткөн. Эмне болор экен деп күтүп жаткандар, санаалары тынгандай, тарай баштаган. Абыл да эшикке чыкты. Чыга бериштин оң жагында узун отургуч боло турган. Ошол отургучта жаңы эле конкурстан өткөн Чолпонбек отуруптур. Абыл сүйүнүп кетти. Куттуктап коёюн деди. Эмне, кафедра башчылык оңой бекен! Анын үстүнө бул орунга беш талапкер ат салышпадыбы. Абыл оңго бурулду. Чолпонбектин ойго баткандай, а түгүл кыжынып жаткандай түрү бар. Абыл таңданды, чочуп да кеткенсиди. Ошентсе да куттуктап койгусу келди:

- Чоке, орун кут болсун! – Колун сунду.

- Ээ... – Чолпонбек колун шилтеп алды да, сунумуш болуп койду.

Абыл боз ала боло түштү.

- Кандай “ээ”? Кызык...

- Урдум ошол орунун!.. Кайра өткөрүп берсемби деп жатам.

- Кандайча?!. Төртөө менен ат салышып жатып, эптеп жетсең... Анан...

- Эптеп!.. – Обдулуп барып, кайра отуруп калды.

Чолпонбек негедир аянычтуу көрүнүп кетти.

- Төрт кишини жеңиш оңой эмес да, - деди Абыл жумшара, көңүл айтып жаткансып.

- Билесиңби!.. – Чолпонбек тикирее карады... – Сен билесиңби, Кеңеште он үч киши бар эле, ошонун он экиси... Макул дешкен. Анан жанагы кол санай келишкенде эле, араң сегизи макул, беши каршы... Билесиңби, бул деген... – Туттугуп сүйлөй албай калды.

- Ой, сен баары бир уттуң да! Сегиз кишинин колун алыш оңой бекен!..

- Болуптур! – деди Чолпонбек анын сөзүн угуп-укпай. – Он үчтүн ичинен бирөө гана, жанагы араб Абдуталипчи, ошол эле ачыгын айтыптыр. Мен колумду философ аялга берем дептир!.. – Өзүнчө кыжына кетти. – Бу араб дегендериң, өзүң деле жакшы билесиң, катын дегенде өлөт да, энеңди!.. – Кайра жумшара. – Ошентсе да молодес, ачыгын айткан... Жанагы калган төртөөчү... Ошол он экинин баары тең: “Сага бербегенде кимге бермек элек, сен өзүбүздүкүсүң да, анан тээ талаадан келген бирөөгө!...” – дешпеди беле. Он экиси тең! Анан эле санай келсе, бешөө каршы. Болуптур, арабды тим эле коёлучу, калган төртөө... – Жаны күйгөндөй башын чайкап-чайкап алды.

- Ой, сен баары бир уттуң да!.. – Абыл негедир жиндене кетти.

- Утканда!.. Мен саа айтып жатам го, он экиси тең биз сендикпиз дешип... Анан ача салса эле, бешөө каршы. Болуптур, арабды тим эле коёлучу, аларың катын дегенде... Тиги төртөө...

- Түү-ү ата!.. – Абыл не дээрин билбей, басып кетти.

Чолпонбек анын кеткенин деле элес албады, өзүнчө кыжынып, күбүрөнө баштады.

Окуянын жөнү мындай. Бул университетте дайыма жыл башында конкурс болуп турат. Окутуучулар да, кафедра башчылары да, - эскисиби, жаңы келгениби, - конкурстан өтүшү керек. Конкурс дегенибиз – шайлоо. Университетти кайсы бир араб өлкөсүндө жайгашкан кайрымдуулук фондусу ачкан. Тергебей айтканда, бул окуу жай – арабдардын жеке менчик университети. Бирок окутуучулардын көпчүлүгү – жергиликтүүлөр, ачык айтканда, кыргыз окутуучулар. Араб тарапта конкурс деле болбойт, алар Окумуштуулар кеңешисиз эле өздөрүнчө эле чечип коюшат. А кыргыздар тарабында жыл сайын “кырылыш”. Көпчүлүк колго ээ болуш керек. Бүгүн да ошол конкурс болбодубу. Чолпонбек өттү дечи, бирок өзүңөр күбө болгондой, негедир нааразы; жан алакетке түшүп, төртөөнү издөө менен алек.

