ИСАТОВ Мезгил: МЕЗГИЛ ИСАТОВ: ЧЕКСИЗДИК ЖАНА ТАРДЫК ИЧИНДЕМИН

Этюддар

Күз кайрыктары

Кандай сонун күздү карап олтуруу… Күз акындардай ыр жазып жатты. Ойлуу, омоктуу, жамгырлуу, жанга жакын жаралуу саптар. Күүгүмдөнүп, күмөндөрүм баардыгын эске салат. Шагынан үзүлөйүн, үзүлбөйүн деген аргасыз жалбырактар менен кошо кулайм. Тоголонуп кайда урунаарымды билбейм. Кайрадан сүйгүм келет. Күздөгү сүйүү туруктуу болот дешет. Бирок мен аны сактай алат белем?

*  *  *

Сагынычтар сабагынан үзүлүп жатты… Кылдыр этип жаны чыгып, шагынан ажырады. Денеси кулап түштү. Аны жулкунуп бараткан агын суу “лып” этип илип жөнөдү… Майдаланып топурактын өңүн алды. Бир кезде жашыл эле кызыл, сары, көркөм болчу. Азыр болсо улуулукка умтулуп, кылдыр этип кете берди. Күздөй болуп күнүгө үзүлө алат белем?

*  *  *

Мага окшош күндөр кетип бараткансыйт…Эмнегедир жашылы жанып бараткан жалбырактарды көрүп, убайым тартып, уйпаланып кетем. Сүйгөнү бар адам сыяктуу жашайм. Сүйүшкөндөр бири-бирине окшошот дешет. Экөөбүздүн эмнебиз окшош болду экен? Мага окшош күндөр өтүп бараткансыйт… А мен болсо сенсиз өзүмө окшобой турам.

*  *  *

Кетсең, күзүндө кет… Күзмүн, күздөймүн. Кандай болсом, ошондоймун…Кийинки саат келбей турчу, кечикчи ! Унутуу ушинтип башталабы? Унутуу оңой болсо … алгач сен унут! Мен мезгилдерге кеттим. Мезгилдер унутпайт. Кайрадан күз келет. Ал эми көчөдө… турмуштун дагы бир сабагы үзүлүп баратты… Кетсең, күзүндө кет?..

Мен адам болбойм

Күн ойгонуп, ай батканда өмүр демин ырга айлантып, кечке сүйлөшө бериптирбиз. Экөөбүз жөнүндө эч нерсе дешпедик. Сүйлөшсөк эле эки жака кетип калчуудайбыз.

Сенсиз калганча…

Мен адам болбойм!

Бакырайган көздөрүңдөн бак издеп, балапандай сезимдеримди багып келатам. Канат бүтүп, учуп чыкса мейкиндикке… бактылуу болор белем.

Бактысыз  болгуча…

Мен адам болбойм!

Жүрөгүм менен акылым да эки башка. Бир денеге бириге албайт…бири-бирибизсиз жашаганча…

Мен адам болбойм!

Бугум чыкканча булбулдай сайрабасам, буулуккан булуттардай албууттанып,  жамгыр болуп төгүлбөсөм… элжиреп өмүр бою, жалгыз сени  гана…

Сени гана сүйбөсөм…

Мен адам болбойм!

Сүйүү деп гүлдөр ачылып, сүйүү деп жамгыр төгүлүүдө. Сен бар үчүн жашоо жашалып, өмүр өтүп жаткансыйт…

Сенсиз жашаганча…

Мен адам болбойм!!!

Экөөбүз эле

Жашагым келбесе деле жашап жатам.

Бир кылмыштуулук сыяктуу жасала элек.

Калп менен чындык ортосунда.

Бир нерсе бир башкача.

Менче…

Мен жана Мен,

Экөөбүз элек…

“Сен түш көр, мен көрөйүн” дедим. “Макул” дегендей башын ийкеп “Жок” деди. Менин түшүм менин денемде, тек гана карегимде. Жаштыгыма тойбой келем. Ачмын. Ач жаштыгым. Өмүр бүтөт ошол ирмемде. Ойгонгонумда түшүм жок, түш ичинде болчумун. Балким дагы жалгыз, ар дайымкы сыяктуу уйкусуз элем.

