ЖУСУБАЛИЕВ Кубат: Кузгундар эли

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ

(Бригадир Кулжанбектин аңгемелеринен) 

getimageБайыркы сөз — байоо сөз. Бул байыркы сөз болсо керек. Биз уккан эмеспиз. Көрүп жүрөбүз. Кузгундарды көрүп, билип жүрөбүз. Сагымбай кузгундарга, бүркүттөргө көп карачу дешет. Эми бир жолу карап отурат. Мүрзөсү жалгыз. Эч ким барбайт. Эч ким мүшайт кылбайт. Жамбашынан шаркырап булак агат. Жаткан жеринен угулуп турат. Бугудай болуп жалгыз, бузулбай турат. Кара Тоодо. Айтса, бардым дебедиңби… Биз барып турабыз. Кыргыздарды ушинтин айтыптыр дегениңен улам эстеп атабыз. Булар бир ажайып куш. Кээде дарылыкка атып алам дейсиң, ок өтпөйт. Тып этип түшүп калат. Канатына тийсе, огуң өтпөй тып этип жерге түшүп калат. Кайсыл гөрдөн чыкканын билбейсиң, лып чыгышат. Лып чогулушат. Лып тарап кетишет. Ит өлдүбү, билип турабыз. Куш өлдүбү, билип турабыз. Чын. Бул биздин куш. Биздин өлүктөбү, тириктеби, аштабы, тойдобу, чогулганыбызды байкап көрсөң, билесиң.

 

Дуулдап, шуулдап, куулдап, күпүйүп турабыз го чиркин, абайлап басып, абайлап карап, асманда баскандай, асманда тургандай, асманда сейилдеп жүргөндөй жүрөбүз, күлөбүз, а караганыбыз жер го чиркин… Кузгундардын баары Кара-Кужурда. Кейпи, булар Кыйаамат Кайымга ушерден аттанышат. Булардын тою ошондо башталат. Булар ошону күтүп жүрүшөт. Биз ыманыскатыбызды жеп бүтөбүз. Анан булар баштайт. Тумшугун боорго малып туруп, «кандай Кулжанбек?» деп кыргызча сурашат. Кыргызча сурашат… Биздин жомогубуз көп. Айтпадыкпы. Жумабек менен Кенжекан кой багат. Кузгун-Төрдүн башында. Жайдын күнү. Тамагы жаман жаныбыз, дагы койчулардан кымыз ичебиз деп, Кузгун-Төргө чыгып баратабыз. Алдыбыздан эле бирөө чуркап келатат. Чачтары асманга кеткен. Көйнөгү жерге кеткен. Алактайт, шалактайт. Ыштанын көтөрүп коет. Жылаңаяк. Ташка уруп алат. Карабайт. Бутун силкип коет. Жакындап келип калды. Колунда кармаган дүрбүсү бар. Саксаңдап келатат. Улам, улам токтой калат. Дүрбү менен бизди карап коет. Анан келди.

Келсе эле Кенжекан. Карасак эле биздин Кекибай. «Ай, эмне?». «Айланайын, айланайындар, тиги кузгундарды карагыла!» деп калды. Биз артыбызды карап калдык. Артыбызда экен. Алдыга карап келатып көрбөппүз. «Эмнеге түшүп атышат, айланайындар?» дейт. Бир карап эле түшүндүк. Кузгундар эмнеге түшүп атканын билдик. «Эмне болду демиш болуп койдук. Буйакты билип алалы деп атпайбызбы. «Баягы Сагынбек, баягы өлүгүңдү көрөйүн Сагынбек, тиригиңди көрөйүн Сагынбек, башыма балээ Сагынбек, күнү-түнү үйгө токтобой букалашта жүрүп, түндө катын качырып келем деп келиптир! Чуу бастысы болот, уу бастысы болот, акча-тегин камдап алалык, кызыбызды бергиле деп келсе, мени кармап бересиңби, тиги-буга десем, өлөмүн деп таарынып кетип, жок. Же асынып өлгөнүн билбейм. Же атынып өлгөнүн билбейм. Атасынын мылтыгын асынып кетиптир. Эртеден бери салам. Карап отурам. Жорулардын баары эле ошол жерге түшүп атышат». дейт.

Күйөөсү мергенчи. Капкан коёт. Суур соёт. «Билбейбиз» демиш болуп койдук. Асманды бербейт. Жерди беришпейт. Кишиге түшүп атабы, билбейбиз. Бакага түшүп атышабы, билбейбиз. Өзүбүз коркуп, мындай бастырып өтүп кеттик деп айталы десек, жүрөгү түшүп калгыдай. Өлүп калгыдай, жөн эле, туюк эле «билбейбиз» демиш болуп койдук. «Айланайын, айланайын, көзүңөр курч, айткылачы, карагылачы!» дейт. «Чыныңарды айткылачы!» дейт. «Ушу силер соо эмессиңер. тайсалдап калдыңар, тайсалдап атасыңар!» дейт. Бакырып, өкүрүп ыйлап кирди. Бизге ыйлап кирди. Ары ойлондук. Бери ойлондук. Чынын айталы дедик. Байкушту бирдеме кылып алабызбы, өлтүрүп алабызбы деп корктук. «Жорулар абышкаң сойгон суурларга түшүп атат» дедик. «Жүр, эми бизге кымыз бер» дедик. Болбойт. «Чын айткыла, оозуңардан айланайындар, дүрбү салсам, жорулар бир эле жерге түшүп атышат. Суур болсо, ар жерге түшпөйт беле, оозуңардан айланайындар, чыныңарды айткыла!» дейт… «Жүр, бизге кымыз бер» дейбиз. «Суусап кеттик» «дейбиз… Кузгундарды карайбыз… Чүйдө 82 разъезд деген жерде Жумабектин агасы жашайт. Сагынбек ошого качып кетиптир. Биз «өлдү» деппиз. Издеп жүрө бериптирбиз… Жиндибиз да. Кузгундардан сурабаптырбыз…