ИСАТОВ Мезгил: МЕЗГИЛ ИСАТОВ: АК ДЕҢИЗДЕ ЖАЗЫЛГАН ЫРЛАР

*  *  *
Келип кетсе кемелер,
Каректеги күтүүлөрүм алмашпайт.
Тосуп алуу, коштошуулар ичинде,
Менин гана кучактарым бош калат.
Кусалуу сенсиз жээктер
Сагынычты жашырса да,
Деңиздин жалгыздыгы
Менде калат!

*  *  *
Келгенимде, кетпе жаштык,
жаңы гана кучактадым
жалынды…
Жүрөк күйсө, күлү калса,
жалгыздыгым калбаса…
Келгин куштай учаарымда,
кетээримде, кетпе жаштык.
Ырдала элек ырларым,
жашала элек жаштыгым,
жарым калган түштөрүм бар.
Дагы бир аз,
узарталы күнүбүздү,
Күн нуру жүрөктө го,
Кетпе, жаштык!

*  *  *
Уктап калган жылдыздар ойгонду,
Ай дагы кеч кетти.
Түштөрүм калды.
Турмушум да бул жашоого байланбай,
Байкалбай, өткөнүмдө калгандар.
Жазылбай жаңырыгым,
бир сап ырга батпай турам.
Көңүлүм да менден качып,
көкөлөп, көтөрүлбөй…
Күндөрүмдүн сен бар жерин издеймин.
Өзүңсүз
өмүрүм да толукталбай,
Өлүм барда өкүнбөймүн!

*  *  *
Жашоодогу жарым калган күндөрүм,
Жашалбай сенсиз кеч кирди.
Эстөөлөр менен уланган,
Эңсөөгө толгон түндөрүм,
Эстелбей сенде калганбы?
Сүйүүгө ашык болуп,
Же мен сени жоготтумбу?
Таптымбы?
Эмне кылдык ашыктыкты,
жаштыкты…
Аз-аздан узап бараткан,
Күн күлүп батты!

*  *  *
Толкун менен жээктердей,
Жолугушкан жашообуз.
Жетелешип, жетчү жерде
Экөөбүздөй эркелешип,
бир урушуп, бир табышып
таарынгандай…
Кумга сиңип жазылгандай
жашынат да жаңырат.
Оролушуп, ойлору кучакташып,
биригет да бириндейт.
Ичтерине кир сактабай,
суу менен топурактай,
кечиришип, аркы дүйнө салгандай…
Ак тамчылар, ак сөздөр
толкуп-ташыйт.
Өлүм ак болот!

*  *  *

Жашоо — оюн, биз — оюнчук.
Короодо жашынмак ойноп жатып,
Балалыгым жашынды.
Күндөр менен кубалашып,
Жер сапырып, жол чаңдатып,
Жылаңайлак чуркаган,
Издерим өчүп калды.
Мүрзөнүн арасында ойноп жатып,
Бала  бойдон улгайып,
Өлүмдү эрте көрдүм…
Артта калган кусалыгым,
Катылган кайгыларым,
Баардыгы  жүрөгүмдө, көздөрүмдө,
Көңүлүмдө көмүлүү…
Ичимде өлбөй калган
Ажал калды…

*  *  *
Сени көрдүм
Жамгырдын тамчысынан,
Арзуулар арасынан,
Ширеңкенин жарыгынан,
Кызганычтан,
Адашкан ашыктыктан,
Башканын бактысынан,
Сагынычтан, санаадан,
Сени көрдүм…
Жакындан, жалгыздыктан,
Жүзүмдөн, жүрөгүмдөн,
Өзүмдөн, өмүрүмдөн,
Сени көрдүм
Узактардан…

*  *  *
Заман — кербен,
Ач-тогу да, бар-жогу аралашып,
Сыналасың…
Табасың, жоготосуң,
Жоголосуң, дүйнөдөн катарлашып,
Кара жерге катыласың…
Ааламдан  адамдын ачкөздүгү,
Ала кетчү жалгыз сөөгү,
Майдаланып,
Топурактан топуракка,
Муун уланат!

*  *  *
Тоголок  дүйнө,
Токтобой томолонот,
Тоголок көздө…
Тойгузуп токчулукта
Бардыгын берсе деле.
Ток болбой койду адам,
Тоголок эки көзү
Тойбой койду…
Чөнтөгү толгон менен – аз экен,
Курсагы тойгон менен – ач экен
Адамзаты…
Ааламды алтыга бөлүп алып,
Алышып бүтпөй койду,
Адамзаты…

*  *  *
Көчөдө кар, көңүлдөр да мупмуздак,
Бак-дарактар сагынууда, жаз күнүн.
Тунжураган айланада апапак,
Тал-теректер сагынууда куш үнүн.
Бурганактуу буулукканым ичтеги,
Бутактагы жазды күткөн
Чымчыктай
Селейип тиктеп  турат
Жолдоруңду…
Кичинекей көздөрүндө
Тоодой сүйүү
Жылаңач тал-теректей
Үшүп турат…
Үзүк-үзүк кубанычым.
Өксүгүм, өткөн күнүм.
Жаз дагы келет бир күн.
Күтө турчу…
…Улуу күнүм!

*  *  *
Ай жарыгы, арзуу ыры, ар жагы
Арман дүйнө, ак жылдыздар жайдагы
Колдон алып көңүлүмдү көтөрүп,
“Жылт” дей түштү
Аппак сүйүү кайдагы.
Ай да жаркын аруулуктай,
Ак булуттар жай гана,
Ай, жылдызды уктата албай убара.
Ашыгынан айрылышкан ак куудай,
Ар бир түндө,
Канча жылдыз кайып кетет?
Жоголсо да, өчсө дагы өткөндөр,
Өмүрлөрдө сүйүү калсын түбөлүк!

*  *  *
Негедир табийгатка жакындаймын?
Жаз келсе жаркылдаймын,
Жайында күлүп-жайнап,
Күзүндө  күүгүмдөнүп,
Күбүлөмүн…
Кыш келсе арууланып, кычыраймын,
Кар менен тазаланам.
Жамгыр төксө төгүлөмүн.
Шамал болсо сапырылам,
буулугуп, баарын чачам…
Мен неге табийгатка жакындаймын!

*  *  *
Күз кышка жолукту,
Жылаңач…
Асманда ак көпөлөк,
Ак жылдыздар,
Айланса…
Ак-кара сүрөттөрдөй
Артта калган,
Ак-кары тыптынч жааса…
Актын аппапагы унчугушпай,
Кучакташса…
Теребел тегеренип,
Чатырдан жаш тамчылайт.
Арзуулар аппак болот.
Ак асмандай,
Күз кышка жолукту.

*  *  *
Түндөгү түшүм келди,
Мезгилдей шашкан,
Таарынчаак…
Үшүсө муз болуп,
Ысыса бууга айланып,
Суу болуп тамчылады
Кыялдарым.
Түндөгү түшүм кетти
Менден,
Сөзү бүткөн жерден,
Сезимден…
Бир канаттуу — Айрылуу.
Жоготуу,
Анан… Ойгонуу!
Көздөрүмдү ачканда,
Сүйүүм келди.
…Уйкум дагы канбады!