Мидин Алыбаев: «Дүжүр» бука

  • 31.05.2020
  • 4857

АҢГЕМЕ

Ворошилов атындагы жети жылдык мектептин эшигинин алдындагы терекке байланып токол кара бука жайдак турат. Бука байлангандан бери балдар нечен жолу дем алууга чыгып, кайра сабагына кирип жатат. Мугалимдер дагы кирип-чыгып кээ бирөөлөрү буканын жанына чукул келип, чылымдарын соруп нары-бери басышат. Алардын бука менен иши жок. Буканын алар менен жумушу жок. Токол бука жай гана кепшеп, анда-санда шыйпанып коюп, өз кызматын аткарып жатат.

- Кызматы эмне?

- «Дүжүр!» Бүгүн токол буканын «дүжүрлүгү».

- Эмнеге «дүжүр»?

- Анын дүжүрлүгү мындай: Жумгал суусунун тигил өйүзүндөгү турган «Эмель» колхозунун балдары мектепке суу кечип келишет. Балдар жыңайлак кечели дешсе, суу терең. Анын үстүнө суук түшүп да калды. Төмөнкү Арал деген жердеги көпүрө менен өтүп кетели дешсе, бүгүн үйдөн чыккан балдар, мектепке бүрсүгүнү келишет. «Эмель» колхозу Ворошилов атындагы колхоздун теке маңдайында. Эгерде суу болбосо, мектептин коңгуроосу өйүздөгү балдарга угулуп турар эле. Чатак сууда. Сууда дагы эмес, көпүрөө жоктукта! Ошондуктан балдарды мектепке өткөрүп, кайра кечирип алуу үчүн дайым бир унаа керек. Кез-кезде унаа жок болуп, балдар сабакка барбай да калат.

Мына ушунун айланасында эки колхоздун ортосунда далай чатактар да болду. Мектептин маңдайына көпүрө салдырып коюу эки колхозго тең. Анткени, ар түрлүү тиричилик менен маңдай-тескей турган колхозчулар катташпай койбойт.

- Мектеп биздин тарапта! Балдарыбызды окутабыз десеңер көпүрөнү силер салгыла, — деп Ворошилов атындагы колхоздун председатели айтса:

- Мектеп силер жакта болгону менен, арак-вино саткан дүкөн биздин жакта, сен деле күндө беш маал келесиңго, — деп «Эмель» колхозунун председатели айтып, бири-бирине шылташып көпүрө салбай коюшту.

- Биздин сарала өгүз үч күн удаалай дүжүр болбодубу? Эмки кезек «Эмелдики!» — деп берки башкарма кыйкырды. Суунун шары каңырыштатып «Эмилдики!» деген сөздү «Элдики!» дегендей угузду көрүнөт:

- Эмнени «элдики» дейт? Албетте, балдар элдики. Баары меники дейсиңби? Кечирип алгыла! Кечирип алгыла! Биздин токол бука төрт күнү удаа «дүжүр» болду, — деп Ворошиловдун башкармасы Караев бастырып кетти.

Быйыл жазында жергиликтүү совет тарабынан көпүрө салуу үчүн 5000 сом каралды эле, ал акчаны Ворошилов селолук Советинин председатели кайда жумшаганы белгисиз... Айтор азыр көпүрө жок. Ворошилов селолук Советинин председатели шыргалаң сууну шыйрагын түрүп алып кечкенде гана көпүрө салдырууну биле турган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз