ЖУСУБАЛИЕВ Кубат: Кубат акенин Кулжанбек аңгемелеринен

k_j

Аңгеме 

3. Рай менен Ырысманбет

Баягы жылы боякта, ушул убакта, ушундай күздүн күнү чөп чаап атабыз, чөп чаап атпайбызбы, чалгы менен, ал убакта чалгы менен чапчубуз. Көкөм, бу киши, менин жанымда отурбайбы. Ырысмамбет, Жумабек, Жумабектин баласы Дөөлөт болуп, Майбулактын алдындагы Чалмада чалынып-малынып чөп чаап атсак, чалгыны такымына бекем басып Рай келип калыптыр. «Эй, мени менен чабышасыңбы?» дейт. «Кана, кимибиз менен чабышасың?» дедим. «Кимиң болсо» дейт. «Сени менен» дейт. Муну кудай урган экен» дедим ичимде. «Мына, Ырысмамбет менен чабыш». «Койчу, Ырысмамбетиңди, Ырысмамбет чабалбайт, кой аныңды, башка менен» дейт. «Ырысмамбеттен калсам өлгөнүм жакшы эмеспи, анда ычкырыма муунуп өлүп калам» дейт. Муну чындап кудай урган экен дедим ичимде. «Эмнеден мелдешесиң?» деп, ары кетип, бери кетип отуруп, бу киши калыс болуп, дагы жанымда күлүп отурат, азыр да күлүп отурбайбы, бир коньяк болду. Кое кал, ал кезде «коммунизм» Хрущев аксакал бизге убадасын берип койгон, АКШны эле кубалап жетсеңер болду деген, биз макул дегенбиз, өлүп калсаң жок, өлбөсөң жетесиң деген да, а биз макул дегенбиз… Рай көндү. Экөө «болуптур» дешти. Мен Райды айттым: «Менде жети чалгы бар, бирин тандап ал». «Болуптур». Ошентип мелдеше кеттик. Анан дагы айттым: «Эй, эми Ырысмамбет болсо кайраганды билбейт, ташка салса, оңдоп алганды билбейт, мен кайрап берип турам, оңдоп берип турам, сеникин да кайрап, сеникин да оңдоп, экөөңкүн тең жасайын» десем, «Атаңдын башы! Тескери кайрап койсоң, э-ээ! Дагы сеникин да деп коет, дебей эле кой, мен өзүм эле кайрап алам, оңдоп алам!» дейт. Болбой койду. «Болуптур» дедим. Болуптурду эми мен айтып калдым. «А мен анда мунукун оңдоп берем, кайрап берем, сайрап берем» деп анан балканы алдым, дөшүнү алдым, кайракты алдым, жөнөп калдык.

 

Экөөнү каракөтөн кармаштырдык. Чыкканы алдыга түшөт. Калганы артына түшөт. Мойну сынган чалгынын сабы бар эле. Ошону кармашты. Кармашта Ырысмамбетим чыкты. Ырысмамбетти алдыга салып, Райды артынан кое бердик… Балка, дөшүмү кармап. Ырысмамбетке болушуп жүрөм, а тиги Рай болсо, «ашык аткан азат, кой кайтарып көтөн жеген озот» болуп төрдө чабан болуп иштейт, жайды жайлата жайлоодо кымыз ичет, а бу байкушум такай чалгы чабат, сары өзөк болуп, эшектей кары, начарырак неме, киргенде эле, бираз узаганда эле чалгысын ташка уруп алды. «Апкел бери, апкел бери!» деп Рай жеткенче чалгыны кайрап койдум. Оңдоп койдум. Кайра салдым. Алдынан ташын терип, «айланайын Ырыс!» деп, «үргүлөйүн Ырыс» деп, «алдыңа кетейин Ырыс! Эпте, чыда, бол, бологөр, садагаң кетейин!» деп жалынып мен кетип баратам. Райдын ташын терип, бу киши, Көкөм кетип баратат… Ошо менен баягы Ырысмамбет байкуш карыган неме эптеп-септеп акактап чыкты. Эптеп жеткизбей алдыга чыкты. Карасам, тилин салып байкушум, шилекейи куюлуп байкушум, таза соолуп калыптыр… аа-а деп эле тилин салаңдатат, тили бир узун экен, жерге тийет!..

Анан эмки сапар Ырысмамбет Райды алдыга түшүрдү. Мен түшүрдүм. А байкушума алды да, арты да баары бир. Рай: «Эй, кичине кое тур, эс алып баралы» дейт. «Атаңдын башы, эс алмай жок, давай кир» дедим. Эс алдырсам, чыгып кеткени турат. Рай кирди. Солго киргенде эле узады. Рай узап кетти. Ырысмамбет, карыган неме, басып да жете турган эмес, анан дагы айлам кетти… «Айланайын Ырыс, садага болоюн Ырыс, бологөр! Жетегөр эле жетегөр! Жеткениңде толорсукка чабагөр!» деп, алдынан ташын терип, ураан айтып мен баратам, «Рай» деп ураан салып, алдынан ташын терип бу киши баратат, Ырысмамбет келесоо чалыш неме байкушум, «чап, чап толоорсукка! Чап, сени келесоо деп доктурдан справка алып берип коем, чап, чап, чап, сени келесоо деп доктурдан справка алып берип коем!» – деп койсом, Рай артына карап калат. Токтоп калат. Анан кайра баштайт. Ошентип атып, аңгыча Ырысмамбет жетип барды. Рай чалгысын ыргытып ийип, солдон чыга качты. «Эмне?» «Бул келесоого толоорсугуму чаптырганы жатасың» дейт. «Жок» дейм. «Чаппайт» дейм. «Түш кайра!» дейм. Болбойт. Таптакыр болбой койду. «Уттурдуңбу?» «Уттурдум».

«Жүр, кеттик». «Мен эртең алып берейин» дейт. «Атаңдын башы эртең аласың, давай азыр ал». Минтип айтпай жаным жокпу… Анан Ак-Кыяга бардык. Карабай дүкөнчү. Бир бөтөлкө 700 кадалык рому бар экен. «Силерге Фидель Кастро жибериптир» деди. Карабай ушинтип айтты, «рахмат» дедик.

Кыйла өкүрүп, жүрбөдүкпү, өлгөн өгүздүкүнө куюп жиберсең, өкүрүп тура качат го. Баягы алып берди. Ромду көтөрүп алып келсек, Көкөмдөр күтүп отурушуптур. Күлүп отурбайбы, бу кишинин эти бар экен, муздак эт экен, аны алып алдыга койдук, кыкеңди жакшы билесиңер, «апкел ыстаканды» деп, курбу бир курбу, курбу таш, куушуп ойнойт өрдөк-каз деген түгөттү алдырып келип, үстөлдүн үстүнө койкойтуп, курбу-курбу кылып коюп туруп, анан «сен ичпейсиң, уттургансың, ары тургун» деп Райды түртүп койдум. Анан беркилерге куюп туруп, бир-бирден колдоруна карматып туруп, курбудан курбу айрылса, куюлат экен көздөн жаш деп туруп, «За здоровье Рысмамбета! За победу Рысмамбета!» деп туруп ичип жибердик. Жети кишибиз. Жетөөбүз көтөрүп жибергенибизде эле… деп Рай өңүлдөп ыйлап атат. «Арбак урган энеңдурайын» дейт. «Сен мени Кулжанбекке басып берип, арбак урсун, арбак урсун сени» дейт. Ыйлап атат. Ырысмамбет Райга кичине тууган сөрөй болот да, анан «Кулжанбектин тили менен менден чыгасың, мени сатасың» деп ыйлап атат…

Басмырлайсың деп ызаланып калды. Арданып калган экен… Жакшы ала барган экем. Жанымда бир бөтөлкө арак бар эле. Күйөө балам келген. Жакшы, үйдөн ала барган экем. «Сен мындан ич» деп баягы арактан ага ичирдим. Кызып калды. «Ушуну жакшы көрөсүң» дейм. «Болуптур» дейм. Болуптурга дагы түштүм… Ырысмамбеттин бети күлүп атып, ыйлагандай болуп калыптыр. Көз жаш менен шилекей. Бир таза жери жок каапырдын, мурдунан да кетиптир, оозунан да кетиптир, көзүнөн да кетиптир, өбөйүн десем чоло жери жок. «Көкө, оозун басып турчу» деп Көкөмө оозун бастырдым, күлүп эле жалаяктай кылып, оозун жаппайт, кудай жалгап, бир гана бетинин оту таза экен, кургак экен издесем, ошеринен өпсөм, Рай «жакшы көрөт экенсиң, чын эле жакшы көрөт экенсиң» деди. Бирок, басылбай койду. Ыйлап басылбай койду…

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