Жумагүл Барктабасова: Көлөкө

  • 11.01.2026
  • 309

АҢГЕМЕ

Дүйнө көпкөк экранга чөгүп баратты. Адамдар үйлөрүндө эмес, “профилдеринде” жашашчу. Алар өз ара сүйлөшпөй, “комментарий” гана жазышып, бир-биринин көзүнө эмес, “аватарларына” карашар эле. Аларга кадимки асманда жанган күнгө караганда экран артындагы жашоо жарык берип жаткандай, ошол дүйнө кооз туюлуп калган...

Менин 24 “аккаунтум” бар. Ар бири өз сүрөтү, өз үнү, өз окуясы менен жашайт. Алар виртуалдуу дүйнөдө башкаларга аралаша шам-шаркыт өмүр сүрүп, кадыресе көптүн бири болуп көрүнгөнү менен, коомчулукка акырына чейин ачыла бербейт.

Алардын бири мугалим, бирок жашоо шартына байланыштуу башка иштер менен алек. Дагы бирөө жалгыз бой эне. Өз үй-бүлөсүн сактай албаган алсыз эркектерге карата ой-пикирлерин байма-бай билдирип турат. Кээде кыялданат, кээде жашоодогу кыйынчылыктары жөнүндө ой калчайт, өз атын жашырганын ачык айтат. Үчүнчүсү көчөнүн жөнөкөй жигити, шайыр, тамашакөй. Дайыма көңүлдү көтөргөн азил-тамашалардан ыргытып, боорду эзет. Кээ күнү уяттуу окуялар аралашкан анекдоддорду да шилтеп жибермейи бар. Дагы бири сулуу кыз. Опсуз шакаба менен олуттуу ойлорду, талаш маселелерди ортого таштап, талкууларды жаратат. Көңүлү айныганда, жер жүзүндө кыбырагандын баары ага душман болуп чыга келет. Адам аттууну казанга салып кайнатып, чийкөбүгүн алып, туш-тарапка чачып жиберет.

Шыбакчы жигит болсо эки сөздөн беш ката кетирип, өз деңгээлине жараша билдирүүлөрдү калтырып турат. Ошентсе да коомдук талаш-тартыштарга аралаша берет. Дагынкысы дагы бар. Баары жигердүү, ар кандай маселелерди көтөрүп, өтө популярдуу видеолор менен бөлүшөт, ошол учурда болуп жаткан окуяларга карата пикирлерин билдирип, пенделерди бирде кубантса, бирде ойго салат. Он чактысы өтө популярдуу болсо, калганы көмөкчү. Алар ар түрдүү болгону менен, баарын бириктирген бир гана нерсе бар, ал – мен, алардын ар бири – менмин.

Мен миңдеген адамдар окуй турган тексттерди жазам. Жазганым кээде күлкүлүү болсо, кээде канжар сыяктуу курч, ал эми кай бир учурда коргошун учтуу жебедей жүрөккө сайылат. Адамдардын кемчилигин ашкерелейт, жыгылганды тепкилейт, кызарып турган чокту үйлөп, жалынга айлантат, кай бирлердин бетине көө жабат, тилдейт, каргайт, какшыктайт.

Бирок мен бул иштерди жөн эле жасай бербейм. Ал үчүн акы төлөшөт, кээде ири суммаларды да алып коём. Айтмакчы, кээде шакаба чекким келгенде, эрмектеп жазып коймоюм да бар. Эми анын жөнү такыр башка. Болбосо көзгө атар мерген сыяктуумун. Ооба, мээлегенимди так чекеге атам. Ок тийгенде чалкасынан кулагандай кылам. Жоону аябаган жоокер өңдүү менде эч кандай аёо сезим болбойт. Ал эми жөнөкөйлөштүрүп айтсам, мен жөн гана буюртманы аткарган кызматкер сыяктуу же белгилүү бир жерге тамак ташып жеткирген чабарманга гана окшошмун. Бирок бир күнү ойгонуп, күзгүдөн өзүмдү тааныбай калдым. Баары ошол күнү башталды...

*       *       *

Адам ноутбугун, телефонун өчүрдү. Анан телевизорунун токко туташкан жерин суурду. Ушулар аркылуу кимдир бирөө анын жашоосуна саресеп салып аткандай шаштысы кетип жаткан. Эми гана жаны жай ала үстөлгө жакын келип, көптөн бери колдонулбай чаң баскан дептерди ачып жаза баштады.

Толмоч келген денесине чапташа тигилген кийиминен анын ар бир деми байкалып, бүкүрөйө олтурат. Таң аткандан кеч киргенче ноутбугун тирмийе тиктеген адат тапкан күндөн тарта ага ушинтип олтуруу абалы жабышкан. Кабагы салаңдап, калың кара каштары бир-бирине жакындай бириге түшүп, кандайдыр бир кеселге жолугуп, аны жеңүү айласын издеген оорулуу өңдүү, кайгыга баткан, азап чеккен кейипте. Жашы 20–25терде болсо да, көптү көргөн абышкадай муңайым. Көз айнегин тагынып, калем сабын мыкчый кармап, анан аны тегерете чимирип ойлуу олтурду. Толкундай тармалдашкан чачын салаалап өйдө көтөрдү да жаңы баракка жаза баштады.

Көлөкөлөр тирилгенде…

Чындыгында, бала кезден мыкты журналист болом дечүмүн. Анан Кудай буюруп өз сүйгөн кесибиме даярдачу окуу жайга да өттүм. Жогорку курста окуп жүргөндө, чыныгы журналист кандай болушу керектигин көрсөткүм келди. Социалдык баракчаларымды бир-бирине байлап, жигердүү аракеттерди көрө баштадым.

Бир жолу мен билим алган окуу жайда жакшы окуган студенттер кантип стипендия албай жатканын, мугалимдер бир эле лекция менен бир нечелеген жылдар сабак өтө берерин, жаңылануу учуру келгендигин айтып чыктым. Мунун баарын өз атым менен ачык, эч кандай жаман ойсуз, кемчиликтер оңолсо деген үмүт менен жазгам. Андан соң коомчулуктун көзүнө көрүнө бербеген, бирок дүйнөнү кооздоп турган адамдар жөнүндө баяндадым. Аларды издеп таап, убаралана кызыктуу маалыматтарды чогулттум. Эч ким “реакция” кылбады. “Жактыдан” – эки. “Комментарийден” – бир. Дагы бир ыйламсыраган “быйтыкча” басылыптыр. Кудум дубалдарында жумшак нерсе жабыштырылган аудио жазылчу бөлмөгө кыйкырып киргендей болдум. Ачуу чаңырыгым менден алыс кетпей эле тар бөлмөгө сиңип кетти.

Менин биринчи вирустук билдирүүм кызыкчылык үчүн ачып койгон “фейк” аккаунтумдан тарады. Мына сага! Ал деле кокусунан болду. Студенттерден уккан кеп болчу, чын-төгүнүн деле толук билбейм. Физика сабагынан берген профессор бир студенттин дипломдук ишин окуп, аны көп өзгөртпөй эле көчүрүп алганын, уялбастан анын идеясын кантип уурдап кеткенин жазып койдум. Эки миңге жетпеген катталуучусу бар ошол баракчамдагы жанагы жаңылыкты кимдир бирөөлөр бөлүшө баштаса болобу. Душмандары көп окшойт, менин ким экениме да кызыкпастан ошол “постумду” ар кайсы тайпаларга таратып жатышты. Эмнегедир профессор жактан да эч бирөө менин ким экениме кызыкпады. Кийин угушума караганда, ал киши чүнчүп, бат эле башка ишке кетип калыптыр.

Мен эми ноутбугумдан он чакты аккаунт ачтым. Ар биринин баракчаларына керектүү маалыматты жазып, кооздоп толтуруп, башкаларга достук жиберип, ар кандай ойлорду билдирип, жаңы “досторду” кабыл алып, жарым жылда виртуалдуу дүйнөдө “өз” боло түштүм. Анан акырындап олтуруп дагы он чактысы кошулду. Алардан сырткары телефонумда бешөө бар. Ара чолодо “АйТи” боюнча аралыктан билим алууга да жетиштим. Эмнегедир бул ишимдин кызыгына батып кеттим. “Кызый-кызый кыз койнуна кириптир” болуп, мурда кайсы бир адамдардын кылык-жоругун көргөндө, аны көркөм чыгармада каарманга айланткым келсе, эми социалдык тармактардагы каармандарды жаратып жаттым.

Алардын кээси менин баракчама келип, колдоп, коштоп, кээси каяша айтып кетет. Кээде алардын акыйнек айтышы бир далайга созулат. Албетте, анын баары атайылап жасалат, окурмандар көбөйсүн, баракчам дагы арбын адамдарга таанылсын дейм. Кай бир “аккаунттарым” такыр кезигишпейт, эки башка дүйнөдө жашайт. Кыскасы, эми өз баракчамда кайсы бир маселени көтөрсөм, көз жаздымда калбагыдай болду. Ал эми мен болсо кээде олуттуу, кээде сатира, келеке менен жазам. “Скриншотторду” кошом, ар кандай сурамжылоолорду жүргүзөм.

Буга чейин менин баракчама тааныштарым жазылган болсо, эми биздин, ал тургай башка окуу жайдын студенттери, мугалимдери, жазыла башташты. Мен эми бул ишке күчтөнүп кириштим. Ар күнү кадимкидей “контент план” түзмөй. Жаратма Интеллекттин[1] (Автордун “Жасалма интеллект” дегенин Жаратма Интеллект деп оңдогон – О`Шакир) жардамы, түрдүү программалардын көмөгү аркылуу кызыктуу видеолорду, шарждарды жарыялайм. Барган сайын катталуучуларым көбөйүп, кийин саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер жазыла башташты. Бир нече айда он миңдеген катталуучум пайда болду. Анан андан аркы окуялар тез эле өнүгүп кетти.

Окууну аяктаган соң, туруктуу жумуш издегенге үлгүртпөй буюртмалар түшүп жатты. Чөйрөм, ой чабытым кеңейип, багытым ар түрдүү боло баштады. Мындан ары буюртмага гана жаздым. Мен башкаларга чоң команда менен иштейм деп койгонум менен, жалгыз эле “жайлай” берчүмүн. Менин командам – мен өзүм. Ал тургай өз баракчамдан да популярдуу “фейктерим” бар. Андайдан бирөө эмес, бир нечеси жашайт. Социалдык желеде түзүп алган каналдарым да, тайпаларым да өтө активдүү. Жазгандарымды ал жерге бөлүшсөм, жөн жаткырбай төбөсүнө көтөрүп кетишет.

Алгач жөн эле кызыкчылык үчүн жазсам, эми каражат табуу булагы катары көрүп, буюртма келсе, “Бирөө бар, айтып көрөйүн” деп коём. Кайдан укканын ит билеби, айтор “кардарлар” биринин артынан экинчиси келип турду. Саясатчылар, соодагерлер, кичи ишкана ээлери, бизнесмендер да кайрылыша баштады. Мен тааныбаган жана билгим келбеген адамдар...

*       *       *

Мен жокмун, бирок 24 жүзүм бар. Менде кожоюн жок, бир гана “кардар”, абийир жок, бир гана көрсөтмө бар.

Ар бир “аккаунтум” өз тагдыры менен жашайт. Мен аларды “логин” жана “аватар” катары эмес, инсан катары жараттым. Канчалык кызыктай угулбасын, кээде алар мага өз жашоосу менен жашап жаткандай сезилишчү. Ар бирин “коддор” менен башкалар ача албагыдай бекемдеп бекиткем. Жаратма Интеллектин жардамы менен кээде өзүм күтпөгөн ойлорду жазам. Ар түрдүү программалар менен видеолорду көчүрүп, монтаждап, жаңы өң, жаңы түс берем. Ал эми виртуалдуу дүйнөдө талаш жараткан маалыматты ортого ыргытып койсоң болду, сөөк талашкан иттей болуп ар ким өз оюн жазып алууга ашыгат. Акыр замандын адамдары ак-караны аягына чейин ажыратып олтурбайт, ичиндеги жаалын, буюккан сезимин, жүрөгүндө катылган зилин ыңгайлуу жерден чыгарып, чачып коё беришет. Жыгылып жатканды тепкилеп, чаңга оонатып кетишет. Кыскасы, бул талаада деле айбандык сезимдер, өзүмчүлдүк кала берет, чын жашоодон айырмасы аз. Башкалардын турмушуна байкоо салганды жактырышып, ошол жасалма дүйнөгө көз артып, кээсине ичи тарыса, башкасына суктанып олтурушат. Менин “аккаунттарым” деле ошондой, кадимки адам сындуу. Кээде алар менен сүйлөшөм, чыныгы адамдардан албаган демди ошолордон алам. Мени багып-өстүрүүдөн баш тартып, таенеме таштап кеткен апамдан, айбандык сезимин кандырып, боюна бүтүрүп, баса берген атамдан албаган сүйүүнү кээде ушулардан алам. Себеби алар мени угушат, мени менен бирге кайгыга батып, чогуу кубанышат.

“Мугалим 64" – азыркы системаны жек көргөн, жашоодон көңүлү калган эски мугалим. Мораль тууралуу, азыркы муун жөнүндө ачуу ойлорду жазат. Аны колдогондор да көп. “Аксакалдын” баракчасында учурдун жаштарына нааразы болгондор чогула калышат. Азыркыларды тилдеп, наалып, ар түрдүү окуяларды айтып беришет. Көптөр урмат-сый менен да кайрылышат. Ал көбүнчө мага деле чыныгы адамдай көрүнчү. Ошол образ мен жеткинчек кезде көзү өтүп кеткен таятам түспөлдөш эле. Кийин ага окшош адамдарды жашоомдо көп көрдүм. Айтор, ал менин ынак адамымдай жакын болчу. Кээде кыялданып, анын кебетесин – колуна портфель алып баратканын элестетчүмүн.

“Амазонка” – бойдок аял. Эмоционалдуу, шайкелең. Дин тутуп, адалсынгандарды ашкерелеп ажыккыстана берет. Ар кайсы мүчөсүнүн сүрөттөрүн көпчүлүктүн көөнүнө коюп, эркектердин эсин кетирет. Саны, бели, төшүнүн чети, ары карап тургандагы жарым жылаңач сөлөкөтү мыкты программалар менен жик билгизбей жасалып, жазгандары да кумарлуу. Анын “контентине” эркектер балга келген аарыдай эле үйүлөт. Ошенткен менен акылдуу фразаларды, философиялак ой жорууларды жазып да коймою бар. “Чын дүйнөгө барабыз деп, өлчү күндү күтүп жүрө бербей, ушул жашоону чын дүйнөдөй жыргап өткөрөлү” деген сыяктуу эси жок чакырыктарды да таштамайы бар. Моралга туура келбеген сөздөрдү көп сүйлөйт.

Бир жолу бактысыз баёо жигит анын жеке “мессенжерине” кат жазып, жакшылап сүйлөшүп калды. Ичиндеги сырын төгүп, аялы менен урушуп жатканын айтканда, берки ойсокем “андай аял менен өмүр бою кыйналып жүрбөй ажырашып кет, өзүңдү ая” деп койгон. Ал тургай аны келеке кыла жолугушууга чакырып, чекесинен сүйүүнү убада кылган.

Мунун баары, албетте, шакаба эле. А тиги аңкоо ошого ишенип, аялы менен ажырашып да тынды. Жубайын ур-токмокко алып, үйүнөн кубалап чыкканын да жашырбай айтып берген. Ошентип, ортодо эки баласы бар үй-бүлө чачырап кеткен. Андан кийин эмне болгонун билбейм, бир далай убакытка чейин жазып жүрүп, жоголду. Бул “шуркуя баракчам” далай эркектаналарды келекелеп мээсин айлантып, бир далайын аңдан ары кулаткан. Баса, жашы өтүп калган бирөө жанын койбой кат жаза бергенде, жолугушууга чакырып, кезигишчү убактысын, жерин тактаган соң, ошол катты аялына жиберип, тигинисинин абийирин ачып ашкерелеп да салган.

“Aslan777” – каны кызуу жигит, патриот. Анын билдирүүлөрү “чын жүрөктөн” чыгат. Өз өлкөсүнөн алыс кетип, Мекенин сагынат. Дүйнөлүк саясатты талдап, семичкедей чагат. Актуалдуу окуялар менен бөлүшүп, кээде чиновниктердин айыбын ачат. Андыктан, анын дагы өз аудиториясы бар. “Контенти” көбүнчө эки ача пикирлерди жаратып, катталуучуларын сөз менен “жакалашканга” чейин алып барат. Башкысы, мамлекеттик кызматта, саясатка жакындай жүргөндөрдүн буюртмасын аткарууга өтө ыңгайлуу. Аны дайыма колдогон бирөө бар, “эркинАли”. Бир сүйлөмүндө бир нече ката кеткен сабатсыз улан. Анын да өзүнчө ой жоруулары бар. Жашоосу жарып кетпесе да, жадырап жайдары жүрөт, кызыктуу кеп салат.

