ЖУСУПОВ Кеңеш: КЕҢЕШ ЖУСУПОВ: КҮҮ БАЯНЫ

Мобу комуздун күүсү XIII кылымда чыккан. Күүнү кыргыздар «Кет, Бука» деп атаган. Бука деген кыргыздарды эзген монголдордун ханы болуптур. Кыргыздар ага оор салык төлөгөн. Монголдор шаарларды кара жерге теңеген, эркек аттууну аскан, аялдарына кара кийгизген. Эл азаптуу, кордукта күн кечирди. Монголдорго акарат кылган кыргыздардын башы кеткен.

Күч колдо жокто эл кантип баскынчылар менен күрөшүш керек эле. Ок менен, күч менен кыргыздар душманга теңеше албайт эле. Ошондо эл комуз менен күрөшкө чыкты. Монголдорго каршы күү чыгарды. Чыгарылган күү монголдордун аскериндеги мыкаачы жол башчысын арбаган күү, элибиздин жат душманга болгон каргышы, жек көрүүсү, күрөшү эле.

Элдик күү момундай окуяны айтат: Бука хандын баласы аңчылыкка чыгат. Ал ойдогу-тоодогу көзгө илинген жерден кийикти калтырбай кырып салат. Акыры ачкөз, таш боор неме кайберенден мерт болгон. Эми каардуу ханга суук кабарды батынып, жандан кечкен кандай пенде угуза алмак?! Угузган адамдын башы кетери маалым эле. Акыры ким болсо да салт боюнча угузуу керек да. Эми бул ажалга ким барат деп элдин шамы өчүп турганда айылдын аксакалы, азиз комузчусу чыгыптыр. Карыя суук кабарды кантип угузду дебейсизби?

Ошондо карыя комузун алып эл жыйынында, хан алдында отуруп күү чертет. Сиз дагы комуз күүсүн бирпаска угуп туруңузчу, мейманым.

…Бейпил жашоого магдыраган талаага бүлүк түштү. Кара ниет киши сулуулукту, тирүүлүктү башкаларга ыраа көргүсү жок. Ал өзүнүн күчүнө дөөгүрсүйт. Көзү эч нерсеге тойбойт, баарын сором, тыптыйпыл кылам деп оолугат. Акыры кара ниет ойлогондой болбоду. Тирүүлүк менен сулуулук кара ниет адамдын өзүн мерт кылды…

Элдин муң-зарын капар албаган мерез, зулум хан ушу саам комуз күүсүнө түшүнгөн экен. Күү менен элдин кайгысын, муң-зарын айткан. Комуз аркылуу баласынын өлүмүн угузган, элдин каргышын айткан комузчуну хан кечирбеди. Ал ого бетер жинденди. Хан эң оболу комузга, андан соң комузчунун кулагына эритип туруп коргошун куйдурган.

Ошону менен комуздун сайраганы жоголмок беле?! Комуздун күүсүн кандай хан акими токтото алат дейсиз!

Запкы чегип, дүлөй болгон азиз комузчу жетелетип айылдан-айыл кыдырып, белден-бел ашып, жер безип, күү тагдырын улам неберелерине чертип берип жүргөн. Комузчунун армандуу күүлөрү чагылган үнүндөй ой-тоого тараган эле. Ошондо дүлөй комузчу комуз черткенде асмандан учкан куш комузга келип кончу дешет. Соолуган гүл тирилген дешет. Дүлөйдүн коргошун куюлган комузу ого бетер күүгө келип, дагы эле эл ичинде колдон колго өтүп жүрөт дешет.

Замандаш, комуздун тили жетпес, комузга сыйбас дүйнөдө эч бир кубулуш, эч бир окуя жок экендигине ынандыңызбы? Андыктан кыргыздын жүрөгүндө эмне кубаныч, кайгысы, үмүт-кыялы болсо комузга өткөн.