Жаңыл Мырзалы: Зомбулукту коргоо – салт эмес

  • 10.03.2026
  • 271

АҢГЕМЕ

Аянтта шамал ышкырып, кечээги кыш жок. Чогулган топ тарай электе эки адам бетме-бет айтыша кетишти.

Бирөө кабагы карышкан — Темирбек. Ал өзүн улуттун сакчысы сезген эркектердин бири. Экинчиси колуна картон плакат көтөргөн жарандык активист Айдана. Картондогу жазуу:

“Зомбулук — салт эмес.”

Темирбек Айданага текеберсине корсоңдоду:

— Эми ушуну да акция кылып чыгарасыңарбы? — деди ал. — Биздин салтта аялды сыйлашат. Бизге Батыштын бузуку оюндарын жайылтпагыла.

Айдана тигиге тике карап собол кылды:

— Салт дейсиңби? — деди сыпаа гана. — Кечээ эле эл көзүнчө көчөдө күйөөсү сабаган келин ооруканага түштү. Ошону да салт дейлиби?

Темирбек ийнин куушурду:

— Ал ар бир үй-бүлөнүн өз иши. Үйдөгү нерсени көчөгө чыгарбагыла силер.

Айдана айласыздан күлдү бул жоопко, бирок анын күлкүсүндө күйүт да бар эле.

— Хи... – айласыз үн катты. – Аялдын ыйы — үйдүн иши экен да... Ал эми аны шылдыңдаган сүрөттөр — коомдун иши болуп калабы?

Бирөөсү Айдананы акмалап, телефон менен сүрөткө тартып жүрдү. Экинчиси ага бирдеңке шыбырап, Темирбек аларды карап, шыктана түштү:

— Мындай акциялар элди бузат! Кыз-келиндерде уят деген болуш керек тастаңдабай... эркекке баш ийүү деген бар аял болгондон кийин.

Айдана бир кадам алдыга чыкты чечкиндүү:

— Баш ийдирген силер, зордоп... Бирок баш ийбей тургандар да бар... Күйөөсүнө урдуруп коюп унчукпоо — тарбиябы? Салтпы? Кыздардын үн катканын “бузулду” дегениңер силерге ар-намыс болуп калдыбы?!

Темирбек жооп таппай туталанып калды эле, Айдана күчөндү:

— Силер “биз аялды сыйлайбыз” дейсиңер. Бирок ошол аял көчөгө чыгып: “Мени урба” дегени – эмнеге уят?..

Аянт тынчый түштү. Сүрөткө тартып жүргөн жигит жалгыз эмес экен, башкалары да акциягы чыккандарды акмалап жүрүштү ар жерде.

— Силер салтты коргобойсуңар, — деди Айдана салабатынан жазбай. — Силер тынчтыкты коргойсуңар, үнү басылган тынчтыкты...

Темирбек кыжырданып кетти:

— Силер эмне, биздин элди караңгы деп ойлойсуңарбы?!

Айдана баш чайкады сөздү бура качтырбай:

— Жок. Эл караңгы эмес. Караңгылык — коом корккон жерде пайда болот, – деди да плакатын өйдө көтөрдү.

Бул плакаттагы жазуу:

Коркпогон аялзат гана жаңы салтты жаратат. Ал салттын аты – ЭРКИНДИК!

Бирөө арттан шылдыңдап кыйкырды:

— Феминист бул кыз!

Айдана бурулуп карады:

— Ооба, — деди ал. — Эгер аялды урбоо талап кылуу феминизм болсо, анда ошолмун.

Аянтта шамал катуу удургуп, кыз-келиндердин үнү жарыша жаңырды: 

ЗОМБУЛУК – САЛТ ЭМЕС! ЗОМБУЛУК – САЛТ ЭМЕС! ЗОМБУЛУК – САЛТ ЭМЕС!

Бери жактан Темирбек айкырды:

— Салт деген — ата-бабам калтырган туура жол. Силер болсо батышты ээрчиген бузукусуңар! Көчөдө кыйкырган маданият биздин маданият эмес!

— Салт эмне? Өзүң түшүнөсүңбү?.. – Айдана Темирбекке собол узатты. – Салт карманган ата-бабаларыбыз айтканын унутпа: “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт!” Келин-кыздардын көз жашы дубалга сиңгени кайсы салтка туура келет?..

Темирбек кашын чытып жооп кайтарды:

— Эркек гана — үйдүн тиреги, кожоюну. Эгер ал катуу айтса, демек — тарбия жолу. Көчөдө ызы-чуу салбай, үйдө чечсе болбойбу ар бир ишти?

Айдананын таймана турган түрү жок:

— Эгер эркекке намыс керек десең, анда кол көтөргөнүн токтотсун эркектер. Ошондо айткыла намыс эмне экенин!

Шамал плакаттарды желбиретип турду.

Темирбек өзүнүкүн бербеди:

— Биздин элге батыштын акылы керек эмес! Өз салтыбыз жетет!

Айдана ага дагы бир кадам жакындады. Анын үнү эми жай, бирок катуу угулду:

— Ооба. Өз салтыбыз жетет. Эгер чыныгы салтты эстесек. Манас атабыз – эне сөзүн уккан эр. Каныкей апабыздын акылы менен кеңешкен. Мына ошол намыс, ошол салт болгон! Андай элдин кызы “мени урба” дегенге укугу жокпу?

Темирбек жооп таба албай калды эле, Айдана акырын кошумчалады:

— Салт — аялды коркуткан камчы эмес. Салт — эркектин абийири. Эгер абийири болсо.

Аянттагы шамал гана сүйлөп турду. Ошол шамал менен кошо бир ой жайылды элге:

Зомбулукту коргогон салт жок. Зомбулукту коргогон — коркуу гана бар...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз