ИСАТОВ Мезгил: МЕЗГИЛ ИСАТОВ: ТҮПТҮЗ ЖОЛДО БАСА АЛБАДЫМ ТҮЗДӨЛҮП

*  *  *
Көзүмдөй деңизде
Жарым сөздөр
Тамчыласа,
Төгүлсө…
Чымчык жүрөгүм
Тыбыраса,
Сайраса…
Кагаз кайык өмүрүм
Толкубаса,
Толбосо…
Жаз келбейт эле.
Өзүңсүз өмүр өтпөй,
Айрылуулар,
Арзуулар,
Болбойт эле!..

*  *  *
Түн жарымы,
Чарчагандай түштөрүм,
Ай тамчылуу, ак жылдыздар,
Ак канаттуу булуттардай,
Арзуулар да үзүк-үзүк,
сезимдерге урунат!
Жүрөгүм да дүкүлдөп,
Эшикке чыгам дейт.
Кармачы, карегим,
Уйкусуз өмүрүмдү,
Туруксуз көңүлүмдү.
Кайда барат —
Күйүп жанган
Күндөрүм?
“Сүйөм” дедим.
“Сүйбөйм”дедиң.
Ушул эле Ашыктык!

*  *  *
Күн батышы —
Күтүүнүн башталышы.
Күмүш шоола сооронуу,
Жубатуу…
Тирүүлүктү
Сезимдерге сергитүү.
Жолугушуу, жоготуу да
жоктошуу…
Күн батышы —
Сүйүүнүн айтылышы.
Кызаруу, да уялуу…
Эң алгачкы махабаттай
Сөздөрү жок сырдашуу.
Көздөр менен жытташуу.
Жүрөктөрдү жүрөктөргө
арман кылуу…
Күн батуу…

*  *  *
Жалындан жалгыз аяк
жол салып,
Күндөрдү алмаштырып,
күн да кетти.
Көрүнбөгөн ойлорум,
Жалгыздык даана көрүндү.
Толкундай сезимдерим,
Аалам да тынчый түштү,
Соңку соболдой…
Белгисиздик бекем кучактады,
Адам да, аалам да өзгөрүлбөй.
Мезгилдер улам-улам алмашылып,
арасынан убакытты таппаймын.
Жол жакында кайтайын,
Бүгүн
Эртең болот!

*  *  *
Учурба, шамал — Учурба!
Жепжеңил барик жүрөгүм,
Жеңилип жерге куласа…
Шагынан алыс учурба!
Сапырба, шамал – Сапырба!
Сентябрь гүлү — жүрөгүм
Салаалап бирден чачылса…
Сабынан алыс калтырба.
Унчукпа, шамал — Унчукпа!
Убайга баткан убагым,
Удургуп менден сураба.
Унтулуп калган убада…
Угулба, шамал — Улуба!
Учурба, шамал -Учурба!

*  *  *
Сагынып жатам өзүмдү
Сенин жаныңда отурган,
Кусаланган көзүмдү…
Шибер чөптөй шыбыраган,
Жамгырдай тамчы-тамчы,
Айтылбаган сөзүмдү…
Бирде бийик, бирде бөлөк,
Көл толкуну көңүлүмдү,
…Өмүрдү!
Сандан санга алмашылган,
Жаштыгымды,
Жакшымды,
Сагынып жатам — Өзүңдү!!!
Көп чекиттер…

Үч саптар
*  *  *
Тоголок дүйнө,
Токтобой томолонот,
Тоголок көздө…

*  *  *

Оймо жолдор,
Оролгон сезим,
Оюнчук тагдыр…

*  *  *
Убайым тартам,
Унуталбай,
Уйкусурайм…

*  *  *
Бош бөлмөдө
Бопбош жүрөк
Бош-бош кагат.

*  *  *
Түн. Үн. Үкү.
Үчөө бир жерде –
Жүрөгүмдө.

*  *  *
Көк асмандын
Карегинде –
Кара жерде…

*  *  *
Түптүз жолдо баса албадым түздөлүп,
Бүт өмүрдү аягынан баштадым.
Жок жолдогу жоготорум сыяктуу
Сени менен сенсиз эле жашадым.
Улам урап, күндө алмашкан эртеңим
Узун жылдар, узаганым, кеткеним.
Көрүнбөсүм, көңүлүмдү көрбөсүм,
Мен бакытка сенсиз кантип жетемин?
Шам чырагым, үнсүздүгүм,үмүтүм
Мен жашоодон сенсиз кантип кетемин?..

*  *  *
Бүгүн шамал күндөгүдөн башкача,
Үнү муңдуу, өзү дагы ызалуу.
Жан-дүйнөнүн жалбырагын сапырып,
Жар салууда жашайлычы… жанаша!
Жашайлычы, жанга кубат берели.
Карабайлы, карааны алыс күндөрдү.
Канат кагып, ак-жарыкты аралай,
Ай жылдызды, ак деңизди кечели…
Ашыктыкка, аруулукка – ал жакка
Келбеш үчүн түбөлүккө кетели!

*  *  *
Төрт дөңгөлөк,
Төрт мезгил,
Төрт дубалда…
Бир эшик!!!