Аман Токтогулов: Уолт Уитмен

  • 22.07.2020
  • 4785

Бүгүнкү күндө: «Уолт Уитмен — Америка поэзиясынын тарыхынын жаңы доорун ачкан» десе, адабияттан толук кабары бар идиректүү окуучуга жаңылык деле болбойт. А өз мезгилинде...

... 1855-жылы Нью-Йорктун чөйрөсү «Чөп жалбырактары» деген жука китепти окушуп, төбө чачтары тик турду. Китептин сыртында же автордун аты жок. Ичиндеги бир ырындагы:

— Мен Уолт Уитмен, курч кестиктей америкалыкмын, жана мага батып турат бүт Аалам,— деген гана бир саптан китеп кимдики экендигин баамдашка болот.

Американын адабий «билермандары» китепти тепкиге алып жатып калышты. Жазылган сындарда бу китепче жөнүндө «сандырактык, ала өпкөлүк, ач кыйкырык, куу сүрөөн» сыяктуу сөздөр марттык менен колдонулуп жатты. А тургай ошо кездеги беделдүү сынчы делген Руфус Гризуолд басма бетинде: «Чөп жалбырактарындагы» ырларды чогултулган кык катары эсептеп, авторду «чочко» деп айтууга чейин оозу барды.

Белгилүү жазуучуларга белек кылып берген китептери автордун өзүнө кайтарылып жатты. Атактуу акын Жон Уитьердин кыжыры кайнап, китепти отко ыргытып жиберди. Ушул кезде кимдир-бирөө туруп: «Урматтуу адабият тегерегинде жүргөндөр, силер кимди сөгүп жатасыңар, токтогула, бул китептин автору америка поэзиясынын биздин заман төрөгөн генийи, келечекте ал которулбаган тил калбайт, Нью-Йоркто силер ага эстелик тургузуп жүрбөгүлө!» — десе, албетте, кадырлуу господиндер жерге түкүрүшмөк.

«Чөп жалбырактары» жарык көрөт беле, көрбөйт беле, анткени тилге шыр кетпеген, уйкаштыктын дайны жок, ойлору да кандайдыр табышмактуу мындай ырларды жарыялоодон сокур тыйын пайда болбосун пайдакеч басма ээлери кантип билбесин?! Алар мунун авторунан жаа бою качышкан. Оңдой берди болуп, Уолт Уитмендин башта арип терүүчү болуп иштегенинин бир пайдасы тиет да, кайсы бир тааныш адамдын кичинекей басмаканасында китебин өз колу менен терип, бар болгону 800 нускасын өзү басып чыгарып алат.

800 китебине сегиз ооз жылуу кеп укпай, адабий чөйрөнүн тепкисинде калган бул автор 1819-жылы 31-майда Нью-Йорк штатынын калкы сейрек бир поселогунда төрөлгөн экен. Ал кезде Америкада бош жерден көп неме жок экен да, ким кааласа, жер ээлеп, чарба күтүүгө мүмкүнчүлүк болуптур. Уитмендин атасы да ошондой фермерлерден болгон. Уитмен 11 жашка чейин жергиликтүү мектепте окуйт. Окууда жакшы болуп, ортодо жүрөт. Анан үйдөгүлөрү окуусун таштаттырат да, ар кандай акы таба турган иштерге салып коёт. Элден мурун бир ата-бала адвокаттарга чабарман болуп жүрөт. Бир сырдуу, шашпаган, жай кыймылдаган бул баланын мындай жумушка деле ылайыгы жок эле. Бирок кожоюндары түзүк немелер окшойт, Уолтту китепканага көбүрөөк тартышып, бала түптүз эле Вальтер Скотту, Куперди, «Миң бир түндөрдү» окуп кирет.

Анан дагы бир жерге чабарман болуп, андан кийин басмаканада арип терүүчүлүктү үйрөнөт. Уолттун жаш Кездеги жылдары Горькийдин «университеттерин» эске салып кетет. Басмакананы таштап, кийин мугалим болуп да иштейт. 1938-жылы Уолт Уитмен, жолдош-жоролору жардам берип жатып, күнүгө чыга турган бир кичинекей газета уюштурат. Редактору өзү. Бир өзгөчөлүгү — адабий кызматчысы да, кабарчысы да, арип терүүчүсү да, анан атка минип алып, жазылгандарга жеткирүүчү почтальон да өзү. Бирок бул жылдарын кийин ал абдан сагынуу менен эстеп, ыраазы болучу экен. Кыязы, бул иште өзүн эркин сезип, журналисттик, чыгармачылык багытына,, өзүнө бир топ өбөлгөлөрдү түзгөн окшойт.

Уолт Уитмен 11—12 жашынан эле жаза баштаган экен. Анын жаш кезиндеги ырларында (17—18 жаштарда) эле улуу башталыштар жатат деп айтууга эч ким даабас, ошентсе да ошол мезгилдеги чыгармаларында Америка, Англия акындарын (өзгөчө Байронду) чыгармачылык үйрөнүүгө жасалган кадамдар, оптимисттик интонацияга умтулуу бар. Кантсе да ырларын атактуу акындарды туурап, белгилүү нуктар боюнча жазган. Ага романтикалык багыт, гумандуулук илебин берген америкалык мыкты акындар, жазуучулар Эдгар По, Генри Торо, Мелвилл ж. б. болгон. Өз мезгилинде Уитмен алкоголго каршы (заказ боюнча) роман да жазып, анысы көркөмдүк жагынан айтаарлык эле начар чыккан экен. Мындан тышкары газета үчүн очерктер, макалаларды жазып турган. Ал эми поэзияда отуздан өткөндөн кийин ыр жазуусу сейректеп, барып-барып дымып калат. Бул Уитмендин же нымтырап, көрөңгүсү соолуп, поэзияда өчүп баратышы, же кандайдыр жаңы күч, жапаан кудурет өзүнө шек берип, жан дүйнөсүндө жандуу козголуштар болуп, улуу ойлор, улуу идеялар кан тамырларында ысык лавадай каршы-терши агып, жүрөк алдыртадан бир учурду күтүп калган мезгил эле. Эгер андай болсо, бул жан дүйнөсүнүн вулканы болмок!

Капыстан вулкан атылды! Кулакка чоочун, «одуракай», көнүмүш уйкаштардын изи да жок, ыргагы да окуганды «мүдүрүлткөн», көзгө орой, таптаза башкача ырлар болуп атылды. Муну эч ким күткөн эмес. Уитмен отуз алты жашында кайра төрөлдү.

Акындын ондогон биографтарын чаташтырып, ары жагы табышмактанып турган нерсе да ушул. Анан калса Уитмен өзү да: «...Эсимде. Жайдын ачык таңы болучу. Көк тулаңда жатат элем. Аңгыча эле көктөн түшкөндөй болуп, ушундай бир жымжырттык, бейкуттук сезими менен ушундай бир бүт баарына акылым жете тургансыган касиет менин айланама жайылды да калды» — деп, бир сырдын башын кылтыйтып кетиптир («ач, балам, оозуңду» деп бир ак сакалчан чал оозума кум куюп кетти, ойгонсом эле «Манас» айткым келип калыптыр» — дегендей кеп). Ал эми маалыматтарга караганда минтип адашкан биографтар аз эмес окшойт.

Биздеги болгон изилдөөлөргө таянып, кыска болсо да Уитмендин атактуу «Чөп жалбырактарынын» айрым өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетели.

Бул ыр китебиндеги негизги багыттын, китепти жазуудагы адабий программанын Уитмендин өзүнүн өмүрү менен сөзсүз тыгыз байланышы бар. Китептеги борбордук нерсенин бири — Демократия. Уитмендин түшүнүгү боюнча демократия — доорлордон доорлорго чейин эч качан, эч бир жерде үзүлбөй уланып, жаңыланып, улам толукшуп, күчүнө толуп, түбөлүк жашоо гимнин алып келе жаткан бүткүл элдердин, бүткүл муундардын, адамзаттын улуу агымы.

Уитмендин поэзиясындагы Демократиянын улуулугу — коммунизмдин, коллективдүүлүктүн, биримдүүлүктүн жана тең укуктуулуктун касиеттерин боюна сиңирип алганында. Уолт Уитмен — космостук акын! Парадоксалдуу угулабы? Жок. Космосту жазуу — ал сөзсүз ракетага олтуруп, учуп калуу эмес, бул баарынан мурун адамзаттын ааламга, жылдыздар дүйнөсүнө, планеталарга карата мамилеси, өсүп-өнүгүүдөгү өзүнүн ааламдагы ордуна ой жүгүртүүсү. Бул багыттан алганда Уитменде дүйнөлүк кыйла даңктуу акындардан айырмаланган өзгөчөлүк бар. Ал баарыдан мурда Мезгил жана Мейкиндикти, Адамды ааламдын кеңдигинде карайт.

Ал үчүн адамзат деген улуу агым бар. Айталы, Айдарбек деген жеке, жалгыз адам ал үчүн жок. Эгерде Уитмен жеке адамды айтып жаткан болсо, демек, ал баары бир, тамчыдан күндү көргөндөй, андан бүтүндөй Демократияны көрөт. Ал эми демократиянын өзү да качан болбосун, космостун фонунда каралат. Уитмендин «Мени» — адамзат.

Кыйналган аалам, кыйлага жаратуу
үчүн бир мени...
Айлампадай сан дүйнөлөр куюну
даярдашкан бешигимди...
Жылдыздар өзү бошотуп берген орунду...
Түйүлдүгүм кылымдар жатты эринбей...

Түбөлүк өсүп-өнүгүү, жаңылануу жердеги турмуштун кулачын космоско серперин жана анын өзү да өнүгүүнүн кандайдыр бир звеносу экенин Уитмен мындан 100 жыл мурун эле айткан!

Бүгүн мен таң алдында дөң башына
чыктым да,
Тиктедим жылдыздар чачылган асманды,
Айттым анан жан дүйнөмө:
Биз мына ушул аалам шарларына
жетип, анан рахатын көрүп,
Анын илим-билимин үйрөнүп бүтсөк,
биз үчүн жетиштүү болор беле?
Анда айтат менин жан дүйнөм:
Жок, бул биз үчүн арзыбайт,
Биз алардан жандап өтүп, дагы нары барабыз.

Уолт Уитмен мына ушул масштабдуу, жалпы адамзаттык ойлорун кагазга түшүрүү үчүн өз мезгилиндеги булбул менен розага толгон, жумшак, элпек уйкаштыкка сиңип, үлбүрөгөн, аристократтык турмушка шайкеш келген назик ырлардын кудуретсиздик кылаарын сезген. Бул үчүн ал толук кандуу, өзү жазган карапайым жумушчулардай, матростордой арымды кең алган, оргу-баргы, океан толкундары сындуу (Демократияны, адамзатты океан, ар бир адам бир тамчы деп караган жери бар) ритмдеги ыр формасын атайы киргизген, көнүмүш табити бир калыпка ыктап көнүп калган адабий чөйрөгө бул чыгармалардын өз учурунда жетпегени да закон ченемдүү эле. Уитмен ага караган жок. Анткени ал ырларын башка акындардай тиричиликтин мүнөттүк картинасына байлап салган эмес.

Ал Адамзат менен Мезгил, Мейкиндиктин ортосундагы, адамзаттын өзүнүн улуу агымындагы жаратылыштык ич ара байланыштарды жүрөгү аркылуу өткөрүшү керек эле. Бирок Уитменге караманча «жок» жерден бул форма кайдан чыксын? «Менин Уитменим» деген китебинде К.Чуковский бул жөнүндө мындай дейт: «Өз стилинин көп жактарын ал байыркы чыгыштын адабиятынан, көбүн эсе Библиянын сөз тизмектеринен алганы белгилүү болду». Ал эми Уолт Уитменди окуган ар бир киши анын ырларында уйкаштык сакталбаганы менен анын функциясын ички үндөштүк, синонимдик жана антитезалык параллелизмдер, сөздөрдүн кайталанышы менен түзүлгөн ыргактуулук сыяктуу каражаттар бөлүшүп алганын оңой эле сезсе болот.

Демек, «Чөп жалбырактарынын» өз убагында катуу сындалышына ошол кездин артта калган эстетикалык көз карашы көбүрөк күнөө көтөрөт.

Уитмен 1892-жылы дүйнөдөн кайткан. Өмүрүнүн акыркы жылдары өтө кыйын абалда болгон. Маалыматтарга караганда ал таптакыр үйлөнгөн эмес. 10 жылча бир ыптасын бүтүндөй алган шал оорусунан жапа чегип, 1890-жылы абалы оордогондо, өзү турган Кемденден алыс эмес дөбөдөн мүрзө даярдатып, граниттен эстелик ташка заказ кылат. Ага өзүнүн атын чектирип, ошо менен сыркоолоп, акыркы мүнөтүн күтүп, эки жыл жаткан экен.

Уитмендин ырларынын башка тилге которулушунда сөзсүз кезикпей койбой турган кыйынчылыктар туурасында орустун көп эле адабиятчылары айтып жүрөт. Бул пикирлердин анын ырларынын кыргызча котормосуна да тиешеси бар.

P.S. Бул макала Аман Токтогуловдун “Таберик” аттуу көзү өткөндөн кийин жарыланган китебинен алынды (Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек – 1997).

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз