ЖУСУБАЛИЕВ Кубат: Сыңар эмчек кой

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ 

(Бригадир Кулжанбектин аңгемелеринен) 

20140627_202003Согумга кой издеп калдым. Жазында байлаган семиз кою бар экен. Келдим. «Мага козулуу кой бересиң» деди. «Макул» дедим. Коюн алпарып союп алдым. Жумабек өзү тетирини жакшы көрөт. Оң айтсаң тетири кетет. Тетири айтсаң, оң кетет. Сырын билем. Бир күнү он чакты кой айдап баратам. Үйлөрүнүн алдынан туура өтүп баратам. «Эй!» деп Жумабекти чакырдым. Кенжекан да кошо чыкты. Тескери иш бир башынан кетсе, кете берет. Аягына чейин кете берет. Тескери болуп кете берет экен. Мен бир сыңар эмчек кой алдым эле, ээмп туруп албаптырмын. Айтпай, алдап сатыптыр. Кийин ал да айтат. «Эмчегин ээмп туруп албаптырмын» дейт. Көрсө, ага да бирөө айтпай алдап саткан экен. Түртүп көрсөм, бир эле козусу бар экен. Эгиз болсо бербейт элем. Курсагы чандайган эме болчу. Бир эле козу бар экен. Муну билип алдым. Ушуну берейин дедим. Анан башка коюмду албасын деп, «Эй Жумабек, тетиги ак койдон башкасын ал!» дедим. «Каалаганыңды тандап ал» деп калдым. Сырын билгенмин да. «Аныңды эмне кылайын, аныңды башыма урайынбы» деп калды. «Анымды эмне кыласың, тийбе ага» деп өзүн туурап койдум.

«Атаңдын башы! Мамындай коюмду союп жеп ал ээ!» деп койду. «Башталды» дедим. «Карма ошону!» Таалайбек, Ырысбек, Сапарбай, Сагынбек, кайдасыңар?» – деп балдарын баарын чакырып атат, бербегиле, кармагыла ошону деп. Чандайган ак кой болчу. Кармап алышты. «А эми теңтушсуң» дедим. «Мейли» дедим. Кетип калдым.

 

Бир күнү өтүп баратсам Кенжекан каргап калды. «Ой, өлүгүңдү көрөйүн!» дейт. «Эмне болду?». «Сыңар эмчек турбайбы?». Чыпый, Асан деген эки аксакалдуу киши бар. Ошондо жаныбызда турушкан. Экөөнү тең күбө кылып койгом. «Ата, күбө болгула, бул койду болбой алып алды». Анан «алба дебедим беле?» дедим. Аны кайдан билдим, дагы алба дебедим беле деп коет, атаңдын оозун урайын мени алдап!» дейт. «Эми муну эч кимге айтпай жүр» дешти. «Болуптур» дедим. «Ээмп туруп алып жүр» дедим. Муну өзүмө айттым.

Повур кыз

«Кара-Кужурда повур жок» дедим. «Повур бер» дедим. Саринжиев Жолдошбек деректир. Жибериптир. Келди. «Ким жиберди?» «Саринжиев». «Жалгызсыңбы?». «Жок». «Ким бар?». «Күйөөм бар». А-аа, кудайга шүгүр дедим ичимден. Жаш келин экен. А менде бүт желмогуздар. Эркектер. «Манты жасаганды билесиңби?». «Билем». «Жарма?». «Билем». «Палоо?». «Билем». «Беш бармакты мен билем» дедим. «Экөөбүз тең билерман экенбиз» дедим. «Билем» деп турса кубандым. Кыкеңдин баары сендей билем деп турса оңбойбуз го деп коем ичимден. Жок, жыргайбыз го дейм… Анан башталды. Кой сойдум. Кара-Кужурдун боюна жетелеп барып сойдум. Ичеги-карынын шар сууга тез-тез жууп жиберет деп атам да. Тезирээк бышсын деп атам. «Эркектерди билесиңби?» Мага шек санап карап коет. Түшүнө койдум. “Эркектердин карды ачканда жаны кошо чыгат» дейм. «Тезирээк бышыр» дейм. Мени угуп турат. «Артпайсыңбы?». «Эмнени?» дейт. «Ичеги-карынын» дейм. «Не знаю» дейт. Тили орусча чыга баштады. «Эй, сен билем дебедиң беле» «Билбейм дейм». «Анан келбей койбойсуңбу?» дейм. Эми үйрөтсөм билесиңби» дейм. «Билем» деди.

Үйрөтүп кирдим. «Бул жумур болот» дейм. «Кайтала» дейм. Кайталайт. «Жумуруңа нан тыгылды беле?» «О, жумуруңа тыгылып өлгүр!» дегенди уктуң беле?». «Билем» дейт. «Ошол жумур ушул» дейм. «Билем» дейт. Чыгардым. Кестим. Карынын төктүрдүм. «Момундай артат» дейм. «Момундай баштайт» дейм. Мен ага Юдахин болуп алдым. Ичегинин учун түйдүм. Бир жерден барып чий сындырып келдим. Оодардым. «Мындай оодарат» деп көрсөттүм. «Эми билдиңби?». «Билем». «Билдим» дебейт… «Болуптур» дедим. Дагы болуптурду айтьп калдым. Эртеси дагы кой сойдум. Килейген кочкор сойдум. Киши көп. Дагы мени карап турат. «Забыл» дейт. «Я города жил» дейт.«Эй, забыл болсоң эмне кылайын, кудай урбадыбы!» дейм. Баягы жерден дагы үйрөтүп кирдим…

Жөн жүрбөгөн азилкеч жаным, илгерки бир окуяны эстеп, ичеги-карын жууп, тазалап отурсаң эстейт экенсиң. Илгери бир кыргыз тойго барыптыр. Түн экен. Ачка экен. Тиеше этин таң атканча мүлжүптүр. Дегеле тиши өтпөйт. Таң атканда жарыкка салып караптыр. Буканын чыбыгы экен. Мага окшогон бирөө кылган да. Ушуну эстеп, кочкордукун тазалап, дагы таза тиги келин балага билгизбей, көргөзбөй тазалайм, бир жерге коюп койгон боюнча унутчаак жаным, унутуп калыптырмын. Эшикке чыксам, артыман кошо чыгыптыр. Колуна ошону кармап алыптыр. «Ава. ава, токточу, муну эмне кылайын?» дейт. «Айтып кетпейсизби, муну эмне кылам?» дейт. «Аны кесип ыргытып жибер!» дедим.