ЖУСУБАЛИЕВ Кубат: Жусубалиев «тойдум ушул цивилизацияңа» дейт

(Маектин уландысы)

– А Платон эмне үчүн айткан анда “Элди философдор башкарыш керек” деп, эл анда да оңолбойбу?

– Коё тур эй, аныңды. Алар айта берет да. Эл өзүнүн абалын түшүнгөндөн кийин гана бир балээ болушу мүмкүн, ага чейин бир жыйынтыкка келбейт. Эл “добровольный бедностко” келгенден кийин гана өзүн өзү коргоп жашайт, ага чейин тарпты айланган кузгундай болуп азыркы абалында жүрө берет самсаалап. Качан гана жакырчылыкка жетип, духовность эмне экенин түшүнгөндө, ошондо барып сен айткан философду президент кылып алышат. Мына, улут ошондо сакталат. Ошондо барып улут өзүнүн үрп-адат жолуна, адабият, маданият жолуна түшөт. Анткени эл деген кудай деген эле сөз. Эл – ыйык, эл – мазар, эл улуу болот, элден өткөн даанышман болбойт. Ошондо барып табиятка жасаган мамиле оңолот. А азыркы тарп талаштырган турмуш элди бир күнү эле эсине келтирип коёт, саясатчы-маясатчыларсыз эле.

 

Ал эми сага окшогон, мага окшогон Актанга (Арым Кубат), Садык (Шер-Нияз) досуңа окшогондордун милдети – искусство, адабиятты жаратыш. Себеби улутту улут катары таанытаар, улуттун улуулугун сактачуулар ушул сыяктуу кембагалдар. Ушул жерден чыныгы искусствонун күчүн Феллининин “Ночи Кабири” аттуу фильминен түшүнсө болот. Фильм өз денесин сатып оокат кылган аял жөнүндө. Ал аял элден чыгып калган бечара. Түнкү кумардан тапкан акчасын чогултуп жүрүп, бир киши менен таанышып калат. Анысы “мен сени сүйүп калдым” деп койсо ишенип калат. Акыры ал эркеги Кабиринин тапкан-терген акчасынын баарын уурдап, качып кетет. Ошонтип фильмдин аягында Римдин көчөлөрүндө чогулган элдин арасында Кабира баратат десең, турмуштун соккусу анын ушунчалык жанына батып турса да, күлүп баратат, бирок көзүндө жаш. Ооба, жаш куюлуп тургандай… Күлгөндө да камерадагы көрүүчүлөрдүн арбирине күлүп бараткандай… Мына, карачы, чыныгы искусство кандай жаралат. Ал жөпжөнөкөй эле, бирок улуу. Фильм ошону менен бүтөт. Щы-щы-щы-щы… вот настоящий искусство. Биздин милдет – элге рухий колдоо берип, рухий тирөөч болуу. Биз Кабирадай каармандардын образы аркылуу эл өзүн өзү түшүнөр искусствону жаратышыбыз керек. Эл ошондо барып эл болуп сакталат, искусствону түшүнгөндө…Өзүн өзү колго алат. Элди арак ичип, самсаалап эле жөн жүрөт деп ойлобо. Эл ошентип самсаалап жүрүп оңолот. Мен буга терең ишенем. Акыры тээ илгерки салт келет, орду ордуна. Ошондо азыркы кабат-кабат кансарайдай үй куруп аткандар мынабул кадимки бозүйдүн чыныгы храм экенин баалайт. Бозүйдө жайы да, кышы да жашай бересиң, өлүп калбай, болбосо кыргыз ушул күнгө чейин кантип келмек. Бозүй ушундай сонун храм да, эй. Жанагы 5 этаж, 10 этаж үйлөрүң ушу бозүйдөн айланып кетсин.

– Мунуңузду уккан прогрессчил көзкараштагы адамдар Кубат аке кыргызды таза эле артка тармай болуптур дебес бекен?

– Десе дей беришсин, билген богун жей беришсин.

КУБАТ АКЕНИН ТУРМУШУНАН БИР ШИҢГИЛ

Алайдан мен, Адылбек, Данияр үчөөбүздүн бир таңгалганыбыз, Кубат аке дайыма жылаңайлак жүргөндөгүсү болду. Иисус Христос, Сократ да өз убагында дайыма жылаңайлак жүргөндөгүсүн айткан чор таман жазуучубуз, адам баласына жылаңайлак жүрүү эң пайдалуу экенин айтат. Анан калса таңкы шүүдүрүмдө да жылаңайлак басып, кышкысын бут кийимсиз кар малтап жылаңайлак көп жүрөрүн кобурап отурду. Береги сүрөттөгү жалама таштын боорунан жылаңайлак түшүп, кайра жылаңайлак чыккан Кубат акени туурайбыз деп биз да жылаңайлак артынан жөнөп, бирок мыйтылыңдап, тайгаланып, жер таянып сүрүлүп, Кубат акенин жалама аскасынан ылдыйга да, жогоруга да баса албадык. А киши болсо устундай боюн кайкайтып түзөп түшүп, бизге караандатаар эмес… Бул жалама таш менен ал күнүгө үйүнөн жогору жагындагы бозүйгө каттайт экен, кайра түшүп келет…tash

– Сиз жазуучу катары ушул жашка жетип, бирок жаш кезден бери жаратам деп эңсеп, колдон келбей, жазбай калган армандуу чыгармаңыз барбы?

– “Манасты” жыйырма жашыман баштап канча окуп, канча ойлонуп, табалбай жүргөн нерсемди жетимишке келип таптым. Аны кандай сюжет, кандай формада фильм кылып жаратса болот деп жүрчүмүн. Акыры көзүм жетип турат, “Манасты” теле варианттагы гениалдуу тасма кылып жаратса болчудай экен. Просто гениальный! Мен анын бүтүндөй формасын таптым, бира-ак режиссер табышым керек. Карасаң эми, ушу жетимиштен өткөндөн кийин “Манасты” кантип фильм кылышка акылым жеткенин. Эми аны толук бойдон ишке ашырууга үлгүрөмбү, жокпу, ушул нерсе гана ойлондурат…бирок аягына чыкканга аракет кылам. Азыр баары эле галдиреп “Манас, Манас деп, бизди Манас сактаган” дешет. Бир жолу жиним келип айттым ошондойлорго: “Силерди Манас сактап келген жок, силерди уй, кой, жылкы сактап келди” деп. Себеби дегенде эски кишилерден мал багуу чоң адамгерчилик экенин уккам. Азыр эми канчалаган кыргыз мал-жанды таштап, жумуш таппай Россия, Кытай, тияк-биякка темселеп кетип атат. Кыргызды бакса, кыргызды сактаса мал гана сактайт, анткени кылымдар бою мал менен турмуш өткөрүп келди да… А Манас деп какылдагандар Манас туурасында эчнерсе түшүнбөйт, Манас ал улуу түшүнүк. Ага көбүнүн мээси жетпейт.

– Айтмакчы, Манасты мамлекеттик идеология кылабыз дегендер чыкты эле убагында. Мен бир курдай мындай деп жаздым: “Манасты идеология кылгыдай ал Конфуцийдей феномен эмес. Конфуций мамлекет жерпайын түптөөгө негиз болуп бере алат. А Манастын айкөлдүгүн, эбегейсиз баатырлыгын, чоң жиндилигин кеп кылып жүрөбүз, а даанышмандыгы болгонбу, аны ачкан кыргыз жок, анан андан кантип мамлекеттик концепция издөөгө болот? Аны жөн эле улуу эпос катары жайына койгонубуз оң го. Мейли, Манасты кино кылып жараталы, башка кылалы, анан эми мамлекеттик идеология кылуу мүмкүн эмес да… Манастын мазмунунан идеология издөөнүн өзү чайкоочулук эмеспи?

– Албетте, бул жеткен чайкоочулук, саясый чайкоочулук. Туура айткансың, эй, кембагал! Манас жөн киши болгон эмес, ал элдик мурас-кенч, улуу чыгарма. Анан эми аны идеология кылабыз дегендик – былжыраган кеп. Манас бул – разум, духовность, народность. Кеп бу жерде манасчыларда… оозеки чыгармачылыкта… Себеби дүйнөдө акылмандардын, пайгамбарлардын айткандары бүтүндөй адамзатка оозеки түрүндө келген, сакталган. Жазуу түрүндө келген эмес. Ал эмес бүтүндөй улуу окуулар да оозеки түрүндө жеткен. Мейли, Будда, Иисус Христос, Мухамед пайгамбар болобу, бүт, бүт баары… “Манас” эпосунун улуулугу да, байыркылыгы да ошондо. Кыргыздар жабылуу сандыкка окшоп эле жабылуу калып келатабыз. Себеби муну изилдебей эле ызылдап, тарп талашкансып, акча, сыйлык-наам үчүн Манастын тегерегинде бок жеп жүрүшөт. Манастын түпкү мааниси ачылганда гана кыргыз эмне деген касиеттүү эл экенин түшүнмөкпүз. Кыргыз жөн эл эмес, анын түбү каякка чейин барарын изилдешибиз керек эле. Ошондо гана Манаска туура мамиле болмок.

– Менин таңгалганым, кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы эле эмес, комузчуларын алалы: алардын бири да нота тааныган эмес. Мисалга, Карамолдо, Ниязаалы, Ыбырай, деги кимисин айтпайлы, баары укмуш. Бирок алар музыка арибин тааныбай туруп Моцарт, Бетховен сыяктуу эле түбөлүктүү кайрыктарды кантип жаратып кеткени табышмактуу?

– Ошолорду да түшүнөт элек да, эгерде кыргыз каяктан чыкканын, эмне деген эл экенин изилдегенибизде. Мисалы, Муса Баетов, Асек Жумабаевди карасаң, эмне деген таланттар? Анан Малдыбаевди ушунча жакшы көрөм. Буларды угуп эле отура бергиң келет. Булардын баардыгы бааланбай кете берди, эчким булардын чыгармачылыгын изилдеген жок.

– Адылбек Байтемиров: Сизге келатып биртоп суроолорумду даярдап алдым эле…

– К.Ж.: – Бере бер суроолоруңду.

– А.Б.: Кыргызстан башка өнүккөн өлкөлөрдүн моделисиз деле өз алдынча өнүгүп кете алабы?

– Кыргыздар өздөрүн өздөрү изилдегенде эле өнүгүү жолуна тез түшмөк. Кыргыз тарыхын карасаң, эл өзүн дайыма уруу-уруу болуп башкарып да, сактап да келген. Уруучулдук кыргыз элинин саясый институту болуптур, азыр ойлосом. Ортодо муну трайбализм, анака-мынака деп бир балээ кылып ийишти. Муну изилдеш керек эле да. Жок, анткендин ордуна демократия дешип, башыбызды таза айлантып салды Батышың. Анткени эмне үчүн? Анткени кыргыздын илгертен берки өзүн эл катары сактап келген даанышмандыгы Батышка, башкаларга да кереги жок. Көрсө биз жараткандын куурчагы экенбиз, болгону бизге жан салып койгон. Мен кыргыздын “Көрбөйт деп ууру кылба, билбейт деп ушак айтпа” дегени биздин нака Конституциябыз экенин какшай берип, күлкү да болдум. Азыркы коррупциянын тамыр жайышы так ушул элдик макалдын маанисин түшүнбөгөнүбүздөн чыгууда. Балээнин баары ушунда жатат. Эгер эл башкарган галдирбайларыбыз закүн-пакүндү коюп, “Көрбөйт деп ууру кылба, билбейт деп ушак айтпа” дегендин күчү менен идеология жүргүзсө эле, кыргызың тез оңолмок, эй, Адылбек! Биздин элдин философиясы, Башмыйзамы, ыйманы да ушунда жатат. Ушуну аткарыш үчүн кандай бийлик керек бизге? Демократиябы? Сэмократиябы? Эгерде кыргыз азыр партиялуулук, сартиялуулугуңдун кереги жок, бизге уруу-урууну башкарган өзүбүздүн жолубуз керек.

Ошол жолубуз менен кетебиз дегенде эле азыркыдай чайналбайт болчубуз, тиягын-биягын карап отурбай. Биздин өзүбүздүн жолубуз бар, бизге тийишпегиле дешибиз керек башкаларга. Биздин элге партиялуулуктун, демократиянын эмне кереги бар эле?! Ошонүчүн дагы айтам, кыргыз өзүн өзү колго алмайын, кыргызды башкалар колго алып, алганда да илип кеткени турат! Жолубуздан чыгарып кеткени турушат, башкалардын жолуна түшсөк эле адашабыз. Оңолбойбуз! Бизге демократияны үйрөткөндөргө айтышыбыз керек: “Эй, эмне бок жейсиңер? Биз демократиясыз эле сакталып келгенбиз” деп.

Биз азыркы дүйнөлүк кырдаалдын баарына кыраакы баам салып гана өз жолубузду издешибиз керек. Адамзаты жеткен баалуулуктар эч качан тепселбейт. Адамдын эң жеткен пастыгы – өзүнүн адам экенин аңдабаганы, көралбастык, ичи тарлык, көзү жок пендени жамандоо, анан менменсинүү. Муну ким түшүнөт? Муну жанагы билимдүүсүнгөн чилистендер түшүнбөйт, эл гана түшүнөт.

– А.Б.: Кыргызстан ашкере саясатташкан мамлекет болуп калдык. Учурунда Афина да ашкере саясатташып кеткен шаар болуптур. Дегеле адам баласы саясаты жок жашаса болобу?

– Саясатсыз жашоо болбойт. Адам эмне үчүн саясатка кирип кетет? Саясатсыз жашоосу уланбай каларынан корккон үчүн.

– А.Б.: Жакында эле окумуштуулардын 21-кылым таза тамак-аштын кылымы деген маалыматын окудум эле, анан бүгүн сиздин үйдүн астанасын аттаганда так ошол нерсени сездим. Сиз жалаң табигый таза тамактануу жолундагы адам экенсиз. Чын эле табият менен сизге окшоп жуурулушуп жашап, таза тамак-ашка өтүү баарыбыз үчүн толук мүмкүнбү?

– Туура айтыптыр окумуштуулар. Бул улуу жол, улуу чакырык! Бул болчу нерсе, болуш да керек да эми. Кыргыздар илгертен Айга же Күнгө карап сийген эмес, сууга сиймек түгүл түкүргөн эмес. Ушунун өзү табиятты сыйлоо, табиятка болгон урмат мамиле. Эл өзүн өзү колго алганда акыры ушуга келет. Маданият деген ушу да. Адеп, тарбия болобу мындан өткөн? Азыр сууга эмес адам адам бетине сийгенден кайра тартпайт. Кыргыз муну 20-30дап китеп окубай эле ушул улуу түшүнүк менен жашаган эл. Демек мындай эл жөп-жөнөкөй элдерден эмес да, эй!

– А.Б.: Кыргызда дагы бир жакшы кеп бар экен: “Тебетей тегеренгенчелик” деген, ушуну кандай чечмелеп түшүнсөк болот?

– Бул өзү мыйзам. Өтө туура айтылган кеп. Эгерде бирөө бирөөгө кылыч сайса, кийин ал өзү да кылычтын мизинен өлөт. Ушул макалдын өзүндө канча духовность жатат. Кыргыздарга өтө чоң сабак боло турган тагдыр деп Кожожаштыкын айтар элем. Бирөөгө зыян кылсаң, сөзсүз кайра зыян тартасың. Кожожаш кийин кайберенден зыян тартты. “Башкага көр казба” дегендин экинчи мааниси так ушул сен айткан кеп: “Тебетей тегеренгенче” деген… Көрдүңөрбү, кыргыздардын өзүн өзү башкаруу институту жараткандын бүтүндөй кыбыр эткен кыймылы менен жуурулушуп келген. Ал философиясы оозеки чыгармаларда, фольклордо айтылып калган.

Данияр Кеңешов: Адам баласы минтип отуруп кайда барат, цивилизация кайда алпаратат бизди?

Илгери менден бирөө сурады эле: “Кубат аке, бу адам баласы каякка баратабыз? Бу эмне деген балээ? Бирдеңке эле болуп атышат да, деги кайда баратабыз? Ушул суроомо жооп алганы сизге атайы келдим эле” дейт. “А өзүң кайда баратасың?” десем, “тегирменге” дейт. Анан мен айттым, “ошо адам баласы да тегирменге баратат” деп. Сага да ошентип жооп берейин, баардык адам баласы азыр цивилизациянын тегирменине баратат. Ошондуктан болгон күчүбүздү, баардык убактыбызды өзүбүздү тааныганга жумшашыбыз керек. Азыр көбү байлык, бийлик деп жашап калды. Байлык эмне? Ал корооз чокуган эле бок, ага тойгондор кекейип калышат.

О.Ш: Динде айтылат экен: тиги дүйнөнүн тозогу бар, бейиши бар деп. Менимче бу дүйнөнүн тозогу деле, бейиши деле жер үстүндө го дейм, Кубат аке?..

– Ооба, ооба… Бу жер үстүнөн өткөн тозок менен бейиш башка кайда болмок эле… Алтын башың барында, аманчылыкта жүргөнүңдө гана бу жашоонун тозогу менен бейишин аңдап калышың керек, а өлгөндөн кийин не кереги бар?..

Кубат акебиз кептин ушул жерине келип, терең ойго кирип кеттиби, өзүнчө кобуранып, өзү менен өзү сүйлөшкөнсүп, көпкө жер чукуп отурду. Ойчул жазуучунун ширин кебине муюп отурган биз канчалык кулак түрбөйлү: эмне айтканын ажырата албадык… Кудум эле өзүнүн тээ качанкы жазган “Толубай сынчы” аңгемесиндеги улуу саяпкер Толубайдан бетер оозу кыбырайт, күңгүрөп бирдеңке дейт, бирок кептин эң кызык ушул жерине келгенде эмне туурасында кобураганын Жертыңшаар Маамыт болбогондон кийин кулагыбызга илип калууга мүмкүн болгон жок…(!) 

– Биздин жазма адабият Совет доорунан баштап телчикти дейбиз, албетте ага оозеки адабиятыбыз да бешик болуп берди. Бирок адилеттик үчүн айта кеткенибиз оң: жазуучуларыбыздын көбү жазмалык менен оозеки кепти сизге окшоп жуурулуштура алышкан жок. Сиздин стилдик өзгөчөлүк – чыгармаларыңыз оозеки айтылган кептей, кадимки турмуштагыдай жандуу. Анан эми жаңы гана жөнүгүп келаткан жазма адабиятыбыздын бакыйган кара сөз чебери саналган сиз чыгармачылыкка эмне мынча колду эрте шилтеп басып кеттиңиз?

– Жакшы суроо… Ооба… Мындай болуп калды да бу… Бу өтө серьезно, өтө терең маселе…

– Эмне, окурмандардан көңүлүнүз калдыбы же адабияттын өзүнөнбү?

– Чынында менин дүйнөлүк адабияттан да көңүлүм сууп калды. Болгондо да дүйнөнүн бүтүндөй көркөм адабияты бузулду да, эй! Жаман…көңүлүм сынды, көңүлүм айныды да таштадым жазганды. Адам кайсы бир куракка жеткенге чейин адабият ага жардам бералат, а кийин адамды көмөт экен. Адабият адамдарды көмө берет экен, көмө берет экен, акыры барып индустрия смерти, индустрия торговлиге айланарын түшүндүм. Ал жалаң акча тапмайга айланып кетти. Экинчиден, адам фантазиясы эч качан бүтпөйт, ал бир түбү жок оргуган булактай экен, анан адабиятты баары эле жарата берчү эрмекке айланды да. Демек, таланты укмуш, жазуучулук жөндөмү күчтүү адамдар миллиондогон адамдарга зыян эле келтирет. Миллиондогон адамды ошолор тирүүлөй көмө берет, көмө берет. Карачы. Адабият адамдын өсүшүнө, өзүн өзү таануусуна чоң тоскоол жаратат. Азыркы жазуучулар адамдар өздөрүн өздөрү издөөсүнө жол бербес чыгармаларды чубуртуп жаза баштады. Алар окурмандарды алдаган, азгырган жолго салып алышты. Баары акча, атак үчүн жазат кысталактар.

– Сизге ушул жерден кошулбас элем. Өзүңүз азыркы рухий бийиктигиңизге адабият аркылуу жеттиңиз го дейм, Кубат аке. Жазуучулук өнөр сиз үчүн керектүү шайман болгон үчүн Жусубалиев болуп таанылдыңыз да. Өзүңүз аңдаган, баамдаган дүйнөнү башкаларга кагаз түрүндө болсун, оозеки түрүндө болсун, айтор адам баласына асыл ойлоруңузду калтырууга адабияттан башка эмне бар?

– Баарыбир адабияттын адам баласына пайдасынан зыяны көп үчүн кеттим. Адабият адам өзүн өзү таануусуна жардам бербегенден кийин не кереги бар-а?!

– Оноре де Бальзак канчалаган улуу чыгармаларды жаратты, канчалаган китептерин четинен алып окусаң да оп тартып кетме. Ошол эле учурда эч жарамсыз деген кырк томдугу да бар экен. Адабияттан көңүлү калса эмнеге бүтүндөй өмүрүн жазуучулукка арнаган Бальзактын көңүлү калган эмес?

– Жинди да Бальзагың… Ал аракка мас болгон кишидей адабиятка ылжыган үчүн жанагынчаны жазды да. Аныкы кумар. Бирок мен проза жазганды токтотконум менен ырларды жазып эле жүрөм. Себеби менин изденгендеримдин жолу бар анда…

– Гуманизмди издеген киши – Сиз адабиятты жерден алып көргө чапканыңыз анча коошпой турат…

– Коошпойт ооба, бирок ошонүчүн көп сүйлөбөйм да…

– Өзүңүзгө өзүңүз карама каршы киши болуп атасыз…

– Я это знаю, но…эмне кыласың бирок… Муну чындык деп ойлойм. Жазуучулук жолуң болгур иш да, эй, бала! Мына буга величайший пример Айтматов да. Куда привел его литература? Ушуну карап туруп эле жазбай коюш керек да, адабияттан пайда жок турбайбы деп. Негизи дүйнөдө адамзатка пайда келтирчү жазуучулар саналуу эле. Көбү адам бечаранын убактысын эле алат, көз майын жейт, акчасын ысырап кылдырат, башка эчнерсе… Дагы көп нерсе айтат элем, бирок кээси чыгат Жусубалиев текеберсинип атат деп, ошонүчүн унчукпайм… Ооба, китептин пайдасы чоң, бирок ылгап окуганды билсең, кепшеп сиңире алсаң. Биз чынында китептин арты менен билимге жеттик, бирок белгилүү бир чектен кийин китептен пайда болбой калат, ошондон баштап өз акылың менен өзүңдү өзүң тааныганга аракет кылышың керек. Антпесе китеп адамды ээрчиме кылып алат. Анан эле китепти өмүр бою артынан кууп жазып же артынан кууп окуп, кууп сатып алган болбойт да эй, кембагалдар!

Эгер азыркы цивилизациянын тумандуу жолунан адашпайын десеңер, ар кимиңер ишти өзүңөрдөн баштагыла. Эл бузулду, паландай-түкүндөй бузулду дегенден мурда ар ким өз кейпине карасынчы. Өзүн өзү оңдогон адам башкаларга түрткү болот.

Данияр Кеңешов: Кубат аке, эгерде бийлик башындагылар элди, мамлекетти оң жолго салууну көздөп, сизди президентке кеңешчи болуп бериңиз десе барат белеңиз?

– Барат элем, бирок алар чакырышпайт да мендейлерди. Мени эл башындагылар түшүнбөйт, аларга керегим жок. Мени эл гана түшүнөт, анан силерге окшогондор… Бийлик башындагылар эзели мендей галдирбайларды жанына жууткан эмес…

БИЗ ЖҮКТӨП КЕЛГЕН ТАШТАНДЫЛАР

Адылбек, Данияр, мен үчөөбүз Бишкекке аттанаар күнү Кубат аке үн катты: “Ээ…жолуң болгурлар… Баарыбыз табияттын балдарыбыз. Жер энебизди ансыз да кордогонубуз жетет, силерден жалгыз өтүнүчүм, тетигинде жаткан пакеттерди көрдүңөрбү?.. Ап бали…Көрдүңөр ээ. Эми ошолорду Ошко барганда мусор жашиктерге таштай кеткиле. Бу таштандыларды мынабул айланага төккөнгө кол барбайт менде… Жакага ала кеткиле. А мен жакында ылдыйга барар ишим жок…” – деген жазуучунун жаратылышты ушунчалык сүйгөн, урматтаган мамилеси үчүн боорунан кучактап алып, өрөпкүп ыйлагым келип турду… Көзүмөн жаш да каканактап алды. Эпаада баарыбыз табиятты Кубат акедей аздектеп сүйөр болсок кана… Жер энеге аяр мамиле жасоону канчабыз айтып какшаганыбыз менен ишибиз башка болуп, табиятты жабырланткан жосундарыбыз канча. Болбосо Алайда кокту-колот, аң-чөнөк жокпу, жалгыз кишинин тирлигинен арткан таштандыларды ыргытып ийерге…

Кердегейден Ошко чейин ала кетчү таштандылардын баштык-үштүктөрүн машинеге жүктөп атканыбызда менин эстутумумдагы кампадан даа бир окуя эсиме кылт деди. Кайсы бир курбум да мага бир жолу айтып берип күлдүргөн эле… Көрсө ал да Кубат акенин ширин кептерине кулак кужурун кандырганы атайы барса, кийин Бишкекке кайра аттанарда календер жазуучубуз анын колуна да эки баштык таштанды карматып коюптур болчу…

Атам замандан бери дүйнөнү аруу сактап калар Кубат акедей жандар болбогондо адам баласы эмне болмок? Эгерде менден чыныгы адамдын көчүрмөсү калдыбы деп бирөө жарым сураган болсо айтаар элем: “Ал –жападан жалгыз Кубат аке!” Түбөлүктүн түркүгү жок, бирок түбөлүктү түбү-өлүк кылбаган жандар Кубат аке, Дон Кихот же Диогендей апендилер болсо керек… 

Олжобай ШАКИР 

makanin_menenСтуденттик жылдарынан берки ныгайып досу, дүйнөгө белгилүү жазуучу Володия Маканинин Подмосковьедеги дачасында. surot

Жазуучу өз портретинин маңдайында. Картинанын автору питерлик сүрөтчү Туман Жумабаев, ал досу Кыргызстанда туулуп өскөн. 

turistterАКШ, Россия, Франциядан келген Жамбы Жусубалиеванын курбу-курдаштары Кубат акенин жашоо образына таңданып, алар да Кубат акени туурап жылаңайлактанып, календер жазуучунун багбанчылык сырын үйрөнүп аткан учурдан көзирмем. 

jalamatashКубат акенин кебине кумар Адылбек Байтемиров менен Данияр Кеңешов.