ИСАКОВ Рысбай: РЫСБАЙ ИСАКОВ: ТҮРКҮГҮ СҮЙҮҮ БОЛСУН БУЛ ЖАШООНУН!

КҮН КАРЕК

… Жакшы көрөм Күндүн жаркып атканын,
Жашты төгөм көрүп анын батканын.
Жайнап турган карегиңде Күн барбы,
Жайдар мүнөз карындашым, Ак-Таңым?

Жайдар мүнөз карындашым, Ак-Таңым,
Жамгыр жашка карегиңди жаппагын.
Жаш толтурба Күн түнөгөн көзүңө,
Жакшы көрбөйм Күндүн ыйлап жатканын.

Жакшы көрбөйм Күндүн ыйлап жатканын,
Жамгыр жаабай, жүзүн булут басканын.
Кагылайын карындашым, андыктан,
Карегиңди карегиңдей сактагын…

ОЙРОН СҮЙҮҮ
Билсең эгер, бирдей болуп түш-өңүм,
Бир өзүңсүң сагынаарым, күтөөрүм.
Сезимиме гүл өстүргөн асылкеч,
Сен деп дегдеп үзүлбөгөн күдөрүм.

Гүлзар болуп жүрөк-сезим айдыңы,
Гүлүң менен күбүп салдың кайгымы.
Күлкү-шаттык, азем болуп жаңырат,
Гүл өңүңдүн, жүрөгүңдүн кайрыгы.

Ошол сезим – сен өстүргөн гүл өстөн,
Ошол кезим – бирге, чогуу күн өткөн.
Опасы жок өмүрдөгү бир үзүм,
Ойдон кеткис, ойлоп жеткис мүнөт бейм…

Ошон үчүн бирдей болуп түш-өңүм,
Ой-кыялдын мухитине түшөмүн.
Опкоолжуган жүрөк демин баса албай,
От-сезимди суусун кылып ичемин.

От сезимди суусун кылып шимирип,
Оргу-баргы дүйнөм атып чимирик.
Ойкуштасаң… жүрөк тынчып тура албай,
Ойрон болуп кетет мага тирүүлүк!..

АЗАПТЫН АРГАМЖЫСЫ
… Өрт түнөп көөдөнүмө Айтурактай,
Өрт жүрөк катуу согот жан чыдатпай.
Өзгө эмес, өзүмө-өзүм батпай турам,
Өзөгүм сызгырылып май чырактай.

Жүрөктүн түпкүрүнө байланып Ай,
Жүдөттүң, жүдөттүң ай, жалжалым ай!
Колтуктап мени дайым жалгыздыгым,
А сени коштоп жүрөт майрам улай.

Ашыктым, сезимиңе шашып кондум,
Ашыкмын, сен да мага ашык болдуң.
Жалгыздык колтугумдан сүйөп турган,
Жазмышка жамгыр сымал жашык болдум.

Өксүгүм өзөгүмдү жарып чыгып,
Өңдөнөт өчкөн мисал жарыкчылык.
Түн дүйнө тартып алып жарыгымды,
Каптады жан дүйнөмдү карыпчылык.

Көз нурун түпсүз түнгө талаттырып,
Көөдөнгө караңгылык барат жылып.
Көктөгү Улуу Күндү тартып алып,
Көңүлгө кылган өңдүү каракчылык.

Антсе да, үмүт алга караттырып,
Алдыга умтулуумду талап кылып.
Айтурак асманына чыгып барам,
Азаптын аргамжысын танап кылып…

АЙТУРАГЫМ
Туйлаган жаштык сындуу бар курагым,
Турганда келбейт такыр жалдырагым.
Турмуштан мен сүйүүлүк оттук алып,
Тутантып, Сүйүү кылып жандырамын.

Жашоого оттук болуп жан-кумарым,
Жарыгын чачат сүйүү – шамчырагым.
Жанардай атып чыгып, жок болордо,
Жалындап, кайра баштан жаркырадым.

Заманым, салып мезгил аргымагын,
Закымдап, кай тарапка аркырадың?
Зарыгып күткөн күндүн сездиң бекен,
Зардабын, түн каптаган арты барын?

Көөдөй түн… билем кандай зарпы барын,
Көңүлдүн сыгылаарын, жанчылаарын.
Көк түтүн болуп көккө көтөрүлүп,
Көөдөндөн билем бир күн күн жан чыгаарын.

Көк Теңир салса өлүм жарчыларын,
Көрбөстөн кетем дүйнө бар кумарын,
Көгүндө Ай-Күнү жок аалам болор,
Көрүстөн болор жаткан жай турагым…

А бирок азыр алыс барчу жагым,
Ажалга түзүлө элек «контрагым».
Алыстан жашоо күүсүн созолонткон,
Азыр мен үнүн угам каркыранын.

Мен азыр кара жанды карч урамын,
Мезгилге магниттей тартыламын.
Мээримсиз ушул күндөн белек кылып,
Мээнеттүү ушул ырды калтырамын.

Жок эмес бул дүйнөгө калтырарым,
Жок эмес бул дүйнөдөн артынарым.
Ант ичип ушул ырдын аты менен,
Атынан ушул ырдын Ант урамын.

Булгаса кимдер сүйүү жан тумарын,
Билбесе кимдер эгер баркын анын.
Аттабай босогосун апаат болсун,
Абалкы бакыт багы Фортунанын!

… Түс үйрүп кетирбегин бар кунарың,
Түшүнсөң; күмүш – сүйүүм, алтын – арым.
Түшүмдө көрдүм өңүн махабаттын,
Түшүмдө болду менин Ай – турагым.

«Түркүгү сүйүү болсун бул жашоонун!…»
Түшүмдө мен ушинтип айтыламын…

КЕЛБЕДИҢ
Келбедиң карааныңды сагынганда,
Каректен тунук көз жаш агылганда.
Сезбедиң ак сүйүүмдү, ошол көз жаш,
Мойнуңа мончок болуп тагылганда.

Келбедиң мен өзүңө багынганда,
Жандүйнөм элесиңе зарылганда.
Сезбедиң сүттөй аппак махабатты,
Мойнума тумар кылып тагынганда.

Келбедиң сүйүү күүсү угулганда,
Көз жашым булак болуп кубулганда.
Сезбедиң ак сүйүүмдү, ошол көз жаш,
Мойнуңа жамгыр болуп куюлганда.
03. 1995.

СҮЙҮҮ ЧЕГИ
Айтаар ойду түгөтө албай сөз менен,
Чыгарамын үшкүрүктөр аркылуу.
Чыкты үшкүрүк,
чыкты баары…
а бирок,
Бир сөз калды сезимимде катылуу.

Ал эмне сөз?..
Билгиң келсе сен мага,
Азап салып кеткен күндү эстесең.
Жаңыласың, жаңыласың эгер сен,
Ак сүйүүнү үйлөнүү деп чектесең.

Үйлөнүү – бул, жакшы көрүү, баш кошуу,
Жакшы көрүү – бул, сүйүүгө окшошуу.
Баш кошкон соң баары бүттү деп ойлоп,
Туура эместир сүйүүң менен коштошуу.

… А эгерде, сен айткандай чын эле,
Ак сүйүүнүн чеги болсо үйлөнүү.
Мен үйлөнбөй барктап өтөм сүйүүмдү,
Таптак өтөм ТАЛАК кылып дүйнөнү!

Ошондуктан жаным сенден суранам,
Ойго келген сөзүң менен эптебе.
Сүйүү деген ойго сыйбас чексиздик,
Керек болсо өлүм менен чектебе!

СҮЙҮҮ КУДАЙЫ
Булут минип, шамалды камчы кылып,
Бүт дүйнөгө сүйүүмдү таратамын.
Ырымды жамгыр кылып, тамчы кылып,
Махабат океанын жаратамын.
Күтүп ал, махабатым, эми мени,
Өзүңө жамгыр болуп баратамын.

Ооба, мен жамгыр болуп, тамчы болуп,
Өзүңө нөшөрлөнүп төгүп турам.
Кызганып мейли күйөөң кучактасын,
Баары бир ортоңорду бөлүп турам.
Суу болуп кийимиңден өтүп барып,
Этиңден, ак бетиңден өөп турам.

Кирсеңер жылуу үйгө курганууга,
Буу болуп мен абага сиңип кетем.
Анан сен кере-кере дем алганда,
Байкатпай жандүйнөңө кирип кетем,
Баары бир кутула албайт күйөөң менден,
Баарысын мен ушинтип билип кетем.

Баары бир кутула албайт күйөөң менден,
Себеби, авазыңмын үнүңдөгү.
Эшикте жамгыр болуп, суу боломун,
Абаңмын дем алганда үйүңдөгү.
А чыны, аңдап мени байкаганга,
Сүйүүнүн кудайымын сүйүүмдөгү!

УУРДАЛГАН ЖАШТЫК
Жалбарсам кенебедиң,
Жаштыкты тебеледиң.
Жашоонун бул кыйрына,
Жапжалгыз келе бердим.

Күйүткө малындырдың,
Күтүүгө багындырдың.
Күн сымал күлмүңдөгөн,
Күлкүңдү сагындырдың.

Сүйүүмдү жашырдымбы,
Сүйөм деп жаздым ырды.
Ууртуңа кымырдың да,
Уурдадың жаштыгымды.

Соолуган булак болуп,
Эми мен какшыдымбы?
Жылмаюуң алып кетти,
Жыргалдуу жаштыгымды…
03. 1995.