Сүрөт сатпаган сүрөткер

Павел Гоча. Прага, 4-июнь 2020-жыл.

“Эмгек көндүм адатка айланганда, биз чындап бактылуубуз”.
Буаст, француз моралисти

“Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү”.
Кыргыз эл макалы

Павол Гоча словак улутунан. Прагада беш кабат үйдүн эң жогоркусунда жашайт. Братиславадагы үйүн 2015-жылы байбичеси экөө Прагага көчкөндө эле сатып жиберген.

Словакиянын борборундагы батирлерин ижарага тапшырып, бир фирмага же эки уулуна көз салып тургула деп коюшса деле болмок. “Жок! Ашка жүк, башка жүк оокаттын эмне кереги бар?”- дейт пан Гоча. Прагада бак-шактуу келишкен там сатып алганга деле мүмкүнчүлүгү бар азыр деле. Бирок акчасын ашыкча дүйнөгө сарптагандан көрө жанына руханий лаззат берген иштерге жумшаганды оң тапкан.

Ушул факт пан Гочанын мал-дүйнөгө болгон мамилесин түшүнүүгө ачкыч болду мен үчүн.

Азыр Павол Гоча эки кем сексенде. Аксакалдын эрмеги – май боёк менен пейзаж тартуу. Сүйгөн стили – импрессионизм. Эң урматтаган художниктери – Клод Моне, Эдгар Дега, Винсент ван Гог, Анри Руссо. Анри Руссо да пан Гочадай өзү үйрөнчүк художник болгон.

Пир туткан художниги – Клод Моне. Табиятты Монедей кылып тартууга умтулганын аксакал жашырбайт.

Пан Гоча улуу устаты кандай атмосферада жашаганын көрүп, ал өмүрүнүн акыркы чейрек кылымында дем алган абаны, ага шык берген кооздукту сезүү үчүн Париждин ныптасындагы Живерни коммунасында бир ай чукул жашап да келген.

Клод Моненин үйүнө кеткен чыйыр жол, анын “Лилия гүлдүү көлмө” картинасындагы жыгач көпүрө, лилиялар, кумура гүлдөр түшүрүлгөн бир нече пейзажды пан Гоча ошондо тарткан.

Эгер Клод Моне Живерниде өз колунан жаралган маданий ландшафтан эргүү алса, Павол Гочага чыгармачылык демди Праганын Ботаникалык багы берет. Карыя жыл он эки ай бул бактагы түркүн гүлдөрдүн, өсүмдүктөрдүн, жандоо беттеги жүзүмзардын, дөңдөгү чиркөөнүн көрүнүшүн күндүн жана мезгилдин ар кандай убагында сүрөткө түшүрөт, эсинде сактап калат.

Пан Гоча Праганын Троя бөлүгүнө жуук жашагандыктан, Ботаника багына демейде жөө келип, жөө кетет.

Ышкыбоз сүрөткердин өнөрканасы эң үстүңкү бешинчи кабаттагы үч бөлмөлүү (70 м2) батирдин бир бөлмөсү. Карыя аптанын алты күнү төрт сааттан кыл калем менен иштейт. Жекшемби күнү гана мольбертке жолобойт.

Ботаникалык бактын жүзүмзары кышында. Павол Гоча.

Сүрөтчүлүк өнөрдү не ийримге, не атайын окуу жайга барып, не устат жалдап үйрөнгөн эмес. “Педагог мени өзү билген калыпка салмак, багыттап коймок. Мен жарталышты көңүлүм каалагандай тарткым келет. Ырас, өрнөк катары француз импрессионистерин, өзүм сүйгөн Клод Монени картиналарын алдым”, – деп түшүндүргөн экөөбүз алгач таанышып, сүрөтчүлүк стиль жөнүндө сүйлөшкөнүбүздө.

Пан Гочанын өздүк китепканасында Моненин килейген, ар биринин салмагы 4-5 килодон кем эмес эки түстүү альбому бар. Ага да канаат кылбай, К. Моненин 180 жылдыгын утурлай Париж, Вена жана Лондондо өткөн көргөзмөлөрүнө барып, ар бир шаарда бир жума жүрүп, “окутуучусунун” эмгектеринин түп нускасын кайра-кайра суктанып, жаны лаззат алган.

Өзү үйрөнчүк художниктин сүрөттөрүн аваз кылып, сатып алууну каалаган бейтааныш да, тааныш да адамдар бир топ. Бирок пан Гоча көжөлүп, сүрөттөрүн сатпайт. Кеминде эки жыл билип, көңүлү сүйгөн адамына белекке берет.

– Кардар мынабу сүрөтүңүздүн баасы кымбат экен, арзандатпайсызбы десе, мен же жок дей албай, же мейли дей албай, кыйылып тургум келбейт, – дейт карыя. – Өз эмгегимди баалоо мен үчүн кыйын. Ар сүрөт бир күндө жаралбайт. Бул биринчиден. Экинчиден, сүрөттү сатып ийсем, көргөзмө уюштурмак элем, ага чейин менде болсун деп кантип айтам. Үчүнчүдөн, мен акчага муктаж эмесмин.

2019-жылы жайында Праганын мыкты делген ресторандарынын биринде туулган күнүнө жакын дос-жолдошторун чогултуп, сүрөт көргөзмөсүн уюштурган. Сый тамак алдында ар бир конок көңүлүнө төп келген сүрөттүн алкагына бармактай кагазды чаптап, өз атын жазып койгон жана кечеден соң тандаган сүрөтүн пан Гочадан белекке алган. Карыянын пейили ушундай!

Музыкага акча аябаган аксакал

Павол Гоча карыянын экинчи музасы – опера, музыка жана театр. Музыка жана театрга кызыгуусу – живописти сүйгөнүндөй эле ички дүйнөсүнүн өзгөчөлүгүнө, руханий азыкты материалдык байлыктан эмес, көркөм дүйнөдөн издегенине байланышкан.

Жакында жаңы көргөн опералары тууралуу сүйлөшүп отуруп:

– Мен Евгений Онегин кандай каарман экенин түшүнгөнүмө аз эле убакыт болду. Братиславада баритон үндүү чех ырчысы Филип Банжанын аткаруусунда Евгений Онегиндин партиясын угуп, Онегин аялдардын башын айлантуучу (záletník) гана эмес, кара өзгөй (záludný) да экенин түшүндүм. Евгений Онегиндин Владимир Ленскийге Ольга жөнүндө айткан сөздөрүн Филип Банжа мен мурда уккандан бөлөк тондо ырдады. Ленский жүрөк сырын айтса, Онегин аны маскаралап атпайбы! – деп пан Гоча операнын либреттосун алып чыгып: ”Ме өзүң окуп көрчү”, – деди татаал маселени чыгаруунун жолун тапкан окуучудай жүзү жайнап.

“Онегин: – Ызааттарың чынбы кенжесин?

Ленский: – И, эмне экен?

Онегин: – А мен эжесин сүйөр элем акын жаралсам,
Сүйкүмү серт Ольга чабал жан,
Ван-Дейк тарткан аял түсүндөй,
Кыздын бети кызыл томолок,
Тегеренген дедек ободо,
Тек маңыроо айдын жүзүндөй”.

(Эрнис Турсуновдун котормосу).

– А Ленскийдин өлүмү менен аяктаган дуэлге франт Онегиндин ойноокулугу жана романтик Ленскийдин кызганычы себепчи деп жүргөм. Көрсө, Онегиндин кесир мүнөзүнө ачкыч эки дос конокко баратканда ал Ольгага карта айткан репликада катылган экен.

Пан Гоча буга чейин “Евгений Онегин” (музыкасы П.И. Чайковскийдики) операсын эчен ирет немец, англис, француз тилдеринде көргөнүн, бирок жогорудагы репликага Филип Банжаны укканга чейин маани бербей келгенин ушинтип түшүндүрдү мага.

Ал “Евгений Онегинден” башка да “Травиата” (Ж. Верди), “Богема” (Ж. Пуччини), “Фауст” (Ш. Гуно), “Сыйкырдуу сыбызгы” жана “Фигаронун үйлөнүүсү” (В. А. Моцарт) операларын да уккандан эч тажабайт. Алардын жаңы премьерасы Европанын атактуу опера театрларында болсо, калтырбай барат. Акыркы жылдары эле “Богеманы” Венанын мамлекеттик опера театрында бир жолу, Нью-Йорк опера театрында эки жолу көргөн.

1980-жылдары Москвага бетон өндүрүшұнүн технологиясы боюнча беш күндүк илимий-техникалык конференцияда болгондо, чет элдик мейман деген макамын пайдаланып, эки кеч Большой театрга барып, “Травиатта” менен “Богема” операларын көргөн.

Пан Гочада сүйүктүү операларынын, композиторлорунун, француз шансондорунун жана словак фольклордук музыкасынын CDге жазылган бай коллекциясы бар.

Классикалык музыкадан И. С. Бахтын, Л. фан Бетховендин, В. А. Моцарттын көпчүлүк чыгармаларын, ошондой эле П. Чайковскийдин №1 Симфониясы – “Кышкы кыялын”, С. В. Рахманиновдун Фортепиана жана оркестр үчүн жазылган №2 концертин, Б. Сметананын “Менин Ата журтум” симфониялык циклин аябай жакшы көрөт.

Сүрөт тартып жатканда негизи ушул композиторлордун чыгармаларын же француз шансондорун угат. Баарлашканда дагы музыканы жай ойнотуп коймой адаты бар.

Ушул эле дейсизби? Жок! Барокко доорундагы музыканын да күйөрманы. Бир нече жылдан бери Праганын “Collegium 1704” деп аталган барокко оркестрине демөөрчүлүк кылат.

Европада белгилүү оркестрдин Павол Гочадай 106 демөөрчүсү бар азыр. Алардын көпчүлүгүнүн ысымдары оркестрдин ар бир концертинин программасында жазылуу. Пан Гоча жана башка он чакты демөөрчүнүн аты-жөнү программада ачык көрсөтүлбөгөн. “Мен өзүмдү рекламалоо үчүн оркестрге финансылык колдоо көрсөтүп жатканым жок. Мага барроко музыкасы жакканы үчүн оркестрди колдойм”, – деп түшүндүрдү пан Гоча.

Бул оркестр 2008-жылы негизделгенден бери Европанын белгилүү концерттик залдарда жана Зальцбург, Люцерн, Варшава шаарларындагы эл аралык фестивалдарда 400 концерт берип, музыка ышкыбоздорун немис композиторлору Бах, Бетховен, чех композиторлору Я. Зеленка, Й. Мысливечек, британ композитору Г. Гендель ж.б. жазган барроко стилиндеги чыгармалар менен тааныштырды.

“Collegium 1704” Еврогастролго чыкканда оркестр менен жарыша пан Гоча да жөнөйт. Бар чыгымын өзү көтөрөт. Ал айткандай, “Оркестрдин аспаптары дал XVII-XVIII кылымдардагыдай кылып жасалгандыктан, алардын авазы салттуу симфониялык оркестрдеги аспаптардан бир кыйла бөлөкчө жаңырат. Алардын үнүн CDден эмес, залда уккан керемет ко!!!”.

“Collegium 1704” Прагадагы айтылуу Рудольфиниум концерттик залында ар жылы музыка ышкыбоздору үчүн абоненттик концерт берет. Быйыл коронавирустун айынан улам ал концерттер толук болбой калды. Пан Гоча пайдаланылбаган билеттердин акчасын кайтарып албай, оркестрдин пайдасына калтырды. Анткени менен 2020-2021-жылкы концерттик сезондо барроко оркестр Рудольфиниумда берчү бардык концерттерге жыл башында эле абонент алып койгон.

Жогоруда пан Гочанын дагы бир музасы – театр деп бекер оозанбадым. Себеби пан Гочанын календарында 1990-жылдан бери Братислава менен Прагда болуучу “Шекспирдин жайкы кереметтери” (Letní shakespearovské slavnosti) деп аталган театр жумалыгы – касиеттүү дата. Бул фестивалда чех жана словак театрлары жалаң Шекспирдин спектакелдерин ойношот. А пан Гоча жума бою бирден спектакль көрүп, чер жазат, артисттердин оюнунан кумарын кандырат.

1982-жылы атактуу чех режиссёру Мирослав Махачек (Miroslav Macháček (1922-1991) койгон “Гамлетти” эстеп, алиге таңдайын такылдатып: “Андай спектаклдер унутулбайт! Махачек койгон “Гамлет” дале жумурай журттун жадынан чыга элек. Азыркы дараметсиз режиссёрлор койгон спектаклде Шекспирдин каармандары шпага менен сайышпайт, тапанча менен атышат. Парадокс!?” – деп улутунат эзелки калыбын жазбай баскан-турганда тулкун түз кармаган Павол Гоча.

Дүйнөгө белгилүү филолог, культуролог Д. Лихачёвдун: “Ар бир адам коомдун жана анын тарыхынын бир бөлүгү. Адам өткөндү эс тутумунда сактабай, өз жанынын (личность) бир бөлүгүн өлтүрөт”, – деп айтканы бар. Залкар окумуштуунун бул сөзү көпчүлүккө тиешелүү болсо да, Павол Гочага эч тиешеси жок деп эсептейм. Анткени аксакал өз жан дүйнөсүн байытуу менен адамды аңдап түшүнүүсүн, дүйнө таанымын утуру кеңейтип отурат.

Менин минтип ишенимдүү айтуума пан Гочанын өздүк китепканасындагы китептер толук негиз берет.

Өзү айткандай, Братиславада Техникалык университетте окуп жүргөн жылдары (1960-1964) Э. Хемингуэйду окуу “мода” болгон. Студенттик жылдары Л. Толстойдун “Согуш жана Тынчтык” роман-эпопеясын, Ф. М. Достоевскийдин “Кылмыш жана жаза”, “Көк мээ”, “Ага-ини Карамазовдорун” окуйт. Бул чыгармалар жаш жигитке орустарды билип, түшүнүүгө жардамдашса да жанкитебине айланбайт.

Пан Павол Гоча жазданып жатып, окуган сүйүктүү жазуучулары У. Шекспир, Данте, Гёте, Гомер. Анда Дантенин “Кереметүү комедиясынын” (Божественная комедия) словак жана чех тилдериндеги бир нече нускасы, анын ичинде Сандро Ботичелли 1480-1490-жылдары жасаган иллюстрациялар менен көркөмдөлгөн бир китеп бар.

Павол Гочанын соңку картиналары.

Июндун башында жолугушканыбызда британ жазуучусу Элисон Вейрдин (Alison Weir) Тудорлор сулалесиндеги алты падыша аялга арналган алты илтиктин “Арагоналык Катерина, чыныгы каныша” (Katherine of Aragon, The True Queen) деген китебин окуп жатыптыр. “Бирок, Генрих VII нин мыкаачылытарына жетип, жаным чыдабай, бир аз тыныгуу алдым”, – деди пан Гоча. Ал эми Шекспирдин чех жана англис тилдериндеги бир томдук сонеттер жыйнагын күнүгө уктаар алдында окуп жатканын айтып, өзүнө эң жаккан 66 сонатты чех тилинде окуп берген.

Көргүң келбей, кантип өлгүң келбесин:
Кайыр тилеп жүрсө жоомарт адамдар.
Алдап уруп пейли жакшы пендесин,
Алчыланып жибек кийсе наадандар.

Татыктууга тамга басып каралап,
Таза жанды ак жеринен жаралап,
Жер каратып уяттууну уятсыз,
Желкелесе кубаттууну кубатсыз.

Кепти чаба айткандарга калп айтып,
Келесоону кеменгер деп дардайтып,
Жалдыратса ак таңдайга таш тыгып,
Жамандыкка алмашылып жакшылык –

Өлгүң келет көрбөй кыңыр нерсени!
Бирок кантип таштап кетем мен сени?

(Орусчадан которгон Эрнис Турсунов)

Сонатаны окуп бүтүп: “Шекспир бул сонетти 1609-жылы жазган. Өткөн 400 жылда эч нерсе өзгөргөн жок”, – деди Павол Гоча.

Пан Гочанын кыскача бизнес таржымалы

Павол Гочанын эмгек жолу жөнүндө учкай маалымат бербесем, “78 жаштагы аксакал чириген байбы?” деген суроо туулушу ыктымал окурманда. Анын 1964-жылы Техникалык университетти бүткөндөн кийинки өмүрү Словакиянын көзөнөктүү бетон блокторду чыгаруу өндүрүшү менен тыгыз байланышкан. 1993-жылы Словакия Чехиядан бөлүнүп, өлкөдө менчиктештирүү жараяны башталган учурда пан Гоча алты заводдун башын бириктирген өндүрүштүк бирикменин башкы директору болчу. Ага дейре заводдо жумушчу, нөөмөттөгү мастер, директордун өндүш боюнча орун басары, андан соң бирикменин башкы директорунун өндүрүш боюнча орун басары, бирикменин өндүрүш жана коммерция боюнча директору, анан техника жана инвестиция жагынан бирикменин директору болуп эмгектенген. Ал эми 1995-жылы бирикменин башкы директорлуктан өз ыктыяры менен кетип, мурдакы үч коллегасы менен бетон материалдардын технологиясы боюнча фирма түзөт.

Фирманын лабораториясында бетондордун түрлөрүн изилдешип, анын бекемдигин оптималдаштыруунун жолдорун курулуш компанияларына үйрөтүшөт. Фирма бетон жана курулуш материалдары боюнча 7 китеп чыгарат. 1900-жылдардын аягы, 2000-жылдардын башында курулуш жана курулуш материалдарынын өндүрүшү кашаң абалда болгондуктан, Словакияда жана Чехияда тийиштүү адабият тартыш кез. Ошого пан Гоча башындагы фирма чыгарган бир китепти курулуш ишканалары 300 миң словак кронуна сатып алышкан. Бул ошол кездеги курсу менен эсептегенде 3 миң еврого барабар.

Пан Гоча тегерегиндегилердин кеңешине карбай, университетти курулуш инженери адистиги боюнча бүткөн эки уулун өзү жетектеген фирмага ишке албайт. “Дипломуңар бар. Өз жолуңарды өзүңөр чапкыла!” – деп эркин коё берет.

“Үй сатып алганда, ар бирине акчадан жетерлик жардамдаштым, -дейт пан Гоча. – Автомобилди өздөрү сатып алды. Азыр ар биринде үчтөн жеңил машинеси бар. Улуу уулум Венада курулуш инженери болуп эмгектенет. Кичүү уулумдун курулуш фирмасы бар. Экөө тең үй-бүлөсү менен Братиславада жашайт”.

Павел Гоча өмүрлүк жары менен жарым кылымдык мааракесин 2016-жылы 11-октябрда майрамдашкан. А 16-ноябрда байбиче түбөлүк сапарга аттанып кеткен.

Ошол жылы Павол Гоча курулуш технологиясына адистешкен фирмасын австриялык компанияга бир нече миллион долларга сатып ийет. Ошон үчүн азыр куштай эркин жана жанына лаззат берген иштер менен алек. Ага жетүү үчүн элүү жыл тынбай жана ырахаттана эмгектенди.

Амирбек Усманов. Прага шаары.

“Кутбилим”

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз