Рамис Рыскулов: Он эки акын, бир сынчы

  • 21.08.2026
  • 129

Мен Алматыга барганда алматылык досум Анварбек кезикти. Дароо такси кармады эле, бир сулуу кыз курбусу менен келе калып, ага тааныш экен: «Бул тармал чач жигитти бизге калтыр, аны менен киного кирелик!» – деди. Анварбек болбоду. Ресторанга кийирди. Андан кийин үйүнө такси менен келдик. Келгенден кийин кой союлду. Он эки акын, бир критик болдук. Отуруш шаан-шөкөтү башталды. Мага төрдөн орун беришти. Сөз беришти.

– Жамбулду силер культ кылып жасап алгансыңар. Абай традиционный акын, Олжас анда чыга элек болчу. Силер жарытып жазбай жатасыңар. Музафар Алимбаевдин сөздөрү кооз, ойлору аз! – дедим.

Музафар жанымда олтурган, жаакка чапты. Биягымда Анварбек олтурган, көзгө келтирип бир муштады. Көзүм көгөрүп чыкты. Он эки акын жана бир критик мага жабылышты. Мен эшикке чыга жөнөдүм. Коргондон ары секирип түштүм. Эки-үчөө сыртка чыкты. «Кечиресиз... кел, айланайын!» – дешти, болбодум. Кайра кирип кетишти. Мен таш менен уруп, тамдын капталын тешип, жерин ойгулап таштадым.

Жолго чыктым. Бир чоң машине айдаган шофер машинесин токтотту. Вокзалга жеткизип койду. Үч сом бердим. Бир скамейканын үстүндө жатып уктап кеттим. Ойгонсом, эки орус аял жанымда олтурат. Бирөө чачыман улам сылап коёт.

– Бул казак эмес көрүнөт, өзбек ко, – деди.

Мен ордуман туруп, таң эртең менен бир орус аялдан суу сурасам, кара кофе берди. Ал ошо вокзалда иштеген неме экен. Мени жылуу кабыл алды. Көзүмдүн эмне үчүн көгөргөнүн суроодон уялды окшоду, унчукпады.

Эртеси базарга келдим. Эки казак бала чебурек жеп атышыптыр. Экөө мени жанында карап турганымды байкашты да тез жешип, эки чебуректи калтырып кетишти. Мен ысык чебуректен жеп, курсагымды тойгузуп, кайта вокзалга келдим.

Баягы келин оюмдан кеткен жок. Ошонун адресин алып калгам, аны үйүнөн таппадым.

Мага Олжас кезигип калды. Ал үйүнө жүр деди. Карындашы жолдо бараткан экен. Олжас ага: «Мынабу жигит, во!» – деп баш бармагын көрсөттү. Көзүм көгүнө карабай Олжастын үйүндө конокто болдум. Вокзалга кайра келип, көзүмдүн айыгышын күтүп отурсам, билетиң жок деп текшеришип, вокзалдан кууп чыгышты. Он бешинчи октябрь болучу. Вокзалдын жанындагы скамейкада жатып, көп ойго баттым. Үстүмө биринчи кар жаап, жууркан сыяктуу болуп калды. Эч үшүгөндү туйбай каалгып уктап кетипмин. Бир оокумда үч милиционер келип ойготушту.

Бир жаш орус милиционер ыйлап жиберди. Алар мени вокзалда бол, каалаганча бол, биз уруксат этебиз дешти. Алматы вокзалынан трамвайга түшүп, акыркы токтогон жеринен түшүп калып бир будкага кирсем, меши бар экен. Бир кишиден газет, ширеңке алып, кагаздарды жактым эле бөлмө жылыды. Ошердеги бир кайырчы да келип жылынды. Үч саатча жылуу болду. Андан кийин кайта үшүй баштадым. Аңгыча таң агара баштады. Таңкы трамвайга түшүп шаар аралап, үч күн болгондон кийин көзүмдүн көгү көп билинбей калганда, Фрунзе шаарына жөнөп кеттим. Кыскасы, мурдуман эшек куртум түшкөнчө аздым.

Эгер күнүгө түшкүсүн эки кружка пиво ичпегенде, мен ачкадан деле өлүүгө дуушар болмок элем. Чачымды да алдырбай, ишке да орношпой, ырды блокнотко жазып жүрдүм. Анда шариковый ручка чыга элек. Ручканын азабын далай жегенбиз. Эмки жаштар тим эле бактылуу. Алар, айрыкча жаш акындар жаштардын фестивалдарына чакырылып турушат. Ыр окууга да чыгышат. Жакшы гонорар да төлөнөт. Азыркы учурга дейре ыр окууга мен эки-үч гана курдай чыктым. А да Фрунзе шаарына гана. Тышка, Тянь-Шанга гана бир жолу чыккам.

