ИСАТОВ Мезгил: МЕЗГИЛ ИСАТОВ: БОЙДОК БӨЛМӨДӨ

ЭССЕ

Бойдок күндөрүмдүн акыркы түнү. Бир аз башка, өзгөчө  болушу керек. Жарыктыктын ордуна эски бир шамды жактым. Жалтак жалындардын жалтак сезимдерге жолугушкан жери…

Мен жана мен бармын. Түстүү жалындардын үчүнчү жүзү. Экөөбүз сыяктуу эки жүздүү жана бүтүн. Мен батпаган дүйнө бар ичимде. Жүрөгүм ичинен илинүү.

Менсиз кет.

Менсиз кетпейм.

Ызы-чуунун ичинде отурсам. Үн көрүнөт көзүмө үнү бүткөн. Ошондо караштарым көздөрүмдү жаратты. Дагы ойлуу, жашынчаак. Бул эмнеси? Жалгыз гана түштөрүмдү даярдап жатпадым беле бир түнчөлүк. Эми болсо жүрөгүмдүн жалгыз калган жеринде ошол ойдо түнөдүм. Бирөөнүн ичинде бирөө бар, кабагы болгон.

Мен ичимин,
Мен тышымын,
Экөөбүз — адам
.

Сени эч бири…

Алаканымда жалгыз тамчы
Ашыктыктын сыныктары калды

Сени сагындым… Аны өзүмдөн башка эч кимге айткан жокмун. Бир күнү сагынганымда гүл бакчаларды араладым. Ырга окшогон күз келиптир. Кайсыл бир китептен окуган саптардай, кечээгимдей элестелет. Ошондо сен менен сенсиздик ортосунда көпүрө жасап суу сыяктуу ташкындап агып бараткан сезимимди эч качан токтото албадым. Ошондо гана күз ырлары ырдалат. Күндөр күндөргө… жалбырак жалбыракка… сагыныч сагынычка…

Бир кезде жазылган каттар ичинде калдым. Саргарып бырышкан, четтери уйпаланган ойлор арасында. Бирок… Эмне үчүн “бирок” дейсиң?! Кеп атасын тумчуктурган “бироктун” ары жагы чексиз аалам койнундай табышмак мага. Сагынган бар. Сагындырган бар. Жанында дайыма экөөбүз бар. Ошол эле… Бул каттар… Ошол эле…

Гүл бакча. Гүл бакчада түн бакча. Айсыз караңгылык. Жылдыздар эмнеге жашынып алышкан?… Жарыктын жасалма шооласы аралайт. Жылуулугу жок. Бул күтүү эмненин башталышы. Сүйүүм менин Сен эместей, Ал да эмес. Таяк жол баштап, жаш жигитти жетелейт. Ак чач эне капталынан сүйөп алган. Отургандар маңыроо карашат. Азиз алдылап умтулат. Ары жактагы экөө көөдөй көз айнек тагынып алыптыр…

Үйүм күз. Үйүмдөгү жаздыгым күз. Эртең болсо кайрадан жолчулук. Сен же жанымда, же алыста болосуң. Балким ошондо жаштык күндөрүмдүн ушул барагы жазылат. Сени сагындым! Аны өзүмдөн башка эч кимге айткан жокмун.