ИСАТОВ Мезгил: МЕЗГИЛ ИСАТОВ: СҮЙҮҮНҮН ЭСТЕЛИГИ

ЭССЕ

Сен сүйүүсүң.Сенден качам.
Сагынуудан… кусалыктан.
Анткени, сенсиз жашай албайм.

Бүгүн сүйүүгө эстелик тургуздум. Нур тийсин деп бийигирээк, шыбак жыттуу жер тандадым. Улуу тоолордон жайлоо гүлдөрүн терип келдим. Жашыл арча койдум. Өмүрдүн артта калган күндөрүн кечирдим. Кечирим сурадым…

Бирок сүйүүнүн эстелигин жыгачтан да,таштан же топурактан да жасай албадым. Аны сөздөн жасадым. Ошол кичинекей, жөнөкөй, улуу сөздү жүрөгүмө орноттум. Эми жүрөгүмдө  сенден башка эч ким жок…Сени “сүйүү” деп өзүңдөн өчпөй турган сүйүүнү тааптырмын.

Эстеликти да эртелеп орнотком го. Бир жолу келатсам, гүлзарларга күз келиптир. Коштошуунун салмагын ушул гулзарлардай сезе алабызбы?…

Билбейм. Коштошсоң — күзүндө коштош. Муңумду муңайган күзгө  айтайын. “Эмнеге?” деп сурабачы кетээриңде…  Жөн эле жылмайып кой. Бардыгы мурдагыдай кала берсин.

“Келем” дедиң эле. Жумуштарың чыгып калды го. Көпкө күттүм. Күткөнүм күйүткө айланбаса экен. Андан бери эки жыл өтүптүр. Дагы эле күтөм.

“Жүрөгүмдү унут” дедим. Унутпады. Азыр менин жүрөгүмдөн башка кайда жүрөсүң?

Коштошуу ушундай болобу?..