“Жаратман” – эң коркунучтуу, олуттуу жан, «эксперт», «аналитик», объективдүүлүктүн иллюзиясын жаратат. Жаратма Интеллект аркылуу башты айлантып, элди алаксытат. Мындай каармандар менде жетиштүү. Алардын ар бири менин күнөөм, менин ийгилигим, фантазиям, рефлексиям. Бирок менин жаным эмес.

*       *       *

Эртең менен электрондук почтамды текшердим. Демейдегидей эле дарегиме, аккаунттарыма билдирүүлөр толуп калыптыр. Кат куржунду ача салсам: "Тиги самтырак блогерди ордуна коюп салчы, ал өзүн өтө эле кыйын сезет окшойт" деген сүйлөм көзүмө урунду. Мурда буюртмасын аткарган чиновник жазыптыр. Кечээ бир блогер ал тууралуу терс пикир айтып чыкты эле. Ачып окуган жокмун, “керек болсом телефон чалат” деп ойлодум. “Жакшырак эле “сындырыш” керек, бул жолу”.

Көп каттардын ичинен бир өзгөчө кат көзүмө чалдыкты. Аты жок. Жөн гана тиркеме жана кыска фраза: “Аны талкала, жыгылган жеринен турбай калышы керек”.

Мен “файлды” ачтым. Сүрөттө жашы отузга жакындаган бийкеч турат. Жүзү кимдир бирөөгө окшош эле. Кашайгыр, көпкө тиктеп, таппайм. Качандыр бир жалындап сүйгөн кызды көргөндөй жылуу сезим тартуулайт, бирок эстей албадым. Анын жылмаюусу ачык, жагымдуу, өзү өтө татынакай, жарык жүзү, көздөрүнүн ичинен жанып турган оту бар. Психолог экен. Ага кандай “күнөөлөрдү” жабыштырышым керек, кызык болду. Көнгөн адат менен чабуулга даярдануу максатында видеолорун издеп таптым. Демейдегидей эле анын алсыздыгын билгим келди. Кызды “талкалаш” үчүн “компромат” табуу зарыл эле.

Экранда “макияжсыз” бийкеч жайбаракат сүйлөп жатты. Кеби кызыктуу, ар бир сөзү менен маектешин кучактап жаткандай сезилет. Ал Кудай жөнүндө, боорукердик, кечиримдүүлүк тууралуу айтууда. Эч кандай компроматтар, терс пикирлер жок эле.

Мен лекцияларды биринин артынан экинчисин карап жаттым. Эми эмнегедир жамандык издебей, жөн эле көрүп баштадым. Кыз аудитория менен эч кандай жасалмалуулук жок сүйлөшөт экен. Ар түрдүү суроолор, ага карата ушунчалык ынынымдуу жооптор, жагымдуу комментарийлер, ыраазычылыктар... Бул жинди коомду ал дарылайт экен, тобо, абдан таң калдым. Кимдин жолунан кыя өттү экен, кызык?

Видеону токтоттум. “Диана!” – дедим ичимден. Ысымы жакшы экен. Жаңылбасам, тазалыкты, аруулукту түшүндүрсө керек эле, балким жаңылып жаткандырмын.

Ошондо биринчи жолу “пост” жаза албай калдым. Анткени мен аны “сындырсам” бир эле адамды эмес, анын колун кармаган көпчүлүктүн жан дүйнөсүн талкаларымды түшүндүм. Клавиатурага койгон манжаларым селейип кыймылдабай калды. Башым кысылып, кулагым чуулдап кетти. Ноутбукту жаап, дароо туруп кеттим. Терезени карадым. Көчөдө адамдар аркы-терки басып жүрүшөт. “Булар чыныгы адамдар эмеспи” деп ойлодум. Алар “аватарлар” эмес, “хэштег” эмес. Анан көптөн бери биринчи жолу өзүмдөн уяла түштүм.

Ноутбугума жакындап келип ачтым да, электрондук почтадан азыркы кызга карата түшкөн буюртманы белгиледим. Бул катты “жок кылуу" баскычын чыкылдаттым. Андан кийин “көчүрмөсүн жок кылууну”. Анан “таштанды салган кутуну” ачып, баарын биротоло өчүрдүм. Жаным жай ала түштү. Өзүмө кофе куюп келип, биринчи жолу башкача бир сезимдерге жетелене ичип жаттым. Ал аңгыча ачык турган мониторго кат түшкөн белги келди:

– Чын эле баш тарткыңыз келеби? Аты жок белгисиз почта, жөн эле жара сыяктуу кара тегеректен кат келди.

Беш мүнөттөн кийин экинчиси:

– Биз сиздин ким экениңизди билебиз. Телефонумда батиримдин сүрөтү чыгып калды. Спутниктен алынган экен. Кичинекей, бирок жагымсыз нерсе. Андан кийин менин бардык “фейктеримдин” тизмеси келди. Жан дүйнөм аңтарылып кетти. Мен куруп алган шаардагы үйлөр биринин артынан бири урап жаткандай сезим пайда болду. Шашылыш ноутбугумду, “Wi– Fi”ды өчүрдүм, анан телефонумду...

Жөн гана клавиатурадан алыс болгум келди. Себеби, телефон менен ноутбуктун ар бир бурчунда, экрандын артында мен бар элем. Ушул учурда өзүмдү башка бирөөнүн көзү менен карадым. Бирок өзүмдү тааныбай калдым.

Илгичтин үстүндө көптөн бери кийилбей турган кара “кепкамды” баса кийип, кара күрмөмдүн жакасын өйдө көтөрдүм да, лифт менен зуулдап ылдый түштүм. Батиримден чыкканымда, күздүн сыдырым жели чекеме үйлөп жеңилдей түштүм. Жөн гана эч нерсени ойлобой алдыга басып кете бергим келди. Бирок мени “Кашайгырдыкы, бул ким болуп кетти? Мени аңдып жүргөндөр барбы? Тиги кыз аларга ошончолук эмне жамандык кылды экен?” деген ойлор ээрчий илээшип калбай келет. Анан “Балким, мени жакшы билген бирөө жанагы мен сойку аял болуп, эркектерди элиртип, денесин козгогондой, шакаба чегип жаткандыр деп ойлодум. Ай ким билиптир, иттики десе...

*       *       *

Көчөдө каңгып кете бердим. Бийик үйлөрдү аралай өткөн жолдор менен жөн эле басып жүрөм. Шаар бозоруп, бирок тирүү көрүндү. Бир жерде балдар кыйкырышып ойноп жатышат, дарыкананын жанында эки кемпир бирдемелерди божурап турушат, таксист жөө жүргүнчү менен урушууда. “Кандай бактылуу адамдар” дедим эмнегедир аларга суктанып. Ар ким өзү менен алек, жалгыз мен эле “эч ким эместей” сезилдим.

Жакын жерде китеп дүкөнүнүн сыртында аппак чатырлуу ачык жай бар эле. Эмнегедир ошол жерде эл додолоп чогулуп, бирөөнүн сөзүн угуп жатышкан экен. Жакын бардым. Үн акырын назик чыкканы менен ар бир кишиге тийип, сиңип кетип жаткандай көрүндү. Анткени, эл андан көзүн албай олтурат. Берки айым болсо мамиле жөнүндө айтып жаткандай. “Биз чындап эле сүйлөшкөндү унутуп калдык. Дароо эле каяшага өтөбүз. Башкаларды айыптайбыз, өзүбүздүкү гана туура деп ойлойбуз, ошого бекем ишенебиз. Бирок көбүнчө кыйкырыктын артында коркуу, агрессия артында үмүтсүздүк турат”,– деди ал. “Айтыңызчы, ачууланганда эмне кыласыз?” – ал ары жакта олтурган бирөөдөн ушинтип сурады. Катып калдым. Беркинин жообун уккан жокмун. Бул – “АЛ” болчу, сүрөттөгү, видеодогу кыз!

Маңдайымда тизесин жапкан кыска плащ кийип, белин кындырдай бууп алган татына бийкеч турду. Башында үлпүлдөк жүндөн ичке кылып ийрилген жип менен токулган тегерек баш кийим. Узун, кофе түстүү чачын аркасына өрүп таштаптыр. Чоң кой көзүнө аппак бети жарашып, француз кыздары түспөлдөшүп кетет. Мен аны жок кылышым керек эле. Бирок ал дал маңдайымда маңкая, тип тирүү турду. Ыйыктын ыйыгы эмес, бирок чыныгы адам, жагымдуу кыз. Мен кетейин дедим, бирок кете албадым. Кандайдыр күч мени тартып туруп алды. Ал үстөлгө жакын барып, үстүндө жаткан китептерге кол тамгасын коюп, башкаларга тарата баштады. Анан “Сизге автограф керекпи?”,– деди күтүлбөгөн жерден мени тике карап. Ийнимди куушурдум:

– Кечиресиз, түшүнбөй калдым?

– Сиз жашынгандай четте турдуңуз. Мен балким уялып жаткандыр деп ойлогом. – Ал жылмайып койду.

– Ысымыңыз ким?

Мен оозумду ачтым, бирок кантип жооп береримди билбедим.

– Менин атым... – таппай калдым. Мен лакап аттардын, псевдонимдердин, фейктердин ортосунда бууланып таркап кеттим. Анан гана: – Кечиресиз, мен жөн эле өтүп бараткан адаммын, – деп жооп бердим аргам түгөнгөндөй.

– Бул дагы жооп, анда жөн эле өзүңүзгө этият болуңуз, өтүп бараткан адам, – деди ал.

Кыз китептерди бир баштыкка салыштырып, чоң кагазды тоголоктоп орой колтугуна кысты. Ийинине асылган баштыкты оңдой көтөрүү аракетинен улам колтугуна кысылган кагаз түшүп кетти. Мен аны жерден ала калып, китептерди сурагандай кол создум:

– Жардамдашып коёюн. Ал буйдала түшүп, мейли дегендей баш ийкеп, китеп салынган баштыкты кармата, колумдагы кагазды алды. Экөөбүз бир далайга чейин жөө басып, ар нерсени сүйлөшүп бараттык. Эмнегедир андан алыстагым келбеди. Түнү менен деле сүйлөшө берүүгө даяр элем. Ал менин ичимди аңтарып салгандай болду. Мен дароо эле ага эртең да жолугушууну суранып, макулдугун алдым.

Үйгө түн бир оокумда кайттым. Анын үнү да эле кулагымда жаңырып турду: “Сак бол, өтүп бараткан адам”.

Эртеси экөөбүз музейге, андан чыгып шаар четиндеги дарыя жээгине бардык. Менде буга чейин мындай сезим болгон эмес. Өзүмдү кооз талаада учуп жүргөн көпөлөктөй сездим. Көптөн бери биринчи жолу тирүү экенимди туйдум. Ошондо коркуп кеттим, сүйүүгө кабылдым окшойт да!

Ал ушунчалык жаш болуп туруп өтө билимдүү эле. Анан калса өзгөчө ак пейил десең. Атасы дин кызматкери, энеси флорист экен. Ата-энесинин сүйүүсүнө чөмүлүп, жамандык көрбөй чоңойгон адамдар гана ушундай болушат. Мындайлар бул жашоону, адамдардын баарын жакшы көрүшөт. Эч кимден жамандык издебейт. Кыйналгандарга жардам берип, адилетсиз окуялар болсо жүрөгү ооруйт, жан дүйнөсү бүлүккө түшөт. Ооздон чыккандын баарына ишенишет. Бир кезде мындай суроо узаттым:

– “Биз анонимдүү комментарийлерден травма алып жатабыз”,– дебедиңби, балким алар жашоодо ачык чыгуудан уялышат.

– Менимче, бул деле алдамчылыктын түрү. Ар бир инсан айланасындагыларга, коомчулукка, эң башкысы өзүнө чынчыл болушу кажет. Алдамчылык менен амалкөйлүктүн руху Долус тууралуу окуган жок белеңиз?

– Жок.

– Гректердин мифологиясында айтылат. Уламыштардын биринде Прометей чоподон чындыктын образын жасап жатып башка иштерге алаксып калганда, Долус мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, чындыктын көчүрмөсүн жасай калат, бирок ал жалпысынан окшош болгону менен, буттары жок болуп калган. Ошондуктан ал баса албайт эле, чындык басып, кыймылдай алчу. Анын сыңарындай, алдамчылык чындыкка окшош болушу мүмкүн, бирок маңызы жок, жашоо күчү жок – ал толук эмес, бир жери кемтик боюнча калат.

– Демек, адамзат бар жерде эки жүздүүлүк, алдамчылык жашай берет?

– Эки жүздүүлүк – бул жеке адамдын оорусу эмес, бүткүл коомдо кезигүүчү кесел. Бирок белгилей кетчү нерсе, эч качан эки жүздүүлүк толугу менен жеңбейт, ал морт болот. Ар бир жасалма бет каптын артында дагы деле чындыкты эңсеген адам жашайт. Коркуу абийирден күчтүү, пайда ыймандан маанилүү болсо, адамзат эки жүздүү болот. Ар кимдин тандоосу өзүндө. Чынчылдык эрдик эмес, кадимки нормага айланганда эки жүздүүлүк жоголот.

Кытайда дагы абийирдүүлүк, убадага турууну бийик бааланган, адам кандай шартта болбосун чынчыл болушу керектигине чакырган көптөгөн болумуштар бар. Мисалы, Хан династиясынан чыккан генерал Цзи Бу берген убадасын аткаруу үчүн кандай кырдаал болбосун аракет көргөн. «Убада миң унция алтынга тете» деген сөз ошондон калган.

*       *       *

Акыркы 4 жылдан бери биринчи жолу виртуалдуу жашоону унута түшүпмүн. Үйгө келген соң, ноутбугума кайра отурдум. Бул жолу буюртма үчүн эмес, өзүм үчүн, керт башымдын абийири үчүн “пост” жаздым. Бош экранды көпкө тиктеп, биринчи жолу лакап атым эмес, чыныгы атым менен, беткаптарымды сыйырып салып жаза баштадым:

“Менин атым Адам. Мен ондогон фейк аккаунттарды ачтым, адамдарды ууландырдым, акча үчүн жалган жалаа жаптым. Себеби, башкалардын колундагы курал элем. Мен аватарлардын артына жашынып, өмүрлөрдү кыйраттым. Бул кокустук эмес болчу, эмне кылып жатканымды билчүмүн. Бирок бүгүн ошол ишти токтоткум келет. Анткени азыр токтобосом таптакыр эле жок болуп кетем”. “Жарыялоону” басарымда жүрөгүм катуу согуп баштады. Денем муздак сууга секиргендей ичиркенип алды. “Жарыялоону” бастым.

Бул кылыгымды талкуулай башташты. “Скриншотторду” жарыялап, баракчамдан алынган, бурмаланган сөздөрүмдү чубап чыгышты. Жазылуучуларым көбөйүп кетти. Демейде уйкуда жаткан, сыртымдан байкап жүргөн катталуучуларым ашатып сөгө башташты. Жек көрүү толкуну күчөдү. “Буга ишенбегиле, бул өз баасын көтөрүү үчүн ушуну жасап жатат, амалкөй”. “Ал өзүн актагысы келген манипулятор”. “Тобо кылууга кеч болуп калды, шүмүрөйгөн шүмшүк!”. Ушул сыяктуу комментарийлер жайнап кетти. Ошо менен интернетимди жаап, жатып алдым.

10 мүнөт өтпөй түз чалуу болду. Буюртмасын аткарып жүргөн “былык” чиновник экен. Ооба, биринчи жолу анын “былык” экенин мойнума алып олтурам. Эң эле сасыган буюртмаларды ушул берчү. Ага жараша акчаны да кабелтең төлөйт. Эсебиме жакшы эле сумма салып коёр эле. Банктан жашыл долларларды алган соң, аны жыттап-жыттап жибергеним көз алдыма тартылды. Эмнегедир кускум келди.

Телефонум жаны жай албай чырылдады. Өчүрүп коюга колум барган жок. Кандайдыр күч коңгурого жооп берүүгө мажбур кылды.

– Эй, эшек, кеңкелес! Сен эмне акылдуу болуп кеттиңби?! Акыркы “постуңду” алып сал! Ал жерде менин буюртмам да бар экенин унуттуңбу? – деп бакырды ал.

– Болду, тажадым, – деп жооп бердим. Ал жоошуй түшкөндөй:

– Балакай, бирок сен берки досторуңдун атын сата көрбө, макулбу, тиги командаңды айтам. Алар менен байланыш куруп бересиң да,– деди.

– Кайсы достор? Алардын баары – менмин! Бирок аларды өчүрөм.

Ал баягыдан да жоошуй түштү.

– Дос, сен кайда жашайсың? Ушуга чейин үйүңдү көргөзгөн жоксуң. Барып жакшылап сүйлөшөйүн, айт дарегиңди.

– Келбеңиз, мен жокмун, мени унутуңуз.

– Мен сага көргүлүктү көргөзөм!

*       *       *

Телефондун жаагын жаап койгондон бир саат өтпөй кайрадан аны жандырдым. Виртуалдуу дүйнөдө жанагы посттон кийин эмне жаңылык болгону баары бир кызык болуп, жанымды жай алдырбады. Ача салсам, он мүнөт мурда Диана телефон чалыптыр. Дароо номерин тердим.

– Ало!

– Ало, менде эмне өчүң бар? Бул акыйкатсыздык. Мен сага ишенгем... – Чалуу өчүрүлдү. Эч нерсе түшүнбөй калдым.

Интернетти жандырып, социалдык баракчамды ачтым. Акыркы “постум” жер жуткандай жоголуптур. Жарым саат мурда жаңы видео коюлуп, анда Диана камера алдында жарым-жартылай караңгы бөлмөдө ылдыйкы гана ич кийимчен бийлеп жатыптыр. Төшүн сылап, лаззаттуу жылмайып коёт. Мээме ысык кан таамып кеткендей болду. Комментарийлер, бөлүшүүлөр жайнайт. Жанталаша видеону өчүрдүм.

– Бул ал эмес. Бул жасалма видео, фейк, – дедим акырын күбүрөп. – Бирок аны ким жасады? Ким менин баракчама койду, ким?!– деп кыйкырып алдым кимдир бирөө мени тыңшап, кайра жооп берчүдөй.

Башка баракчаларымды ачтым. Алардын сүрөттөрү, аттары, сыр сөз... Булар мага мурда курал эле, эми азыр – өлүктөр. Аларды бир четинен өчүрө баштадым. Бир, эки, үч. Бирок төртүнчүгө жеткенде, экранда билдирүү пайда болду: "Чын эле өчүргүңүз келеби?". "Ооба" дегенди бастым. Бирок ал жок болбоду. Тескерисинче, бет жаңырып, экранда жазуу пайда болду. "Кимдир бирөө аккаунтуңузду ачуу аракетин жасады”. Катып калдым. Дагы башка “профилге” кирдим. Баягы мекенчил бала: “Бул жашоого тойдум, баардык жерде адилетсиздик, кана, ким мени менен байлардын мүлкүн талап, талкалоого барат? – деп жазыптыр.

“Комментарийлер”, “лайктар”, “репосттор”. Жарыялоо убактысын карадым, жарым саат мурда экен. Албетте, мен эч нерсе жазган эмесмин. “Сыр сөзүмдү” өзгөртүүгө аракет кылдым. “Ката”. “Профилге” кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө аракет кылдым, бирок электрондук почтама эч бир билдирүү келген жок. Аккаунттар менсиз иштеп жатышты. Ал эми төмөндө, “жекече чатта” “фейктеримден” келген билдирүүлөр жаркылдайт: “Сен бизди жараттың”. “Сен бизге жашоо бердиң”.

Эми экранда өз алдынча, бирөө түз жазып жаткандай сөздөр чыга баштады: “Сен чынчыл болгуң келдиби? Кеч болуп калды. Эми биз – сенбиз. А сен эч ким эмессиң. Эгерде сен аккаунтуңду өчүрсөң, өзүң да жок болосуң. Сен тууралуу маалыматтын баары өчөт. Бул дүйнөдө жашап өткөнүңдү башкалар эмес, сени төрөгөн апаң да унутат. Сен тууралуу маалыматтын баары бууланып кетет. Бул чындык!” Ноутбугумду өчүрдүм. Жүрөгүм дүкүлдөп чыкты. Дем алуум кыйынга турду.

Телефон шыңгырады, жашырылган номер. Байланышты кошуп, өз үнүмдү уктум:

– Сен кимсиң? Селт эте телефонду кайра өчүрдүм. Бул мен болчумун. Менин үнүм. Менин сөзүм. Болгону бул менин каалоом эмес эле.

*       *       *

Аны менен жолугушуум зарыл, Диана менен!

Желип-жортуп үйүнө жетип бардым. Эшикти өзү ачты.

– Мен... кечирим суроо үчүн келдим,– дедим акырын, – Мен билем, видео фейк, жасалма, баары калп. Ал менин аккаунтумда коюлган, бирок азыр ал меники эмес. Тагыраак айтканда, мен жараткам, бирок андан кийин...– дедим сөз таба албай.

Ал мени аяп карады, көзүндө жек көрүү да жок эле.

– Күнөөсүз адамдарга жамандык жасагандан чарчадыңбы? – Башым “шылк” этип жер карады.

– Эгер чындап эле бир нерсени өзгөрткүң келсе, күнөөңдү ачык, эл алдында мойнуңа алышың керек. Анонимдүү эмес, чыныгы атың менен. Анан аккаунтуңду өчүр. Чыныгы жүзүңдү тап.

– Бирок бул мени жок кылат...

– Сен эчак эле жок болгонсуң,– деди ал, – кайра Адам болгуң келеби?..

Батириме келип, терезе пардаларды жаап олтурдум. Бүткүл дүйнө коркунучтуу болуп калгандай сезилет. Бирок ошонун баарына өзүм гана күнөөлүү экенимди билем. Кечиргиле, кечир мени, Диана!..

Көлөкөлөр өлгөндө…

Ушул акыркы сүйлөмдү жазган соң, Адамдын көз жаштары дептерине тамып, сыяга аралашып кетти. Ал өзү эми эле жазып бүткөн барактарды бүктөп, конвертке салды да, сыртта турган почта жащигине жөнөттү. Конверт сыртында шаардагы өтө популярдуу редакция дареги жазылган эле.

Эми ал телефонун жандырды. Баягы эле каттар: “Биз – сенбиз. Бизди өлтүрбө. Биз сага караганда тирүүбүз”. Ал башын мыкчый жерге отурду. Бул өтө пассивдүү фейк аккаунтунан келген кат экен. Эми эстеди, туулган күнүнө кайсы ай, күндү коёрун билбей, акыры күкүк апасынын туулган күнүн тандаган. Дал ушул учурда анын бала кездеги апасына болгон сагынуу сезими эсине түштү. Он жыл мурда каза болгон. “Бул жөн гана дал келүү”,– деди ал,– “Бул акыл оюну, вирус, хакерлик”...

*       *       *

Адам шаар четиндеги дарыя жээгине келди, кара-күрөң тартып агып жаткан экен. Диана экөө жээктей басканда, таптаза, көпкөк көрүнгөн. Ал телефонун жерге ыргыта жээктеп жөнөдү. “Суу адамдын күнөөсүн жууйт дечү беле?” Эмнегедир ушинтип ойлоду. Дарыяга секирип киргиси келди. Анан Жаратканга кайрылып мындай деди: “Оо, Кудай! Жаратканым! Башымдан өтүп жаткан окуянын баарына мен гана күнөөлүүмүн. Демек, сен мени гана жазала, Дианага тийбе. Ал таза, аруу, аны булгаба. Мага жол көргөз, катамды оңдоюн, ушундан соң өлүмгө да даярмын!” Ушул учурда арт жагынан кулакка тааныш үн угулду. Ким эле?

“Сен жоголгуң келеби?”,– деп үнүн дагы көтөрө сүйлөдү тиги киши анын дартын билгендей. Адам артка бурулуп:

– Ооба, – деп шыбырады, – Эгерде баары токтосо.

– Анда акыркы бет кап сеники, – деди тиги киши үнүн дагы да бийик чыгара. Ошол маалда суу жээгиндеги караан жакындай келди. Маңдайда кара күрмөчөн, кара баш кийимчен өзү турат. Ал өзүнүн мындай көз карашын биринчи жолу көрдү. Анда эч кандай жек көрүү, жакшы көрүү сыяктуу сезимдер же жылуулук, тагырагы – тирүүлүк жок болчу, караңгы бөлмөдөй жымжырттык гана бар эле.

– Сен кимсиң?– деп сурады Адам.

– Сенмин. – Ал жылмайып койду. – Мен көлөкөгө айлангам. Эми сенин жан дүйнөңдүн экинчи тарабына айландым. Сен биринчи фейкти жаратканда, биринчи жолу калп айтканыңда, мен өзүмдү күчтүү сезгем. Эми мага алың жетпейт. Андыктан макулдашып алалы. – Ал чөнтөгүнөн телефон алып чыкты. Тааныш телефон.

Бир жолу гана басасың да, жок болосуң. Каалайсыңбы? Бас да, жок бол. Ошол бойдон сени баары унутат. Сени бул дүйнөдө эстеген эч ким болбойт.

– Дианачы?

– Ал өз турмушу менен алек болот. Сени менен бирге ал тууралуу видео да элдин, ал тургай өзүнүн эсинде калбайт.

– Фейк аккаунттарымчы?

– Алар да жоголот.

– Эгерде өзүмдү жоготпосомчу?

– Анда Диананын видеосу калк арасында катуу талкуу жаратат. Сен болсо виртуалдуу дүйнөдө түбөлүккө жашайсың. Жүзүңдү башка эч ким көрбөйт, аккаунттарың гана...

Адам көктү тиктеп, көзүнө жаш алды. Анан колунда турган телефонун ачып, өз аккаунтуна киргенде, аватардагы сүрөтү көзгө илинди. Эң алгачкы чоң суммада акча алган күнү жылт этип эсине түштү. Кумарлануу, сугалактык ушул күнү башталган... Анан акыркы контент – Диананын видеосу чыкты. Эл уу-дуу болуп жаткан экен. Жеке куржун кызыл ала билдирүү толо кат көбөйүп кеткени дароо көрүнөт. Адам Диананы эстегенде шаштысы кетти. “Кош, Диана, менин периштем!” Аккаунтту “өчүрүүнү” басты. Баары жок болду. Экран караңгы болуп калды. Андан кийин боштук. Жээк да бош калды...

Эртеси эртең менен виртуалдуу дүйнөдө жаңы ысым пайда болду – “Лаверна!”. Жазуу: “Мен дагы эле бул жердемин, денесиз, үнсүз. Бирок сенин бир бөлүгүңмүн. Сен окуп жатсаң, демек мен тирүүмүн”...

*       *       *

Дал ошол күнү журналистика факультетинин экинчи курсунда окуган Адам деген жигит социалдык желеге мугалимдерине болгон нааразылыгын жазып жатты. Ага көптүн ичинен бети аппак, бакырайган кой көзү бар, кофе түстүү узун чачы өрүлгөн татынакай кыз жооп берди:

– Чындыкты издегениң абдан жакшы. Бул тууралуу сени менен сүйлөшкүм келет.

Адамга бул кыз эски таанышындай туюлду. “Бул татына бийкечти качандыр бир көрсөм керек? Жок, болушу мүмкүн эмес, эгерде мен аны көргөн болсом, өмүрүмдүн акырына чейин унутпайт элем”...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.


[1] Жасалма интеллект орустардын Искусственный Интеллект түшүнүгүн сөзмө сөз которуп алганыбызды туура эмес санаган О`Шакирдин аргументтеринен улам мен да Жаратма Интеллект деп колдонууну эп көрдүм... Арийне, “жасалма мамиле, “жасалма достук, “жасалма күлкү” сыяктуу кунарсыз аталыштан көрө; мындай аталыш “РухЭштин” практикасында буга чейин колдонулуп келгендиги эске алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз