ИСАТОВ Мезгил: МЕЗГИЛ ИСАТОВ: АЙТЫЛБАСЫМ

ЭССЕ

Ирмемге келип кетсең,
Бактылуу болбойт белем.
Азга гана…

Табигаттын бир сыныгындай болуп келатканда, үч башка адам болуп, үч башка жерден алдымдан чыктың. Айбыгып айтаар сөзүм аралашып, адашып калдым. Ошондон бери табыла элекмин. Жоголгом го…

Сен жөнүндө жамгыр жаады. Жаш тамчылар тиер-тийбес жүрөгүмө себеленет. Ансайын суу болгон сезимимди, жамгырдай жаштыгымды жашыра албайм.

Акыл-эсимден алыс чыгарбай, ар дайым атыңды кайталайм. Толуп-ташып, толкуп-ташып. Сен бар үчүн жашоо жашалып, өмүр уланып жаткансыйт. Таңдын атканы, кечтин келиши да өзгөчө.

Болгону атың башкача. Эркелете албайсың. Анан телефон чалдым. Кичипейил жоопторуңду уктум. Эмне экендигин билбейм, ойлой берем. Сага арналган өмүрүмө деле өкүнбөйм.

Эгер түшүнсөң, эч нерсе дебечи. Көңүлүмдү көздөрүм айтып турбайбы.

Бир жолу башымды ойлорума жөлөп отурсам, чочутуп жибердиң. Карасам, ойлуу көйнөгүңдү кийип алыпсың. Күн сыяктуу жүрөктөн да нур чыгат. Нурландым. Жашоонун ак көңүлүндөй көтөрүлдүм. Бул бакытпы? Чыныгы бакыт өзүңдө болбойт. Сени көрүп кадыр түн тосоорум илеп белгисиндей акылыма басылды. Демимди кескен үнсүздүктүн ачуулугу тойгузуп турду. Акырын сүйлөп тартышкым келбейт мындайда, ыдырап сөгүлүп макул боло берем. Бир тутам жол, бир ууч өмүр алаканымда…

КЫЗЫЛДЫН ТҮСҮ

Караңгыны жарык кылып ай келатат.

Айлыңа келгенде тегерегин карап көз кырын салды. Бүгүн менен кечээкинин айырмасын издей баштады.

Бүгүнкүсү бүдөмүк. Эртеңкисин ойлогусу келбеди.

Анан барып көр көз айнегине жашынып эс алгансыйт.

Аны өзүнөн башка ар ким көрдү.

Жолдун аркы өйүзүнө өттү. Жылаңач жана тоң денесинде өзү жок болчу.

Эч нерсени качырбаган көздөр.

Кызыгып, биринин көзү менен өзүн карады.

Байпагынын башына жокчулдук конуптур.

Тез эле алмашылды.

Алгач өзүн экиге бөлдү.

Ак жана карага боёду.

Күн менен түн сыяктуу өмүрү алмашыла баштады.

Тигил жана бул дүйнөсүнө,

Жумалап жамгыр төктү түштөрүндө.

Ойгонгондо суу болгон кыялдарын кургатып жатты.

Анткени таң эртеңден өзүн жок кылат болчу.

Алгач бир нерселерди издеди.

Балалыгына кайткысы келип, өзүнөн кагаз кайык жасап деңизге коё бермек. Ач толкундар аны тез эле жутмак. Бирок канчалык аракеттенсе деле, кагаздан кайык жасай албады. Тек гана толкундардын үнүн укканы келди деңизге. Угар-укпас жээктеги таштардын катуулугу, суунун жумшактыгы тоскоолдук жаратат жолуна. Кээде тынч, кээде толкуганы, майда көбүктөрдүн чачылганы.

Жана…

Жыгач үйдөгү

Кыйчылдаган үндөрдөн түш жасады бала сыяктуу,

Тактайлары чирип бараткан тарыхтан

Бир күнү эстей турганы да,

Аты табыла элек түстөргө боёлгон көз караштары.

Азыр көрүнөөр-көрүнбөс өтүп кетти.

Жана…

Эшиктеги мышыктын от караштарынан мышыктын гана көздөрүн көрө албады

Кадимкидей ичтен жалбаргысы келет.

Бирок кимге?

Бул жердин эшиги да сыздап ачылат.

Бир башкача үн.

Эмне үчүн баардык жерди чарчоо баскан?

Коңшусу сөгүнүп тазаланат.

Шыпырып кууйт тепкичтеги чаңдарды

Анан дем алгансыйт мыктарга урулган дарактардын соолуган денелери.

Жашоо эмне?
Бир жыгач үй,
Дагы бир чекит.
Жаңыдан башталыш
Жаңыдан бүтүү.

ЖОЛУГАЛЫ

Жолугууга жалгыз кадам.
Ал кадам.

Жолдо кете албай жатсам, балалыгымдын теректери кыйылыптыр. Азга катып калдымбы? Соолуган гүл болуп турам го топурагыңда. Мага эмнени таштап кеткенсиң?

*  *  *

Балалыгымдын булагы кайда? Мендеги жолчулук Изиңди карайм дагы эле. Үнүңдү угат көз жаштарым. Үшкүрүнүп жуттум өкүнүчтү. Дубалдар калды сен сыяктуу эч нерсе дебей.

*  *  *

Балалыгымдын балалыгы кайда?

Жылдар өткөнчө бала болгонду эңсеп, улгайыңкы төрөлүп. Эч качан көрбөгөн балалыгыма жолуккум келет. Жанымдагы көп нерселер караңгынын шооласындай келатпайбы!.. баратсам сага…