Сага келдим. Эшикти ачып жогору өтөйүн дегем. Бирок сен күзгү белең? Менин көздөрүм менен мени карайсың?  Ошондо кача баштагам, жылдызы жок, айсыз түндөргө . Көздөрүмдү жумсам, көңүлүмдү жума албай, сенсиздикке агып бараткан жолумду тосушту. Жокмун, бирок сен деле жоксуң.

Мен сенби?

Же сен менби?

Издөөнү табуу

— Эмнеге төрөлдүң?

— Өмүр менен өлүмдү өлчөгөнү.

— Өлчөдүңбү анда?

— Жок! Өлчөндүм.

Эшикти жаап, алгач кадамымды аттаганда жок боло берди жол. Кетмек менен Келмектин, Бүгүн менен Эртеңдин, Көк менен Жердин ортосунда такала түштүм. Көпкө чейин катып калдым. Анан наристенин алгачкы кадамындай арыштарымды абайлай таштап жолго чыктым. Кайсыл тарап чакырганы белгисиз, Чексиздик жана Тардык ичиндемин.

Көчөдө баратып таптым жолду. Жалгыз аяк… Анан ызы-чуудан өзүмдү жоготуп жибердим. Жан талашып издей баштадым. Жанымда турган адамдардын көздөрүн карадым, кобурашкан үндөрүнөн өзүмдү тааный, ыкчам жаттай баштадым көз караштарын…

Бул эмне эле?…

Эшикти бир барак сыяктуу ачтым.Бопбош жана таза, жазыла элек. Бир бош кагаз, бош бөлмө. Апаппак дубалдар — таңгалычтуу бир түгөнүү. Ак бар эле актын аркасында жана көк асман. Мен дубалды тез эле сентябрь сарысына боёдум. Бир бөлмө кээде өзүнчө эле бир дүйнө… Болсо, болсо муздак таштагы бир өмүр?

Ачкычым жок. Чөнтөгүмдөн, сумкамдан да карадым. Ылдый түшүп чай ичкен жерлеримден, баскан издеримден, кобурашкан үндөрдөн сурадым. Таппай үйүмө келгенимде кулагыма бир үн угулду. Жалгыз гана бир үн. Жылаңач чакырык. Аны жанагыл жолдордун ызы-чуусуна окшоттум. Ошондо көл толкуну болушу үчүн өз денемди жээкке таштап жибергенсидим. Кайрадан үрөйдү учурган ошол үн. Ал чаңырык үн эмес. Издеген жолум… Бирок мен жолго чыккан эмесмин. Жол сапары үчүн башынан жоготконумду аягынан издешим керек беле? Жолго чыкпасам, эмнени издедим экен? Жол — ар нерсе. Ар нерсе — жол эмес. Ташкындаган дарыя. Бир дастан сыяктуу агып баратты добушунда. Жүрөгүм кошо чертилген бул сыздоо эмне эле?

Сатуучу:

— Бир нерсени сурадыңызбы? — деди.

— Дастанды, үнүңүздөгү дастанды,- деп барып,- Жок, жок шашып баратам. Мен дарыяга кетип жатам. Жолго эмес, — дедим.

Алдымдан баягы үрөйдү учурган үндөр кайрадан жаңырды. Бир үйүр топтошкон көпчүлүк:

— Көзүн карабайбы, унааларды көрбөй калдыбы? — дешти.

Бирок ал… Мен эмес болчумун. Тоголонуп калган эмесмин дөңгөлөктүн алдында. Өтө абайлап келаткам. Мынчалык таңгалычтуу тиктеген көздөр. Жүзүмө суу чачышты.

— Өлгөн мен эмесмин,- дедим.

Колдорум менен өзүмдү өзүм тарткылап ордуман турдум…

— Эгер сыркоолоп жатсаң, кете бер,- деди мугалим.

— Жок. Баардыгы жайында, бир аз башым айланып кетти окшойт,- дедим.

— Анда ылдый ашканага түшүп, ысык чай ич,- деди.

Рахматымды айтып, олтура бердим. Кайрадан таң калычтуу тиктеген көздөр.

Бирок мен окууга кечээ да, бүгүн да барган эмесмин.Төшөктө сыркоолоп жаткам. Ошондо өмүрүмдү асты-үстү кылган жеримди издей баштадым. Баардыгын кайрадан карап чыктым. Бөлмөлөрдү, терезедеги тоолорду. Анан шашкалактап окууга жөнөдүм. Эшикти жаап, алгач кадамымды аттаганда, жок боло берди жол.