Тоголок Молдо: Куштардын аңгемеси

1.

Сөз айтамын билдирип,
Уккандарды күлдүрүп.
Айткан сөздүн аягын
Жегичтерге тийдирип.
Өткөн заман өзүндө
Күйгөн сөз кетпейт эсимде.
Баары куштун жоругу
Мааниси болот сөзүндө.
Куш экиге бөлүнөт,
Ирээти менен келинет.
Жол-жобосу айтылып,
Анык көзгө көрүнөт.
Бирин айтат боз куш деп,
Бирин айтат суу куш деп,
Боз кушунан сөз келет:
- Кысылды биздин турмуш,— деп.
Булбул сайрап кеп айтат,
Кеп айтканда бек айтат:
- Кеңеш кылып кеп салам,
Кебимди ук журтум,— деп айтат.
Жыргап жаткан суу кушу.
Көлгө барып ойноду.
Суудан болду коргону,
Буга эч жамандык болбоду.
Кырсык бизди торгоду,
Жырткычтар бизди койбоду.
Четке чыккан жан болсо,
Бири да аман болбоду.
Жагалмай менен турумтай,
Чакмак алып ойноду.
Кыргый деген кыйратып,
Кыйла чынчык сойлоду.
Өрттөнгөн кыргый өксөтүп,
Өмүрүнчө тойбоду.
Ушул турган боз кушка
Убал жок деп ойлоду.
Ителги менен ылаачын
Канча жанды кыйратты.
Катын менен баланы
Кан какшатып ыйлатты.
Карчыга деген кушу бар,
Кадиксиз мерген ушу бар.
Калктын баарын кыйратып,
Каныңды төккөн ушулар.
Бүркүт деген зору бар,
Биз үчүн жайган тору бар.
Азабы көп боз куштун
Арылбай турган шору бар.
Таз кара менен жору бар,
Ал дагы бизге душмандар.
Баары боз куш баш коштуң,
Ынтымактуу болуңар.
Көк жору менен ак жору,
Көрүнөө бизге зордукчу,
Четинен серпип жеп кетет,
Мындан да көрдүк кордукту.
Ак сары менен бөктөргү,
Аңдыганы балапан.
Аман-эсен төл кирбей,
Кырылды мындан кыйла жан.
Бүркүттөн зору буудайык,
Күн көрбөй мындан куурадык.
Кулак угуп көз көргөн
Ушул иш кимге ылайык?
Куш төрөсүн туйгун дейт,
Туйгундан кийин тунжур дейт.
Атак берип өзүнө
Катылсаң бизге курдуң дейт.
Ителгинин улугун
Илеси артык шумкар дейт.
Кыргыйдын зорун шумпай дейт,
Турумтай зорун кумпай дейт.
Ылаачын чоңун баарчын дейт,
Баарчын төксө каарын дейт.
Тумшугу жок боз кушу,
Аман калбайт жаның — дейт,
Акпай койбойт каның дейт.
Четтен келсе кыйратат,
Карчыга деген залим дейт.
Күйкөнүн чоңу таканак,
Аңдып жүрөт бакалап.
Акырын жүрүп жеп кетет,
Ал дагы бизди такалап,
Тоодон жеди уларды,
Тоздуруп койду буларды.
Каргашалуу бүркүттөн
Кара жан тынчып турабы.
Боздон жеди тоодакты,
Боздотуп кырды оолакты.
Кара боор кекилик,
Кача албай жүрөт бекинип...
Карчыга жүрөт сактанып,
Үкүгө жүрөт актанып.
Карчыганы балам деп,

Үкү жүрөт мактанып.
Карчыга коркот үкүнүн
Балбылдаган көзүнөн.
Үкүнүн сырын уксам дейт,
Айттырып көрүп сөзүнөн.
Карчыга туруп кеп айтат,
Кеп айтканда көп айтат:
- Калтырбай сырың айтып бер
Кайратың кандай? — деп айтат..
Каңшардуу мурдуң порумдуу,
Көрбөдүм мындай сонунду.
Үү деген үнүң баспайсың,
Жумган көзүң ачпайсың.
Кайратың кабат көрүнөт,
Жандан коркуп качпайсың...
Сыпатың көрктүү балбандай,
Тырмагың болот канжардай.
Сырыңды ата, угайын
Айтып берчи калтырбай...
Анда үкү сыр айтат,
Анык сырын чын айтат.
Үксүйүп туруп үкү акең
Карчыгага муну айтат:
- Үкү акеңде дарман жок,
Үү деген үнү болбосо.
Үксүйгөн жүнү болбосо...
Үкүнүн сырын уккан соң,
Карчыга карап турабы?..
Тойбогурдун тукуму
«Тойдум» — деп тоопук кылабы?...
Карчыга басып үкүнүн,
Оюп кирди төшүнөн.
Үкү акеңден сөз келет.
Угуп байка сөзүнөн.
Үкү аке анда кеп айтат,
Өткөрүп сөзүн эми айтат:
- Бала эмес экен балакет,
Башымды жутту,— деп айтат.
Канатың кайкы тууганда, ботом,
Кан менен бутуң жууганда, ботом,
Тумшугуң ийри тууганда, ботом,
Түңүлдүм эле карлыгач, ботом.
Ак сүтүмдү кечпеймин, ботом,
Тилегиңе жетпейсиң, ботом.
Үкүнүн арка жагынан
Кеңешин кылып жаңыдан,
Бөдөнө, чил бөлүндү.
Күзгү салкын болгондо,
Кыйратат келсе кыргый деп,
Ойлоп жүрөт өлүмдү.
Кыргоол жүрөт токойдо,
Кара башын катынып.
Мунун да арбын шору бар,
Карчыгадан жашынып.
Торгой менен булбулду
Тоздуруп салды кургурду.
Жандын баарын бүлдүрүп,
Жамандык кылса бул кылды,
Каргашалуу карчыга,
Канча жанды тындырды.
Сасык үпү, күкүктү
Айдап жүрүп үркүттү.
Тамтыгыңды кетирип,
Таалайыңды туздап сүрсүттү.
Чабалакей, карлыгач,
Учуп жүрөт зыпылдап.
Кооп кылып булар да,
Коркуп жүрөт кыпылдап.
Алар да аман калган жок,
Арзан бүлүк салган жок.
Булбул чечен сайрады,
Бул сөзүндө жалган жок.

2.

Чымчыктын баары чыркырап
Кулак тунуп чуркурап,
Илбесиндин баарысы
Ыйлап жүрөт буркурап.
Көк моюн таан, көгүчкөн,
Кайра тартпайт өлүштөн.
Ала карга, сагызган,
Араң жүрөт намыстан.
Коңкулдап ыйлап чар келди,
Чардын сөзү шар келди.
Кайрат кылып кайран чар,
Боз кушуна жар берди.
Ала дуңган, көк тамак,
Айтылып өтсүн бир сабак.
Койчу кара, таталбек,
Козголуп өтсүн далай кеп.
Тоодак менен кара кур,
Болуп өткөн нечен чыр.
Боз кушунун күйгөнүн
Баштан аяк угуп тур:
Куркулдай менен короолу,
Бурбай жечү коногу.
Кан ичердин ар канча,
Болуп жатат домогу.
Боз жаркылдан, таранчы
Кыргыектин азыгы.
Эжеке, бээ саа, жарганат,
Эч кимге жок жазыгы.
Жылкычы кучкач жымыйып,
Кубанып турду кымыйып.
Чакылдаган чакчыгай
Күлүп турду муну угуп.
Боз кушу келип болгон соң,
Булбул чечен сайрады,
Баштан аяк уктуруп,
Баарынын көөнүн жайлады.
- Турбайлык мындай чууга, — дейт,
Кылалык кеңеш буга,— дейт.
Кара жанды калкалап,
Кетелик көчүп сууга,—дейт.
Суу кушунун баарысын
Көп жашаган карысын,
Талапка кудай жеткирсе,
Табайын дейт дарысын.
Суунун кушун конокко
Жан калтырбай чакырды.
Башчысы кууну келтирди
Кара кунас баатыры.
Боз куштан суу куш аз келди,
Өрдөк, чүрөк, каз келди.
Жер жарылып чөп чыгып,
Бул мезгилде жаз келди.
Аңыр келди аңкылдап,
Айтып сөзүн даңкылдап.
Анын арка жагынан
Тартар келди такымдап.
Эчки маарак, кашкалдак,
Ызгыч менен ак чардак,
Канаты жаман кара каз,
Көлдүн четин булгаган.
Куунун кылган жарлыгын
Бул дагы эки кылбаган.
Ызгыч келди ырсылдап,
Баарынын арка жагынан.
Боз куш менен суу кушу
Кеңешин кылды абыдан.
Булбул чечен кеп айтат,
Муңун-зарын эми айтат:
- Кел мында, баатыр, куу төрө,
Арзымды уккун,— деп айтат.
Бүлүнгөнү кеп болду,
Бизге кыйын эп болду.
Азапты таштай катырып,
Карчыга бизди жеп койду.
Ынтымакка келсеңер,
Суудан орун берсеңер.
Туугандыктын жөнүнөн
Ушу сөзгө көнсөңөр.
Ийри тумшук, курч тырмак,
Душманыбыз көбөйдү.
Суу болбосо жан калбайт,
Көрсөттү далай өнөрдү.
Суу жалгыз сенин сууңбу,
Көпчүлүктүн суусу дейт.
Кеңешип бизге орун бер,
Суу кушунун куусу— дейт.
Куу туруп анда кеп айтат:

— Кутурбаңар деп айтат:
Аз деп бизди кордобо,
Өзүңдү өзүң зордобо.
Чырпык өзүн талмын дейт,
Чымчык өзүн жанмын дейт.
Каадаланып өзүнчө
Короолу өзүн ханмын дейт.
Булак өзүн көлмүн дейт,
Көл турсун аккан селмин дейт.
Даражасын көтөрүп
Ташбака өзүн элмин дейт.
Үңкүр өзүн үймүн дейт.
Чымын өзүн биймин дейт.
Жаман журтка туш болуп
Чымын жүрөт чыңылдап,
Чиркей жүрөт кыңылдап.
Мунун баары жансынып,
Өз-өзүнө бармын деп.
Кузгун турат карыңар,
Буга кеңеш салыңар.
Суу менен бирлик орунду,
Ынтымак менен алыңар.
Булбул турат чеченден,
Торгой турат эшенден,
Элге-журтка эп айтып,
Куунун сөзү басылды.
Адилдик менен айтты деп,
Калктын чери жазылды.
Кузгунга жалгыз кеп калды,
Карыя кузгун деп калды.
Булбул чечен сайрады,
Калктын жөнүн жайлады,
Айтпаган кеби калбады,
Кебин журту танбады.
Кары кузгун калыс деп,
Калыстыкка алышты.
Кеп-кеңештин баарысын
Карт кузгунга салышты.
Кузгун калды жымыйып,
Кудай мага берди—деп,
Элдин баары ишенип,
Иши мага келди»,— деп.
Булбул турат шаңкылдап,
Кузгун аба, сүйлө — деп.
Бузган, бурган бузуктан,
Качып жүрүп бекинип,
Кара кунас, көк кытан,
Илегилек, чөкө таан,
Кызыталак жырткычтан
Кырылып кетти канча жан.
Белен жеми безбелдек,
Качпаган жеми кашкалдак.
Карап койгон жан барбы,
Биздин башты бек кармап?
Ак сакалың кузгунду
Айдап жүрүп мыш кылды.
Кандайча бизди жаратып,
Бул мээнетке туш кылды?
Көгүчкөн менен бабырган,
Кутулбады жабырдан.
Үкү деген ыйык бар,
Тил билбеген кыйык бар.
Күндүз көзү көрбөгөн,
Өз билгенин бербеген.
Ырысы жок мына ушу.
Ынтымакка көнбөгөн.
Баласын таштап бул үкү,
Карчыганы багыптыр.
Карчыганы асырап,
Бала кылып алыптыр...
Кузгун кирди кеп баштап,
Кеп баштаса деп баштап:
— Миңге чыккан карыңмын,
Улууңармын баарыңын.
Бий болуучу мырзаңдын
Мен билбеймин аныгын.
Анык жерден уктуруп,
Айтып берсем тарыхын.
Турнаны биз бий кылсак,
Жөн жүргөндө чуусу көп.
Кырсык баштан кетпейт ко,
Кууну каалап бий кылсак,
Сууга кетет чөмүлүп.
Жалгыз жанга көрүнбөй
Жатып калат көмүлүп.
Тодакты шайлап бий кылсак,
Бозго кетет бөлүнүп.
Көпчүлүктүн ичине
Бир да келбейт көрүнүп.
Мурду оңколуу сулууча,
Кара жигит ким деген?
Сурадым жөнүн силерден.
Айлыбыз жакын жүрбөгөн,
Ушу кимдин баласы?
Бар сыпатын карачы.
Бир бий болсо бул жигит,
Бий болуучу бала экен.
Сурадым жөнүн силерден.
Мен карыган билбеген
Тааныбаймын шону, — дейт,
Укканым жок сөзүн, —дейт.
Аңдап көрсөм артыкча,
Акыл-эси даана экен.
Аңдап көрчү балдарым,
Айлачыл болор бала экен.
Элге-журтка эп болсо,
Мен бийлеген кеп болсо,
Бий кылсаңар канетет?
Бийлик берип балага
Сый кылсаңар канетет?
Кары кузгун кеп айтты,
Көк ушундай деп айтты.
Өз баласын көрсөтүп,
Өрнөгү бузук кеп айтты...
Теңдикке кузгун келбеди,
Баласын сүйлөп өлбөдү.
Баласынан башканы
Жан ордуна көрбөдү.
Кузгун курсун кеп эмес,
Бул айтканы эп эмес,
Башка кеңеш кылалы,
Жайланып жакшы тыналы.
Кузгун болсо жыйындын
Чыгып калды четине.
Пейли бузук каткан чал,
Баласын кармап бетине
Зордугуна көнбөйбүз,
Залимге орун бербейбиз,
Көпмүн деп бизди кордосоң,
Кепке-сөзгө келбейбиз.
Абалкы кепти өткөрүп,
Армандуу болуп өлбөйбүз.
Айыкпаган чыр турат,
Айтып өлчөөр сыр турат.
Ортобузда талашкан
Бийлик менен суу турат.
Үмүт кылып бийликтен,
Тоодак менен куу турат.
3.

— Сууну сайып башына,
Бийликти коюп кашына,
Ат жарышты салалы,
Армансыз болуп калалы.
Талашпай сууну, бийликти,
Чыкканыбыз алалы,
Учкан куштан тандайлы,
Армандуу болуп калбайлы.
Болом деген боз кушу,
Ушул сөздөн танбайлы,
Булбул чечен шаңкылдап,
Сайрап турду элине.
Эми ишенип кебине
Келтирди ишин жөнүнө.
Суу кушунан тандалып,
Кыл куйрук чыкты камданып.
Боз кушунан кара боор,
Бу да чыкты тандалып.
Чыкканы байге алышка,
Калганы куру калышка.
Карлыгач чыкты калыска,
Айдады атты алыска...
Учкулдугу жанда жок,
Карлыгач атты айдады.
Болжогоп жерге жеткирип,
Кайтарды атты алыстан.
Учкучуңар чыгыңар
Ушу бүгүн жарыштан.
Кайра тарткан жеринде,
Кара боор капылдап,
Жел көтөрүп канатын
Жеткирбеди чыпылдап.
Бул кара боор чыгат деп,
Чыккан сууну жыгат деп,
Кара боор чыкты деп,
Калктын баары угат деп,
Кара боордон калат деп,
Байгени боз куш алат деп,
Суу кушунун убалы
Мойнумда кантип калат деп.
Кыл куйрук шумдук ойлонду,
Кара боорду торгоду:
— Тамак жебей карыштың,
Алыс жерден жарыштың.
Жарышам деп алыстан,
Чаңкап суусап чөлдөдүң,
Учуп жүрүп асманда
Уйку бетин көрбөдүң.
Сен кумга конуп салкында,
Таранып жүнүң жалтылда,
Азыраак конуп дем алып,
Анан учуп шартылда.
Мен көлгө барып коноюн,
Көлдөн жыргап оңоюн,
Талыкпастан таранып,
Тамакка мыктап тоёюн.
Ага чейин артыңдан
Карлыгач келет калыстап.
Карын тойбой карышып,
Каржалып калдык алыстап.
Кыл куйруктун бул сөзү
Кара боорго эп болду.
Алдатып салды куйрукка,
Аңгемелүү кеп болду.
Куйрук конду көлүнө
Чөмүлө турган жерине.
Ойлонбой куйрук шумуна,
Кара боор конду кумуна...
Ашып-шашып кара боор,
Кумда оонап таранды.
Кандай иш кылып жатат деп,
Куйрукту суудан карады.
Караса сууда куйрук жок,
Мындан кыйын шумдук жок.
Көрүнбөстөн бөгүлүп,
Суу түбүнө чүмүптүр.
Какеңди алдап салыптыр,
Эчак кетип калыптыр.
— Алдатып салдым итке—дейт.
Капалык түштү ичке—дейт.
Какайып учуп зыпылдап,
Кара боор барат кыпылдап.
Армандуу болуп калыптыр.
Артынан жетип барыптыр.
Байгеге жакын барганда,
Караса жакын калганда,
Кайраттуу жаны кашайып,
Кубалап жандап калыптыр.
Кара боор калып калды деп,
Калыстар айтып салыптыр.
Бийлик менен сууну бүт,
Суу куштары алыптыр.
Кара боордун калганын
Тоодак айтат арманын:
...Кара боор оңбоссуң,
Кайгырттың биздин жүрөктү,
Карчыга куштан кутултпай,
Канчалык кылдың дүмөктү.
Ат жарыштык арман жок,
Ал сөздө арман калган жок.
Кубанып турган кезиң бул,
Куу төрө бийлик кут болсун.
Боз куш менен суу кушу,
Ынтымак кылып журт болсун!..

Окшош материалдар

Комментарийлер (6)

  • - Исаева Роза Калиловна

    Ооба, бул тема азыркы тонкорушко ундош, аллегориялык чыгарма, мына турмуштук байланыш сабагы

  • - Мубина

    Хабибуллаева Мубина

  • - Мубина

    Хабибуллаева Мубина

  • - Мубина

    Хабибуллаева Мубина

  • - Садыркулова Айпери

    Чышарманын идеясы Кандай

  • - Садыркулова Айпери

    Чышарманын идеясы Кандай

Комментарий калтырыңыз