ИБРАЕВ Эсенгул: ЭСЕНГУЛ ИБРАЕВ: КЕТҮҮ ЖАМАН БЕРЕРИҢДИ БЕРАЛБАЙ

УЗАТТЫМ
Күйгүзүп, өчүрүп чылымды,
Аз жаздым, көп жаздым ырымды.
Бүттү эми мөөнөтүң, баргын – деп
Узаттым жыйырманчы кылымды.

Жоготтум, жок эмес тапканым,
Азымды арбытып айтпадым.
Кылымдан кылымга эмес мен
Миң жылдан миң жылга аттадым.

Гүл чыксын куу чөптүн ордуна,
Жайылсын дасмалың толтура,
Үчүнчү миң жылдык бул менин
Мурасым калтырар соңкуга.
21.03.2001

КӨП БОЛСУН
Баары бир.
Болуу мүмкүн
Бүтүүнүн уланышы,
Кайрылып келер бир күн
Кайгынын кубанычы.

Күндөрдүн канатында,
Күтүү бар, кечигиш бар,
Жолдордун тоомунда,
Жолугуш, кесилиш бар.

Мазмундуу жашаш үчүн
Максатка талпыныш бар.
Тоорулуп күтүп турган,
Толтура каршылык бар.

Жабыркап жүргөндөрдүн
Жадырап күлмөгү бар.
Бактысыз дегендердин
Бактылуу күндөрү бар.

Жолдордо уланыш бар,
Жок болуу, куралыш бар.
Күндөрдө көп болсо экен,
Күтүүсүз кубанычтар.
20.01.2000

ЭМНЕ ЧЫНДЫК
Дүйнөдө эмне чындык?
Эмне жалган?
Ай чапчып атырылган азоо жалган.
Турмуштун ноктосу бир башка түшсө,
Туйлабай калч-калч этип жоошуп калган,
Азоо жалган,
Жашоо жалган,
Арман-ай, арман!

Жашоодо эмне чындык, эмне жалган?
Мээнетсиз жеңил жеткен бакыт жалган.
Убайын көрөр кезде умсундуруп,
Уучуңдан кумдай чууруп түшүп калган,
Байлык жалган,
Бакыт жалган,
Арман-ай, арман!

Өмүрдө эмне чындык, эмне жалган?
Жадырап жаздай келген жаштык жалган.
Баарына сунган колуң жетеринде
Балынан аз таттырып тартып алган,
Жаштык жалган,
Шаттык жалган,
Арман-ай, арман!
Турмушта эмне чындык, эмне жалган?
Күргүштөп өтүп жаткан өмүр жалган.
Бирөөнө алжыганча жашоо берип,
Бирөөнө күтүүсүздөн күйүт салган,
Өмүр жалган,
Көңүл жалган,
Арман-ай, арман!

Чынында эмне чындык, эмне жалган?
Бул собол бүтпөс суроо, бүтпөс арман.
Ханың ким, кайырчың ким эч ылгабас.
Бир гана өлүм чындык, өңгө жалган,
Жашоо жалган,
Жаштык жалган,
Бакыт жалган,
Байлык жалган,
Бир гана өлөрүң чын, аттиң арман!
18.02.2000

САЙЫП КОЙ
Жолдо жаткан ташты көрсөң алып кой,
Жолоочу бар чырагыңды жагып кой.
Сындыргыча бир дарактын бутагын,
Чымчык коноор бир чырпыкты сайып кой.

Акылсыздык аз берем деп уялган,
Адепсиздик көп бердим деп кубанган.
Бардык жолдор бир кадамдан башталып,
Бардык байлык бир тыйындан куралган.

Тирүүлүктө кордук болбос оорудай,
Соо жүрөйүн, сен да жүрчү оорубай.
Ушул жазда бир арыкка суу буруп,
Бир көчөттү тиктире көр, о Кудай?!
23.02.2000

ЭМНЕ ЖАМАН?
Бул жашоодо жамандар көп,
Антсе да
Көргөнүм жок дарттан өткөн жаманды.
Мүңкүрөтүп муунап колу-бутуңду.
Чактап коёт тоо томкороор чамаңды.

Бул жашоодо жамандар бар,
Антсе да
Көрө элекмин жаман нерсе арактан.
Таштап салат шири кылып катырып,
Чыккан кезде адамдыктан, алааттан.

Тирүүлүктө эмне жаман?
Эң жаман:
Бул жашоого кокус келген адамдай,
Кетүү жаман берериңди бералбай,
Калуу жаман аларыңды алалбай.
24.02.2000

ОКШОЙМ КЭЭДЕ
Нерселер бар бир калыпта турбаган,
Мезгил кески өмүрүңдү уурдаган.
Таранчылар мага жакын сезилет
Жазда келип, күздө кеткен турнадан.

Өлчөмүнөн кемитпей да, ашырбай,
Жаздын ордун ээлейт келип жашыл жай.
Кышты бирге кыштап калган каргалар,
Кайра кайткан каркырадан жакындай.

Ага мисал издебейли алыстан,
Айтар сөзүн ачык айтсын калыс жан.
Жакын мага күкүк менен зейнептен
Жайдыр-кыштыр бирге жүргөн сагызган.

Жоготконум жана тапкан табылгам,
Тирчиликтин кыймылында агылган.
Келгин куштар окшойт кээ бир «досторго»
Барда жандап, жокто качкан жаныңдан.
14.11.2000

АЛДЫМ БЕКЕН
Тирүүлүгүң кандай гана салтанат,
Акыбетин анын кимдер кайтарат?
Баскан менен тыпыңдатып туягын
Баягыдай болбой барат картаң ат.

Өттү, кетти өмүрүмдүн бир кези,
Алыс экен бир четинен бир чети.
Ойлоп көрсөм — ойноп жүрүп билбепмин
Оор экен тирүүлүктүн милдети.

Бири тартаар, бири тартпас кур кайгы,
Мен жашаган кылым деле улгайды.
Эсеп-кысап берерсиң деп соңунда
Тирүүлүктү карыз берген турбайбы.

Чырак жага алдым бекен түндөргө,
Жылдыз тага алдым бекен күндөргө…
09.06.2001