ИСАКОВ Рысбай: РЫСБАЙ ИСАКОВ: СЕН ЖОК ЖЕРДЕ КҮН ТУТУЛУП КАЛГАНДАЙ

МЕНИ ЭСТЕБЕ

Бул дүйнөдө эч нерсе жок туруктуу,
Буластаган калтар сымал кубулма.
Бүгүн мага сүйүү болуп жаңырып,
Бүгүн мага сүйүү болуп угулба.

Сенин сүйүүң жолдошуңда, анан да
Күнөөсү жок периштедей балаңда.
А мен болсо өткөн күндүн элеси,
Балким бармын, балким жокмун санааңда.

Ошондуктан мени эстебе, эстебе,
Мен жөнүндө айпа эч кимге эчтеме.
Ошент… бирок жалгыз менин айымдан,
Ошол күндүн сезимдерин жектебе.

* * *
Координатың «икс», «игрек», «зет» болуп,
Кай тарапка кеттиң экен бет коюп?..
Карааныңды билбей кайдан издээрди,
Калдым нөлдө эң башталгыч чек болуп.

Калдым нөлдө… каректерим жашылдап,
Кара көзүм, ойнобочу жашынмак!
Качан болсо сезим оту сени издеп,
Караган жак селкинчектүү жашыл бак.

… Эки көздү, бир жүрөктү издеткен,
Элесиң жок, мезгил жайдан күзгө өткөн.
Экөөбүздү дале күтүп жаткансып,
Ээн турат ал селкинчек биз тепкен.

Ээн турат бизди кел деп чакырып,
Эгер келсең, жетээр элек ашыгып.
Элире тээп, селкинчекти жаа кылып,
А биз көккө жебе болуп атылып…

АЙЫЛ МУЗЫКАСЫ
Илгерки-и бир зикир чалган шамандай,
Иттер үрсө түн жаңырта арсылдап.
Эрте менен азан айтып жаткандай,
Эшектери обон созот заңкылдап.

Койлор ырдап коңур үндүү хор менен,
Уйлар мөөрөйт арияны айткандай.
Аргымагы солист сымал кишенеп,
Актриса болот эчки шайтандай.

Таранчылар конгон токтун зымына,
Ноталардай сызыктарга тизилген.
Чаташтырбай дирижёрдой башкарат,
Чабалекей – дирижёрдой кийинген.

Ооз комузун чертсе таңда чегиртке,
Ойгонушуп, ишке кетет аталар.
Арабасын айдап бара жатканда,
Оркестрдей чак-чук этет такалар.

Шыңкылдашса сууга келген жеңелер,
Шыңгыр-р этип обон коштой чакалар.
Бейгам жат деп, бешик болуп терметип,
Бейпил түндүн ырын ырдайт бакалар…

* * *
Жаралуу жүрөк муңканса,
Жаралат ырлар жакшы ойдон.
Өктөмү күчтүү мезгилде,
Өмүрлөр турбайт жаш бойдон.

Кусалуу жүрөк күү чалса,
Куралат обон изги ойдон.
Сезимде жашайт картайбай,
Селкилер дайым кыз бойдон.

БИЛБЕДИМ
Билбедим кайда конуп, түнөрлүгүм,
Билгеним; анык сени сүйөрлүгүм.
Жүрөгүм сен деп согуп жүргөндүктөн,
Тиледим ак сүйүүнүн түбөлүгүн.

Билбедим ушундайбы жазмыш ойну,
Билгеним; татаал экен тагдыр жолу.
Күйсөм да махабаттын жалынына,
Үйрөндүм үшкүрүнүп, кайгырбоону.

Билбедим тозок барбы, бейиш барбы,
Билгеним — сен бактымдын жемиш багы.
Күлгөнүң бир жарк этип чындыгында,
Мен үчүн тозок дагы, бейиш дагы…
31. 03. 1995.

* * *
Жоолукту салдың башыңа,
Жоодур көз, аның мейли эле.
Жоболоң салып башында,
Жолуктуң анда эмнеге?!

Келини болуп бирөөнүн,
Кеттиң го… аның мейли эле.
Кейишке салбай өмүрдү,
Кезикпей койсоң эмне эле?!
18. 01. 1996.

АЙЛАНЫП КЕЛЕМ
Ашыгым, махабатым, сезээр белең,
Шурудай ырым мончок болгонунда.
Ыргалып ооздон чыккан илебиңе,
Гүл болуп турса сүйүүм колдоруңда.
Ырдалып, улам кайра жаңыланып,
Махабат деген сүйүү томдорунда.

Махабат деген сүйүү жолдорунда,
Ардагым, бир сен үчүн баары белен.
Хрусталь сындуу тунук көздөрүңө,
Арбалып чагылышкан жалын белем…
Бул аалам айлануудан бүткөн сымал,
Айланып карегиңдин агы менен.
Тагдырдын татаал күчүн жеңип чыгып,
Ыр болуп, ырга айланып жаным менен,
Махабат, күткүн мени, кош дебегин,
Айланып бир мезгилде дагы келем…

ЖАШЫЛ ЖАЗЫМ
Жашоонун күүсүн черткен,
Жазында жааган жамгыр.
Себелеп тамчы менен,
Сезимге тарагандыр.

Жамалың уялыңкы,
Жамгырга жашынбасын.
Бийлейли сүйүү вальсын,
Кел, сүйүүм – жашыл жазым.

Кел, сүйүүм, биз да жазга,
Кетели жуурулушуп.
Төгөлү сезим ырын,
Нөшөрлөп куюлушуп.

Апаппак, аруу, таза,
Сүйүүбүз ырга айланып.
Жамгырдын коштоосунда,
Бийлейли бирге айланып.

Жамалың уялыңкы,
Жамгырга жашынбасын.
Бийлейли сүйүү вальсын,
Кел, сүйүүм – жашыл жазым.

КАНТЕТ ЭМИ
Жакынсың, бирок алыссың,
Жатымсың, бирок таанышсың.
Касымсың, бирок муң бөлүп,
Каректен тамган жашымсың.

Жатымсың, бирок таанышсың,
Жамалың менен таанышмын.
Жанымда жүргөн жалжал көз,
Кай күнү, кантип тааныштым?

Касымсың, бирок муң бөлүп,
Кайгылуу ойду миң бөлүп.
Капкайда алып кетесиң,
Калтардай болуп түрлөнүп.

Каректен тамган жашымсың,
Каткырсаң кайгым жашынсын.
Кайгыны каткан күлкүңө,
Капырай, мынча асылсың?!

Кайгылуу ойду миң бөлүп,
Капкайда алып кетесиң.
Калтардай болуп түрлөнүп,
Кантесиң эми, секетим?!..

АЙПЕРИМ
Кызыл гүл айперим,
Кылыгың ай, сенин!
Кызгалдак эриниң,
Кызганам анчейин.

Маржандай айперим,
Маанайың ай, сенин!
Маралдай келбетиң,
Мас кылды, кантейин!

Каухардай айперим,
Карааның ай сенин!
Калтардай келбетиң,
Кантейин, кантейин?!

Жароокер айперим,
Жамалың ай, сенин!
Жанардай көзүңдү,
Жактырдым анчейин.

Жоодур көз айперим,
Жоругуң ай, сенин!
Жомоктон келгендей,
Жолуктуң, кантейин?

Жүзүмдөй айперим,
Жүзүңдөн ай, сенин!
Жүткүнгөн өзүңө,
Жүрөктү кантейин?

Жылдыздуу айперим,
Жылмаюуң ай, сенин!
Жыпардай жытыңдын,
Жыргалын кантейин!
1998.

СЕНСИЗ ӨМҮР
Сен жок жерлер жалаң гана армандай,
Сезимиме түн түшүрүп салгандай.
Сен бар жерде жарык болуп асманым,
Сен жок жерде Күн тутулуп калгандай.

Сен жок жерди күйүт ээлеп ар кандай,
Сен жок жерде азап жүрөт жалмаңдай.
Сен бар жерлер – сейил курчу саябан,
Сен бар жерлер – пери түнөп алгандай.

Сенин сүрүң – муз өрттөнүп жангандай,
Сени көргөн жан эсинен тангандай.
Сенин күчүң – жүрөктөрдү багынтып,
Сезимдерди баш ийдирген балбандай.

Сенсиз өмүр – өз жолунан тайгандай,
Сенсиз өмүр – өлүм торун жайгандай.
Сергек кыял, ойноок мүнөз периштем,
Сени сүйдүм эч нерседен тайманбай!