Мусакун Айбек: Күлкүсүн жоготкон адам

  • 28.01.2026
  • 344
  • 1

АҢГЕМЕ

Ал мурда элди күлдүрчү. Азыр андан күлкү да, эл да качкандагысы. Ар таңда бир гана суроо менен ойгонот: «Бүгүн да керексиз бойдон каламбы?»

Бул суроо нансыз күндөрдөн да оор болду ага.

Бөлмө тар. Коммуналдык батирдин эски дубалдары кышы муздак, жайкы аптаптын ысыгында думуктуруп муунтат. Терезе алдындагы үстөлдө апакай кагаз жатат. Бир кезде анын эң ишенимдүү досу эле. Азырчы? Тергөөчүнүн көзү сымал тикирейе тиктейт. Жазайын дейт, колу калтырайт.

Жанына тынчтык бербес убайым: «Жазгандарым кимге керек? Жазсам, кайра эле күнөөлүү болуп чыгам. Жазбасамчы, өз түбүмө өзүм жетем го».

Мына ушу эки оттун ортосунда күн санап күйүп барат ал.

Бир кезде анын сатиралык аңгемелерин эл талашып окучу. Поезддерде, заводдордо, ашканаларда анын жандуу сөздөрү жашачу. Эл өзүн көрчү андагы куйкумдуу чыгармаларынан. Эл өзүнүн коркуусун, күлкүлүү пас абалын, жашыруун ызасын туйчу анын чыгармаларынан.

Бирок дал ошол чындык керексиз болуп калды акыры.

— Сен элди туура эмес көрсөтүп жатасың, — дешкен ага.

— Сен биздин доорду шылдыңдаганыңбы? — дешкен.

— Сен элдин адеп-аклагын бузасың, — дешкен.

Ал болсо таң калчу: «Мен элди эмес, алдыда болор коркунучту күлкүгө салганым го…»

Бир күнү анын аты-жөнү гезит-журналдардан өчтү. Анан китеп текчелеринен. Анан адамдардын үнүнөн. Телефон чалбай калышты. Эшик кагып кирип келер эч кимиси жок. Жымжырттык — эң оор жаза экен.

Кээде түн ичинде ойгонуп кетсе, жүрөгү катуу согот. Колу муздак. Өзүнө өзү суроо берет: «Мен чын эле коомго зыяндуу пендеминби?» Жооп жок эч.

Ашказаны ооруйт. Дарыгерге барууга акчасы жок. Барса да, ал ооруну эч ким дарылай албайт — бул рухий оору. Кээде күлкүсү келгени менен, өзү коркуп кетет. Күлсө, күнөө кылгандай сезет өзүн.

Бир жолу көчөдө эски таанышы жолугуп калды. Салам айтты да, шашкан бойдон жөнөдү. Көзүнө тик карай алган жок. Ошол көз караш — сот чечиминен да оор тийди ага. «Демек, мен жугуштуу оорудаймын…» — деп ойлоду.

Кээде ал мурдагы кол жазмаларын окуйт. Өзүнө таандык эмес сыяктуу. Ал жакта тирүү адам бар эле. Үмүт бар, эркиндик бар эле. Азырчы? Сактык, шектенүү, коркунуч. Бирок эң оор нерсе — өзүн-өзү тизгиндөө болду. Сырттан эч ким тыюу салбай калган кезде да, ичиндеги үн:

— Муну жазба… муну айтпа… муну өчүр… — деп шыбырайт.

Ошол үн — эң катаал цензор.

Ал бир кезде коммунизм чакырыктарына ишенген. Эми жөн гана адамды сактап калгысы бар, бирок бул доор адамга муктаж эмес экен.

Кээде ойлойт: «Мени жок кылышкан жок. Бирок жашоого да жол беришкен жок. Бул — эң оор жаза турбайбы…»

Таң атат. Ал да ойгонот. Дале ак кагаздар аны тиктейт тикирейе. Баягы эле суроо.

Кээде өтө сейрек учурда ал кагазга бир нерселерди чиймелейт. Эч ким үчүн эмес. Басмага тапшыруу үчүн эмес. Өзүнүн адам экенин унутуп калбоо үчүн гана жазат.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Исмаил

    Чындыкты айтканга арзыйбы, эгер анын баасы — жалгыздык болсо?

Комментарий калтырыңыз