Дейл Карнегиден жашоону өзгөртүүгө аралжы болор жети кеңеш

  • 17.07.2020
  • 4612

Бул дүйнөдө көйгөйсүз жашаган бир да адам болбосо керек. Кедейби же байбы, жалгыз бой жүргөн бойдокпу, же үй-бүлөсү чоң адамбы, жашпы же карганбы, ким болбосун турмушунда түрдүү тоскоолдуктарга тушугат. Жашоо ошонусу менен кызык эмеспи.

Дейл Карнеги бизге өзүң менен кантип гармонияда жашап, кантип каалаган максаттарга жетип, адамдар менен жакшы мамиле түзүүгө өз кеңештерин берет. Төмөндө улуу психолог, жазуучу жана жөн гана акылман адамдын кыска айтылган санат сөздөрү сунушталды. Бул акылман кеңештер бүгүнкү кыйын кырдаалда сиздин турмушуңуздагы жакшы өзгөрүүлөргө себеп болот деп ишенем. Элибизге келген апааттан аман-эсен чыгып кетели! Оорубагыла! Ден-соолукта болуп, билимиңерди тереңдетип, көйгөйүңөрдү чече билгиле!

Абийрбек АБЫКАЕВ

1. «Эгерде тагдыр сага лимон тартууласа, сен андан лимонад жаса».

Туура да ээ? Эгерде көйгөй пайда болсо, эң негизгиси – андан тажырыйба топтоп чыгуу. Бул – биринчиден, мындай көйгөйдүн экинчи жолу кайталанышына жол бербейт, экинчиден, баа жеткиз турмуштук сабак болот.

2. «Эгерде адамдарды өзгөрткүң келсе — өзүңдөн башта. Бул пайдалуурак жана коопсуз»

Айланаңдагы адамдарды өзгөртөм дегениң болбогон кеп. Адам өзү каалаганда гана өзгөрүлөт. Эч кимди зордуктап өзгөртө албайсың. Жашооң эмнегедир сен каалагандай болбой жатса, демек бир нерсени сөзсүз өзгөртүш керек. Биринчи кезекте өзүңдү сырттан, башка бирөөнүн көзү менен кара. Өзүңдүн кыймыл-аракетиңе, ой жүгүртүүңө кичинекей өзгөртүү киргизе алсаң, ал чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы.

3. «Биздин бактысыздыгыбыздын сыры, биз бактылуубузбу же бактысызбызбы деп ойлонууга убактыбыздын аябай кенендигинде».

Колу бошобогон адам, өзү кандай бактысыз экендиги тууралуу ойлонууга убактысы да болбойт. Эгерде ошондой ойлор пайда болуп, өзүңдү өзүң аяп, жинди боло баштасаң бир пайдалуу иш кылганга аракет кыл.

4. «Чабуул койгон душманыңдан коркпо, жасакерденген досторуңдан сак бол».

Биз досторубуз аркабыздан келип чабат, же жата калып бутуңдан чалат деп эч качан ойлобойбуз. Көбүнчө душмандар жакты абай салып турабыз. А бул жашоодо достордун алдап, сатып кетерин көрүп жатпайбызбы. Досторуңа ишен, бирок сактыгыңды жоготпо. Достор да ар кандай болушат. Турмуш сыноолорун бирге көрүп, чоң сыноодон сынбай өткөндөрү бар, келкелиң келип турганда кошомат кылып, жаныңан чыкпай чарк айланып, башыңдан бак тайганда ит менен издесең да таптырбай кетишкендери да бар. Кээ бир акмактар убагында билип алган купуя сырыңды ачып абийириңди айрандай төгүп, кечээги кылган жакшылыгыңа, жамандык менен жооп беришет. Мына ошолордон кудай сактасын!

5. «Ким өмүрүндө таарындыны таарып көрдү эле? Албетте, таарындыны эч ким таарый албайт. Ал өзү таарылып бүткөн. Өткөн нерселер деле ошол сыяктуу. Өткөн ишке өкүнө баштаганда, сиз таарындыны таарууга аракет кылып жаткан болосуз»

Аябагандай акылман жана туура салыштыруу экен. Өткөндү кайра аңтарып, кетирген каталарың үчүн өзүңдү жазалай бергенден майнап чыкпайт. Жөн гана жыйынтык чыгарып, ал каталарды кайталабаска аракет кылып, алдыга жыл.

6. «Биз терезебиздин түбүндө өсүп турган розадан албаган рахатты, кайдагы бир бейиш багында өскөн розалардан издейбиз».

Адамдар кээде башында турган бакытты сезишпейт, колдо бар нерсенин баркына жете алышпайт. Ой жеткен менен кол жетпеген нерселерди ойлоп, жатып алып кыялдана берсең, жашоонун рахатын кайдан сезмек элең?

7. «Адамдар өздөрү каалагандарын эмес, бергендерине жараша алышат».

Өзүңдөн баштоо керек. Адам бермейинче, ала албайт. Бирөөгө жакшылык кылсаң гана жакшылык көрөсүң. Бул өз тажырыйбаң аркылуу келе турган турмуш чындыгы. Өзүңөр байкап көргүлө, ошондо гана жашооңор андай өзгөргөнүн көрө аласыңар.

Балким, бул ойлор бирөөлөргө өтө жөнөкөй, болбогон нерсе катары көрүнүшү мүмкүн, бирок кээде бир нерсеге шыктаныш үчүн ушул сыяктуу жөнөкөй эле сөздөр түрткү берерин унутпагыла.

Баарыңарга ийгилик жылоолосун жана алдыңардан тоскоолдуктар аз кезиксин!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз