Кабинет ачып жатканда, же “сейсмикалык абал”

  • 31.01.2026
  • 413

ЭССЕ

Умереть – это ещё не всё.
(Э.Хемингуэй)

“Кеңешбек Асаналиев менен Калыбек Байжигитов агайлардын кабинети ачылып жатты эле. Аларга арналган жыйнак да даярдалып жатат, ошого баш сөз жазып бербейсизби, сиз экөөнү тең жакшы билесиз да...”

Ушундай өтүнүч менен шакиртим кайрылып калды. Мен бир тууган инимден айрылып, мүңкүрөп тургам. Бирок колго калем алдым да, шилтей баштадым. Өтө шашылыш жазылды. Ошентсе да окуп койгула, урматтуу окурмандарым!

I

“Сейсмикалык абал.” Бул – Кеңешбек байкенин көркөм термини, а түгүл поэтикалык жүзү. Кайсы эмгегин окуба, баарында тең тырмакчалуу көркөм терминдерди учуратпай койбойсуң. Дал ушул терминдер Кеңешбек байкеге канат бүтүрүп, дем берип жаткандай, ал эми эмгегине өзгөчө бир нур чачып, ажарын ачып тургандай сезилер эле. Чындыгында эле дал ушул тырмакчалуу термин жайгашкан жерде бир “балакет” бугуп жатар эле: ал көкөлөтчү, же куйкалап өтчү. “Сейсмикалык абалын” өзүнүн акыркы эмгектеринин бири “Безилдейт неге чабалекейлер...” аттуу макаласында Ч.Айтматовдун акыркы романынын башкы каарманы Арсен Саманчинге карата колдонуптур, демек, бул каарман соо эмес, мында “бирдеме” (бул терминди да Кеңешбек байке көпчүлүк эмгектеринде колдонот) бар.

Бар экен, дал ушул “сейсмикалык абалда” жүргөн Арсен Саманчин аркылуу Ч.Айтматов адаттагыдай эле дүйнөнү селт эттирчү омоктуу идеяны айтыптыр. Бул оюн айкындоо үчүн Кеңешбек байке кара терге түшөт: “горбачёвдун кыйырында”, “жердеш”, “жаанын жебесиндей”, “идеялардын кишиси”, “иштейт”, “легитимдүү кудай”, “сүйүү симбиозу”, “кирген из бар, чыккан из жок”, “финалдык жооп”, “узак жол”, “эксклюзивдик пайда болуу”, “өлтүрүү-өлүү” ж.б. ушул өндүү тырмакчалуу көркөм терминдерин ыктуу колдонуу менен, Ч.Айтматов жалпы адамзаттык идеяны көтөрүп чыккандыгын бүткүл адамзатка далилдеп бергиси келет. Бирок мага негедир Кеңешбек байке мурунку Ч.Айтматовду издеп таба албай жаткандай, өз оюна өзү анча ынана бербегендей туюлуп туруп алды. Арийне, көзү тирүү болгондо бул оюмду ачык эле айтмакмын. Айтмакмын да жеме укмакмын, азыркылар айтып жүрүшкөндөй, “уруш жемекмин”. Буга байланыштуу бир аз чегинүү.

Кеңешбек байке экөөбүз “Кыргызстан-Сорос” фондуна келип түшкөн окуу китептерин иргеп жарыялоо конкурсунун калыстар тобунун мүчөсү болуп калдык. Түшкө чейин бел чечпей иштеп, тыныгуу маалында “Ысык-Көл” мейманканасын тегерене басып жүрөбүз.

– Ие, байке, – дедим бир маалда, мен чочугандай, – бу Чыңгыз Айтматовдун кийинки романдары боюнча оюңуз кандай?

– Чыңгыз Төрөкуловичтинби? – деди ал ормоё. Токтоп, ойлонуп калды.

– Сиз кандай дейсиз, жанагы “Кылым карытар бир күндөгү” космостогу радиостанция ашыкчабы дейм, аны алып салса деле...

Кеңешбек байке так секирип кетти.

– Бу чунак бала, сен эмне деп жатасың?! Ал деген метафора да!

– Жүрөктү тыз эттире албаган метафоранын эмне кереги бар, байке?

– Сенде деги көркөм табит дегенден бирдеме...

– Көркөм табиттин кандай тиешеси бар? – дедим кепти үзүп, негедир ызалана. – Көркөм табит... Жанагы “Кыяматтагы” Авдий, ага байланыштуулардын баары да ашыкча. Эгер ошолорду кыскартып салып, карышкырлардын трагедиясын гана калтырганда, не деген керемет чыгарма жаралмак...

Кеңешбек байке сүйлөй албай, дел болуп турду да: 

– Түү ата! – деди башын чайкагылай. – Сен деги эле көркөм чыгарманы вообще түшүнбөйт турбайсыңбы!..

Ушинтти да, мага эмес, бул жарык дүйнөгө нараазы болгондой басып кетти.

Асылды асыл таштабайт экен да, асылга асыл кол кайтарбайт экен. Ч.Айтматов, К.Асаналиев – бул экөө не деген асылдар эле! Кеңешбек байке Ч.Айтматовго чаң жугузбай өттү, а түгүл Ч.Айтматовдун өзү да Кеңешбек байкеге: “Кеңешбек, Сейденин боюна бүтүш керектигин эскертип койбопсуң да” дегендей “таарынычын” айтканда, “Чыңгыз Төрөкулович, “бойго бүтүрүштөн” да салмактуу “уй урдоо” деген көркөм деталь турбайбы!..” – деп кайра залкар талантка дем берип, канат бүтүргүсү келбеди беле.

А дейбизби, бу дейбизби, кудай таалам Кеңешбек байкеге жаратмандыкты да, мээнеткечтик менен көтөрүмдүүлүктү да, анан жашоого болгон кумарлыкты да ченебей берген. “Көркөм чыгарманы түшүнбөйт турбайсыңбы!” – деп, мени бекер жеринен жемелеп жаткан жок. Кеңешбек байке, баарынан мурда, өзү чоң талант болчу, көркөм өнөрдүн табиятын мыкты өздөштүргөн жан эле. Л.Толстойдун көркөм өнөргө, процесске мүнөздүү үч белгисин эске албаганда да, ал (Кеңешбек байке) көркөм чыгарма – бул чындыкты кайра жаратуу (ушуга өзгөчө назар бурар эле) деп билчү, эгер турмуштук чындык калемгер тарабынан кайра жаралбаса, ал көркөм чыгарма чыгармалык касиеттен кол жууйт деп эсептечү. Дагы бир талабы – бул дал келүүчүлүк эле. Бул жагына келгенде, эгер көркөм чыгармада колдонулган ар бир сөз көркөм образга, көркөм деталга айланбай, сөз бойдон кала турган болсо, анда көркөм чыгарманын шору – ошол дечү. Көркөм чыгармаларга илик жүргүзүүдө дал ушул эки принципти бекем тутчу. Кыргыз романдарын талдоого алган көлөмдүү макаласында Ш.Бейшеналиев, С.Өмүрбаев, К.Сактановдордун чыгармаларында алешемдиктер эмнеде жаткандыгын, б.а., ачуу чындыкты таттуу тили менен ачык-айкын да, жугумдуу да ачып берген.

Көп романчылардын ичинен Көчкөн байкебиз (Сактанов) гана каяша катары үзүктөй макаласын жарыялаган. Бирок ал Асаналиевдин сынына, пикирине эмес, анын керт башына, физикалык кем-карчтарына сүңгүп, көр пенделиктен өйдө көтөрүлө албаган. Муну мыкты түшүнгөн Кеңешбек байке “лам” деп ооз ачпады, анын ордуна шакирттери чыгып, татыктуу жооп беришкен эле.

Кеңешбек байке жаңылык жарчысы болчу. Академик Бүбүйна эже (Орузбаева) өтө кыраакы жан эле го, бир жолу ушул эжебиз мага күтүүсүздөн собол таштап калды:

– Бу Бейшебай, сен билесиңби, Кеңешбек жаңы бирдеме жазса эле, эмне үчүн дүрбөлөң түшүп калабыз?

– Эми ал киши өзүнчө бир талант да.

– Талантында кеп жок дечи... Анын дагы бир сыры бар: ал адабияттагыбы, илимдегиби, айтор бардык тармакта дүйнөлүк процесс менен чогуу жүрөт. Эмне жаңы нерселер пайда болсо, кайдан табарын билбейм, ошолордун баарын үзбөй окуйт, окуганда да алдын беш-алты жолу чийип окуйт. Анан ошол жаңы көзү менен кыргыз адабиятын сыдыра баштайт. Керек болсо, медициналык жаңы терминдерди да колдонуп, оюн көркөмдөп жиберет...

Эженин айтканы чындык эле. Кеңешбек байке, чындыгында жаңылык жыттанып турчу, ар бир эмгегинде кандайдыр бир жаңы нерсе айтууга, маселени жаңыча ачууга умтулчу, бул адат анын канына жедеп сиңип калган эле жана дал ушул адат анын жашоого болгон кумарлыгын арттырып турчу, а түгүл аны кетирбей, бу жарыкчылыкта тирүү кармап турду.

Буга кошумча анда илимий менен көркөм ой жүгүртүү – экөө бирдей жетилген эле, ар бир эмгегинде экөөнү чеберчиликте эриш-аркак колдоно алчу. Бул айрымдардын көзүнө комсоо да көрүнчү. Кеңешбек байке докторлук диссертациясын коргоп жатканда бир оппоненти диссертациялык иштин айрым жерлеринде көркөм публицистикалык стиль үстөмдүк кылып кеткендигин диссертациялык эмгектин кем-карчы катары көрсөткөнү алигиче эсибизде. Арийне, илимий ишти поэзияга айландырып жиберүүгө болбойт дечи (эгер ыктуу айландырууга кудуретибиз жетсе кана, атаганат!), бирок өзү бутага алган акын-жазуучуларын поэтикалык тил менен чырайына чыгара ачып берген В.Белинскийди кайда алып барабыз! Эми бул – өзүнчө маселе.

Кеңешбек байкенин тили менен стили өзүнчө иликтөөгө өтө муктаж. Оюнун уютулган тактыгы менен жугумдуу тили жуурулушуп, кимдин болбосун сугун арттырып турчу. Оозеки кеп менен жазма кепти ширелиштире колдонуп, өзгөчө кыраат-интонация, ыргак менен баян куруп жаткан ушул чүкөдөй абышка (Кеңешбек байке) көк мелжиген тоолордун дал чокусундагы жалындап күйүп турган оттой туюлчу...

Эми дагы бир талылуу жерине жетип калдым көрүнөт. Карышкырды баарыбыз жырткычтыгы үчүн жек көргөнүбүз менен, дал ушул карышкырдык жырткычтыгы үчүн ага суктана да карайбыз: “Тирүүлөй терисин сыйрып жатса да, бир кыңк этип койбойт го!..” “Адабий айкашта” Кеңешбек байке эмоцияга жык толгон ирония менен ачык эле жазып жатпайбы, көкөлөп жүрүп эле жерге талп дей түшкөнүн; мындай “талп этүүлөр” көмүскө да, көрүнөө да көп эле жолу болгон көрүнөт. Интеллекти эң бийик, билимдүү жана ыймандуу, ашкере кесипкөй инсандын “талп” дей түшкөнүнө эмне себеп? Майдалап отурбайлы, баягы эле көрө албастык, ич күйдүлүк, жекече таарыныч... Жакшылап ой калчап көрөлүчү: адамды ак жеринен күйгүзүү – “бул терисин тирүүлөй сыйруу” эмес бекен, “чыйрактын шыйрагын калтыруу” далалаты эмес бекен!

Эмне кылуу керек? Чыдоо, көтөрүү керек. Чыдады, көтөрдү. Айкайлап чуу чыгарбады, мүңкүрөп чөгүп кетпеди. Буга ички күч-кубаты, кудурет-күчү – асаналиевдик деңгээли жол берген жок. Кеңешбек байке өз ордун, барк-баасын билген, баарынан да өзүн-өзү урматтай алган, эң оор жана жооптуу касиет-сапатка – унчукпай коюуга эгедер жаркын инсан катары калыптанып калган болчу. Муну жанын жай алдырбаган тубаса изденгичтиги, кумурскадай мээнеткечтиги коштоп турду жана ал мындай ыйык сапаттарынан кетер-кеткиче ажыраган жок. Өзүндөгү асаналиевдик деңгээлге жетиш үчүн башкалар “узак жолду” басып өтүүгө тийиш экендигин туюп турса керек деп азыр ойлой берем. Мындай бийиктикке жетип алган адамдар кандай кыл чайнашта болбосун, өзү менен кошо өзүнө каршы чыккандардын да керт башын сыйлай билишет, алардын кадыр-баркын түшүрүүгө дити барбайт экен.

Буга жөнөкөй эле бир мисал: Кеңешбек байке кимге болбосун ачык эшик эле, аны менен ким болбосун кысынып-кымырынбай кең-кесири баарлаша алчу. Пендебиз да, буга көнө түшкөндөн кийин айрымдарыбыз ашыкча да тамашалап жиберчүбүз. Бир жолу академияда кызматкерлер шахмат ойноп калышты, оюндун жүрүшүндө таланттуу сынчы-адабиятчы Кадыркул Даутов өзүнүн кээр тамашасы менен Кеңешбек байкени улам-улам кажый берди, а Кеңешбек байке өзүнүн асаналиевдик деңгээлинен улам унчукпай күлүп гана коёт. Ошондо жедеп жанына батпай кеткенби, Самар Мусаев аксакалыбыз бир кезде:

– Сен уят-сыятты билбеген деги кандай баласың!.. – деди Даутовду тике качырып, – жок дегенде Кеңешбектин сакалын сыйлабайсыңбы ыя?!

Ички көрөңгөсүнөн улам Кеңешбек байке баарлашуу, а түгүл кайым айтышуу маданиятын терең өздөштүргөн, аны турмушта айныксыз колдоно билген жан эле; анын ар бир эмгегинен эвфемизмдерди (тергөө сөздөрүн) көп учуратууга болот, мунун баары тең адам көңүлүн сындырып албоого кылган далалат болчу. Өзүнүн жаш кесиптештерине өтө аяр мамиле кылчу, алардын жылтыраган кичине ийгилигин көзү көрүп калса, атайы назар буруп, белгилеп кетүүгө шашылчу. Анда дагы бир аз чегинүү.

Өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягы. Жаш сынчыларга арналган жыйын өтүп жатат. Менин жазуучулардын жыйынына биринчи катышышым. Бир карасаң – карсылдашкан кармаш, бир карасаң – тамаша-күлкү. Таң каласың. Эске түшкөндөрүн кыстара кетейинчи. Бир кезде Салижан агай (Жигитов) чыкты да: “Ой, эмне эле тытышып жатабыз, мындан эки жүз жылдан кийин ушул жерде отургандардын баары жок болобуз да. Анан... “Зал дымый түштү. Аңгыча Аман Токтогуловдун күлкү аралаш үнү шаңк этти: “Кайрат кылыңыз, Саке!..” Дымыган зал күлкүгө чөмүлдү. Андан кийин Кадыркул Даутов сөз алып, а дегенде Советбек Байгазиевди каптап өтүп, анан Үсөн Касыбековду каарый баштаганда, Салижан агайдын тамашалуу үнү жаңырды: “Эми Үсөн, сакалыңды кырча тиштеп чыдап отур!..” Ал учурда Абдыкем (Абдыганы Эркебаев) курагы боюнча жаш сынчылардын катарында турчу, бирок кадыр-баркы жагынан аксакал сынчыларга теңелип эле калган. Айтор өрттөй жанган Абдыкем сөз алып, селт эттирчү милдетти коюп салды: “Айтматовго карата пикир айтууга эч кимимбиздин акыбыз жок, ал үчүн өзүбүз айтматовдук деңгээлге жетишибиз керек!..”

Буга Кеңешбек байке өзүнө таандык сыпаалык менен мындайча жооп кайтарды: “Абдыганы, сенин айтканыңдын баары жөндүү... бирок не та аудитория.” Кеңешбек байкенин бул аяр эскертүүсүн мен “мындай пикирди башка жерде, чөйрөдө айтуу керек, болбосо жаш сынчылардын канатын эмитен кайрып алабыз” деп түшүндүм эле. Кеңешбек байкенин аярлыгына дагы бир мисал: А.Эркебаев олуттуу маселелерди козгогон макаласын жарыялап калды, мындай маселелер өз учурунда К.Асаналиев тарабынан да көтөрүлгөн көрүнөт, бирок бул А.Эркебаевдин макаласында унутта калыптыр. Ошондо да Кеңешбек байке келечекте учкул сөзгө айланып кетчү аталыштагы (“Тазбаймат кимди унутту?”) макаласы менен өтө аяр жооп кайтарганы бүгүн да кадимкидей эсибизде. Айтор Кеңешбек байке өзүнүн жүрүш-турушу менен өрнөк болуп, шакирттерин эркелетип да, моюндарына жоопкерчилик тагып да турчу; ар биринин тагдырына кайдыгер карай алчу эмес. Абдыганы Эркебаевди, Калык Ибраимов менен Осмонакун Ибраимовду Ак үй өзүнө имерип илип кеткенде, эми булар чыгармачылыктан биротоло кол үзүп кетпесе экен деп ичинен сыздап жазып да, эскертип да чыккан эле.

...Кеңешбек байкенин акка моюн сунганын мен Ала-Тоо университетинде сабакка кирип баратканда уктум. Шыдыр кайра оңго бурулуп, чоң терезеден эшикти тигиле тиктеп көпкө турдум окшойт. Мындайда эрксизден өзүңдү өзүң жубатып кирет экенсиң: “80ге чыкмак дешти, бул деле жакшы жаш эмеспи... Эртең менен кадимкисиндей эле сабакка кирип, анан өзүн жаман сезе баштаган экен, анан кайра кайтып, кечкурун эле узап кетиптир...” Ушинтип шыбырагансыйм, бирок бир нерсе жетпей жаткансыйт. Терезеден дапдаана көрүнүп турган тоолордун чокуларына көз жибердим да, Кеңешбек байкени элестете баштадым.

Ошол эле “Кыргызстан-Сорос” фонду конкурсту жыйынтыктап, сый тамак берип калды. Узун зал, П формасындагы үстөл, үстөл үстү тим эле тирелет: түркүн тамактар, өзгөчө түркүн “асылдар” (ичимдиктер): агы турат; кызылы турат; бөтөлкөлөрдүн түрлөрүн айт да, кооздугун айт. Тик туруп тамактаныш керек экенбиз. Чет өлкөдөн (Россиядан, Өзбекстандан ж.б.) окумуштуулар жыкжыйма, баары тең илим докторлору, профессорлор. “Асылдар” ичти жылытып, улам бири сөз алып сүйлөп жатат, фонддун жетекчиси Чынара Жакыпованы алкап жатат. Кыргыз тараптан эч ким жок. Биздин үстөл сопу экенбиз, бири-бирибизди үнсүз тиктеп коёбуз. Бир кезде Кеңешбек байке үстөлдү көзөмөлдөп жүргөн кызды чакырып, экөө шыбыраша түштү. Көп өтпөй шуулдаган бир жигит биздин үстөлгө эки-үч чет элдик пиво коюп, тигилердин үстөлүнө башын жаңсап койду. Кеңешбек байке санаасы тынгандай, мени күлүмсүрөп карады. Мен түшүндүм. Бир маалда эле жанымда турган Кеңешбек байке жок, эки жакты элеңдей карадым. Ортодогу топту жарып чыга келди, салааларында пиволорду кыпчып алыптыр, үстөлгө койду да, мага карап: “Муну атайы сен үчүн алдырсам... Тиги жуттарың эчтеке ылгабайт турушпайбы: агын деле, кызылын деле... Эми муну шимире башташыптыр...” Ушул учурда мага бир ой кылт этти.

– Кеңешбек байке, – дедим, – конкурс бизде өтүп жатса, анан бизден эч ким үндөбөсө. Сиз бирдеме деп, Чынараны көкөлөтүп койбойсузбу. Эмне, өзүбүздүн кызыбыз да. Ушунча профессорлордун башын бириктирип, бирин да кыңк эттирбей, анан...

Кеңешбек байке ойлоно түштү да, ортого чыкты. Өзүнө гана таандык интонация-ыргак менен, өзүнө гана жарашкан кыймыл-аракет менен сүйлөй баштады. Бир мезгилде кужулдак тып басылды, үстөлдүн баары эле биз тарапты карап, суктанып турушту. Айрымдары жутайын деп оозуна такай баштаган стакандарын үстөл үстүнө коё коюшту. Кеңешбек байке Чынараны көкөлөтүү менен чектелип калбады, илимге байланыштуу не бир салмактуу ойлорду айтып, кыргыз окумуштууларынын деңгээлин айгинелеп койду, ушундан кийин бизге таптакыр назар бурбаган үстөлдөр биз жакты улам-улам таңдана карап коюп жатышты. Чынара чын эле көкөлөп калды, ары өтүп да, бери өтүп да бизге атайы кайрылып, ыраазычылыгын кандайча билдирерин билбей жаткансыды. Анын өзүн көкөлөткөнү эмес, кыргыз окумуштуусунун өзүнүн терең мазмундуу сөзү менен өзгөлөрдү бир эсе таңдандырганы, бир эсе суктандырганы өзгөчө толкундатып жаткандыгы айкын туюлуп турду. Мен эми Кеңешбек байкени кыйнай баштадым:

– Байке, орусча ушунчалык сабаттуу да, мазмундуу да сайрап, момунча орустун оозун ачырдыңыз. Караңызчы, алардын баары бизди суктана карап жатышат. Сиз жалпы кыргыз элинин ким экендигин көзгө сайып көрсөтүп койбодуңузбу. Эми ушул үчүн... Болуптур, бир стакан вино эле...

Сый тамак аяктагандан кийин Кеңешбек байкенин бөлмөсүнө кирсем, китеп окуп отурган экен кайран киши. Колунда – калем.

– Жаңы “бирдемеби”, байке?

Башын ийкеп койду. Мен тоскоол болбоюн деп чыгып кеттим. Эртең менен эрте чогуу кетелик деген ниетте бөлмөсүнө баратсам, алдымдан бөлмө тазалагыч аял чыкты безилдеп:

– Бу киши кетип калыптыр. Тапичкесин унутуп кетиптир. Эми мен буларды кантип...

– Мен эле берип коёюн.

Мен кандайдыр бир баасыз белек алгансып, кичинекей тапичкелерди кармалап көпкө турдум. Бир ай өтпөй Кеңешбек байке менен Улуттук университеттен жолугуп калдым.

– Байке, – дедим, – сиз баягында тапичкелериңизди унутуп кеткен экенсиз, мен аларды кичинекей кызыма ырымдап кийгизип...

– Э, чунак бала, оңдурбай салган турбайсыңбы ошондо. Эми араң өзүмө келип...

Ал ушинтип күлүп-жайнап, шакирти менен корпуска кирип кетти. Көңүлү куунак, маанайы көтөрүңкү, шайдоот тыпылдай басып бараткан Кеңешбек байкени ичим жылый узатып кала бердим.

Мындан кийинки жолугушуубузда Кеңешбек байкеге мындай өтүнүч менен кайрылдым: “Байке, профессорлук дипломуңду алып кел деп мени кыйнап жатышат. Бул үчүн бир “тонна” документ керек экен. Анын баарын эптеп даярдап, ЖАКка жөнөттүк. Сиз эксперт комиссиянын төрагасы экенсиз, көз кырыңызды салып коёсузбу?..” Ал мени ормоё бир тиктеп алды да: “Сендей жигиттер! – деди катуу басым менен, – өтүнбөш керек, өтүнүү силерге жарашпайт. Тескерисинче, биз силерге өтүнүп барышыбыз керек: “Айланайын, сен профессорлукка татыктуусуң, ушул дипломду алып койчу!..”

Ушуларды эскерип турганда, көзүмдүн тунара түшкөнүн байкадым. Оң колум менен көзүмдү бекем сыдыра кеттим, колум нымдаша түштү. Эки көзүмө жаш толуп кеткен окшойт...

II

Ал күндү кантип унута алабыз! Борошо. Бурганактап кар уруп жатат. Чыкылдаган суук. Чилденин күйүп турган учуру. Баарынан да жанга батканы кыргыздын бычакка саптык уулдарынын бирин акыркы сапарга узатып жатпайбызбы. 60 жаш! Акыл десе – акылга, эс десе – эске толуп, ичиндегилерин төгүүгө үлгүрбөй элирип турган курак. Илим доктору, профессор Калыбек Байжигитов. “Алтымыш жашыңызды белгилебейсизби, агай,” – десе: “Белгилебейм! 60 жашын белгилегендердин көбү эле өлүп калат экен!..” – деп кесе жооп бериптир. Белгилеген жок, бирок... Какшатып кеттиң, Каке, сен кетпешиң керек эле, сен өлбөшүң керек эле! Ушинтип ичтен купуя сыздап да, кайгырып да биз турабыз. Мындан башка колубуздан эмне келмек?! Ал ансайын кар бурганактайт...

Акыркы жайына узатып коюп келатабыз. Экөөбүзбүз – композитор Сталбек Бактыгулов, анан мен. Үндөбөйбүз. Кепти эмнеден баштаарды билбей жаткансыйбыз. Көзүн кыбыңдатып, оозун кыбыратып, рулда мелтиреген Сталбек. Машина айдап келатканын унутуп калгандай. Аны улам-улам сырдуу тиктеп коюп, эмнени ойлоп келатканымды таба албай жаткан мен. Таптым окшойт. “Баягыны” эстейт болду бекен? Балким, азыр да эстеп, ичинен өзүн кайрып-кайрып келаткандыр...

“Баягы” дегеним – Калыбек экөөнүн чарпыша кеткени. Анда бешөөбүз элек, беш үй-бүлө бир компания (же кампаниябы?) элек: Калыбек Байжигитов, Баратбай Аракеев, Сталбек Бактыгулов, Мелис (азыркы – Абдылдажан) Акматалиев, анан мен. Мелис менен Сталбек бойдок эле. Жамандык-жакшылыкта бирге болуп, майрамдарда отуруш жасачубуз. Кантип чыдачубуз, кантип сөзүбүз бүтчү эмес – билбейм, көбүнчө таң атканча отурар элек. Эң тиригарагыбыз – Калыбек, атактуубуз – Сталбек. Өз ырыскымды музыкадан табам деп (чын эле тапты!) ушул жаатта билим алып, күн-түн дебей узанып жүрсө да, Сталбек а дегенде коомчулукка келечектен көптү үмүттөндүргөн жазуучу катары таанылган эле. Таанылганы ушул – студенттик жыты кете электе эле повесть жана аңгемелер жыйнагы басмадан жарык көргөн болчу. Ушул жыйнагынан Сталбек баарыбызга бирден белекке тартуулаган. Тартуулагандан көп өтпөй, мен Сталбекке жолугуп калдым. Мени көргөндө эле кумсара түштү.

– Жанагы Калыбегиӊ ит турбайбы! Китебимди атайы белекке берсем... Баягүнү үйүнө чакырат, барсам белекке берген китебимди кызыл-жаян кылып, чиймелеп... Чакырып алып, сабаган иттей кылды мени... – Кебин улай албай каргылданып кетти.

Калыбекке жолугуп, чоо-жайын сурасам:

– Ой, китепти белекке эмне үчүн берет, окусун, оюн айтсын деп берет да, – деди күлкү аралаш кызаңдай. – Өзүң билесиң, мен сынчы-адабиятчымын, жөн окуй албайм, талдап окуйм. Бул адат каныма сиңип калган. Сталбектикин, – дос эмеспи, – үтүр, чекитине чейин окуп чыктым. Анан кемчиликтерин бирден терип көрсөтө баштасам эле, кол-буттары менен жер сабап... Мен ага жакшы эле айттым: “Стал, мени сынчы дейт, сынчы деген талдап окушу керек, жалаң эле жакшы жактарын айта бербей, кемчиликтерин да...” Кыскасы, мен ага түшүндүрө албай койдум, мээсин жедеп тоңкулдактары жеп койгон окшойт. 

– Ошентсе да, биринчи китеби болсо, кичине көтөрмөлөп...

– Мен, эмне, бүт ылай жагын айтты дейсиңби, биринчи жакшы жактарын, өзгөчө ою, идеясы мыкты экендигин көрсөттүм. Анан бул жаркын ой, идеялар эмне үчүн ишке чийки ашып калганын көрсөтөйүн десем эле... Акыры түшүнөр, түшүнбөсө... – Алаканын жайып, кайрадан ызалана күлүмсүрөй кетти.

(“Тоңкулдак” тууралуу бир-эки ооз сөз. Сталбек майыптыгына байланыштуу эки балдак менен жүрөр эле. Бирок Калыбек “тоңкулдак” деп балдактарын айтып жаткан жок, ал Сталдын пианиносун, анан андан жаралган туундуларын ушинтип атачу... “Сен тоңкулдагың менен биздин мээбизди айландыра бербей, биз түшүнө турган эле бирдемелерди жаратсаң боло!..” – деп Сталбекти чычалата берер эле.)

Түшүнгөн экен да Сталбек досуң акыры. Түшүнбөсө, бүгүн келип өксүп турбас эле да, Калыбек!

Ушинтип шыбырагансыдым. Сталбек мени суроолуу карап калды. Мен эчтеке эмес дегендей башымды чайкап, анан жолду кара дегендей, эрдимди өйдө кагып койдум. Рулду мыкчый кармап, жолду теше тиктеп калды. Коңур, муңдуу үнү менен: “Чиркин өмүр!..” (ушундай аталыштагы киносериалды көргөн чыгарсыңар) деп, аппак кар жамынган жерди теше тиктеди окшойт.

Кайрадан Какемди (Калыбекти тирүү кезиндегидей мындан ары ушинтип атайынчы) элестеттим. Чогуу жүргөн “баягы” күндөрдөгү Какем. Кийинкилер негедир көз алдыңа тартыла бербейт экен. Какем менен Баратбай – экөө отуруштун көркү эмес беле, экөө тең куйкум сүйлөшчү, жоктон барды жаратып, кыздарыбыздын боорун эзер эле. Какем дайыма ырдын саптарын өзүнө ылайыктап “оңдоп” үнүн созуп калчу:

Көл жээгинде көк көйнөкчөн сен болсоң,
Көк плавкачан келе жаткан мен болсом..
.

Эми мынча болду, Какемдин дагы бир жоругун айта кетейинчи. “Өз үйүӊ – өлөӊ төшөгүӊ” деген макалды уккан сайын, көз алдыма Какемдин элеси бажырайып тартылат. Анан өкүм үнү жаӊыргансыйт: “Жүрү, Саткын, кеттик!..” Ушинтчү да, эшикке жөнөп калчу. Саткын эмчектеги ымыркайын ороп-чулгап, камына баштачу. Биз чуулдап кирчүбүз: “Ушу түн ортосундабы?! Эмчектеги бала... Эмне менен кетесиӊер, же автобус жүрбөйт, же такси?..” Саткын жай гана: “Убара болбогула, баары бир болбойт Калыбек. Ал башка үйгө таптакыр жатпайт!” – деп жылмайып койчу. Аӊгыча Калыбек да кирип келер эле: “Эшикте такси күтүп калды. Бол, кеттик!.. – Бизге карап, мыскылдагандай жылмая. – А силер көнгөн “колхоз төшөгүӊөргө” жата бергиле...” Таксини кантип таап келе койду дегенсип, биз бири-бирибизди суроолуу карап калар элек. “Эмне үчүн бөлөк үйгө жаткысы келбейт?” – деген суроо бирөөбүздүн да башыбызга келбептир. Азыр болсо өз үйүӊдө өзүӊдү эркин сезгенден бөлөк да кандайдыр бир касиет, сыр бар экендигин, бери эле алганда, өз үйүӊдө гана өзүӊдү өз катары сезе аларыӊды Какем бизден эртерээк туйган окшойт деп боолголоп калам. 

Баратбай менен Мелистин үйлөрү бар эле. Калгандарыбыз батирде турчу элек, “көрүнгөндүн колунда” элек. Кайсы жана кимдин батиринде жашабасын Какемдин батирин өзгөчө көрккө бөлөгөн китептер эле, китеп тилкесин да өз колу менен жасап алчу. Китептин көптүгү гана эмес, анын өз размери менен тизилгендиги бөтөнчө таңдандырчу. Жипке тизип койгон шурудай. Өйдө-ылдый, арсак-терсекти учурата албайсың. Эски китептеринин мукабасын жаңылап, жаркыратып койчу, бырышкан бир барагын көрбөйсүң – үтүктөп койгондой жыпжылма.

– Бу Каке, сен китептерди окуганы алгансыңбы, же көргөзмөгө койгонгобу?

– Мен окубай турган китептерди албаймын, булардын көбү – окугандар, калгандарын кези келгенде окуймун. Ишенбейсиңби, каалаган китепти алып, каалаган теманы сурап көр...

Ишенчүбүз. Китептерди окуу, кабыл алуу, түшүнүү, өзүнчө чайнап алуу жагынан студент курагынан бери эле бизди суктантып койбоду беле. Бизден бир курс жогору окучу, бир жолу биздин курска кирип (ошол учурда ушундай жакшы текшерүүлөр болуп турчу), Ф.Энгельстин кайсы бир эмгегине талдоо жүргүздүрүп, биздин алапайыбызды кетирген, акырында жылмайыңкы жүзү менен өзү оозубузга чайнап берген эле.

Турмуш, жашоо дегениң элек экен, эленип-эленип отуруп эле, бир күнү бири-бириңден алыстап кеткениңди туйбай калат экенсиң. Биз да элендик. Мурункудай тез-тез жолугуша албай калдык. Бирок таптакыр кол үзүшүп да кетпедик. Какем адабий сын жыйнактарын чыгарып, белекке берип турчу. Мындан сырткары, анын гезит-журналдарга жарыялаган макалаларын да үзбөй окуп турдум. Бул эмгектерине атайы талдоо жүргүзүп отуруунун кажети деле жок, алар жөнүндө кийинчерээк өзүнчө сөз болор. Мен бир гана нерсе жөнүндө айткым келет. Проза булбулу Орозбек Айтымбетов кара сөзчү катары көзүн ачканда эле булбул болуп каларын айгинелеп чыккан болчу. Бирок анын булбулдук касиети ачылышы керек эле, мына ушул ачылышты Какем жасап кетти. О.Айтымбетовдун поэтикалык ойлорун, тил байлыгын таасын көрсөтүп, кыргыз адабиятына өзүнүн татыктуу орду бар сүрөткер келгендигин жазуучунун өзүнө да, окурмандарга да ачык-айкын далилдеп берди.

Айттым го, кийинчерээк кездешүүбүз солгун тартып кетти деп. Анын үстүнө заманыбыз да аңтар-теңтер болуп кетип, көркөм дүйнө түгүл, кара башыбызды ойлоого чамабызды келтирбей таштабадыбы, бул кырдаал-шартта бүтүндөй бир муундун карааны бүлбүлдөп араң эле көрүнүп калды. Какем бул мезгилде бүтүндөй күчүн окутуучулукка жумшады көрүнөт, бирок кайран Какемдин уюштуруучулук жөндөмү да күчтүү экен, “ат үстүнөн түшпөптүр”. Дегеним, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетте да, кийин Улуттук университетте да же кафедра башчылык, же декандык милдетти аткарып жүрүптүр.

Улуттук университетке МАКтын төрагасы болуп барып, Какемди жолуктурдум. Кафедра башчысы экен. Кафедрасын былк эттирбей кармап отурган экен. Баягыдай эле шайдоот, сергек, анан куйкум сөздүү. Үстөлү да өзгөчө тыкандыгы менен көз жоосун алат. Үстөл четиндеги аппак барактагы эскертүү бир эсе селт эттирсе, бир эсе жылмайтпай койбойт: “Айланайындар, аңтарбагылачы!” Какем кафедрасына шайдоот кирип, кагаздарын иретке келтирип жаткан жаш окутуучу Н.Осмоновага жылуу илебин сала кетти: “Аа, Осмонова отурам дечи, мени билбейсиңер да деп!..” Наргүл жылмайып, үндөбөдү. Аңгыча жадыраган бир кыз кирип келди. “Ушу сен ырас келбедиңби, айланайын, бу Наргүл эжеңди бир көтөрүп чаап берип кет, болбосо, бизди кенебей калды.” (Бул студент күрөш боюнча республиканын чемпиону экен.) Наргүлдү “кенебей калды” деп жатканы анын илимий ишин алдыга жылдыра албай жатканын айтып жатыптыр. Бир аздан кийин кафедранын доценти, илим доктору Таалай Токоев кирип калды. Анын ырай-пешенесин бир карап алды да:

– Бейшеке, бу Таалайга кыйын болду, эки айдан бери өзүнө келе албай жүрөт.

Мен суроолуу таңдана карап калдым.

– Эки ай мурда Такемдин 90догу кайненеси өтүп кетпедиби...

Көрсө, Такем кабагын бүркөп алып кирген экен. Ушинтип, кафедра өзүнөн өзү эле жадырап-жайнай түштү.

Мен жаңы монографиямды Какеме тартуу кылдым, ал колумду кысып куттуктады, жай барактап отуруп, мени карап:

– Биз деле... – деп койду табышмактуу.

Эртеси көлөмдүү монографиясын мага тартуулады:

– Биз деле жөн жүргөн жокпуз!..

Негедир үшкүрүк аралашкан катуу басым менен айткансыды. Кандайдыр бир сыр жаткандай туюлуп кетти.

Жок дегенде барактап коёюн деп колго алдым монографияны үйгө барганда. Жок! Тигиле окуп чыкчу монография экен. Кыргыз адабият таануусундагы жаңы барак-туунду жана табылга. Темасынын эң актуал экендигин айт да, ошол эле маалда эң опурталдуу экендигин кара! Сын өнөрүнүн телчигиши, калыптанышы жана өнүгүшү. Сын дегендин өзүндө эле оор тагдыр, карсылдашкан кыл чайнаш жатат го, анан ага даап кол салуунун өзү эле зор эрдик, жоопкерчилик эле. “Бороондо тынчтык барчылап, бороонду эңсеген” экен кайран Какем. Кичине кылт этсең эле... Кылт этпептир – изилдөөнүн логикалык ырааттуулугу, аргументтүүлүгү, айкын далилдери, тили менен стили буга айкын күбө. Буга көзүм жеткен соң, Какеме бир тийдим:

– Ой, сенин докторлугуң эчак эле даяр болгон тура! Эмгиче коргоого чыкпай эмне кылып жүрөсүң?!

– Коргоого чейин да бир топ процедура бар экен, – деди Какем сырдуу. – Тийиштүү кафедрага бергенбиз талкуу үчүн. Жатат... – Алаканын жайып койду.

– Жатканы эмнеси? – деп мен кала бердим.

Көрсө, чын эле “жатыптыр”, а түгүл сүрсүп баратыптыр. Какем болсо “терисин сыйруу” процессин башынан кечирип жүрүптүр. Кыңк этпей, өз позициясынан тайбай. Кичине эле тайганда, эчак эле коргоого чыкмак экен, Маркс Маркс болбой калган сыяктуу эле, Какем да Калыбек болбой калмак экен. (Карл Маркстын бир замандашы мындай деп баш чайкаганын профессор Бек Алымовдон уктум эле: “Эгер Маркс өз көз карашынан, позициясынан кичине эле тайса, андан түшкөн гонорарга дүйнөнү сатып алмак!”) Кыскасы, “терисин сыйруу” процесси кыйла жылга созулуп кетти, качан гана “тийиштүү” кафедрадагы “тийиштүү” кишилер кайткыс сапарга узап кеткенден кийин, Калыбек Байжигитовго жол ачылды. Жубайы, менин группалашым Саткын мындайча эскерип, сырдуу жылмаят: “Бир күнү кечкурун Калыбек үйгө кирип келди да: “Мына, эртең менен эле кандидат боюнча кеттим эле, эми минтип доктор болуп кирип келдим!..” Какемдин бул сөзүндө не деген чыңалуу жаткандыгын айтканда не, айтпаганда не...

Какемдин окутуучулук чеберчилиги өзүнчө эле бир өрнөк. Ал өзү окуткан ар бир студентти ысымдарынан өйдө жатка, беш колундай билет экен. Катуу айтабы, эркелетеби, ар бирин өз бооруна тартып алыптыр. Өз бооруна тарта билүү... Бул педагогдун эң жогорку касиети эмеспи. Сөздү көп чоё бербей ток этер жерин айталы: “Байжигитовдун дарстарынын таттуулугун айт да, тилинин, анан талаптарынын катуулугун айт!” Какемден билим-тарбия алып, уядан учкандарынын баары бир ооздон ушинтип сыймыктанышат.

Какем дайыма “ат үстүндө” жүрдү дедик го. Коллектив менен иштеше билүү жагынан да өтө уста эле. Анын куйкум сөздөрүнүн артында ойго түртө турган “бирдемелер” бугуп жатчу... Ал жетекчилик кылып турганда, бүтүндөй факультетте жагымдуу нравалык атмосфера жашап келгендигин кесиптештери зор сыймык жана суктануу менен белгилешет. Ал эми өзү жетектеген кафедра мүчөлөрүнө, өзгөчө жаштарына көргөн камдарычы. Арийне, талапты катуу койчу, бирок ар бир окутуучунун өзүн-өзү ачуусуна чоң өбөлгө түзчү. Илимге умтулгандарга (анын эң негизги талабы мындай эле: “ар бириңер жакшы педагог гана эмес, жакшы илимпоз-педагог болушуңар керек!”) кош колдоп колдоо көрсөтүп, өзүндөгү бүткүл мүмкүнчүлүктөрдү жумшачу. “Илимиңерди жактап алгыла” – деп, ар бирине “өйдөдөгүлөр” менен талашып-тартышып жатып, чыгармачылык өргүү алып берчү. Эгер бул колунан келбей калса, маселени өз алдынча эле чечип, диссертантты беш-алты айга өргүүгө жиберип, анын окуу жүктөрүн колу бошураактарына чачыратып жиберчү. Мындай аталык камкордуктан улам Какемдин кафедрасында диссертациясын жактагандардын саны бир топ экендигин эч ким тана албас...

Какем уктаган бойдон кетти. Жатып калган жок. Жумуштан келди да, эс алайын деп кыңкайды. Ошол бойдон... Суроолор чаңырат:

– Ушуну менен “терисин сыйруу” бүттүбү?! Же бул балакет адам баласы жашап турганда улана береби?..

...Сталбек машинесин буруп келип, токтотту да, уйкудан чочугансып мени карап:

– Чиркин өмү-ү-үүр!.. – деди күрсүнө.

– Белестеги беш ыргай! – дедим мен.

– Кандай ыргай?! Эмне үчүн беш?

– Белестеги беш ыргай биз элек да. Мына, мен, сен, Баратбай, Мелис, анан... Какем...

– Чын эле, күчүгүм, бешөө элек да. – Ойго чөгө түштү да. – Эми төртөөбүз эле калбадыкпы!..

Анда төртөөбүз эле калганбыз, Стаке. А азыр экөөбүз гана калдык. Мелис, анан мен.

Бирок “Белестеги беш ыргай” азыр да ырдалып жатат, дагы эле ырдала берер... Ушуга шүгүр дейли.

III

Мечит – кудайдын үйү дешет, демек, ал – ыйык. Бүгүнкү ачылып жаткан кабинетибиз да ыйык. Ал – билим-илим жана тарбия үйү (Билим-илимсиз жана тарбиясыз кудайды да, ааламды да эч ким тааныбайт). Ал — Кеңешбек Асаналиев менен Калыбек Байжигитовдун үйү. Бул үйдү да, бул үйдөн өсүп чыгуучуларды да алдыда не деген жаркын келечек күтүп жатат дейсиң! Анда түбөлүк тур, эгиздер үйү!..

Бейшебай Усубалиев, профессор, жазуучу

31.12.25, саат 11:11 – 12.01.26, саат 11:45

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз