ИСАТОВ Мезгил: МЕЗГИЛ ИСАТОВ: АК ЖАЗУУ

ЭССЕ

Гүлдөр жабыларда
Кучактап бүт ааламды
Бешиктей терметеби жылдыздарды?..

Он алтынчы октябрдын жазуучусу. Ак түн. Ак жазуу. Бирок көп нерселер жазылбай калат. Көңүлдүн жылдыздары гана жымыңдап турат. Калганы ак барак. Болгону буулуккан аба бар жанымда. Бир аз да жамгыр себеленгиси келет. Сүйлөгүсү эле келген мен сыяктуу…

Көңүлүмдү бөксө нерселер толтуруп турат. Жамгыр болсо шатырап төгө баштады. Мен дагы эле сүйлөй берем. Айта берем, айта берем… Сага арналган сөздөрүм түгөнбөйт. Сен укмаксан болуп жатып алдың. Экөөбүз тең муздак шамал ичинде калдык.

— Ыйыңды тый, ырыскы анда эмес,- дедим.

— Ый дебечи сезимди,- дедиң.

Ошондо сени учуруп кетти шамал. Кээ бир нерселерди унутуп коюш керек. Жашоомдун ыргагын бузбаш үчүн каткырып күлүп же ыйлап алсамбы? Баягы эле  жаз келди.Ошол эле гүлдөр ачылды. Бир гана нерсе бар башкача. Көңүлүмө жаз келбей турат. Жарымы күн, калганы — кылым. Чарчоонун ичиндемин. Мени түшүнүп, мени менен жашаган баягы эле Чарчоо…

Эми, эми кеч калганда, эстегеним дагы өмүр салтанаты. Бардыгы эсте калгандар. Өмүр  өтөмөк. Түш көрмөк. Эмне үчүн деп сурамак. Эмнеге? Болгону эңсөө, сагынуу, каалагандык бар. Адамча жеңилүү, эргүү бар сезимде. Жашоо — бул түгөнбөгөн каалагандыктар. “Жетет” дей албагандык бир жагынан. Бир менен Миңдин арасы. Жашоо — бул адам жүздөрү, көчө, базарлар. Ушундай эле жөнөкөй нерселер. Ырлар сыяктуу. Кээ бир ырлардын кайырмасын ичимден көпкө ырдап жүрөм. Анан башка бир ырга өтөм, дагы башкасына. Дале ушуга окшош күндөрүм. Бир дагы ырды толук жаттай албай, өмүрдү кыңылдап ичимден созуп келе берем. Мунун башка бир жолу, башка барагы бар беле?

Жаштыгымдын бул кайсы жери? Тагдыр кээде ушундай. Ар ирмемде көп нерселер алмашат. Азыр көргөнүмдү азыр унутамын. Ансыз деле чарчап турганда, каалабаган нерселер кайталана берет. Суроосуз эмне бар? Суроолуу жашоодо… Жол. Баарыбыз жолдо жүрөбүз. Бирибиз өйдө, бирибиз ылдый. Ар бир жолдун бүтүшү жана башталышы сыяктуу. Жол учунан жолдор башталат. Бүгүн кечээ болот. Жол талым унутулат. Мен дагы эстебейм.