ИСАТОВ Мезгил: МЕЗГИЛ ИСАТОВ: ЖЫЛДАР – КУБАЛАШКАН ТОЛКУНДАР

ЭССЕ

Бир күн

Мен адам болбойм.
Жарымы түш жашоодо.
Бул санат
Өлүмдү сурады менден…

Дубалдагы саатты карап, “Бүгүнкү күн да кетти” дептирмин. Ошондо сааттан корктум. Сааттын жебеси жылат. Чыкылдаган үнү мээме сайылгандай шаштырып, алактатып жиберет. Кайда шашабыз, билбейм. Шашсаң деле жетпейсиң. Баарынын соңу бир го. Мен шашпайм… Мен сыяктуу көп нерселер ордунда.

Сааттын жанындагы сүрөттө илинип турам. Төрт чарчы жыгач ичинде мына-мына мени көргөнү бирөөлөр келчүдөй тынч бөлмөдөн тынчтыкты издей баштадым. Ушул сүрөттө калыптырмын. Кетенчиктеген көз караштарым да кошо илинүү. Сааттын жанында кечээ, азыр да, эртең деле ушинтип илинип кала беремби… Билбейм. Сүрөттөгү бала чагым, жаштык кезим, жүзүмдөгү улгайыңкы бырыштарым аралашып калган. Төрөлгөндө эле үч муундан төрөлгөн. Ошондуктан, жалгыз жашоомо окшогон жалгыз сүрөтүм бар.

Ичине бардыгын илип алган. Жашым жок. Жашым билинбейт. Бул сүрөттө мени менен өмүрдүн төрт мезгили да кошо түшүптүр. Ак кары, ак гүлү, ак жолу менен ак сөзү… Сүрөтүм эч кимге арналбагандай өмүрүм да өзүмдө калыптыр. Бул бөлмөнүн эшигин миңдеген ирет ачып-жапсам деле азыркыдай ээндикти көрдүм беле?…

Дубалдын ак саргыч боёктору эскиргендиктен, бөлмөнү караңгылатып турат. Жалгыз терезеге чапталган гезиттин эски барактары саргайыңкы. Купкуу. Ар кайсы жерлери тытылып, күн тоскон денеси калтырап бышып, качантан бери көргөзбөй турат көчөдөгүлөргө. Ичимдегилерди катып турат ичине. Ортодо чоң жыгач үстөл.

Бул бөлмөнү жакшы көрөм. Табышмак бөлмө. Кыялыма катылган сырга окшош. Ачыла элек. Ай жарыгында курсагы ачкан чычкындар чыгашат. Эч нерсе калтырбай шимшип чыгышкан соң, жыгач үстөлгө чыга албай буйдалышат. Кызык, алактаган чекиттей болгон көздөрү мени көрүшөбү? Төрт дубал ичинде төрт чарчы болуп илинип турсам, көрүшмөк беле?

Жалгыз үмүттөрү — бир нерсе таап, курсагын тойгузса. Азыркы мен сыяктуу…(?) Анан бир аз нандын күкүмүн таштасам, “шып” илип кетишти. Ошондо, көлөкөнүн жарыгындай көңүлүм көтөрүлдү. “Жылт” эткен кубаныч басты. Ак чайнекке кызарта демделген чайдан ичем. Берки бурчта кыйчылдап турган эски керебет, жанында төшөк. Сууланган. Мени менден жакшы билген. Эски түшүмдү кайрадан көрдүм. Бөлмөнүн төрт тарабын желе басыптыр. Желелерге жем болчудай тыбырчылап, жаным көзүмө көрүнгөндө, жөргөмүш келатты. Жумурткадай көздөрүнө башын катып, түпкүчтөй буттарына тарпайып конуп алыптыр. Өлүп көрбөгөн түшүмдө.

Бул бөлмөдө дүйнөнүн баары бар. Бир бөлмөлүү өмүр бар. Ушунун баары мени менен сүрөт болуп илинип кала бериптир. Жылдар – кубалашкан толкундар. Бүгүн көргөнүм — эртең башкача. Жанымдагы саат токтоп калыптыр. Ошондо сааттан корктум. Саат жылбайт. Мен жылып бараттым. Токтогону…