ЖУСУБАЛИЕВ Кубат: Суу каптаган сарайдын ыры

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ

(Бригадир Кулжанбектин аңгемелеринен)

Жайында Үкөктүн боюндамын. Май-Булакта суу сугарып жүрөм. Шамал болуп атат. Уйгу-туйгу болуп, жата калып, тура калып, мөңкүп тура калып, өркөчтөнгөн деңиздей болгон арпа талааны карап отургам… Кадыркул, Асанкул, Сапар болуп келип калышты. Депутат Асандын үйүн Соң-Көлгө көчүрүп баратышыптыр. Машинага жүктөп алышыптыр. Үчөө келип калышты. Суу байлап чарчап отургам… Эки жол бар. Бири алышты тебелеп өтөт. Бири тебелебей өтөт. Чарылдашып кеттик. «Эй, буерден кечпе, жырып кетесиң, менин оозуму жыргандай болосуң, суу токтобойт, убара болом, суу тиги сарайга кирип кетет» дейм. Болбойт. «Сарайды бузат». Болбойт. «Тиги жолго сал» десем, болбойт. «Твое дело эшачий» дейт. «Эй, эшачий эмес, кой, тиги жолго сал, чарчап отурам байке, араң байладым, суу деген дыйкан болот экен, баатыр болот экен, төртөөбүздөн да баатыр болот экен байкеси, мен жылбаймын, кет, быякка» десем ага да болбой койду. «Твое дело эшачий» дейт. Үчөө кызуурак экен. Теңелбейин деп атам. «Эми сен жырдың, суу сарайды бузат, анан сен эшачий болосуң» деп да көрдүм. Болбойт. Анан «кой» деп жалындым. Эскерттим. Коркуттум. «Твое дело эшачий» дейт. Мен тойдум. «Давай, анда кет» дедим.

Машинасы менен жырып өтүп кетти. Суу «шар-р» этип сарайды каптады. Бирок машина тыгылып, боздоп калды. Мен жүгүрдүм. Дүкөндөн жаңы эле сатып алгам. Анда дүкөндө сатчу эмес беле. Ууга барып жүргөн гек бар эле. Алып келдим. «Атам» дедим. Сапар менен Кадыркул түшө качышты. «Сен айда» дедим. Асанкул айдап баратат. Бир жүз жетимишке коюп туруп басып калдым. Дөңгөлөккө тийиптир. «Тарс» этти. Чочуп кетип, буруп ийди. Тормуз берип ийди. Машинасы тескери карап туруп калды. Асанкул чыга калды. Машинасынын эки жагын карап атат. Минтип карайт. Антип карайт. Дөңгөлөктөрүн карап атат. Тээп-тээп коет. Бутунда тапичка. Коңултак. Согончогу жок. Экөө сарайдын далдоосунда турушат. Мени көрүшпөйт. Аларды мен көрүп турам. Мен Чаңжукпасты минип турам. «Дөңгөлөгүңөр болсо өлдү» дедим. «Эми силерди атам» дедим. Калп эле мээлеп калдым. Экөөнү мээлеп калдым. Жандары чыгып кетти. «Эй, жан соога! Жан соога! Мен байлайын! Сууну мен байлайын!» деп бирөө кыйкырды. «Ат, ат!» деп бирөө кыйкырды. Чаңжукпасты минип мен турам. Түшсөм эле баса калганы турушат. Мылтыкты тартып алып, кылбаганды кылганы турушат.

 

Ары барып, кетменди алып келдим. Бери келип, кетменди ыргыттым. Чаңжукпастын үстүнөн ыргыттым. Баса калганы турушат. Сапар «мен чүйлүк эмесминби, мен байлайын» деди. «Суу байлаганды билем» деди. А Кадыркулдун мурдунун таноосунда муштумдай меңдубанасы бар. Меңдубанасын муштумдай кылып Кадыркулум турат. «Ат, ат!» деп турат. Шамал болуп атат. Уйгу-туйгу болушуп, бир жата калышып, бир тура калышып, арпалар турат. Асанкул чыга калды. «Бир дөңгөлөк үчүн да бир башым жооп берет, үчөөң үчүн да бир башым жооп берет» деп мылтыкты октоп турам. «Кайсыл башың?» деп Асанкул сурап калды. Мен жооп бергенче, «энеңди урайын» деп мени кууп алды. Качтым. Кармап алышса, мени талкалаганы турушат. Майбулактын жонундагы Кемпир-Ташка качып бардым. Чаңжукпас менен качтым. Үчөө жөө барышты.

Кемпир-Таштын кырына отуруп алышты. Акт жазышты. Депутат Асанды Соң-Көлгө көчүрүп баратсак, мас болуп алып бизди дөңгөлөккө атты. Биз Соң-Көлгө баралбай калдык… Сарайга суу кирип атат. «Эми дөңгөлөктөрүңөрдүн баарын атам» дедим. «Милиса чакырам» дедим. «Текшерсин» дедим да, Чаңжукпасты ылдыйга чуу койдум. «Энеңдурайын» деп Асанкул кууп келатат. «Атпа, атпа, атпа» деп тапичкеси келатат. Чуркаганда жылаңач бутундагы коңултак тапичкеси согончогун ургулап, сабалап, «атпалап» үн чыгарып, ырдап келатат! Мен «атам» дейм. Оолугуп коем. Ошентип, оолугуп коем. Атып салат деп коркушуптур. Атпай туруп калдым. «Сүйлөшөлү» дешти. «Бери кел» дешти. «Барбайм» дедим. Мылтыкты чекеме толгогону турушат. Чаңжукпастан түшсөм эле баса калганы турушат. Ат кыкеңдин жаны да. Аттан түшсө эле кыкең адам эмес. Аттан түшпөй турам.

«Жумабектикине баргыла» дедим. Жалгыз үйдү көрсөттүм. «Кенжекан деген катыны бар» дедим. Үчөө аларды таанышпайт. «Мен азыр барам» дедим. Макул болушту. Алар кетти. Мен мылтыкты арпанын арасына тикесинен сайдым. Шамал болуп атат. Уйгу-туйгу болушуп, бир жата калышып, бир тура калып арпалар турат. Анан басып бардым. Чаңжукпасты сарайга асып байладым. Басып бардым. Кирип бардым. Кадыркул шап тура калды. Колумда камчым бар эле. Жулуп алды. Сындырды. Тизесине бир койду эле, кайран камчым эки бөлүнүп жатып калды. Тизең тизе экен дедим ичимден. Мени төшкө бир сүздү. «Өлтүр» деди. Үчөөлөп мени урмак болушту. Кайра басылышты. Дуулдап, дуулдап басылышты. Жумабек жок экен. «Жумабекти көрдүңбү?» «Билбейм». «Буларды атканыңда Жумабек кайда эле?». «Билбейм». Кенжекан менден сурап атпайбы. Шок ооз жаным, «көрсөм аны да атат элем» деп койдум. Десем, «өлүгүңдү көрөйүн, тиригиңди көрөйүн, анда он баланы ким багат эле» деп ыйлап атат, ыйлап атат… Ыйлап атты. Кекибай бизди элдештирди. Эптеп элдештик.

Ошондо, сарайдын терезесине чейин суу келди. Жыгылып калабы деп корктум. Эптеп алып калдым. Ошол сарай азыр да бар. Эптеп аман алып калдым. Таштарын алып, бузуп сууну агызып атам… Шамал болуп атат. Бир жата калышып, бир тура калышып, деңиздей мөңкүп, арпалар мени карап ыргалып турушат…