Бойдок жүрсөм ыр жазып, эч тиричиликтин камын жебей, чыгармачылыкты уланта берем деш жаман экен. Бир врач аял: «Мага үйлөн» – деп кеңеш берди. «Анда мен эмне, “обыватель” боломбу?» – деп абдан чочуп кеттим. Бирок балалуу болуу менин акындыгым артка тартат ко деп ойлоп, эми бир кыйла атым чыккан акын болуп калдым. Эми мага бала-чака да керек деп, отуз экиге келгенимде Клара аттуу “мордовка” кыз менен үч жыл бирге жашап жүрдүм. Үй-бүлөнүн мыктылыгы аз акча менен деле тың жашоого болот экен.

Бойдок кезде канча көп акча алсаң деле талоонго түшүп жок болуп кетет. Ошону билдим. Бойдок киши эригет да. Ар кандай күтүлбөгөн ургаачыга кезигип, ар кандай ооруларга да чалдыгат экен. Жаман экен, узак бойдок жүрүш.

Дейди болуп, көтү бош куу райга окшоп, дегеле чыныгы гражданин болууга акы бербейт экен. Клара менен жашап жүргөндө мен үйдөгү бейкуттукка оронуп, тынч, жай турмуш эмне экенин билдим. Эң эле бир мажорный темада ырлар цикли жазылды. Деги эле бойдок кезимде андай жазмак эмесмин. Шариковый ручка чыкканын мен майрамдай кабыл алдым. Кайсы мастер чыгарды деп таң калдым.

Эмки жаштар көп нерселер даяр болуп калган кезде төрөлүшкөндөр. Бирок бул дагы аз. Мындан укмуш өсүштөр болот. Кийинки жаш муундар эң көп нерсеге таң калышмак.

Кыямат кыйып өтпөсөм,
Каалаган күнгө жетпесем.
Тагдырдын татаал чийинин
Кастарлап бир күн чечпесем!
Менде бир өжөрлүк жашайт. Бойдоктун да чеги бар экен, аны билдим. Илим-билим алуу жолунда жүргөн киши үчүн көп жыл бойдоктук да керек экени чын.

Илгери үйлөнбөй жүрүп нечен гений чирип өлгөн, жетимиш түлөп. Генийлик Түлеевди түлөткөн. Түгөловду түгөйүнөн ажыраткан. Эмне болсо турмуш деген алга барат токтобой. Канча сулуу кызды көрдүм, койду деги сүйгөнүмө окшобой! Сулуу эмес кишилердин эмгеги сулуу! Генийге пар – тул катын. Тул – пар деп чечилет, тулпар деген. Гений сулуу аял алса, бир балээге жолугат. Сулуу эмес аял алып, сулуу ойнош күтүү эң эле керек генийге! Сулуу эмес аял бир ишине жарап берет. Сулуу аял азгырма. Жүз балээге, жүз шайтанга кезиктирет бир сулуу. Бойдоктук тормозу жок машине! Бойдоктук – бозоруш!

Сулуу кыздын суусундугу

Мен бир пьесанын талкуусунан чыктым. Эмен паркта скамейкада эки кыз сүйлөшүп олтуруптур. Бири эң эле жылдыздуу, сулуу экен. Карап көзүм тойбоду, улам тиктеп өтүп баратсам, ал кыз:

– Саламатсызбы, байке! – деди.

Мен токтой калып жакын келдим да, аларга жанаша отура кеттим. Ар нерсени сурашып, ал кыз менен тааныша түштүм. Жанындагы кызды эми сен үйүңө бара бер деди. Ал кызды мен үйүмө ээрчитип алдым. Экөөбүз автобуска түштүк. Үйгө жеткенче шаштым. Мындай сулуу кыз менин үйүмө келелек деп, ашкан сулуу кыздын жанында келаттым.

Үйгө келдик. Ал кыздын жанында турганыма, аны менен көп элдин көзүнчө сүйлөшкөнүмө эле менменсип, көңүлүм өсө түштү. Башым көкөлөдү. Турмуштун бир бийик чокусуна чыккандай болдум. Кыргызда мындай сулуу кыз чыгалек дедим. Көп эле көргөн сулууларымды элестеттим. Ал эмес Сакендин да элеси өсө түштү. Периштенин же перинин кызы ушундай болот ко дедим.

Анын псевдоними Рита экен. Ал экөөбүз жылан менен бакадай арбаштык. Ал жаш болгону үчүн көп оюн жашырбай, кандай болсо ошондой сүрөттөп айтып берди. Мен анын сөздөрүн терең сезим менен ынтаа коюп уктум. Кээ бир башынан өткөргөн окуясын айтканда, мен аны абдан аяп кетип, бүт делебем козголду. Мен аны үч уктасам түшүмдө көрбөгөн кыздардан башкача инсан болгону үчүн таң калдым. Чын эле ал Шахерезада сыяктуу көп кызык жомокторду жана өз башынан өткөн баяндарды айтып берди. Көбүнө ишенсе да болот, ишенбесе да болот. Бирок сөздү аяр сүйлөп, элестүү сүйлөп бергени жакты.

Экөөбүз ырдашып, бирге ырдап да көрдүк, аябай ээн үйдө сырдаштык. Сүйүүбүзгө жана сүйгөнүбүзгө чек жок, ар кандай кокустуктар экөөбүздүн романтикабызга карама-каршылык туудуруп, чыны менен күйүт эмне, өкүнүү эмне, баарын башыбыздан кечирдик.

Аны он жашында аэропорттун жанындагы бактан кезигип, бир чоң киши бузганын айтып бергенде, мен жинди болуп кете жаздадым. Анын өгөй энесинен көргөн жабырын угуп, ого бетер өнө боюм дүрүлдөдү. Ал кыз бир шайкага туш келип, хулигандардын тобуна катышканын да айтты. Бул он алтыдагы кыз эмнени көрбөгөн деп таң калдым. Ушунун баары ашкере сулуулуктун айынан деп билдим.

Ал түш көрчү. Түшүнө эң көп кызык нерселер кирчү. Аяндарды тыңшачу. Аны шамал учуруп, кайта кондурган да экен. Ал бир күнү мени менен тоого барып келатып, чалкасынан жатып булуттардан ажайып сүрөттөрдү көрдү. Мен да ошенттим. Эң эле кызык: экөөбүз бирге келатсак, автобустан беш-алты бала чубуруп түштү. Фрунзедеги бир институттун балдары экен.

– Эй, силер менен бул кыз үчүн мушташууга даярмын, – деп колума таш алганда, кайра автобуска түшүп кетишти.

Үйүмдүн жанында бир шопур турчу. Ошол мас экен. Бир күнү Ританы чай, нан алып кел деп магазинге жибергем. Аңгыча, үйдүн ичине тирукмуш шамал уруп, кагаздарды сапырып жиберди. Тике эле сыртка жүгүрүп чыктым. Ошол шопур экен. Аны үйгө жибербей, паркка жүр деп колунан тартып жатыптыр. Дароо барып, ал шопурду тумшукка берсем, чалкасынан түштү. Кайта турганда дагы муштасам, дагы кулап түштү.

Кийин иниси экөө келип, бизди мушташууга мажбур кылышты. Рита ал шопурдун инисин таш менен башка урду. Шопур жигит экөөбүз ит жыгылыш болдук. Бирибиздин үстүбүзгө бирибиз чыктык. Ошол жердеги орус балдар мага болушуп, аны кет дешип чуулдашты. Экөө аягында үйлөрүнө кире качышты. Ошол шопур андан кийин мага кезикпей калды. Көчүп кеттиби, билбейм.

Ошентип, мен поэзия жана сүйүү үчүн жиндиликтин чегине жеттим. Ал кыз мага колун кесесе, колунун сөөмөйлөрү таасир этип, кыйналчу да болдум. Ошентип, ал сыйкырчы кыз экенин билгизди. Экөөбүздү тирүү жел ээрчип жүрчү болду. Кайда жүрсөк келип, үйрүлүп кызык таасир этчү. Ошентип, улуу поэзия үчүн ооруканага да көп жатчу болдум. Рита кошо жатты. Экөөбүз сейил убагында кезигип жүрдүк. Аны мага көрсөтпөсө, катуу ооруп калчумун. Ошон үчүн аны мага жолуктуруп турушчу.

Үйдөн атамдын иниси Токтонаалы бир чоң дарбыз, анан эт бышырып келишти. Дарбыз дары экен, ошону жеп экөөбүз тең ооруканадан чыгып кеттик.

Басмага даярдаган Алым ТОКТОМУШЕВ
"Жаңы Ала-Тоо" 2011, 3 (23)

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз