Баардык саясый режимдин сойкулары – парламенттегилер. Демократия алдындагы сойкулар – өзүбүз.
* * *
Саясатчылар карапайым элге көңүл бурсун, макулмун. Бирок муну алардын айкөлдүгү дешке болбойт, ит деле денесиндеги битке көңүл бурат.
Патрик О`РУРК (1947), америкалык жазуучу
♦ ♦ ♦
Башкаруучу болуш оңой, башчы болуш кыйын.
Иоганн Вольфганг ГЁТЕ (1749-1832), немис акыны
♦ ♦ ♦
Шүмшүктөрдүн жападан жалгыз сыйынары – патриотизм.
Сэмюэл ЖОНСОН (1709-1784), англис жазуучусу
♦ ♦ ♦
Бир гана адамдын эл башкаруусуна ишенген калктын жонунан камчы кетпейт.
* * *
Элдин жарымы эс-акылсыз, жарымы аң-сезимсиз болгону – зөөкүр акимдер үчүн оңбогондой чоң бакыт.
Иоганн ЗЕЙМЕ (1763-1810), немис публицисти
♦ ♦ ♦
Мамлекетти кармап турган акчалуулар асылган моюнду кармап турган арканга окшош.
Шарль МОНТЕСКЬЕ (1689-1755), француз философу
♦ ♦ ♦
Саясатты саясатчылар ылжыган мастай булгайт. Алардын кусундудай саясатын биз тазалайбыз.
Остин О`МАЛЛИ (1858-1932), америкалык жазуучу
♦ ♦ ♦
Коомдук бирикме, партия, диний уюмду сагаалагандардын баары дөөпүрөстөр менен фанаттар.
* * *
Көпчүлүк сагаалаган партиянын убайымын ар дайым азчылык көрөт.
* * *
Мыкты өкмөт башчыга көп аткаминердин кереги жок.
Александр ПОП (1668-1744), англис акыны
♦ ♦ ♦
Өкмөт эл ишенимин актаган учурлар тарыхта чанда бир болот.
Антуан де РИВАРОЛЬ (1757-1801), француз жазуучусу
♦ ♦ ♦
Саясатта жүргөн калпычылардын башка калпычылардан чоң айырмасы – бүгүн айткандарын эртең унутат.
Жонатан СВИФТ (1667-1745), англис жазуучусу
♦ ♦ ♦
Начар өкмөттүн кемчилиги суу үстүндөгү акыр-чикирдей калкып турат.
Бенжамин ФРАНКЛИН (1706-1790), америкалык окумуштуу жана саясатчы
♦ ♦ ♦
Өлкөсүнөн эшек менен чыгып кеткендер кайра ат минип келет деп күтпөгүлө.
* * *
Мансабын сатып алгандар да сот адилеттигин соодага айлантат.
Томас ФУЛЛЕР (1654-1734), англис адабиятчысы
♦ ♦ ♦
Өз партиясына эмес, өзүнө таянган министрди эл баалайт.
Филип ЧЕЧТЕРФИЛД (1694-1773), англист дипломаты, жазуучу
♦ ♦ ♦
Кандай бийлик болбосун жашыруун кеби бүтпөйт.
* * *
Өкмөт эч качан күнөөсүн моюнга албагандай, эркек да жалаага моюн бергиси келбейт.
Оноре де БАЛЬЗАК (1799-1850), француз жазуучусу
♦ ♦ ♦
Эгерде жаратылыш мыйзамдары мамлекеттин мыйзамдарындай толтура болгондо, анча мыйзамды аткарууга Теңирдин да кудурети жетмек эмес.
* * *
Министрдин кызматтан кулаганы – колуңдагы бутербродду жерге түшүргөндөй кеп. Бирок кудай жалгап, таза жерге куласа десең.
* * *
Бийлик көп учурда өз эрки менен иш жүргүзбөйт. Ишти элден коркконунан теңирден тескери жасайт.
♦ ♦ ♦
Начар иштеген өкмөттү мыкты иштетиш үчүн чексиз бийлигин чектеш керек.
Людвик БЕРНЕ (1786-1837), немис публицисти
Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR