Советтик комедия: жашыруун каршылыктар

  • 27.01.2026
  • 485

Күлкү аркылуу коркунучтуу доорду «чечмелеп сүйлөгөн» айрым советтик кино режиссёрлор — чыныгы жымжырт диссиденттер. Алар микрофонго жулкунуп, плакат кармабаганы менен, кино кадрларында системаны сындашкан.

Цензор угушу керек болгон сөздү укпай, эл түшүнүшү керек болгонду дароо түшүнгөн Совет бийлиги кинону эң күчтүү үгүт куралы катары колдонушкан. Экран — компартиянын үгүт-насаатчысы болууга тийиш эле. Маселен: оң каармандар апакай периште, душмандар – кара ниет, ал эми турмушта баарынын телегейи тегиз, келечек сөзсүз коммунизм болууга тийиш эле.

Бирок күлкү дегениң саясый көзөмөлгө анча баш ийген эмес. Айрым режиссёрлор идеология менен ачык күрөшө албаса да, элди күлкү аркылуу эс-акылдуу күмөн саноого шыкактап, абсурд аркылуу чындыкты айтып турушкан. Алардын тасмалары элди күлдүрүп, бирок ошол күлкүнүн түбүндө коркунучтуу суроолор жашачу. Маселен, Григорий Александров: жаркын фасаддын артындагы жасалма кубаныч эле.

Сталин доорунун «расмий» комедиячысы эсептелгени менен, Григорий Александровдун тасмалары («Весёлые ребята», «Цирк», «Волга-Волга») ашкере оптимизмге шыкалган. А кунт коюп карасаң: баары дайыма ырдап-күлүп жүрөт, бирок бул күлкү ашыкча, табигый эмес, ар бир каарман — роль аткарып жаткандай.

Айрым кинотаануучулар Александровдун тасмаларын тоталитардык «жасалма бакыттын» пародиясы катары сыпатташат. Бул — өтө кооптуу, бирок өтө билинип-билинбеген көркөм ишараттар эле.

Ал эми Леонид Гайдай: абсурд аркылуу системаны күлкүгө салган залкар талант. Элдик режиссёр. Анын тасмаларын баары билет: «Операция Ы», «Кавказская пленница», «Бриллиантовая рука». Бул тасмалар жөн гана күлкүбү? Гайдайдын дүйнөсүндө мыйзамдар — келесоо, милийса — шалтурук, жетекчилер — күлкүлүү, системада баары «иштеп жаткандай» түр көрсөткөн жагдайлар. Ушунун өзү тоталитардык абсурддун көркөм диагнозу болгон. Гайдай эч качан партияны сындаган эмес. Ал жөн гана: «Мына, карагыла, система кандайча өзү менен өзү күрөшүп жатат» деп көрсөткөн. Цензура муну «жөн-жай комедия» деп өткөрүп жибергени менен, эл анын тасмаларынан башканы туйчу...

Ал эми Эльдар Рязановчу? Интеллектуалдык ирония жана моралдык каршылыкты кашкайтып туюнткан талант. Эльдар Рязанов — советтик комедиядагы абийирдин үнү. Анын каармандары жалган отчёттон чарчаган, креслого эмес, адамдыкка умтулган, «туура жашоодон» шек санаган адамдар.

«Карнавальная ночь» — майрамдагы формалдуулукту шылдыңдайт. «Гараж» — советтик жамааттын эки жүздүүлүгү, а «Служебный роман» — кызматтык иерархиянын адамдары коомду кантип бузганын көрсөтөт. Бир сөз менен айтканда, Рязановдун комедиялары — жумшак, бирок тынбай тиштеген комедия.

Георгий Данелия: кайгылуу күлкү жана жоголгон адамдын тагдыры. Арийне, Данелия — эң философиялуулук менен туюнткан режиссёр. «Я шагаю по Москве» — эркиндикке болгон сагыныч. «Афоня» — руханий боштук. «Мимино» — майда улуттарды кемсинтүү, кичинекей адамдарды басынтуу. «Кин-дза-дза!» — тоталитардык дүйнөнүн фантастикалык карикатурасы.

Айрыкча «Кин-дза-дза!» — бул советтик системанын ачык пародиясы, бирок фантастика аркылуу жашырылган. Бул фильм — цензурадан өтүп кеткен философиялык бомба.

Эмне үчүн комедия кооптуу болчу? Анткени трагедия ыйлатат, ал эми комедия ойготот. Совет адамы ыйлап, наалыганга көнгөн. Бирок күлүп жатып шек саноо — эң коркунучтуу абал эле.

Аныгында комедия – «баатырды» жөнөкөй пендеге, «системаны» келесоого айлантып, а «келечекке» чоң суроо калтырат.

Жогоруда аталган советтик режиссёрлор ушунусу менен унчукпаган диссидент болушкан. Бул режиссёрлор митингге чыккан эмес, партияга каршы манифест жазбады, бирок көркөм кадрлар аркылуу коомдун аң-сезимине жарык шоола чачып келишкен.

Алар күлкү аркылуу коркууну жоошутуп, адамдыкты сактап калышты. О.э. элдин ичиндеги суроону өчүрбөй кармашкан.

Кадр ичинде жашырылган чындыкка келсек: советтик комедия жана күлкү астындагы каршылык кандай эле? Кээде бир кадр — миң ураандан кооптуу. Ал советтик кино көрүүчүгө даяр жооп бериши керек эле. Ким жакшы, ким жаман — баары алдын ала белгилүү. Бирок айрым режиссёрлор жооп берүүдөн баш тартып, анын ордуна тымызын суроо калтырышкан. Алар үчүн кадр — трибуна эмес, күзгү болчу.

Леонид Гайдай – системаны келесоо көрсөтүүнүн устасы

«Бриллиантовая рука» — мыйзамдын абсурду. Эсиңиздеби, милийса кызматкерлери баш каарманды «кылмышкер» деп жаңылыш кармаган учур бар? Бул кадр өтө күлкүлүү, а маңызы коркунучтуу.

Кадрдын ичкерки мааниси: мыйзам — чындыкка эмес, формага ишенет. Ким «шек жаратса», ошол күнөөлүү. Бул кадр кыргыз коомуна да тааныш. Кээде адам күнөөлүү эмес, бирок «туура эмес көрүнгөнү» үчүн милийса алдында күнөөлүү болуп калат.

Гайдайдын дүйнөсүндөгү ууру — айлакер, тартип сакчысы — аңкоо, система — өзү менен өзү чаташкан. Бул — тоталитардык машиненин чыныгы карикатурасы.

Эльдар Рязанов – жамаат аттуу моралдык тузак

«Гараж» — советтик коомдун микромодели. Бир эле гараж, бир эле жыйын, бир нече саат ичинде ошол мейкиндикте советтик коом толугу менен ачылат.

Кадрда эшик жабык. Баары тепе-тең. Бирок бири кыйкырып жатса, бири унчукпай коркуп отурат, бири «мен партияга ишенем» деп өз кызыкчылыгын коргойт. Мунун өзү — «жамаат» деген түшүнүктүн жасалмалуулугу. Баары теңдей көрүнөт, бирок баары бирдей эмес. Кайда болбосун жыйын көп, протокол толтурмай, бирок чындык эч жерде айтылбайт.

Рязанов бул тасмада системаны эмес, адамдын коркоктугун сындаган. Ошондуктан ал бүгүн да актуалдуу.

Георгий Данелия – философиялык комедия жана трагикалуу күлкү

«Мимино» — майда улуттардын намысын, сезимин тырмалоо. Кавказдык учкуч, чоң шаар, бюрократия. Кадрдагы баш каарман өз тилинде сүйлөй албаган акцент аркылуу күлкү жаратат. Бул күлкү — борбордун периферияны кемсинтүүсү. Кыргыз коомчулугу үчүн да бул кадр өтө тааныш: борбордук тил, борбордук маданият, «аймактык» адамдын ички комплекси.

Данелия бул тасмада улуттук ар-намысты ачык ураансыз, жашыруун сезим аркылуу коргогон.

«Кин-дза-дза!» — тоталитардык дүйнөнүн фантастикалык күзгүсү

Бул фильм да өзүнчө бир философия. Адамдар статусуна жараша «пацак» жана «чатлан» деп бөлүнөт. Орус тилин билбөө — пастык, түркөйлүк. Эрежени түшүнбөгөн кул. Бул — идеологиялык коомдун анык модели: ким жогору, ким төмөн болушу керек деген.

Форма мазмундан жогору, кызматтык чин адамдан жогору, тил — бийликтин куралы. «Кин-дза-дза!» — бул күлкү аркылуу айтылган антиутопия.

Эмне үчүн бул тасмалар бүгүн да жашап келет? Анткени алар адамды шылдыңдабайт, системаны ашкерелейт, көрүүчүнү кемсинтпейт, ой жүгүртүүгө чакырат. Совет доорунун сөөгү сөпөт болду, бирок дале тоталитардык психология толук кете элек. Ошондуктан бул тасмалар — тарых эмес, күзгү.

Бек Тамырлан
Австрия, Вена шаары

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз