Динара Бейшеналиева: Бийиктиктин кадырын – урайлекте тааныгын

  • 10.07.2020
  • 5138

«XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы конкурста поэзия боюнча акын Динара Бейшеналиеванын төмөндөгү ыр түрмөктөрү калыстардын чечими менен 3-байгеге татыктуу деп табылды.

Калыстар курамы: Садык Алахан, Амирбек Азам уулу, Нурзат Казакова, Жолдош Турдубаев, Айсулуу Көкөева.

*     *     *

Асмандын эшигин тутпайсыңбы,

Жүр, биз менен, учпайсыңбы...

*     *     *

Мен кичине адаммын,
Кичинелерди  эки дүйнө тең чакырат.
Барсыңбы, жоксуңбу, баркың жок. Батырат...
“Бу дүйнөнүн кубулма шаңгырагынан,
Оо дүйнөнүн кулак кескен тунжуру артык” - дейт  Сократ.

“Эй, сулуу, сенин кадырлуу, кадырсыз болушуң,
Денеңдин актыгы эмес, рухуңдун асылдыгынан.
Жерде жылаандай  боортоктобой,
Асманда куштай сызбайсыңбы.
Жердегилердин эшигин такылдатып эмне кыласың,
Асмандын эшигин тутпайсыңбы.
Жүр,  биз менен, учпайсыңбы” - дейт Руми акын.

“Түз дегениңдин бары  сая,
Ак дегениңдин баары кара чыгат.
Өлбөйм дегендер өлүп,
Өчкөн дегендер, жалындай жана чыгат.
Түгөнгүрдүн дүйнөсүнөн,
Түгөнбөскө мас болуп жет.
Түйүлүп бийлей,
От болуп ойноп, саз  болуп кет”- дейт Омар Хаям.

*     *     *

Мен суусап да көрдүм. Айтайын дегеним, суусаган өзү дарт болсо, дарт жөнөткөн Өзү дабасын берип,  суусунуңду кандырбаса, дарыяга түшүп алсаң дагы суу өзөгүңө жетпейт экен. Жогоркунун чен-өлчөмү. Ал өлчөм  аз болсо жыгат, көп болсо жарып жиберет. (Акыл-сезим, илим-билим, кан басым, ичкен-жегениң  ж.б.) Даанышмандын адам баласына азды-көптү көрсөткөнү бардын баркына, жоктун наркына жет дегени окшобойбу. Какшып баратканыңда кан куйгандай, суусаганда суу сунгандай кеп-сөздүү,  нарк-насилдүү инсандардын бардыгы,  болгондугу жол көрсөткөн чырак экен... (Жакшыны жакшы деп айтмак парз экен, Кудайым буйруса, ушул 2019-жылы жарык көрүү алдында турган жаңы ыр жыйнагымдын  “Арноо бөлүмүн” ошондой жакшы адамдарга  арнадым.)

Кудай айтат экен “Мен жер бетине өзүмө орун басар дайындадым”- деп. Күнү-түнү өзүнө гана  сыйынган,  жебеген, ичпеген, көбөйбөгөн, асман жердин арасын аралап учкан периштелерден,  көкүрөгү - напси, көөдөнү - сокур,  көз карашы тар адам баласын өөдө коюптур. Анткени, сынак бар. Сынактан күрөшүп өтөсүң... Эки айрылыш жол. Каалаган жагыңа  бар. Оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң. Атың өлсө кыйынчылыкта каласың, бирок, амансың. Солго барсаң кыйналбайсың, бирок, жоксуң...

Тирүүлүктө эң кыйын эмне десе, өзгөнү эмес өзүңдү жеңүү экен. Бирок, жеңишиң керек. Анткени, бар болуу мүмкүнчүлүгү бир эле жолу келет. Түбөлүктүүлүк үчүн жашап калуу мүмкүнчүлүгү бир эле жолу келет. Сен өз напсиңди өзүңдүн чыныгы бактың үчүн жеңишиң керек. Ал бакыттын өмүрү  чексиз....

Жеңишиң колуңда болсо жашоонун белгисиз “каалгаларынын” ачылмагы бар. Ал ачылган эшикке жамандыкка жакшылык менен жооп кайрып,  алдыңа келсе атаңдын кунун кечип,  кечирим менен тазаланып, уйкусуз таңдарды атырып, ачка күндөрдү батырып анан баш багат окшобойсуңбу... Бирок, алар миңдин бири... Кудайым, баарыбызга таза жашоону ыроолосун...

Өмүрүмдү өлүмдүн эсебинен узартып,
Өрт сүйүүмдү Кудайым, Күн көзүнөн  алдырдың.
Соолугумду оорунун  өзөгүнөн  түзөтүп, 
Аксарайым  адамдын көңүлүнөн  салдырдың.

Жез өңдөнгөн  кулпуңдун, купуясын кармадым.
Жети кабат жер асты, жеткен жери сыр экен.
Жетип барсам көгүңө, тамчысы эле дастан го,
Жети кабат асмандын бүткөн жери ыр экен...

Аалам кезсем калемдин, кетип турду шаштысы.
Акыл жеткис бүтүндүк - бар болмуштун бактысы.
Нониллиондун нөлүн да эч жазалбайт экенмин,
Чыныгы ыр жазылбас – Оор, Күч, Кудай тактысы.

*     *     *

Сиз мени билгенсизби, билбейсизби,
Сыйлайын десем тиктей, ким дейсизби.
Сыбызгы, сыйкыр салган үйүмө сиз,
Сырдашкан досум болуп кирбейсизби.

Күүгүмдө, түндө деле келбейсизби,
Күлүңдөй,  гүлдөн тандап тербейсизби.
Күтүүдүр бу жалгандын  озуйпасы,
Күү  менен, таңды тосуп бербейсизби.

Терезем ак чүпүрөк менен сүрттүм.
Гүлдөрүмдү күнөстүү жерге күттүм.
Багыма бак өстүрдүм мөмөлөгөн,
Жай-кышы чака-чака мөмө берген.

Жап-жашыл, аппак, кызыл төшөктөрүм.
Жаркыратып, төрүмө төшөп койдум.
Дасторконум жайылуу күнү-түнү,
Казан асып, отумду көзөп  койдум...

Башыңызга пар жаздык тигип койдум.
Эс алдыраар кооз чырак илип койдум.
Не ичесиз, не жейсиз, күн-күн  мурун,
Даярдап, дасторконго үйүп койдум.

Шербет бар, ууртасаңыз наз болосуз.
Шарап бар, жан ысытаар, мас болосуз.
Жалгандын чындыгынан өргөө тиккем,
Жаркырап, келиң, келиң, жаш болосуз.

Бир келген жашоо экен, салмагы жок
Көз алмак, көңүл алмак, калганы жок.
Даам болуп, даам ооз тийээр жан болбосо,
Даңазалуу дүнүйө - дарманы жок...

Сиз мени билгенсизби, билбейсизби,
Сыйлайын десем тиктей, ким дейсизби.
Сыбызгы, сыйкыр салган үйүмө сиз,
Сырдашкан досум болуп кирбейсизби...

*     *     *

Дарыянын буркан-шаркан түшүп аткан үнү кандай сонун. Мени дарыялар чакырат.Шылдырап аккан булактар чакырат. Барам...

Сен кечкен дарыядан мен кечкен жокмун.
Сен ичкен суудан мен ичкен жокмун.
Кең дүйнөнү кенен эле карайлычы,
Кеменгерлик  чыпчыргасын  үзгөн жокмун.

Сен тизген жылдыздарды  тизген жокмун.
Сен  түзгөн күнбаянды  түзгөн жокмун.
Соо дүйнөнү, соп-соо эле карайлычы,
Сен сүзгөн мухитте мен сүзгөн жокмун...

*     *     *

Мен түндү кара костюм шым кийген жигитке окшоштурам. Унчукпайт.Ичи таза. Өмүрүмдө бир тал чачым түшкөнчөлүк зыянын көргөн жокмун бул кара түндүн. Келет. Кетет. Ушул азыр бала кездеги бир окуя эсиме түшүп кетти. Издеп барган үйүмдү таппай кайра кайттым. Түнкү саат он эки. Дүпүйгөн бак ичиндеги бир таман жол менен тыпылдап басып келаттым. Жука көйнөк менен чыгып алган экем, тоңуп калдым. Кеч күздүн түнкү суугу сөөгүмдөн өтүп баратты. Аңгыча, алыстан эки караан көрүндү. Ит-пит каап албасын деп элеңдеп келаткан жаным түз эле баягы караандарды көздөй чуркап жөнөдүм. Өзү мен дегеле адам баласынан коркпойм. Бир убакта “күп” этип эле учуп түштүм.Тизем менен кесилген дарактын урчугуна тийипмин, шырылдап канап кетти. Тазалап, бет аарчым менен бекем байлап алдым. Ордуман турсам тигилер көрүнбөйт. Аксалаңдап басып, чоң жолго чыктым. Машиненин жарыгы көрүндү, кол көтөрдүм. Милициянын машинеси экен, жайлап калды. Менин жаныман өтө берип, газды басып, зуу койду. Түн ичинде бак ичинен чыга калган, бутун да байлап алган эмне болгон ак көйнөкчөн кыз дешти бекен? Бирок, эмнеге 15-16 дагы кыздан анчалык качышты, түшүнбөй  калдым. Эки тизени бекем кучактап отурган киши азыраак үшүйт экен. Аялдамада отурдум. Түнкү саат эки болду. Аңгыча, алыстан жарык  көрүндү. Жарык жакындап келип, менин жаныма токтоду. ”Чоң кыз, каякка барат элең? - деди шопур машинеден сыртка чыкпай эле терезесинен баш багып. “Аскар-Тоо айлына”, - “Аа, мен ал жакка барбайт экем, бер жакта эле калам.”

Машиненин ичи ысык экен, калчылдаганым токтоду. Өзүмө келгенимди  көрдүбү, айтор ”Мынча кеч калдың?” - деди 27-30дар чамасындагы шопур киши. “Иш менен келгем. Анан...” - унчукпай калдым. Сагынбек байкенин үйүн издеп келгем. Апама дары алмакмын. Качантан бери карыз алган акчасын бербейт. Бирөөлөр парктын эле жанында, көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турат дешкен да. Дары алалбай калганымды эстеп, унчукпай калдым. Апага байланышкан сөз ушул азыр оор сезилди мага.  Киши да башка суроо узаткан жок. Төбөмө байланган упузун чачымды, көкүлүмө сайылган ак көпөлөк  заколкамды баштан аяк сыдыра карап келатты күзгүдөн. Бир жарым саат жол жүргөндөн кийин машине калың токойду аралап өтчү кашка жолго бурулду. Бу киши ушул жерге чейин келмек. Андан ары өзүм деле кете берем. Бирок, чөөлөр бар да. Мейли, чуркап кетем. Машине токтобой андан ары жүрүшүн улай берди.” Жарым сааттык жол калды, жеткизип коёюн”- деди го дейм. Бир убакта машине токтоду. Чытырман токойдун так ортосуна келиптирбиз. Шопур сыртка чыкты. Май куйайын деп атса керек. Бирок, май деле куйган жок. Машиненин маңдайына сүйөнүп тамеки түтөттү. Эс алайын деген го, ар жакта күүлдөп  дарыя агып жатпайбы. Дарыянын жээги кандай сонун. Илеби ушул жакка чейин келип жатат. Ачык эшиктен уруп  жаткан таза абага көңүлүм көтөрүлө түштү. Шопур кирип келатып мен жакты бир жалт карады. Мен аны туптунук, балбылдаган балалык көздөрүм менен жакшы көрүп тиктеп тургам. Ал ордуна келип отурду. Машине ордунан козголду. Үйүмө бат эле жетип келдим. “Байке, ушул жерден токтоп коюңузчу”. Машине токтоду. Кандай жакшы киши. Эми бул шагыраган майда тыйындарды кантип сунам. Билип турам, сунсам ал “тим эле кой”, - дейт. Мен, жок,  алыңыз дейм. Алыңыз дегенге жараша акча болсо болбойт беле. А менин колумда тыйын эле. Ыйлагым келип кетти. Болгон тыйындарымды кичинекей сумкам менен кошо отурган ордума калтырып койдум. Бул кызыл сумка менин жалгыз байлыгым болчу...

Түн мага сүйлөбөгөн, жете турган жериңе жеткизип койгон кара костюм шым кийген жигиттей сезиле берет...

*     *     *

Бу жаным денем менен бет келгенде,
Дем алуум, дем чыгаруум чектелгенде:
Билгенмин түн менен Сен келээриңди,
Как өзүм кара өңдөргө кептелгенде.

Адамсың, ат коёлук  деп келгенде,
Кайыптык капас менен четтелгенде,
Билгенмин Күн менен Сен келээриңди
Жалалдык  жалган менен беттелгенде...

Жаан сунсаң, жылуугуң төгөрүңдү,
Кар сунсаң, көкүрөк көз берээриңди,
Түн сунсаң, жарык нуруң себээриңди.
Билгенмин, оо, Кудайым, келээриңди...

*     *     *

Түн ортосу, сүйлөшкөнгө Ай келет.
Түйүлбөйт да, күйүнбөйт да жай келет.
Бир, бир ирээт “Не күндүзү чыкпайм”- дей,
Наалыбайт эч, Эгесине шай келет...

Роза гүлгө түшөт анын жарыгы.
Бул экөө тең, сабырлардын сабыры.
“Желек сулуу, жеке боюм тикенек”-
Дебейт ак гүл, аппак  экен аныгы...

*     *     *

“Кырктын кырына келдиңби, базарың жүрүп калыптыр”- деген сөз бар. Өлүм базары жөнүндө ушундай кеп.  Соодалашасың. Мынча кила соопко, мынча литр жарык. Мынча баккам жакшылык. Жамандыгым мынчасы... Мен көйнөк базарында көп жүрдүм. Ал  базардын  кичинекей эле экенин каяктан билиптирмин. Билсем го, туулганы эле өлүм базарын аралап кетмекмин. Бар акчама текейден арзан сатылып жаткан соопторду алып жыйнай бермекмин... Күлкүм келет. Айласы кеткен кишинин күлкүсү келет экен.  Мындай күлкү ыйдан жаман болот окшобойбу....

Түз жолдордун кадырын – кулайлекте тааныгын.
Бийиктиктин кадырын – урайлекте тааныгын.
Кепин келелегинде – жеткин ата наркына,
Жетим бололегиңде – жеткин эне баркына.

Күч-кубаттын кадырын – ал тайганча билгиниң.
Сулуулуктун кадырын – картайганча билгиниң.
Адал, арам, ак, кара тараптарды билип жүр.
Башка балээ келгенче – Жаратканың билип жүр.

Жакшы сөзгө жаралган, кайран оозду кор кылба,
Сүйлөөрүңдөн  сен мурун ойлон, сөздөн - ор кылба.
Бар болмуштун кадырга, жок болгончо жетсеңчи.
Бар күнүңдү бактыга – айландыра  кетсеңчи....

*     *     *

Бир акын кедейлерге жардам бербе, байып кетпеген соң, алсыздарга жардам бербе, ал-күчкө келип калбаган соң  деген ойду айтыптыр. Алыс кетпей эле ушу турган сизди, мени, аны  Кудай жаратканын айтсак жетиштүү. Кудай жакшы болсун деп жаратты.  Жетимдин башын сылап койсун деп жаратты.

Байлыкка келсек, байлык деген эмне бир күкүрткө жанып кетчү нерсе да. Түмөн малың бир жуттук. Жандүйнөсү жарды адам дегеле байыбайт. Кеп байып кеткенинде эмес, кеп анын тилегинде, ыраазылыгында. Атасына баласы карабаган ушу заманда, эмне үчүн  асман жерге үзүлүп түшүп кетпей турат дейсиз. Дал ошол бей-бечералардын көкүрөктөрүнөн көлкүлдөп  чыккан ыраазычылыктары Эгесине жетип жаткандыгы үчүн. Болбосо, ааламды бол деп болтуруп койгон Жараткан үчүн, жерди бир силкип коюш көз ирмемдир...

Оо, Сүйүү,
Бир көрүп, көкүрөккө түйүп алдым.
Жолума чийме кылып чийип алдым.

Оо, Ыйман,
Башыма  таажы кылып кийип алдым.
Өзүңдү - өзөк кылып,  кирип алдым.

Оо, Жалган,
Кесертип, элес кылып  илип алдым.
Кекейтпей, кемтигиңди билип алдым.

Оо, Нур,
Өмүрүңдү өзүмдөн  бийик алдым.
Жүрөгүмө жүрөгүң  сүйүп алдым.

Оо, Азгырык,
Келберсиген кебетеңен бүлүк алдым.
Кеткин дедим, сен кайра күйүк алдың.

Оо, Ак,
Көздөрүңөн  өчпөгөн билик алдым.
Акбоз өңдүү аргымак  күлүк алдым.

Оо, Напси,
Кенен оозуң орозо менен бастым.
Келбе мага. Жарышпайм. Оздум. Аштым...

*     *     *

Балким кайрык, кезеңдерде кылактады.
Суудан суюк, суюлуп, булактады.
Шараптары шарактап, кыйкырганда
Шаңшыгандан тунгандыр кулактарым.

Жети катар жерге мен бүттүм дедим.
Жети асманды жеңилбей күттүм дедим,
Чагылгандай  жарк этээр  жарык менен
Чаңкап турган будүнүйө түштүм  дедим...

Дедим. Дедим. Дегенге күлбөйт элем.
Эч ким эмес экеним билбейт элем...
Тагдыр жазган Даанышман таанытты Өзүн,
Тааныбасам, өмүрдү  ким дейт элем...

*     *     *

Балдарым шаардык болуп эс тартышты. Ошондон улам алар түшүнө тургандай жөнөкөй тил менен жазылган акыл-кебимди принтерден чыгарып көрүнөө жерлерге илип коём.

“Улуу кишини көрсөң,тааныбасаң да саламдаш”, “Жаман сөз сүйлөбө”, “Жаман ой ойлобо”,”Жаман нерсени караба, жугуп калат”,  “Өлүмдү эстеп жүр”, “Кудай де, эне дайыма жаныңда болбойт, бирок, Кудай болот”, “Убакытты бекер коротпо. Ал бат эле өтүп кетет”, “Кырсык болгон жерде буюмдар чачылып жатса да алба, балекет кошо келет”, “Бирөөнүн бир тыйынын жебе, көкүрөгүң сокур болуп калат”, “Кудайды эстөө - жүрөктү жоготпойт. Жүрөк  жоголбосо - ички саякатың жоголбойт. Ички саякатың бар экен, сен адамсың, акынсың, сүрөтчүсүң”,  “Эч качан калп айтпа”,  – ушул сөздөр. 

Кечээ кичине уулум Шер айтат,  “Жолдо тайнеме окшош картаң апа кетип баратыптыр, “жакшысызбы апа”, -деп учурашсам, күлүп: “Ии айланайын, жакшы бала экенсиң”, - деди дейт. Мен айттым: “Сен бирөөнү ыраазы кылсаң анын өмүр бою топтогон сооп, жакшылык иштеринин ооматы сага да оойт. Ошондо сенин келечегиң  кең болот. Бирөөнү нааразы кылсаң жарыгыңды жоготосуң. Жамандыкка да жакшылык менен жооп бер. Ыймандын биринчи тепкичи - Ата-Журтту сүйүү. Мекенине ак кызмат кылуу. Эл уулу бол, уулум...”

Арка-бел агаң болсун.
Таянган тагаң болсун.
Ишиңди улап калган,
Артыңда балаң болсун.

Ашаарың дабан болсун.
Аппак жол саган болсун.
Сен сүзгөн кеме чөкпөс,
Селт этпес заман болсун.

Ар-намыс - чебиң болсун.
Оозуңда - кебиң болсун.
“Ыймандуу, чынчыл”- деген,
Жүрөктө - кениң болсун.

Сүйөнгөн жериң болсун.
Сүйүнгөн элиң болсун.
Дөөлөттүү урпактарың
Сөөлөттүү тегиң болсун...

*     *     *

Курган жүрөк жерде калып кетпе деп,
Миң-миң кушка күндө тытып, жем кылдым.
Үзүмдөрү чымчыктарга уя, күү,
Уя, күүнү, Күн дооруна  тең кылдым...

Акак сүйүүм жерде калып кетпе деп,
Актыгына кең асманды бел кылдым.
Чеги болсо ааламыңдын, кадамдын
Чексиз сүйүүм, бир Кудайга тең кылдым...

Кушту көрсөң, жан көрбөсөң үлпүлдөк,
Эй достум, эй, карабай  кой кептерим.
Карек көрбөй, кагаз көрсөң жаны жок,
Эй достум, эй, кармабай кой дептерим....

Курган жүрөк жерде калып кетпе деп,
Миң-миң кушка күндө тытып, жем кылдым.
Үзүмдөрү чымчыктарга уя, күү,
Уя, күүнү, Күн дооруна  тең кылдым...

P. S. «XXI кылымдагы кыргыз адабияты» конкурсунунун жыйынтыгы боюнча береги шилтемеден>>>>>> толук маалымат аласыз. О.э. жалпы катышуучулардын аты-жөнү, чыгармалары бул шилтемеден>>>>> ачылат...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз