ИСАТОВ Мезгил: МЕЗГИЛ ИСАТОВ: ЧОҢ ЭНЕМДИН ОЮНЧУГУ

ЭТЮД

Бир колу күйсө,

Бир колу жетпейт,

Күнөөсүз күнөө…

Бул көл толкуйт. Көкүрөгүнө кабат-кабат топтолгон белгисиз кайгысы толуп-ташып, жээкке майдаланып барып урунат. Чачырап сынган бермет тамчылар ирмемде көрүнөөр-көрүнбөс көздөрдөн чуркап өтүп жашынып калышат. Мындай сансыз кайталаныш жүрөк тереңдигиндеги бир ички кайрык сыяктуу улам чачылып, улам жыйналат.

Сезимдерди арбаган бул толкундануу жээкке урунуу. Умтулуу менен чегинүү. Түгөнүү менен башталбайт жоктук. Жамал аны билет. Ошондуктан үмүттөрүнөн жылдыз токуп олтурат. Мындай айлуу кечтеги өзүнө жолугуу көл жээгинде гана бир башкача.

Жээктей жылаңайлак басып кичинекей издер калтырат. Издердин арттагысы, алдыдагысы болот. Көрүнгөнү, көрүнбөгөнү… Анан үйүндөгү ооруп жаткан атасын эстей, издер ичинде буйдала түшөт. Бул Жамалдын дагы баягыдай бир чекитке такалып калышы… Дагы баягыдай үнсүздүгү.

Үй. Үйдүн аты жомок. Баардыгы ушул жомоктон башталып бүтөт. Өмүр дагы. Ар кимдин үйү сыяктуу бирде бар, бирде жок нерселери менен толуп турат.

Кеч күгүүмдө үргүлөп бараткан атасы жалгыз кызын карап коёт. Эч нерсе дебейт. Кээде көздөр гана сүйлөшөт. Аңгыча тезек көтөрүп чоң энеси келет. Күбүрөнүп көп нерселерди айтат. Атасынын тыйылбай ичкенин, энесинин таштап кеткенине  жыл ооп калганын, жети жашар Жамалды унутканын бир айтып, бир койбойт. Мындайда Жамалдын жек көрүүсү менен сүйүүсү кар аралаш жаандай аралашып көчөгө чуркап чыгат.

Ичинен “энем сөзсүз келет, атам айыгат” дейт. Кайрадан бош көчөнү тиктейт. Жол таянган үмүттөрү үзүлбөйт. Анан адатынча бир чекитти тиктеген бойдон ойго барат.

— Жамал! Жамал! Какшатып кайда кеттиң?! — деген чоң энесинин ачуу үнүнөн чочуп үйүнө жүгүрөт. Кайтып келгенинде тиктеген чекитин таппайт. Ушул кең дүйнө менен жан дүйнөнүн ортосуна көпүрө сымалданган чекитинен кичинекей тилек тилеп, кенедей кубаныч сурайт. Дагы ошентти. Чекити бирде табылып, бирде жоголо берет. Билинбеген балалыгы сыяктуу… Мончок жаштарын кичинекей алаканына жашырып, кусалуу көз карашы менен күндүн ысыгын тиктейт. Аны эч ким көңүлгө албагандай Жамал да эч кимдин кайгысын бөлүшө албайт. Бир жалгыздык ичинде бекилүү. Энесин гана эстей берет. Жүрөгүндө эмес, акылында болгондугу үчүн. Ар жагында үмүттүн үзүгү, үнсүздүк, үшкүрүк калат. Күзгү сымал өмүрдө баары эле көрүнө бербегендей, аны алып кетип бараткан бир нерсе бар. Өз эркине өзү алы жетпей, бүдөмүк ойлорду аралап келатат.

Чоң энеси жип ийрип отурганда гана Жамал баладай болуп кыялында оюн ойнойт. Өзү чоң кишиче жүн тытат. Бутун бүгүп, ийикти чимирилтип, жип чыйратып жаткан чоң энесин карап, кичинекей кыздай элестетет. Оюнга канбаган тестиер баладай алаксыган чоң энесине жылмайып, ичинен күбүрөнөт. Ийиктеги жиптей узарган өмүр акырында чыйралып, бир тоголок эле болуп калабы? Бирде кичинекей кызды, бирде чоң энесин элестеткен Жамал элеңдей эч нерсенин аягын таппайт. Ийикти карап, чоң энесинин оюнчугуна күлкүсү келет.

Анан жөн гана жеңилип коёт. Жеңилип койгонундагы улуу жеңишти эч ким байкабай калат.