Чолпонбек башын көтөрдү да, эч ким жок экенин көрдү. Абыл дарбазадан чыгып баратыптыр. “Балким, - деди өзүнчө шыбырап, жанагы төртөөнүн бирөө...” Кошулбагандай башын чайкады. Кантип эле ушуга барсын. Экөө университетте, болгондо да бир факультетте беш жыл чогуу окушса, анан кантип...”Ким билет, - деди кайра селт этип. – Жанагы мага атаандаш философ аялды көргөндө, оо... сулуу экен деп шилекейин бир жутуп албады беле... Ыя?.. – Башын чайкады. – Кантип эле... Эми сулуу экени сулуу дечи. Анан сулуу экен деп эле... – Дагы башын чайкады. Философ аялга жиндене баштады. – Москвадан бүтүптүр дейт, МГУнун философия факультетин. Анан ушул аты-жыты али белгисиз частный университетке... Же жарыткан айлыгы болбосо... – Ойлуу туруп калды. – Мурда кайда иштеди экен? Деги соо эмес. Соо болсо... Мурунку жерин текшерип көрүш...” Колун шилтеди. Жини кичине тарай түшкөндөй болду. Философ аял, өзгөчө анын МГУну бүткөнү эсине түшкөндө эле, ич күптүсү чыга түшкөнсүдү. Тегерегин карады. Эч бир жан көрүнбөйт. Жадагалса демейде самогонго тоюп алганда, көчө жаңырта ырдаган баягы кишинин (аны Сары деп коюшчу) да үнү угулбайт. Сары оюна түшкөндө бир жылмайып алды да, ого бетер жеңилдей түштү. “Ии, - деди анан ичи жылый, - ушу алкашта, алкаш дебейинчи, алкаш болсо мээси ушунча таза болмок беле, мында бир касиет бар. Болбосо, эчак эле тырайып... Былк эттирбей кармап турганын айтпайсыңбы, топ алкаштын бирөө баш көтөрүп көрсүнчү!..” Таңдангандай башын чайкап, кайрадан жылмая кетти. Анан элестете баштады, жок, өзүнөн өзү эле элестелип кетти. Дал ушул университеттин көчөсүндө өзүнчө бир үйүр болор эле. (Демөөрчү арабдарга жиндене кетти: “Толгондон ушул жерден имарат алышып, болгондо да эски детсадды!.. Битирешип... Алышпайбы, шаардын чок ортосунан. Акчалары болсо саман!..) Ошол үйүр кайдан-жайдан келгени белгисиз, эртең менен таң саардан пайда боло калышчу. Баары чамбыл ала болуп, куду чыладан тура калгандай. Баары көңүлсүз, жансыз. Анан кужулдашып, кыйлага туруп калышчу. Бир мезгилде кылкылдап ылай агып бараткансып, көчө ылдый жөнөшчү. Бир орус катын самогон сатар эле. Ошого агылышчу. Көп өтпөй кайра тартышчу. Жан кирип калгандай. Кайра кужулдаша кетишчү да, чыр башталчу. Бир эркегин экинчиси жыга койсо, ал кадимкидей үңүлдөп, арасындагы аялдарга карачу. Аялдардын ичинен бирөө (кейпи, тиги шордуунун көңүлдөшү болсо керек) жулунуп келип, баягы төпөштөгөн эркекти жулмалап кирчү. (“Кызык, - деп ойлоп койду Чолпонбек, - төпөштөп жатканда калган эркектер эмнеге жарданып карап турушат?”) Ушул маалда жерден суурулуп чыга калгандай бир узун бойлуу, сулууча келген ак жуумал орус аял пайда боло калчу. Аны көрөрү менен, үйүр тып басылып, дымып калар эле. Сыягы, бул аял үйүр башчысы болсо керек. Булар менен деле кээде бирге жүрүп калчу. Бирок кескин айырмаланып турчу – үстү-башы таза эле. А түгүл ичет деп деле ойлочу эмессиң. “Молодес! – деп алды Чолпонбек, Сарыга ыраазы боло. – Ушулар менен чогуу жүргөнүн бир да жолу көргөнүм жок”. Чын эле, Сары бул үйүргө кошулчу эмес, а түгүл буларды теңсинчү да эмес, өзү темтеңдеп араң келатса да, “алкашы!..” – деп бир айкырганда, алар безип жөнөшчү.

Бул Сары менен баягы таза аял гана сүйлөшө алчу, Сары аны көргөндө жайнай түшчү. Экөө көпкө сүйлөшүшөр эле. Эмнени сүйлөшүшөт – эч ким билбейт. Деги ичкендер эмнени сүйлөшүшөт болду экен? Чолпонбектин ою токтоп калды, таңдануу анын оюн жалп өчүрүп салгансыды. “Экөө тең соо кишилер эмес, - деди анан ого бетер таңдана. – Экөөндө тең кандайдыр бир касиет бар...” Бир кезде аял какая басып жөнөп кетчү. Ал кетери менен, Сары баягы жоругун баштачу. Ырдап кирчү. Кыргызча, кайра орусча. Орусча суудай билчү. Орусча сүйлөп жатканда, өтө сабаттуу бир орус сүйлөп жаткандай туюлар эле. Бир мезгилде ырын токтото койчу да, куштарча сайрап кирчү. Дал өзүндөй туурачу. “Талант!..” - деп суктанып койду Чолпонбек. Чарчачубу, же тажачубу, бир кезде ордунан шып турчу да, баягы самогончу аялдын үйүн көздөй жөнөчү. Баратып, артын бир кылчайып карап койчу. Артында куу машкеси ээрчип келаткан болот. Санаасы тынгандай, сапарын улачу. Самогончунун үйүнөн кичине эле узай бергенде, дөңсөгө отура калып, колтугундагы бир бөтөлкөнү, стаканы менен кошо сууруп чыкчу да, стаканына куюп, дембе-дем жутуп кирчү. Бүткөн соң темтеңдеп үйүнө жетчү да, көк дарбазаны тарсылдатып койгулай баштачу. Кээде ичкен жеринде жатып да калчу; ити тегерене үрүп-үрүп жатып, чарчагандай соксоюп отуруп калар эле. “Өлүп калса, байкуш ити эмне болот?..” Чолпонбек итине боору ооруй кетти. Сары бир күнү өлүп каларын билчү, билчү деле эмес, акыры бир күнү өлөт да.. – деп койчу кайдигер.

Сары өлүш үчүн гана жаралгандай  сезилчү. Бирок ичи ачышчу эмес. “Байкуш ити эмне болот?..” Шыдыр эле ушинтип ойлочу. “Жөн киши эмес...” – деп койчу анан чарчагандай. Жиндене кетти. Сызга отургузуп кетишиптир да. Өз балдары, тагыраагы, уулу менен кызы. Байкуш Сары ушинтип калды. Бир кезде геолог экен атактуу. “Куштардын тилин ошондо үйрөнүп алса керек”. Анан бир күнү балдары айтып калышат: “Ата, үйдү залогго койбойлубу да – тегеретпейлиби, биз деле киши өңдүү жашайлы да!..” – “Киши өңдүү эле жашап жатабыз го: курсак ток, кийим бүтүн...” – “Киши өңдүү жашаганыбыз ушубу, ушунча жүрүп бир машина ала албадың, биз болсо жүрөбүз, автобус күтүп шелпейип. Мебелдериңди карачы, тээ алтымыш-жетимишинчи жылдардагы!..” Дагы-дагы... Ары тартышты, бери тартышты, акыры көндүрүп тынышыптыр. Бир күнү балдары келишет: “Күйүп кеттик!..” Бүттү, 6-кичирайонундагы үйү күйдү да калды, сатылды.

Ушул эч ким жашагысы келбеген үйдү алып беришти. Сарынын жаны төрт чарчы болду. “Дагы ушуга шүгүр де! – деп көңүл жубаткандар болду. – Таптакыр талаада калсаң, эмне болмок? Азыр андайлар толуп кетпедиби, көтөрө албай өз жанын кыйган шордуулар канча дейсиң!..” Айла жок, көндү. “Өздөрү күйүп жатпагандан кийин!..” – деп аларды ичтен кайрып тим болду. Балдарына, кызы менен уулуна, ичтен чыккан ийри жылан, тегеренип-тегеренип, эрдин кырча тиштеп түтөдү. Азыр минтип жашап жатат. Эстегиси келбейт. 6-кичирайон. Заңгыраган төрт бөлмө. Тегерек-чети таптаза. Башын чайкап-чайкап алат, ичинен кан өтүп кеткенсийт. Анан... Ичмей. Мурда деле (эски үйүндө жашаганда) иче койчу дешет. Ошондо деле кыргызча-орусча ырдап, куштарча сайрап, коңшу-колоңдорунун көңүлүн аччу экен. Эмичи... Унутуп калгандай.

Мурда да ырдап, куштарча сайраганы эсинен таптакыр чыгып кеткендей. Ырдаганды да, сайраганды да жаңыдан гана үйрөнүп жаткандай. Бүтүндөй бугун, күйүтүн ушул ырына, сайраганына, самогонго төгүп, көкүрөк муңунан айрылып жаткандай. “Канча комнат болду экен, эки эле болсо керек?..” Көк дарбазаны карап туруп, Чолпонбек ушинтип ойлоп койду. Анан кычуусу кангандай кыткылыктады: “Ой, кызын катырды бейм, сызгырылта бир ашатты дейсиң!..” Бир күнү, адаттагыдай эле, темтеңдеп келаткан, жаңы эле өзүнүн “менчик” ордунан турса керек эле. Аңгыча зуулдай келип токтогон жеңил машинеден жарашыктуу кийинген татынакай кыз чыга келди да, жулкуна тигини көздөй бет алды. “Кызы келди, эми Сарыга көргүлүктү көрсөтөт!” – дешти бери жакта тургандар. Экөө беттеше түшкөндө эле, кыжыңдаша башташты, кызы демиктире зекип кирди. Ошондо Сары бир сызгырылтты дейсиң: кыргызча да, орусча да; кадимкидей калчылдап келип, акыры сүйлөй албай калды. Жанындагы куу машкеси да безилдей үрүп, кызга асыла кетти. Кыз машинесине түшө качты; артка бурду да, зуулдата чу койду. Сары колун силкилдете узатып кала берди. Кызык, эми темтеңдебей калды. Бети жок да! – дешти карап тургандар. – Өз кызын да ушинтип сөгөбү!..” Сөкпөй коёбу!.. – деди качанкы бир көрүнүштү көз алдынан чубалтып отурган Чолпонбек, тишин кычырата. – Өздөрүн көрөр элем, ушинтип күйгүзүп кетсе, ит кейпине түшүрүп кетсе!..”

Өзү да күйүп кеткендей титиреп алды да, оюнан корккондой, башын чайкагылай кетти. “Оо, - деди анан күлүмсүрөй күбүрөп, - оо, ичпей калган күндөрүндөчү...” Ооба, кээде ичпей калган күндөрү деле болчу. Оо, анда көрүп ал, кычырайт тим эле. Костюм, шым. Кичине эле бырыша түшкөнү болбосо, жаркыраган галстук. Кийимдери гана эмес, өзү да кычырап калчу. Кычыраганы ушул: киши ордуна көрбөй калат башкаларды. А түгүл салам айтсаң да, алик албайт, кейкейип басып кетет. Эртең менен бир жакка кетип баратканын көзүң чалып калат. Ити жанында. “Кайда бармак эле, базарга соода кылганы кетти да!..” – дешет айрымдары. “Соода-поодасы жок эле аныңар ичпей калган күндөрү баягы өзү жашаган мурунку үйүн тегеренип-тегеренип жүрөт экен! – деп күрсүнө кеткен ошол жакта жашаган бир окутуучу, каңырыгы түтөй. – Мен өз көзүм менен көрдүм го далай жолу”.

Баса, бул күндөрү көчө жансыз, жымжырт боло түшөт. Кычыроо көпкө деле созулчу эмес, дүрт эткен оттой болуп, капысынан эле мурунку таз кейпине келип калганын көрчүсүң. “Унутуш кыйын окшойт”, - деп өзүнчө шыбырай кетти Чолпонбек. Бирок эмнени унутуш кыйын – муну аңдай албады, оозунан капысынан эле ушул сөз чыгып кеткендей болду. Кайра шыбырап койду: “Түш болоюн деп калды, бул маалда ырдап бүтүп, сайрап калчу эле...” Ушуну эле күтүп жаткансып, Сарынын үнү жаңырды аңгыча:

- Бирдемең болсо, бир-экини таштап кетпейсиңби?

- Жанымда жок эле, анан келатканда...

- Мейли анда, анан болсо, анан...

Көп өтпөй кекенгендей үнү кулакка шак этти:

- Арабдардан доллар менен алгыла! Алар силерди жеп жатышат! Силер эмне кул бекенсиңер!..

Жүрөгү тыз дей түштү. Дайыма ушинтет. Жанынан өтүп бараткан кыргыз окутуучуларына такай ушинтип какшап калат. Бирөөнө зекип айтат, бирөөнө жан тарта айтат. Күн сайын уга берип, Чолпонбек элес албай деле калган. Азыр негедир жүрөгү тыз дей түшкөнсүдү. Чын эле, жеп жаткандыр!.. Бизчи... Кез-кезде көңүлү көтөрүңкү болгондо: “Ооба, доллар менен алабыз, биз эмне?..” – деп койчу. Кара таштын долларыбы, кыргыз эле сому да... Аңгыча бакылдаган үн угулду: “Ушинтип конкурсубузду да өткөрүп алдык, буйруса. Ойдогудай. Ачык, калыс дегендей, азырынча демократиялуу дегендей...” Селт эте түштү. Ордунан тура калды. Тигилер топурашып чыгып келаткандай туюлуп кетти. Жок. Дабыштары угулбай калды. Башка бөлмөгө кирип кетишти окшойт. Санаасы тынгандай, ордуна отура кетти. Эмне деди эле, аа, конкурсту өткөрүп алдык деди да. Ойдогудай. Демократиялуу. Ректор айтты, ой, кайдагы ректор, мурунку ректор (муну Чолпонбек экс-ректор деп койчу көзү жокто, көзү барда мурункудай “Кайып Айдарбекович” деп кайрылар эле). Азыркы ректор минтпейт. Үңкүйүп үндөбөйт. Жайдаңдай чыгып жатпайбы үн. Демек, бул – экс-ректор, азыр жөн эле профессор. Ошентсе да азыркы ректорду жандап жүргөнү жүргөн. Башын сылай кетти.

Экс-ректор экөө дайыма баш сүзүштүрүп учурашышат. Бул – экс-ректордун адаты, ал көбүнчө ушинтип саламдашат, өзгөчө арабдар менен... Экс-ректорду элестете кетти. Жайдаңдаганы, сырдуу жылмайганы, дайыма күлүп сүйлөгөнү. Анын жайдаңдаган элеси тартыла түшкөндө эле, дагы бир үн кулагына кокусунан жаңырып кеткендей болду: “Какең эки жакка ойноп койчу эле, түбү саясатчы да...” Экс-ректордун эң жакшы көргөн кишиси, оң колу ушинткен. Чолпонбек селт эткенин өзү да байкабай калган: “Чын эле ойноп койгондур... Жанагы төртөөнүн бирөө!.. – Титирей кетти. – Демократиялуу деп коёт, демократиянын богун жейби. Тегерегиндегилерди карап көрчү, бүт жакындары: жердештери, кайындары, аяштары,.. Кайдан-жайдан таап келгенин билбей каласың. Бир күнү эле кимдир бирөөнү эле айга-күнгө теңеп мактап калат. Жараса, ошол жарайт дейт; араң көндүрдүм дейт. Кур мактабайт саясатчы да! Факт сымалдары менен, алган сыйлыктары менен... Анан анысы келип калат жыла басып.

А адегенде билбейсиң, бош орунга келген жан да дейсиң, анан эле акыры ал бөлөсү, аяш баласы, же дагы бир балакети болуп чыга келет. Ошондо билесиң баягы мактоонун сырын. Билгенде эмне?..” Негедир кычуусу кангандай кыткылыктай кетти, жаны жыргай түшкөнсүдү: “Жадагалса жанагы короодогу ит да Какеңдин айылынан болсо керек!..” Кыткылыктап барып, тык токтоду да: “Кандай ит эле! – деди суктангандай башын чайкай. – Короону айлана тынбай чуркап, чоочун бирөөнү көзү чалып калса, жан алакетке түшүп арылдап. – Каргылдана. – Эмичи!.. Камакта. Уясынан чыкпайт, чыга албайт. Байкуш карыды, иттер заматта эле карыйт тура! Жатат шордуу, самогончу аялдын жугундусун күтүп коюп; үнүн да укпайсың, үргөндү унутуп калса керек, сыягы. Эч кимди тааныбайт, тааныгысы да келбейт. Иттин карыганы жаман болот тура!..” Чын дитинен аяп, башын ийкелеңдетип турду да, эсине бирдеме түшкөндөй ордунан обдула: “Баса! – деди үнү дирилдей, - бая күнү эле философ аялды , - аялды эмес, келинди дейинчи, - мактап жатпады беле,  Москвадан бүткөн, философияны чагат экен тим эле, кантсе да, тектүү жердин кызы да, атасын билесиңер да... Атасы ким деди эле? – Эстей албай койду, колун шилтеди. Маанайы чөгө түштү. Көп өтпөй, кызык, сүйүнүп кетти; таптым деди шыбырап. Демек, жанагы төртөөнүн бири... Кадимкидей жеңилдей түштү. Оозун кыбыратып, кыйлага турду да, башын чайкагылай кетти... Кантип эле, - деди ошол тейде, - кантип эле... Өзү айтпады беле, Чоке, сага бирөө гана атаандаш боло алат, ал – жанагы философ аял, калгандары, эмне, өтсөк өтөрбүз, өтпөсөк каларбыз, быякта өз жумуштарыбыз бар да деген эле жолбундар да! Сен ошол аялдан сак бол. Кол чогулткун, болбосо, аял дегениң... – дебеди беле”. – “Эмне кол, Каке...” – деген аңырайып. “Ай, ата, орусча окуганың билинип турат, кол деген – голос, добуш, кол деген – Кремль, эч ким солк эттире албайт. Члендердин (негедир мүчө дегенди орусча өзгөчө басым менен айткан) ар бирине бар, суран, андан сенин бир жериң кемип калбайт, эч бир аянба... Баары эле өзүңдүн досторуң да, - члендерди айтам, - арабы деле, кыргызы деле, он жылдан бери чогуу иштешип жүрөсүңөр, анан кантип... Философ катын, эмне, башчылыкка өтпөсө, доцент же профессор кылып коёбуз аны. Ошентсе да кол жыйна, Кремлиңди чыңда, азыр башта. Эртең кеч болуп калат дебеди беле, ии, баса, меникин алдым деп коё бер, мен сенин жакшылыгыңды...” – деген да.

Анан... Ооба, чын, Чокеңдин жакшылыгын көп эле көрбөдүбү, орусча чала сабат кандай кагаз иштери болбосун, Чокең карап чыккандан кийин тим эле мизилдеп калар эле. Ошондо: “Сен болбосоң, Чоке, - дечү экс-ректор маңдайы жарыла, - бу университетибиздин күнү эмне болмок, сен маңдайыбызга бүткөн шам чырагыбызсың да!..” (Экс-ректор өтө эмоциялуу жан эле). Ии баса, баягы айтта продукт таратып жатканда (университетте айт сайын продукт берилер эле) экс-ректор жарданып турган элдин алдында Чолпонбектин кадырын бир көкөлөтүп койбоду беле! “Чоке, - деген үнүн эл уксун дегендей өкүм, бирок мээримдүү чыгарып. – Чоке, сен убара болбой, үйүңө бара бер, сизге (негедир сиз деп кайрылган) өздөрү жеткирип беришет”. Чолпонбек аң-таң боло, элди бир сыйра тегерете карап алып, кезектен чыгып кеткен. Чын эле, өздөрү жеткирип беришкен; болгондо да экс-ректордун карачечекей өз уулу. Анан... “Чоке муну да өз колуң менен бир мизилдетип койчу. Сенден башкага ишенбей турам...” Ушинткен, эки-үч күн өтпөй ушинткен.

Докторлук диссертациясынын авторефераты экен. Чокең жан алакетке түшүп, мизилдетип чыккан. Окуп чыгып, бакырайган көздөрүн жалжылдата, колун улам-улам кыспады беле... Анан көп өтпөй эле Чокең бир болбогон сураныч менен эдиреңдеп кирип барса: “Ушуну да мен чечмек белем, - деген Чолпонбекке атырыла, - өзүң билип туруп эле!..” Чокең шаабайы сууп кайткан. Чолпонбек негедир тишин кычырата кетти: “Оңой эле чечмек, андайлардын далайын алеки заматта эле чечип жүрбөдү беле!..” Ыя?!. Чолпонбектин ою кайрадан токтоп калды. “Баары ачык болуш керек, демократиялуу!.. дечү эле го, - деди кыжана, токтоп калган оюн уланта, бир аздан кийин. – Мен силерден бирдеме жашырып жатамбы, кана айткыла! дечү дайыма. Жашырчу, жашырганда да кандай! – Кекене отургучту мыкчый кармай кетти. – Канча айлык аларын эч ким билчү эмес, анан ушул да демократиябы?!.

Көз көрүнө жашырып жатпайбы айлыгын, бир жолу бухгалтерден атайы сурасам, “билбейм канча аларын, ал кишиники башка ведомость”, - деп койгон. Билчү да, билип туруп эле... Өз кишиси да! Эки жагын элеңдей карап койду да, - мурда деди, - ого бетер шыбырай, анан негедир, суктангандай башын чайкай, - СССР учурунда жетекчи элден айлыгын жашырып көрсүнчү, кокосун!.. Башы кетмек!.. – Демигип токтоп калды. Көп өтпөй. – Деги өз кишиси, командасы демократиябы ыя!?. Бирдеме болсо эле, мен жеке өзүм чече албайм, урматтуу окутуучу-профессорлор (жолдоштор дегенден коркот окшойт, арабдарга жаман көрүнүп каламбы деп) өз командам менен биргелешип чечем, азыр демократиянын заманы! – дечү. Өз командасы деген... – мукактана кетти, - өз командасы деген... Өз командасы деген – бул өз тууганы, же жакыны, же дагы бир балакети дегендик эмес да! – Тапканына сүйүнгөндөй бир жылмайып алды. Кайра селт эте. – Ушунуң студенттердин ичинен да өз командасын курап алганбы дейм, болбосо, сабактагы окуяларды, кимдер сабак өтпөй эле, гезит окуп отурарын, кимдер сабактан канча мүнөт эрте чыгып кеткенин... кайдан билмек!.. Мына, демократия дегениң, жадагалса студенттерди да өзүнө тартып, бөлүп-жарып... – Кичине тынып алды да – Мунуң деле доллар менен алып жүрсө керек, болбосо эки жыл айланбай эки кабат үйдү ким кура алат азыр!.. – Муунуп, дагы унутуп калды, эмнени айткысы келип жатканын. Ойлуу туруп калды да, эсине бир нерсе түштүбү, колун силке: “Жок! – деди чечкиндүү. – Бул төртөөнүн ичине кирбейт. Ошондо, кол жөнүндө айтканда, Чоке, мен сага бир чоң иш менен кайрылам дебеди беле. Анан... Экс-ректордун “Бир чоң иш менен кайрылам...” деп айтып жаткандагы элеси көз алдына тартыла түштү да, негедир ал аянычтуу көрүнүп кетти. “Балким, чын эле өзү жалгыз чече албас, - деди өз сөзүнө өзү ишенип-ишенбей, - балким, айлыкты кандай алары жашырындыр, аны ачык айтууга арабдар тыяюу салып койгондур? Чын эле, баарын эле ачык айткансып жатчу эмес беле?.. Мага болсо жөн эле ыраазылык билдирип койгусу келгендир, баягы продуктыларды үйгө жеткирип бергендечи. Мага жакшылык кылса, мен ага... – Кандай да болсо экс-ректорду актагысы келди, бирок канчалык актабасын, жүрөгүн бир нерсе кыжып туруп алды.

Башы айланып калды – кайсы ою туура экенин таба албай, кайсалактап калгансыды. Анан туруп-туруп эле анын өз кишилерине асыла кетти: “Көзү барда бөйпөңдөшөт тим эле, жокто шыбашат да турушат: “Өз айлыгын олчойто коюп алыптыр, а биз жүрөбүз болбогон бир акча үчүн темселеп... Дагы... дагы!.. – Кыжырдана күрсүндү. – Андай болсо, айтпайсыңарбы бетине... Айтпайсыңар, туурасы, айта албайсыңар, - табалагандай кыткылыктап, - айтып көргүлөчү, эртеси эле өз кишилери болбой, талаада каласыңар...” Булардын эмне дымы чыкпайт ыя? – деди бир нерседен шектенгендей, кулагын түрүп, - эч кимиси чыга элек. Тамакка киришкен го. Ии, ооба, жана Чекиров баратпадыбы беле жалмаңдап. Какең эки жакка тең ойноп коёт дейт, - өзүчү, - кыткылыктай күлө кетти, - бир жолу орозо маалында ооз ачып жатканда ушу Чекировуң ордунан ыргып туруп, какайып туруп калбаспы, жүрөгүбүз оозубузга тыгылган, эмне болуп кетти деп. Бир маалда экс-ректор жаныбыздан өтүп кетти, бизге назар деле бурган жок, ал өтүп кетери менен, Чекировуң ордуна шак отура калды. Ошондо Жаныш айтпадыбы, ой, Кайып Айдарбекович ректор болбой калган, ордунан түшкөн. Чекировуң ошондо өңү кубара түшүп ыя! – деп алды да, ордунан кайра туруп, кайра отурду. Көрсө, унутуп калыптыр да түшкөнүн. Кошоматчы! Эки жакка ойнойт деп коёт, өзүңчү, канча жакка ойноп жүрөсүң: же математик эмес, же саясатчы эмес, же жөн эле киши эмес. (Жөн эле киши деген ким деп ойлоп койду). Эки күндүн биринде эле же теледе, же радиодо жүрөт, өлкөдөгү саясий же экономикалык кырдаал жөнүндө маек куруп. Конкреттүү эч нерсеси жок, бүт жалпы сөздөр. Анчалык эле кыйын экен математикадагы ачылыштарды айтпайбы! Деги мунуң сабакка даярданабы, баарынан да сабак өтөбү?! Деги муну ким алып келген! Ушу жерден Чолпонбек дагы бир жолу туюкка камала түштү, селт этти. Какем да, Кайып Айдарбекович да!

“Атасынын үйүнөн далай даам сыздым эле, бай киши эле...” – деп суктана бирөөгө айтып жатканын кулагы чалып калбады беле. Өз кишиси. Мына, демократия!.. Тык токтоду. Жанагы төртөөнүн бири ушу Чекиров экен да. – Башын чайкады. – Кеңештин мүчөсү эмес да. Жок! Мүчөсү да, кафедра башчысы болсо, анан мүчөсү да. Ошон үчүн кайра баратат да жалмаңдап, эрте чу коюп кетиптир деп айтышпасын деп коркуп... – Бир силкинип алды.

Деги буга барды беле суранып, эгер мүчөсү болсо, анан... – Таппады. Ыргылжың боло түштү да, кимдир бирөө өзүнчө эле сүйлөнүп жаткандай туюлуп кетти. Ким сүйлөнүп жатат. Өзү сүйлөнүп жаткан тура. Ичинен, эч кимге угузбай. Сүйүнүп кетти? Адамга ушундай бир касиет бергенине сүйүндү. Эч кимге угузбай, өзүнчө ичинен сүйлөнүү. Ушунун баарын ачык кыйкырса!.. Корккондой башын чайкады. Кайра сүйүндү, адамдагы ушул касиетти, ичинен сүйлөнүүнү, тапканына сүйүндү. Эгер таппаса!.. Жарылып... “Ошентсе да, - деди көп өтпөй, ындыны өчө. – Чекировго бардым беле?” Таппады, башын чайкады. Анан жанатан бери жыйналып жатып чокмороктошуп кеткен ойлор бир эле учурда ныгыра басып, жан айласын таппай калды. Мындан эптеп кутулгусу келди да, саноого өттү. Санай баштады. Кеңештин мүчөлөрүн. Баарына эле баргандай болду эле го суранып. Албетте, а дегенде аркы-беркини сурамыш болуп, анан акыры суранууга өткөн. Баары эле бир ооздон: “Оо, Чоке, сага бербегенде!” – дешпедиби.

(А түгүл айрымдары: “Сага бербеген мобул колубуз кесилип калсын!..” – деп карганып да ийишкен). Алар кимдер эле? Алфавит менен баштайынчы деди. Баштады, бирок жаңылып кетти, чар-жайыт болуп кетти. “Ушу он үч кишини санай албагандан кийин!.. – деп өзүнө кыжырданып алды да. – Кой, - деди, - кафедра менен баштайынчы. Дагы жаңылды. Эсеби так чыкпай жатпайбы. Же ашып кетет, же кемип калат. Туталана баштады. Ушул маалда кылыйган бир көз караш элестелип кетти. Ооба. Ошол. Буларды (талапкерлерди дегеним) бирден кабыл алып жатканда, ушинтип кылыя карабады беле. Ошол. Өз кафедрасында иштеген Айкүмүш Назарбаевна. Экөөнүн жылдыздары келишчү эмес негедир. Муну эмнеге кошушкан. Кеңешке мүчө эмес эле го. Жок, жок. Мүчө болчу. Бир жолу: “Бүгүн сабак өтө албайм го, Чолпонбек Алымбаевич, Кеңештин жыйыны болот экен”, - деген сыймыктангандай. “Өтөсүз! – деген ызырынгандай. – Жыйынды сабак учурунда коюуга эч кимдин акысы жок!” Ушинткен. Ал ызалана чыгып кеткен. Чолпонбек аны узата карап, өзүнчө сүйлөнүп кала берген: “Үнүңдү кичине катуу чыгарсаң эле – бүттү, ыйлактайт да турат. Академиктин кызы эмес, балакеттин кызы болсоң да!” Көп өтпөй телефондон: “Бүгүнкү жыйынга Кеңештин бардык мүчөлөрү катышышы керек, өтө олуттуу маселе каралат!” – деген экс-ректордун өкүм үнү жаңырган. Экс-ректор тике маңдайында тургандай, лам деп ооз ача албай, башын ийкелеңдетип, тим болгон. “Жетип барган экен да!” – деген ызырына.

– Деги бул канчага келди ыя?! Деги кылыя караган ошол беле? Эңги-деңги абалда калды. Деги деген сөздөн бир эсе арданып, бир эсе селт этип кетти – айттым беле буга, сурандым беле? Билбейм дегендей башын чайкады. Болуптур, ал чийип салыптыр дейли, калган үчөө ким?” Кайрадан санап кирди. Санаган сайын эле жаңылышып туруп алды. Жакшы башталып келатып эле, чатышып, баш аламан болуп кетет. “Өттүм, болду да!.. Анан эмне эле кайра-кайра эстеп. Унутуш керек да! Кантип? Унутуу кандай жакшы! (Бул сөз оозунан зуу этип учуп чыгып кеткенин өзү билбей калды). – Башын чайкады; акырын шыбырады. – Өтө оор экен!.. Ошентсе да...” Өзүн жооткондой болду; көп өтпөй кимдир бирөөгө айтып жаткандай титиреди: “Ой, он экиси тең ооба, ооба дешпеди беле, анан санай келсе эле, төртөө!...” Кайрадан саноого өттү; элестетип санагысы келди. Мына кызык! Бир-экөөнүн эле ырай-пешенесин көз алдына тарта алды. Канчалык жанталашпасын, калгандарын элестете албай койду. Чер жазыша сүйлөшүшпөптүр да. Кездеше калышса, баш ийкешип өтүп кетишчү. “Эмнени сүйлөшмөк элем, - деди өзүн актай, - же жумушум болбосо...” Аларды адам эмес, болгону член деп эсептечү экен да.

“Ошентсе да төртөө!..” – деп келатып, сөзүн улай албай туруп калды. Төртөө!.. Ушул сөз жүрөгүнө сайылып эле туруп алды. Жиндене ордунан ыргып турду. Жөнөп калды. Корпуска кирип баратыптыр. Үйгө кетип баратам деп ойлогон. Токтоп калды – кайда барам? Ээ!.. – деп алды да, экинчи кабатка башын бурду. Мына, келди. Туруп калды. Ушул маалда кайсы бир эшик кыйч деп ачылды. Жалт бурулду. Кадрлар бөлүмүнүн башчысы экен. Санаасы тына түштү. Ал жароокер, жайдары Назгүл деген келин эле. Күлүп-жайнап: “Мага келдиңизби, агай?” – деди, күтүп жаткандай. Эмне дээрин билбей, буйдалып калды. “Эми... – деди мукактана. – Сага десем да болот го?.. – Дагы буйдала түштү да, бирөө оозуна сала бергендей, - мага тиги Айкүмүш Назарбаевнанын делосу керек болуп жатат”. Бул сөз да кантип чыгып кеткенин билбей калды, бирок ушундай жооп өзүнөн өзү табыла койгонуна сүйүндү. Тиги эмнеге дегендей суроолуу карады да, жүрүңүз дегендей кабинетине башын жаңсады. “Айкүмүш Назарбаевна, - деди Чолпонбек үнүн чыгара, анан өзүнчө күбүрөп окуй кетти: “Айкүмүш Назарбаевна. Туулган жери. Фрунзе шаары. Туулган жылы. 1944-жыл”. Туулган жылы. 1944-жыл деген көзүнө кадала түштү. – Өзүнчө күбүрөдү. – Ошондо 67де экен да. 67... 67...” Ушинтип күбүрөп, эки баракты ала-сала карай берди; эмнени таба албай жатат дегендей, суроолуу да, таңданып да карап, Назгүл кыймылсыз турду. Бир маалда эсине келгендей, башын шак көтөрүп:

- Нази, - деди, - негедир эркелете, - бизде Кеңештин канча мүчөсү бар?

- Өзүңүз деле жакшы билесиз да, - деди кадр башчы ого бетер таңдана. – Кеңештин 13 мүчөсү бар эмеспи.

- Анда он үч кол тура.

- Кандайча кол?..

- Аа, мен жөн эле...

Кол дегенди өзгөчө бир басым менен айткансыды, Чолпонбектин жүрөгү бир булкуп алды; 12:8 деген сандар куду тирүү жандардай элестеп кетти. Шарт бурулуп, жөнөп калды.

- Агай... – деди Назгүл шашкалактай, - личный листок?..

- Аа... – Тык токтоду да, шаша-буша колуна кармата салды; Назгүл да дагы эле шашкалактап ордуна коё койду да, күткөндөй туруп калды.

Чолпонбек жылмайымыш болуп, үндөбөстөн жөнөдү да, эшикти шарт ачты. Чыгып баратып күрсүнө кетти:

- Адам дегениң айбан экен да!..

03.07.23., саат 11:05 - 7.07 23., саат 18:07

– 14.07.23., саат 16:33, “Арашан”)

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз