Кыска, нуска насыйкаттар – бул жөн гана фразалардын жыйындысы эмес, шыктандыруу жана колдоо үчүн бир жерге чогултулган чыныгы акылмандык дүйнөсү. Аларды жүрөгүңгө сакта, ошондо алар сага жашоонун эң катаал учурларында да жол көрсөтөт.
Сенин дүйнөң, сенин сөзүң.
Кабатыр болбо, баары өтөт.
Баарына жагуу – бул өзүңдөн качуу.
Эгер бүтүрө албасаң, азайт. Бирок токтотпо.
Азыркы учур – түбөлүктүүлүктүн эшиги.
Каалоо айт. Аалам угат.
Кыял – жандын компасы.
Жашоонун ар күнү – кайталангыс белек.
Ишен. Жүрөгүңдүн үнү сени жетелейт.
Тынчсыздануу – көбүнесе элес.
Аз тынчсыздан, көбүрөк жаша. Ар бир көз ирмемден даам тат.
Өзүңө берилгендик – сенин кубатыңдын булагы.
Мүмкүн деп ишенсең, аалам сага жол ачат.
Тандаган багытың ылдамдыктан маанилүү. Өз жолуңдан адашпа.
Баарынын аягы жакшылык менен бүтөт. Анткени бул жашоо – керемет.
Кадам ташта, ошондо жол өзү жаралат.
Кооз, кыска сөздөр жашообузду өзгөчө мааниге толтурат. Алар күмөн санаган учурларда жол көрсөткөн маяк сыяктуу, оор мезгилде сени кучактаган досуңдай, оптимизмди жандырган үмүт шооласы.
Күтпө, убакыт эч качан ыңгайлуу болбойт. Азыр – башта!
Жан дили менен жылмайган адам – чыныгы бактылуу.
Мүмкүн эмес деген нерселер менен аракеттен, керемет ошондо жаралат. Сенин күчүң – чексиз.
Өз космосуңа ашыкча адамдарды киргизбе. Алар сенин жылдыздарыңды өчүрүп коюшу мүмкүн.
Өз сезимиңе жана эмоцияларыңа ишен. Алар сенин күзгүң.
Сенин жашооң – бул өзүң менен болгон мамилең. Өзүңдү сүй, сыйла, баркта.
Жакшы атыр сыяктуу бол – өзүңө ызы-чуусуз көңүл бурдур.
Сени жаратып, Кудай жаңылышкан жок. Сен – кереметсиң!
Иллюзиялар – идиш сыяктуу, бакыт үчүн сынат.
Жакшылыкка ишен! Анткени ал сөзсүз жеңет.
Кечээгиң – бул тарых, эртеңкиң – бул сыр, ал эми бүгүнкү күнүң – белек!
Сиз дайыма жайдарысыз. Кандай сырыңыз бар? – Баары кандай болсо, ошондой кабыл алам. Жүрөгүмдө жарык бар.
Жашоо – окуялардын календары эмес, сезимдердин альбому. Ар бир көз ирмемди жүрөгүңө сакта.
Өзүң жөнүндө эң жакшы түшүнүк менен жаша. Өзүңдү таанып бил.
Өзгөрүүдөн коркпо, бул – жашоо мыйзамы. Өзгөрүү – өнүгүүнүн башаты.
Сенин жашооң – кайталангыс симфония.
Өзүңө караганда сага боорукерлик менен мамиле кылган адамды сүй.
Өзүң жөнүндө жакшы ойло. Ойлор реалдуулукка айланат.
Сүйүүнүн тамчысы бар жерде, чыдамкайлыктын океаны жаралат.
Кооз, кыска сөздөр бизге ар бир көз ирмемдин кадырын билүүгө үндөйт.
Бардык нерсенин өз убактысы бар, асман астындагы ар бир иштин өз сааты бар. Шашпа, ааламдын пландары чексиз.
Эгер маанайың түшсө, аны өйдө көтөр да, кайра түшүрбө! Жылмай!
Баарына жагууну кааласаң, анда өзүңдөн башта. Өзүңдү сүй, дүйнө сени ошондо сүйөт.
Күндүн кеңеши: чыдамкайлыгың жарылдыбы – кайра үйлөт! Эс ал, дем ал, уланта бер.
Биз эртең эмне болорун билбейбиз… Биздин милдет – бүгүн бактылуу болуу.
Кыялдын артынан түшүп, жолдон ыракат алууну унутпа. Саякаттын өзү – максат.
Биздин жашообузда баары убактылуу… ар бир көз ирмемди баркта!
Бардык нерсе өз колуң менен жаратылат. Сен – жаратуучусуң.
Эмнеге ишенсең, ошол ишке ашат – бул жаратуу деп аталат.
Өзүңдү сүй, ошондо баары болот.
Сага бакыт тартуулаган нерсеге убакыт бөлүүдөн тажаба.
Эң ишенимдүү, олуя сыяктуу өзүңө шыбыра: баары жакшы болот.
Сүйүүгө үйрөнүү керек. Кайра-кайра. Бул окуунун чеги жок.
Каалаган жетишкендик аракет кылуу чечиминен башталат.
Сени угуп жаткандай ойлон. Ойлор материалдык. Кооз ойлон!
Каалаган шылтоо менен майрамда. Бүгүн эмнени белгилей аласың?
Айланадагы дүйнө – сенин маанайыңдын күзгүсү. Жылмайсаң, дүйнө да сага жылмаят.
Өзүңдү сүйүүдөн эрдик жаралат.
Сени максатка жеткирген ойлорго гана ишен.
Бардык жолдор өзүң менен жолугушууга алып барат.
Жашоону сүй. Ал да сага ошондой жооп берет.
Кантип караганыбыздан эмнени көрөрүбүз көз каранды. Көз карашыңды өзгөрт, жашооң өзгөрөт.
Баардык керектүү нерсе өз убагында келет.
Кыялдар аларга карай бурулганда ишке ашат.
Болгонду кабыл ал. Өткөндү коё бер. Болор нерсеге ишен.
Ишенсең – баарына жетесиң!
Жүрөгүңдө кыял менен жаша!
Алдыда эмне бар – божомолдобо. Учурдагы жылуулук менен жылынууга аракет кыл.
Сен издеген нерсе, сени да издейт.
Сен бактыңдын жалгыз авторусуң.
Сен баарына жага албайсың. Баардыгынын эле табити бирдей эмес.
Дүйнө ага кубанган адамга таандык.
Кыялдарыңа жөн гана кыял боюнча калуусуна жол бербе.
Кичинекей ааламыңды тең салмактуулукта кармоону үйрөн.
Бүгүнкү күнгө пландар: 1. Бардык жакшы нерсени кабыл ал. 2. Бардык жакшылык менен бөлүш.
♦ ♦ ♦
Сенин ойлоруң – келечегиңдин сызыгы.
Сенин күчүң сенин уникалдуулугуңда. Өзүң боюнча калуудан коркпо. Сен кайталангыс шедеврсиң!
Тынч кадамдар менен кыялдарды көздөй ишенимдүү бет ал.
Туура көз менен карагандарга сен – искусствосуң.
Ыраазычылыкка толгон жүрөк кереметтерди тартат.
Жүрөгүң жылмайган жерде кал.
Эч ким кантип туура кылууну билбейт. Өз жолуңду тап.
Сен баары үчүн эмессиң. Муну каалабаш да керек. Өзүң бол!
Сен мурдагыдай болбосоң да болот. Өзгөрүүгө укугуң бар.
Сен кимдир бирөөнүн жылмаюсуна себепкерсиң.
Эгер бир нерсе оюңдан кетпесе, демек, бул сенин жолуң.
Жаңы нерсе сага келүүгө даяр. Эскисин коё бер.
Башкалардай болбо. Мээримдүү жүрөк менен айырмалан.
Өзүңө искусство чыгармасындай мамиле кыл.
Менин жашоомдун тарыхы – үмүт менен сүйүүнүн бийи.
Жашоодо эң жакшысын гана танда: ӨЗҮҢДҮ!
Бакытты издөөнүн кереги жок, бактылуу бол. Азыр!
Сен ойлоп тапкан нерсени эмес, сага тагдыр буюрган нерсенин ишке ашуусуна жол бер.
Жөнөкөйлүк, боорукердик жана чындык жок жерде улуулук жок…
Өз тарабыңдан мүмкүн болгондун баарын жаса. Мүмкүн эместин баарын Кудай бүтүрөт.
Баары жакшы болот. Кудай сенин дарегиңди билет.
Кыялдар – бул биз өзүбүз тарткан кенч картасы.
Сырткы көрүнүш азыр сенин жаның кандай ырдап жатканынан көз каранды.
Сен – асмансың. Калганынын баары – болгону аба ырайы.
Бакытты аны көбөйткөн адам менен бөлүшүү маанилүү.
Каалаган өзгөрүүнүн негизинде өзүңө болгон ишеним жатат.
Сенин келечегиң сага муктаж. Өткөн чагың – бүттү.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR