Эрмек Шоорук: Тарых куюнуна кабылган улут

  • 05.10.2026
  • 368

(“Куюн доор” романына азыноолак окурмандык пикир)

Жазуучу О.Шакирдин “Куюн доор” тарыхый романы буга чейин жазылып келген романдардан айырмаланып, азыркы учурда түрдүү спорттук, маданий иш-чараларда жана социалдык тармактарда улуттар аралык араздашуу, кастыктыктын белгилери байкалып жаткан шартта, кыргыз-казак элинин тарыхый мамилеси, эриш-аркагы, түбү бир боордоштугу абдан кенен, драмалуу жана терең көркөм чагылдырылгандыгы окурмандын көзүнө адеп урунат. Романда кыргыз менен казактын жашоосу бири-биринен бөлүнбөс экени баса белгиленип, “айылы аралаш, кою короолош, жигиттери жоролош, аштыгы оролош заман” болгону сүрөттөлүп, чыгарманын тамырлуу өзөктөрүнүн башатын түзөт. Турмуштун оош-кыйышында эки эл бири-бирине арка-жөлөк болуп, кыйын кезеңдерде кол сунуп келгендиги Токтогул менен Тезек төрөнүн достугу, Ашырбек менен Карлыгаштын, карапайым элдин мамилеси аркылуу көрүнөт жана эки элдин биримдигинин бир символу катары берилет.

Романда кыргыз менен казакты бири-бирине кагыштыруу максатында падышалык Орусиянын тыңчылары (Алим Ягудин, есаул Нюхалов ж.б.) түрдүү интригаларды уюштуруп, эки элдин ынтымагын бузууга аракет кылганы ачык көрсөтүлөт. Бирок ошол сырткы саясатка жана айрым жергиликтүү мансапкор төбөлдөрдүн ач көздүгүнө карабастан, элдин түпкү тамыры бир экендиги чыгарманын маанилүү идеясын түзөт.

Чыгармада кийинки 1930-жылдардагы ачарчылык маалында казак калкынын башына түшкөн оор трагедияда кыргыз жергесине ооп келиши, боордош эки элдин бири-биринин оор тагдырын бирге көтөргөн жапакечтиги да көркөм саресепке алынат. Кыргыз жерине келген казак туугандардын турмушу эки элдин ажырагыс байланышын айгинелейт.

Муну менен катар автор чыгарманын колоритин, реалдуулугун сактоо максатында казак тилиндеги сөздөрдү, сүйлөмдөрдү байма-бай колдонгондугу эки тууган элдин тил, маданият, тарыхый, каада-салт, түшүнүк жагынан бири-бирине өтө жакын экенин, эч кандай котормочусуз эле тил табышып турганын көрсөтөт. Мисалы: – Келген жұмысыңды айтшы, – деди Тезек, Токтогул мылтыгын октогончо. – Анау жусап жатқан жылқының арқасындағы сауысқанды көрдің бе, мергенім! Егер сен соған оқты дəл тигізе алсаң, істің ар жағын көре жатармыз... – туюк сүйлөгөн Тезек төрө көздөрүн кылыйтып, сынай карады Токтогулга. [4-бет].

Романдагы казак тилиндеги сөздөрдүн берилиши чыгарманын тарыхый-этнографиялык баалуулугун жогорулатып, боордош эки элдин руханий жана тилдик жакындыгын көркөм деңгээлде чебер ачкан. Бир сөз менен айтканда, жазуучу бул чыгармасы аркылуу учу барып жазылган, түбү барып бириккен дарактын, кургактыкты бөлө аккан дайрага курулган көпүрөнүн, расмий дипломатиянын колу жете алгыс учурда сунулган руханий колдун, эки элдин тоосуна чек арасыз бирдей тараган асан-үсөндүн озуйпасын аткарууга аракет жасаган.

Чыгармада адамдын жеке эркиндиги менен элдин эркиндигине өзгөчө орун берилгендигин “Кудайды карасаңар боло” деген сөзү үчүн өз үзөңгүлөштөрүнөн куугунтук жеп, үй-бүлөсү менен Аксай өрөөнүнө качкан селсовет Турдакун баш болгон окуялар аркылуу байкаса болот. “Эркиндик” түшүнүгү жөнөкөй белек же жеңил келген нерсе катары эмес, оор сыноо, күрөш, элдин биримдиги аркылуу келген же келбей калган трагедиялуу кубулуш катары чагылдырылат. Башкы каармандардын бири Токтогулдун, уулу Каңдыбайдын турмушу муну айкын көрсөтүп турат. Маселен, Токтогул инилерин барымтадан куткаруу үчүн Тезек төрөгө барып, көзгө атар мергенчилиги менен эрдигин көрсөтүүгө мажбур болот. Ал эми Каңдыбайдын колу-бутундагы кишенди өзү өгөөлөп, зындандан качышы – жанын тобокелге салган күрөшүнүн жыйынтыгы. Бул жерде эркиндикти эч ким даяр бербейт, ага адам өзү мээнет, чыдамкайлык жана эрк менен гана жетет.

Тезек төрөнүн көзү өткөндө Токтогулдун бүлөсүнө келин болуп келген Каңдыбайдын колуктусу Бакдилини төркүндөрү алып калмак болгондо келиндин айтып турганы: – Менің бағымды байламаңдар, мені баласындай қылып алған үйден бөлмеңіздер. Қаңдыбайдан туылған балапаным тұрғанда, төркінімнің төсегінің түкпірінде неге отырмақпын?.. [29-бет].

Мында да адам эркиндиги (айрыкча аял эркиндиги жана өз тагдырын өзү чечүү укугу) эски салт-санаага, коомдук стереотиптерге жана зордук-зомбулукка каршы күрөш катары өтө терең берилет. Бакдили агасы Жанболот аттын тизгинин тартып, күч менен жетелегенде да кончунан макисин сууруп чыгып тизгинди кесип жиберет. Бул эпизод адамдын эркиндиги даяр берилбестигин, зарыл учурда аны курал же эрк менен коргоп калуу зарылдыгын символдоштурат. Кийин атактуу акын Сүйүнбай келип арачы түшкөнү жана Бакдилинин кайраттуулугу өз эркиндигин сактап калууга шарт түзөт.

Аял укугу, эркиндиги үчүн күрөш кыргыз-казактын кош тизгиндүү тарыхында кадыресе болуп келген көрүнүштөрдөн. Өз тагдыры, эркиндиги үчүн күрөш кичинекей кезинен эле атасы Маматбайдын тарбиясы менен эркин, чечкиндүү болуп чоңойгон айтылуу Курманжандын да жашоосунда болгон. Бала кезинде кудалашылган Курманжанды жоош уруусунун бийи Торокулдун уулу Кулсейит деген жигитке турмушка беришет, бирок жаңы үй-бүлөсүнө көнө албай, күйөөсү менен тил табыша албай, өзүн бактысыз сезген Курманжан атасынын үйүнө качып келет. Атасы Маматбай кызынын бул чечкиндүү кадамын түшүнүп, кайра күйөөсүнө мажбурлап кошпостон, өз жанында калтырган. Курманжан бир топ убакыт атасынын үйүндө жүрүп, кийинчерээк Алымбек даткага турмушка чыккан...

Өз эркиндиги жана сүйүүсү үчүн күрөш кеменгер жазуучу Ч.Айтматовдун “Жамийласы” аркылуу да бышыкталат. Көпчүлүккө белгилүү болгондой, коомдун эскирген көз караштарына, консервативдүү салттарына жана мажбурланган жашоого каршы чыккан Жамийла бардык көөнөргөн түшүнүктөрдү бузуп өтүп, өз бактысын, сүйүүсүн жана эркин жашоого болгон укугун тандап алат.

Романда Орус падышачылыгынын баскынчыл саясаты, Кокон бийлигинин зордук-зомбулугу жана жергиликтүү бай-манаптардын элге болгон өктөмдүгү элдин эркиндигин муунтуп жатканы айкын көрсөтүлөт. Падыша бийлиги орноп, жерлер тартылып, салыктын түрү күчөгөндө, карапайым калк бара-бара өз жеринде кул абалына түшүп калат. Автор эркиндик сырттан келген ак падышанын же башка күчтөрдүн зомбулугунан улам толугу менен жок болорун ачык чагылдырган.

Элдин эркин боло албай жатышынын негизги себеби ич ара ынтымактын жоктугу, руханий бытырандылык чыгарманын сюжеттик сызыктарында ачык көрүнөт. Кыргыз-казактын же бийлик, мансап үчүн бөтөндөргө колтук ачып, жасакерленип, элдин жонунан кайыш тилген төбөлдөрдүн, уруу башчыларынын бири-бири менен касташып, бир кылка биримдик түзө албашы орус империясы, кокондуктар баш болгон сырткы душмандарга жери менен кошо эркиндигин да оңой-олтоң алдырганга жол ачат. Эркиндик катуу зордук-зомбулукка каршы туруп, бириге албаган сокур саясаттын кесепетинен жоголуп, кайра табуу үчүн бүтүндөй бир доордун азап-тозогун тартууга туура келген эң кымбат жана жетүүгө оор дөөлөт катары берилет.

“Куюн доор” романында кыргыз элинин тарыхындагы кара тактуу, трагедиялуу барактардын бири – 1916-жылкы үркүн трагедиясы драмалык атмосферада, терең кайгы-капа менен чагылдырылат. Романда үркүн окуясы кокусунан эле башталгандай көрсөтүлбөйт. Ага чейинки орус падышачылыгынын жергиликтүү калкты жерден ажыратуу саясаты, зордук-зомбулук, чектен чыккан салыктын түрү жана эң соңунда эркек аттууларды  согушка, тыл иштерине кара жумушка алуу тууралуу чыккан падышанын жарлыгы элдин сабырын түгөтөт. Бул адилетсиздик элди ачык каршылыкка жана козголоңго түртөт. Кыргыз эли өз жерин, намысын коргоп орус кыштактарына, баскынчыларга каршы туруп көтөрүлүшкө чыкканда, падышалык аскерлердин аёосуз жазалоосуна дуушар болот. Чыгармада куралсыз калкка каршы куралдуу күч колдонулуп, үйлөр өрттөлүп, карапайым адамдардын кырылышы курч жана жүрөктү ооруткан сүрөттөөлөр менен коштолот.

Ошол эле учурда автор негедир чыгарманын сюжетине 1916-жылдагы кыргыздардын улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири Канаат Ыбыке уулун кошкон эмес. Көтөрүлүш башталганда Кочкор, Жумгал өрөөндөрүнүн эли аны кан көтөрүп көтөрүлүштүн жетекчилигине койгон. Канаат кандын кошуундары Чүй тарапка өтүп, Токмокту камалоого да катышкан. Анын тегерегиндеги окуялар улуу Үркүндүн келип чыгышын, жүрүшүн кенен чагылдырууга жол ачып, романдын масштабдуулугун, көркөмдүгүн дагы арттырмак.

Үркүн учурундагы эң чоң кайгы – элдин өз ата-конушун таштап, адам түгүл мал өтө алгыс ашуу-белдерди ашып, Кытай тарапка качууга мажбур болгон азаптуу кербени. Кыштын суугунда, ачарчылыкта, оорудан жана куугунтуктан жолдо калган карт-карыялар, наристелер, аялдардын тагдыры бүтүндөй бир улуттун катастрофасы катары көрсөтүлөт. Айрыкча чыгарманын төмөнкү фрагментинде улуттун аргасыз улуу кайгысы, адамдын үмүтсүз өлүмгө барышы жүрөк тилгидей оор сүйлөмдөр менен берилет:

– Ата, кайда баратабыз?

Шамшы жооп бербей алдыдагы көк тиреген асканы тиктеди.

– Апамабы кайра? Улуу кызынын бул суроосу жүрөгүн бычактай тилди.

– Барабыз, кызым... Апаңарды таштабайбыз эч...

Төртөө тең ишенип, атасынын этегине жармашты баары. Шамшы төрт баласын бооруна кысты.

– Кечиргиле, кулундарым...

Асканын туу кырынан канатсыз беш жан учту. Тоо томсоруп турду. [127-бет].

Үркүн же автор өзү белгилегендей кыргын романда жөн гана тарыхый дата же качуу окуясы катары эмес, кыргыз элинин башынан өткөн өтө терең трагедия, улуттук катаклизм жана рухий сынма доор катары өтө таасирдүү чагылдырылган. “Куюн доордогу” үркүн сүрөттөлүшүн жалаң тарыхый хроника катары кабыл алуу жетишсиз. Психологиялык өңүттөн караганда, бул – жеке адамдын эмес, бүтүндөй коомдун башынан өткөн жамааттык травманын көркөм реконструкциясы. Үй-бүлөлөрдүн чар тарапка чачырашы, ата-эненин баласын жоготушу, туулган жерден ажыроо, өлүм коркунучу сыяктуу көрүнүштөр жеке кайгыдан улуттук эс тутумга өтөт. Мындай тарыхый жарааттын кийинки муундардын дүйнөнү кабыл алуусуна жана өз эн белгисин сактоого тийгизген таасири терең.

Ошол эле учурда жазуучу Кытайдагы баш аламандыктан жер оодарып, кыргыз жергесине башпаанек сурап келген мүлдө дунган улутун орус падышачылыгы Караколго, Кемин аймагындагы Кара-Коңуз, Сары-Өзөндөгү Сокулук аймактарына отурукташтырганда да бир да түтүн дунган тукуму өз кызын кыргызга аштык үчүн сатканын Дөөлөт аксакалдын көрбөгөнү аркылуу өлкөнүн титулдук улутуна астейдил айып таккансыйт.

– Мөлтүрөгөн кыздарынын мончок-шурусун сатсын, үй мүлкүн сатсын! Адам тагдыры бир баштык талканбы? – Бөрү аксакал туттугуп кетет. [136-бет].

Мында автор мындай катаалдык адамдардын ички дүйнөсүн бузуп, абийирин жоготушуна, жашоо үчүн кара курсактын айынан аргасыздан кайдыгерликке барып, ар ким өз күнүн гана көрүп, кайрымдуулук жоголгонуна өкүнөт.

Мындай ой толгоо белгилүү жапан жазуучусу Рюноскэ Акутагаванын “Расёмон дарбазасы” аттуу аңгемесинде өтө терең философиялуу берилет. Анда Киото шаарындагы ачарчылык, алаамат жана Расёмон дарбазасындагы толгон өлүктөр адам баласын шарт катуу кысканда жапайы абалга түшө тургандыгы көрсөтүлүп, адамдар физикалык ачкачылыктан гана эмес, рухий ачкачылыктан улам адамдык касиетин жогото баштайт. Акутагавада ачарчылык менен коркунуч адамды моралдык чекке түртсө, Шакирде коомдук алаамат адамдын адамкерчилигин сыноого алат.

 

– “Катын – жолдо, бала – белде” дегени кесирлик эмей эмине?! – деп ботодой боздойт Дөөлөт. Пенде баласынын башына келген оор сыноо элдин көбүн бузук жолго тез салар окшоду. [136-бет].

Балким, жогорудагы рифмалуу консервативдүү түшүнүк айрым кыргыздын аң-сезимине мык болуп кадалганынан улам, өлкөбүздө жылына 45 миңдин тегерегинде жаш үй-бүлө никеге турса, анын 15 миңге жакыны же ар бир үчүнчү нике ажырашап жатпасын?

– Жайлоо төрүндө жамбаштап жатып кымыз ичип, эт жеп кекирген кыргыз жакадагы дунгандын чайгоолап оңгон турмушун ошондо көрдүк ко. “Күндүзү кымыз, түнү кыз” деп дуулдачу кыргыз өз колу менен бир түп камыш жулуп, кетмен чаап көрүппү...” – деп Дөөлөт карыянын сөзү менен  жалкоолонгон жаамы журтту ачык эле тилдейт автор. [137-бет].

Чыгармада коллективдештирүү жана большевик бийлиги орногондон кийинки коммунисттердин жүргүзгөн саясаты курч, ары трагедиялуу мүнөздө көркөм стилденип, большевик бийлиги бай-манаптарды гана эмес, жалпы улутту жапага салган өктөм, ары катаал саясат жүргүзгөндүгү баяндалат. Мал-мүлктү тартып алуу, элди жапырт күч менен орнотулган жаңы тартипке көнүктүрүү аракеттери калктын башына түшкөн оор зомбулук катары көрсөтүлөт. Бул саясаттын жыйынтыгында кылымдар бою калыптанган көчмөн турмуштун уюгу бузулуп, калк арасында ачарчылык, түшүнбөстүк жана катуу нааразылык пайда болгондугу көркөм штрихке алынат. Бирок “кулак” же “бай-манап” деп табылган үй-бүлөлөр өз ата-коншусунан, жеринен мажбурлап күч менен вагондорго салынып, Украинага сүргүнгө айдалышкандыгы, жолдо ачарчылыктан, сууктан жана оорудан жүздөгөн кары-жаш, наристелер кырылгандыгын:

Күн суугунда үшүп-тоңуп өлгөнү, ачкадан көз жумганы вагондон ыргытылып, аман калгандары калың жааган карга тыгылган поюз жолун күрөгөнгө мажбурланды. Кээсин вагондон малга окшотуп айдап түшүрүп, узун катарга тизилген айыпсыз айыпкерлерди солдаттар автомат менен ит аткандай кырды. [172-бет] деген өңдүү автордун үнү ачык байкалган сүйлөмдөр кургак баяндын каңшаарын туйгузат. Жогорудагы фактыларды жазуучу жандуу окуяга, диалогго салып жандандырса, көркөм чыгарманын өңү алда канча ачыла түшөт беле деген ой аргасыз келет.

Болшевиктердин жол курулуш иштери көчмөн элди аң-таң кылгандай, Совет бийлигинин курулушуна андан бетер ооздору ачылып, караламан калк акыры күчкө баш ийип берди. Өгүздүкүнө теңелер күч жок деп жүргөн тоолуктар бульдозер күчүн көрүп таңыркашты:

– Ох-хо, коммунизм күчү!

– Бу шумдуктун үнүнөн адам жүрөгү титиремек түгүл үйүмдүн терезелери титирейт экен түгөттүкү!

– Муну каз таман трактор дейт. Күчүн азыр көрөсүңөр, – деген Жумабай кыштактын чок ортосундагы качантан берки чоң дөңсөөнү көрсөттү. [211-бет].

Бул сүйлөмдөрдө автор совет бийлигинин келиши менен көчмөн дүйнөдө жашап келген коомдо болгон түп-тамырынан бери өзгөрүүлөрдү, оторчул модернизациянын келишин жана советтик прогресстин караламан калккa тийгизген психологиялык таасирин абдан таасын сүрөттөгөн. Элдин “Ох-хо, коммунизм күчү!” дегени жаңы бийликтин алып келе жаткан кудуретине болгон иронияны да, ошол эле учурда анын алдындагы алсыздыкты да билдирет. Бул жерде техника кадимки механикалык курал гана эмес, адамдын эркине баш ийдирген жаңы системанын, саясий күчтүн символу катары сүрөттөлөт.

Романда 1941–1945-жылдардагы согуш түздөн-түз фронттогу чоң салгылаштар аркылуу эмес, негизинен кыргыз айылындагы элдин тагдыры, тылдагы оор эмгек, майданга кеткен эркектер жана үй-бүлөсүнүн күндөлүк турмушу аркылуу берилет. Автордун сүрөттөөсүндө айылда ишке жарамдуу эркек дээрлик калбайт, согуштан көбү майып болуп кайтат, ал эми калган эл тылдын оор жумушуна тартылат.

Бул жерде согуш фронт менен гана чектелбейт, согуштун жүгүн аялдар, өспүрүмдөр, кары-картаңдар көтөрөт. Маселен, Каңдыбай менен Эшмамбет тегирмен иштетишет, алар тарткан ун түз эле фронтко жөнөтүлөт. Тегирмен күн-түн дебей иштейт:

“Тегирмен ташында күнү да, түнү да тыным жок. Согуш токтосо, тылга тыным келер беле...” [237-бет].

Согушка барууну күтүп, документтеринин кечигишинен улам госпиталда жүргөн Эшмамбеттин окуясы өзгөчө маанилүү. Кийин Чкалов аэродромундагы советтик самолётторду көрүп, бир жагынан сыймыктанат, экинчи жагынан жеңишке ишеними күчөйт. Андан кийин кырсыкка учурап, бутун кайра кокустатып алат. 1942-жылдын майында гана гипси алынат да, алты айлык өргүү менен үйүнө жөнөйт.

Э.Хэмингуейдин “Чоочун өлкөдө” аңгемесинде да согуштун кесепети элдин дене боюна гана эмес, аң-сезимине, жан дүйнөсүнө, ден соолугуна кандай кесепет алып келгендигин, эң кайраттуу деген адамдын өзү да тагдырдын соккусу алдында алсыз экенин жана жоготуулардын азабын жеңүү канчалык оор экенин жөнөкөй, ошол эле учурда таасын берилген. 

Демек, автор согушту баатырдык салгылаш катары гана эмес, адамды майып кылган, үйүнөн алыстаткан, жакындарын күттүргөн жана тагдырды өзгөрткөн күч катары көрсөтөт. Каңдыбай уулдары Тенти менен Шекебайдан кат келген сайын, аларды тирүү көрүп тургандай сүйүнөт. Каттарды кайра-кайра окутат, өпкүлөйт, көзүнө жаш алат. Фронттон келген кат – үй-бүлөнүн болгон бүткөн үмүтү. Жеңиштин өзү да чоң майрам эмес, көз жаш менен келет. Согуш бүткөндө Бексултанга:

– Эми байкелериң келет! Согуш бүттү... Биз жеңдик! [251-бет] – деп ыйы менен күлкүсү аралаш элжиреп жеңеси сүйүнчүлөйт. Аялдар жаргылчакка арпа тартып, тогуз токоч баабедин өткөргөнү бүлүнүп жүгүрүп жүрүшөт, Жеңишти тосууга даярданышат. Жеңиш романда мамлекеттик салтанаттан мурда үй-бүлөнүн кайра биригүү үмүтү катары алдыңкы планга чыгат. Жазуучу 1941-жылдагы согуштун тарыхый масштабын эмес, анын жөнөкөй адамдардын жашоосун кандай өзгөрткөнүн жана большевик/коммунисттик доордун артыкчылыктуу жактарын да көрсөткөндөн тайган эмес.

Чыгарма адеп санжырачы Алымбек менен жазмакердин маеги аркылуу 1842–1856-жылдардагы Ормон кан, Боромбай бий жана Ажыбек баатырдын ортосундагы ички бийлик талаш, бийлик курултайындагы таш салуу окуясы жана кийинки араздашуу окуялары баяндалып башталат. Мында автордун чыгарманын материалдары кантип топтолгону, кимден алынганы пролог бөлүгүндө берилген, ал эми эпилог бөлүгүндө жазмакердин айылга барып, азыркы муундун абалы, эски кишилердин калбай баратканы, жоктугу, убагында аксакалдардан алтын сөздөрүн жазып албагындыгы өкүндүргөнү баяндалат, бирок пролог менен эпилог бардык учурда эле чыгарманын канат-бутагын жая бере бербеси айкын. Канткен менен чыгарманын материалдары кимден алынганы, кантип топтолгону окурманга сыр бойдон калып, купуя түйүнчөккө түйүлгөнү ажеп. Арийне, чыгарманын бул композициялык бөлүктөрү адабият талаасында кеңири пайдаланылып келсе дагы, жазуучу чыгарманын эки бөлүгүндөгү айтайын деген оюн чыгармага чачыратып же сиңирип жиберсе оң чечим болор эле. Нивх элинин жазуучусу Владимир Санги менен болгон маек Ч.Айтматов “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повестинин идеясынын башталышы болгондугу, “Делбирим” повести он беш мүнөттүк маектин негизинде жазылгандыгы окурмандар арасында айтыла калып жүрөт, ал турсун бул тууралуу жазуучунун айтканы да бар, булар пролог же эпилог катары колдонулбагандыгы белгилүү.

Ошентип, өтмүштө болгон окуялардан сабак алуу, ошол каталарды кайталабоону окурманга кыйыткан романдын тилинен, фактыларды ыраатка салып, талдоо жүргүзүү ыкмасынан автордун публицист экени көрүнүп турат. Көркөм проза менен публицистиканын айкалышында жазылган роман 1916-жылдагы Улуттук боштондук үчүн күрөш, Үркүн трагедиясы, репрессия, согуш сыяктуу улут тагдырына балта чапкан чоң бурулуштарды тарыхый аспектиден изилдөөдө, өздөштүрүүдө, ошондой эле образдар системасы жана башка белгилүү бир темада адабий изилдөөдө баалуу булак болуп берери талашсыз.

Жогоруда айтылган азыноолак сын-пикир романдын көтөргөн жүгүнө көлөкө түшүрбөйт, мындайга муктаж катары жазуучу кабылдаса, чыгарманын көркөмдүк түзүлүшүнө, турпатына кошумча жасалга болуп берсе берер, бирок асты жалпы картинага жабуу жаппайт деген ойдобуз.

2026-жылдын 4-октябры 

Агер "Куюн доор" романын толук окууну кааласаңыз, электрондук тиркемеси мында>>>

Пайдаланылган адабияттар:

Олжобай Шакир, Куюн доор.

Рюноскэ Акутагава, “Расёмон дарбазасы”. Которгон Кубантай Эрназаров, ruhesh.kg сайты.

Эрнест Хемингуэй, “Чоочун өлкөдө”. Которгон Эрмек Шоорук. Гольфстримдеги алакандай адабият, Бишкек, котормолор жыйнагы, 2024-жыл.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз