Куйручуктун аңгемеси

  • 02.06.2020
  • 4799

Бул аңгемени Шыйкымбай уулу Жолдошбайдан уккан элем. Куйручукту жыйырма беш жашымда ушул Толуктан көрдүм. Жаагы кере карыш, узун бойлуу киши экен. Омокенин үйүнө конду.

— Жер үстүндөгү манаптарды көп көрдүм, — деп сүйлөй баштады Куйручук,— өз заманында Касымбектин уулу Султангазы үч миң үйлүү чорону бүтүн билген киши экен. Ушул мени чакыртты. Эки чакыртканда бара албадым. Үчүнчү чакыртканда бардым. Барсам, мейман үйүн атчан жигиттер уук улап тиккен экен. Чоңдугунан бир капшытынан сүйлөсө, быягынан үн угулбайт. Жигиттер барган меймандарды ат алып тосуп, бизди ошол үйгө түшүрдү. Бирпас отурган соң Султангазы жолборс ичик жамынып биздин үстүбүзгө келди.

— Үчүнчү чакыртканда араң келдиңиз, Куке, менин атымды уккан жоксузбу, же мени сүйгөн жоксузбу? Эмне үчүн келбедиңиз? — деди.

Мен анын кекете сүйлөгөнүнө түшүнүп туруп:

— Иии иним, менден кичүү экенсиң, бирок мени такып калдың. Бу манап деген иттин богунан да көп экен, – дедим. Ошондо таш тиштегендей сүйлөй албай калды.

Олтуруп, олтуруп:

— Конокко бүгүн канча киши келди? — деп жигиттеринен сурады.

— Сексен киши келди.

— Бээ союп, конок кылгыла,— деп тапшырды.

Бээ союп конок кылды.

Ошондо конгондордун көзүнчө менден сөз сурап калды.

— Куке, Сизди адамдан айтып туруп алат дейт. Айтпайсызбы, мен камында болуп күтүнүп турайын,— деди.

— Мен айтып алам. Мага он топоз бересиң. Ону тең кара кашка болсун, бир бука кошосуң, букасы да кара кашка, он бир болот. Ушуну алам мен. Башка эч нерсе албаймын.

— Болуптур, Куке, сиздин урматыңызга үч күн улак болот, анан жөнөтөбүз.

Үч күндөн кийин:

— Сапарга уруксат бериңиз, – дедим.

Он кара кашка топозду кермеге байлап коюптур. Букасы кызыл кашка экен.

— Топоз бузулуп калыптыр, букасы кызыл кашка болуп, албаймын, — дедим.

Кызыл кашканы агытып жиберип, дароо кара кашка бука алып келип байлады. Ошону менен он бир болду. Топоздон башка мага берүүгө тогуз согум бээ байлатып, ноотудан кийим камдатып, тогуз согум уй, тогуз ирик алып келип коюптур. Ушунун баарын мен үчүн камдаган экен. Өзүм айткан топозду алып, башкасынын бирөөнү да алганым жок.

— Сизге арнап, баарын ырастап койдум эле, эмне үчүн албайсыз? — деди Султангазы.

— Мен тамакка көп тоюп алып, кусуп койчу адам эмесмин, өз айтканымды алам,— дедим да жүрүп кете бердим.

Ошондо Султангазы мага баа берди:

— Ой ырахмат Куке, ушун үчүн журт аралап Куйручук атка конгон экенсиз, ырахмат!

Жыйнаган Эркалы ӨСКӨНАЛИЕВ

Комментарий калтырыңыз