Жанаргүл Жолдошова: Акылкасас

  • 09.12.2025
  • 452

АҢГЕМЕ

Түн бир оокум. Кышкы шамал терезени акырын каккылап, сырттагы дүйнөдө бир сырдуу дем бардай туюлуп, асманда толгон ай бүт айылдын үстүнө күңүрт жарык чачып, жер бети аппак жоолук жамынган чак.

Үй ичинде башка дүйнө — тынчтык менен түйшүктүн аралаш деми.

Жигит жумуштан кеч кайтып, чарчаган денеси төшөккө тийген бойдон уктап кеткен. Акыркы убакта көп ойлончу болду: тиричилик, акча, коом, каада-салт, дин… Баарына жетишкиси келчү. Бирок ичинде тынчтык эмес — чечилбеген суроолордун бороону бар.

Кулагына кыйналып кыңкыстаган үн угулду.

Алгач алыстан угулгандай, анан жакындай түшүп, акырында кулагынын түбүнө жаңырды:

— «Өй… ий… ай ичим…»

– Жигит чочуп көзүн ачты. Жанындагы аялын көрдү — үнү катуу, өңү кубарган, тырмышып төшөктү кучактап алыптыр. Көздөрү сүрдүү, бирок жашка толуп, оору менен күрөшүп жатты.

— Эмне болду? — деди ал калчылдаган үн менен.

— Толгоо… чыдабай жатам… — деди аял үнүн араң чыгарып.

Жигит дароо ордунан турду. Калчылдап кетти. Колу титиреп, эмне кыларын билбей:

— Кудайым, күч бер… — деп ичинен кайталап, кийимин иле салып, аялын колтуктап машинеге чыгарды.

Жигит рулду катуу кармады. Машине күүлөнгөн сайын жүрөгү андан да ылдам согуп жатты.

Аял үчүн коркуу, бала үчүн үмүт, өзүнүн жоопкерчилиги…

— Чыда, жаным… аз калды, — деп жатты ал улам-улам.

Аялдын үнү болсо улам күчөп:

— Ай… белим… ай… жаным, тездет… — деп кыйкырып бара жатты.

Бирок жигит үчүн ошол түн — анын акылын, ыйманын, эркектик намысын, күнөө жана милдеттин ортосундагы тагдыр таразасын чеччү түн болчу.

Төрөтканага жеткенде жигиттин жүрөгү кабынан чыга жаздап, аялын колтуктап жетелеп барды.

Медайым карап туруп, тынч, бирок кескин түрдө айтты:

– Канча сааттан бери толгоо башталды?

– Күн шашкеден бери бир аз белим ооруп баштаган.

Медайым келинди алып, эшикти шаша жаап, ичкери кирип кетти. Коридордо үнсүздүк. Жигит эшиктин жанында ары-бери басып, ар бир секунд күтүп жатты. Аялынынын ичкериден чыккан кыйкырыгы жүрөгүн тилип өтүп, нес болуп акылы адашып турду.

Ошол маалда төрөткананын бурчунан орто жашар киши басып келди. Жүзүндө кубаныч, көзү жадырап:

— Айланайындар, кыздуу болдум! Аман-эсен жарыкка келди балам.

– Ий, кудай жалгаптыр… — деди жигит, – болсун, болсун... – деп ыраазычылыктан күбүрөдү.

Жигит:

— Кайсы дарыгер төрөттү? — деп шашып сурады.

Киши жай гана жооп берди:

— Абдан иштин көзүн билген жаш акушер жигит экен, айланайын. Колу жеңил… — деп сөзүн улай баштаганда; жигит дал ошондо ток ургандай селт этти. Көзү алая түштү. Жүрөгү буулуп кеткендей болду.

— Эмне?! Эркек акушерби?! — деп үнүн бийик көтөрүп жиберди.

Киши чочуп кетип, бир кадам артка тартыла түштү.

— Ии, балам… эмнеси бар экен? Бекеринен төрөткана деп аталган эместир… — деп жооп бере электе эле тиги жигит эшикти тепкилеп, үнү коридорду жаңыртып жиберди:

— Кайсы эркек аялымды карады?! Ким жооп берди ага?! Бул эмне деген шумдук?! Шариятка каршы! Менин аялымдын аураты — эркекке эмес!

Коридордогулар таң калып тиктешти. Кээси шыбырашып, бири башын чайкап койду.

Аны угуп ичкериден медайым чуркап чыкты:

— Эмне болду, эмне кыйкырып жатасыз?!

Жигит кыжыры кайнап:

— Жарым саат мурун төрөгөн келинди эркек акушер караганын уктум! Демек, менин аялымды да ошондой төрөтүп жатасыңарбы?!

Медайымдын өңү кубара түштү, бирок үнүн катуу кармады:

— Биринчиден, азыр сиздин аялыңызга ким караганы маанилүү эмес, анын өмүрү коркунучта турган.

Экинчиден, бизде такшалган тажырыйлуу адис болсо — ошол төрөтөт. Бул динге да, медицинага да туура келет.

Бирок жигит кыйкырып жиберди:

— Жок! Аялымды эркек караса — мага зынаа! Түшүндүңөрбү?!

– Зынаа деп турасың! Азыр аялынды тирүү сактап калуу жөнүндө сөз болуп жатат! Сен сыртка чык, иштөөгө тоскоол болбо! — деп эшикти жаап алды.

– Бетсиз кантип өз аялыма өзүмдү ээ кылбайсың аа, алып кетем башка төрөтканага, аял акушерге төрөтөм, алып чыгып бергиле, – деп эшик тепкилеп чуу чыгара баштады.

Эшикти ачкан медайым жигитке:

– Азыр аялың оор абалда, анын саламаттыгы биздин моюнубузда, анын аман-эсен төрөп алганы сага жакшы эмеспи, – медайым үнүн көтөрүп: — Азыр сени менен эрегишип отурганга чолобуз жок, эгер тоскоолдук кылсаң, зыяның тийиши мүмкүн! Дагы бир жолу чуу чыгарсаң, милийса чакырабыз! Сыртка чык!

Жигиттен ачуунун, кызганычтын, наадандыктын уулуу аралашмасы чарк айланып чыкты. Ал дагы бир жолу эшикти түртүп, ичкери кирүүгө аракеттенди.

— Аялымды чыгаргыла! Башка төрөтканага алып кетем! Бөтөн эркекке көрсөтпөйм!

Медайым чыдабай кыйкырып жиберди:

— Кайда алып кетесиң?! Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатат! Тамашабы бул?!

Коридор тынчып калды. Жигиттин деми буулуп, андан ары айласы кетип, бирок акылы ачылбай, уу болуп туруп калды.

Ошол учурда ичкериден аялынын үнү угулду:

— Эй… ээ… жардам бергилечи… өлүп… барам…

Жигит бир мүнөткө токтоп калды. Бирок адашуунун катуу туманы көзүн дагы бир жолу бозортту…

“Мындай экенин билгенде башында албайт болчумун, – деп жинденип, өзүнө өзү бүтүм чыгарды. – Эркек кишиге ауратын көрсөтүп… Бул мага кыянаттык кылганы. Ал мага ак болбой калды…” деп жүрөгү муздап, машинесине чыгып зуулдатып айдаган бойдон кетип калды. Коридордогулар таң калып кала беришти:

— Эх… энеңдин сүтүн актай албаган бейбак уул экенсиң… – деди толгоосу кармаган келини менен кошо келип, жарыкка келчү небересин чыдамсыз күтүп отурган кемпир.

*      *      *

– Сүйүнчү, сүйүнчү! Уулдуу болдуңар, – медайым чыгып жылмайганда, төрөтканын залы жымжырт эле, жооп болгон жок.

– Кечиресиз энеке, жана чуу чыгарган бала кана?

– Бая кыйкырып атып кетип калган, айланайын.

– Аялынын кан басымы көтөрүлүп, кан сөлү көп кетип араң төрөттүк, бактыга жараша уулу экөө тең аман калышты... аллага шүгүр.

– Ии ар бир пенде аман болсун айланайын. Колуңар жеңил экен да айланын, аман болгула кагылайын, – деп кемпир батасын берди.

  •  

– Ай-айланайын балам… келинчегиң менен неберемди үйгө алып келсең боло… — деди көздөрүндө үмүт жанган эне.

Жигит апасына тик карабай:

– Жок, апа… ал эми мага адал аял эмес, — деп кесе сүйлөдү.

Апасы селт этти. Төшүнө ысык темир басылгандай ичиркенип кетти. Бир аз унчукпай туруп:

– Балам… балаңды прививка да кылдырыптыр. Алтын келиним аракет кылыптыр. Барып… мурдунан чымчып өөп койсоң боло?.. — деп үнүн дирилдетип, кейип айтты.

Жигит ийнин керип, көзүн терс буруп:

– Прививка, – дейсизби? Ал — харам! Кафыр кылып баланын денесин ууландырыптыр да! – деп кыйкырып жиберди.

Апасы башын чайкап, уулунун бул сөзүнө ишене албай:

– Ой, эссиз уулум… сени деле жылда врачка алпарып, прививка кылдырып чоңойтком. Мына… ден соолугуң мыкты болуп жүрөсүң го… — деди.

Жигит кыжыры келип:

– Мындай жосун мусулманчылыкта жок! — деп кайра каршылык көрсөттү.

– Сени төрөп жатканда да абдан кыйналып төрөдүм эле, киндигиң моюнуңа оролуп, ошондо да эркек догдур сен экөөбүздү ажалдан аман алып калган, уулум.

Апасынын жүзүндө тынчсыздануу менен уулуна болгон таарыныч пайда болду.

– Кайсы чала сабат молдо айтты сага арам деп, айланайын? — деди ал акырын, бирок өмүр бою топтолгон тажрыйбасынын салмагы менен.

– Апа, акаарат келтирбеңиз! Ал мезгил бөлөк, азыр башка заман, — деди жигит кекетип. — Күнөөгө батасыңар!

Апасы оор үшкүрүп, анан көзүн жумуп алды. Андан соң жай, бирок жүрөктү кесе өткөн үн менен айтты:

– Өз үй-бүлөсүнө кам көрбөгөн эркектин күнөөсүн айткан жокпу сага, балам?..

Уулуна күңк этти. Бул сөз анын канын муздатып, жүрөгүнө ийне сайгандай болду.

Апасы анын жанына басып келип, ийнине колун койду.

– Кой эми, уулум… акылга салып… алып кел келинчегиңди. Неберемдин жытын искейин. Алардын күнөөсү жок. Сенин адашканың — өз тагдырыңа балта чаап атканың… — деди.

– Жок дедим го, апа! Ал менин сөзүмдү укпай, эркек врачтын көзөмөлүндө төрөдү, анан ошондой уул келинди жактайсызбы?

– Ой эссиз уулум, акылың ушуга келгенде иштебей калдыбы...

Апа ушуну айтарда көздөрү жашка толуп, үнү муңдуу чыкты:

– Үй-бүлө — Алла берген сыноо, уулум. Аны сактай билгин. Сактай албаган — өкүттө калат…

– Бала белде, катын жолдо дейт апа!

– Аа кыйраттың...

*     *     *     

– Ало, эй, досум, кайдасың?

– Үйдөмүн. Эмне болду?

– Алыскы айылда курулуш жүрүп жатат. Тендер менен иштеп жатам. Сенин колуңан келет ко. Айлыгы жакшы. Барып иштеп бербейсиңби?

– Макул, досум. Мен дагы жумуш издеп аткан элем.

(Айылга келип, чатырда жумуш башталат)

– Карагылачы, кара чаар жылан! — деп кыйкырды жигит.

– Болгарканы берчи, зыян кылбасын, — деди шериги.

– Апкел эки бөлүп салайын! — жылан тарапка кол сунуп, болгарканы иштетип калды ал.

Ал умтулаары менен жылан соймоңдоп устунга оролуп, чапчаң жылып бара жатты, жигиттин колундагы буюм кокустан тайып кетти.

– Эй, токто! — шериги колун сунуп кармады, бирок…

– Ай, бутум! — жигит кыйкырып, болгарка тайып кетти, колунан жерге ыргып, шынурунан үзүлүп барып жерге сайылды. Иштеп жаткан жигиттин денесин тилип кетти.

– Кан агып жатат! — шериги чуркап барып, колунан кармады.

– Ай абайлагыла!

Жигит дендароо болуп жатып калды, кан жайылып агып кетти.

– Аз жерден… баары… деди досу,— жигит үнсүз калды, коркунучтун түбүн көргөндөй.

– Тирүү калдың! — шериги дем берип, аны жерден көтөрдү.

– Жылан кетти… — жигит дем алып, көзүн жумду.

– Эгер мен болбогондо… — шериги бир аз үн чыгарып, окуянын курчтугун түшүндү.

Аны айылдык ооруканага алып барышты. Үстүнөн ак халатчан аял эңкейип карады.

– Кайсы жериң кесилди?

– Эркек дарыгер барбы? — деди ал мурунку адатынча.

Дарыгер дароо жооп айтты:

– Бул айылда эркектердин баары сыртта. Миграцияда – Орусия, Казакстанда.

– Биз, аялдар — карайбыз.

– Анда… менин… эркек дарыгер кароо керек.

Аял жигиттин жаратын көрүп чочуп кетти.

– Ий кокуй шылынып эле кеткен тура, алда кудай-ай, абайлабайт белеңер.

– Кокустук... эже, – деп жигиттин шериги сөздү бөлүп кетти.

– Чатыңды айрылганча кесип алган турбайсыңбы, каап, жука чурайдын териси шылыныптыр, дагы жакшы, алты мүчөң соо калыптыр. Бактыга жараша, денең экиге бөлүнүп кете жаздаптыр. Ичээр сууң бар экен, – деп йод сыйпап, айрылган терини тигип, бинт менен ороп жатты.

– Вай-вай... дарыңар ачыштырып ийди, аурат жерди да көрүп алдыңыз, уят.

– Сенин ауратыңды эмес, өмүрүңдү карап жатабыз. Түшүндүңбү? Сага окшогон далай бейтапты көрөбүз, бул биздин жумуш.

Жигит айласы кеткендей онтоп:

– Макул, иши кылып жардам бериңизчи... өх чыдабай баратам... өх иий  болуңуз… эртерек даары сыйпаңызчы…

– Алла сага дагы бир мүмкүнчүлүк берди досум, шүгүр дейли...

– Ии ооба, досум... охх... чыдатпай атат...

Ошол маалда анын башына бир ой кылт этти: Алда…байкуш аялым да… ушундай онтоп жаткан окшойт эле ээ…

Жүрөгү кеч болсо да түшүнгөндөй бүлк этти.

*     *     *     

— Үйдө ялың барбы? — деди дарыгер.

Жигит эмне дээрин билбей, үнү каргылданып жооп берди:

— Атасынын үйүндө… үйдө апам эле бар.

Дарыгер аны бир мүнөт тиктеп турду. Анан акырын, бирок катаал үн менен айтты:

— Үйүңө барганда ким карайт сени? Апаңбы? Зоңкойгон шишикти көрсөткөнүң… уят ко. Апаңдын караганы оор... кыйын эле.

Жигит ошол сөздү укканда жүзү кызарып кетти. Дарыгердин айткан сөзү чындап эле көкөйүнө катуу тийди. Акыры телефонунун экранын тиктеп, аялынын номерин терди.

Бир жолу чалды — албады. Экинчи жолу чалды — унчукпады. Үчүнчү жолу — дагы алган жок.

Күндүн жарыгы өчүп, күүгүм тартып, акырын караңгылыкка ооп, асман кара чүмбөт жамынды. Жигит, кайра-кайра чалып убара болду. Бир күн убактысы чалуу менен өттү.

— Алсаң боло… бир жолу эле… — деп шыбырады жигит. Бирок аялынан таптакыр жооп келген жок...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз