Шайлоо такмазалары - 1

  • 28.08.2020
  • 4034

Шайлоо менен үйлөнүү тоюнун эмне жалпылыгы бар?

Жыйынтык алдын ала белгилүү, бирок макулдук алыш керек, салтты да сакташ кажет.

*     *     *

Кыргызстанда шайлоочулардын добушун саноочу жаңы механизм ойлоп табылды, мындан улам шайлоочулардын таптакыр кереги жок болуп калды.

*     *     *

Бир гана шайлоодо 18 жашка чейинкилер киргизилбейт деген эреже сакталат, ал тургай бул эреже бузулса телевизордон көргөзүлөт.

*     *     *

— Кийинки шайлоодо мен гречка үчүн добуш бербейм.

— А эмне үчүн добуш бересиң?

— Билбейм азырынча, бирок эт кошулган тамак болсо жакшы болот эле.

*     *     *

— Шайлоого барасыңбы?

— Албетте барам, гречка түгөндү да.

*     *     *

Башында шайлоонун жыйынтыгына адамдар бир ай бою күлүп жүрүшөт, мындан соң беш жыл бою шайлоонун жыйынтыгы шайлоочуларды шылдыңдайт.

*     *     *

Ар бир шайлоодо мурунку шайлоонун бюллетендерин пайдаланса акча жакшы үнөмдөлөт.

*     *     *

Кудая тобо, шайлоо эки тур менен өтчү өлкөлөр бар тура, ал тургай анын биринчисинде аракеттеги президент утулушу мүмкүн экен.

*     *     *

— Аракеч!

— Сойку!

— Маскарапоз!

- Урматтуу көрүүчүлөр, ушуну менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин дебатын аяктайбыз.

*     *     *

Эгер 1-апрелде шайлоо жыйынтыгын чыгарышса, бул майрам абдан сонун көркүнө чыкмак!

*     *     *

Кыргызстанда Орусиядагыдай болуп келечекти болжош кыйын болуп калды. Мисалы, парламенттик шайлоого бир гана ай калды, бирок эмдигиче шайлоодо кайсы партия утаары белгисиз.

*     *     *

Шайлоо ашканадагы меню сыяктуу – тандоо бар, бирок ал алдын ала даярдалган план боюнча гана.

Интернеттен алып кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз