ЖУСУБАЛИЕВ Кубат: Кубат аке: «Даанышмандык деген эмне»– дейт бирөө, «Атаңдын башы» дедим

Жазуучу Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВден экмет

Адабият жазуучуларды тойгузган уй болуп калды.

* * *

Жазма адабиятыбыз болгон эмес деп кейийбиз, а мен кайра жок болуп келгенине кубанам. Мен азыр жазма адабиятыбыз бар деп кейийм. Жазма адабияттын болбогону акылмандык да…

* * *

Эң мыкты, улуу китептер кол менен жазылган. Башкасын айтпайын, Толстой менен Достоевский, Бунинге окшогон жазуучулар кол менен жазышкан. Азыркы дүйнөлүк адабиятты мен акыркы кездерде окубай калдым, алар мага таштандыдай сезилет. Эмнеге дегенде ал чыгармалар калем менен жазылган эмес.

 

* * *

Ой канчалык улуу болбосун, ал практикаланбаса, аткарылбаса, жөн эле куру сөзгө айланат.

* * *

Медитация – кудайга бараткан жолду тазалоочу шыпыргы.

* * *

Эгер жаштайыңан көп нерселерден баш тартып үйрөнсөң, чоң нерселер сени өмүр бою жолдон чыгара албайт.

* * *

“Даанышмандык деген эмне?” – дейт бирөө, “Атаңдын башы” дедим. Муну башкалар да ойлонсун үчүн айттым…

* * *

Мен бир жөнөкөй, улуу нерсеге  түшүндүм: адам болууга аракет кылбаган жан АДАМ болалбайт.

* * *

Адам болуу – бул даңктуу жазуучу  же депутат болуу  деп эсептегендерге АКЫЙКАТ жолобойт.

* * *

Улуу сөздөрдүн оң-тетириси болбойт, төрт тарапка тең. Төрт тарабы кыбыла.

* * *

Кыргыз акын-жазуучулары адам болбой туруп жазуучу болуп алышат.

* * *

Адабиятты таланттуулар эле жаратпайт.

* * *

Толубай бечаранын ыймандык жолу жазуучуларга керек.

* * *

Чыгыштын улуу акылмандары айтат: адам менен дүйнө бир. Демек, менин жеке проблемам – бул дүйнөнүн проблемасы. Мына ушундай болгондо гана искусство да, адабият да өзүнүн адепки маанисине келет.

* * *

Эң бийик деген философтор адамды бул тумандан алып чыга алган жок, туурабы? Демек, эмне кылыш керек? Менимче, кыргыздын эле жолуна түшүш керек, Конфуцийдин жолуна түшүш керек. Кыргыз “Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба” дейт. Саясаттын болобу, философиянын болобу, бир уй байлаган жиби болуш керек.

* * *

Суу акпаса тазаланбайт. Канчалык киргилт, канчалык булганыч болсо да агып турса тазаланып алат.  Акыйкат аккан сууга окшош болгондон кийин, адам да аккан сууга окшош болот… Адам деле, коом деле агып турбаса сасып кетет.

* * *

Бу дүйнөдө адамды куткаруудан өткөн жооптуу, ыйык иш барбы? Менимче, жок.

* * *

Кара басып деле киши өлүп калат. Аны ойгото турган, сактап кала турган жалгыз гана Акыйкат. Бечара адамга башка эч жол жок экен.

* * *

Акыйкат зымдагы ток сыңары, Конфуций сыңары кишилер аркылуу байыркы замандан бери агып келатат.

* * *

Элдик поэзия жерден оргуган булактай. Жеңижок четелдик адабиятты окуган эмес, бирок карагылачы, кандай кудурети күчтүү поэзия! Кандай сулуулук, кандай эргүү!

* * *

“Ат арабыс болсочу,
Жаш карыбас болсочу.
Жаратканың чын болсо
Деги жай-жайына койсочу” — деп Токтогулдун айтканын карагылачы! Жердин астынан оргуп чыккан таза булак эмеспи?..

* * *

Биз жараткандын куурчагыбыз, болгону бизге жан салып койгон.

Жыйнап жүргөн Олжобай ШАКИР