КАЛЫБЕКОВ Нурлан: НУРЛАН КАЛЫБЕКОВ: АВТОПОРТРЕТ

ЖАН

Бар бололу түгөнбөйлү курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Жашоо бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.
Алыкул

Качандыр бир жаралам деп ойлоном,
Бул чеги жок табияттын колунан.
Аалам кезип айланыштуу жол менен,
Кайра баштан бул жашоого жолугам.
Жолон

* * * 

Телмирет ажал кашымда,
Тагдырдын теспе ташында,
Айланып эле келатам,
Айланып бүттү башым да.

Жоголсом кокус быяктан,
Табылам сырлуу тыяктан.
Жан экем тынып, тынчыбас,
Жалын от чыгат туяктан.

Ободон кетсем куулуп,
Жаралам кайра туулуп.
Өмүрүм — айланкөчөгүм,
Шекердей келет чубуруп.
Токтотпой өмүр көчүмдү,
Тагдырым алаар өчүңбү?
Тирүүлүк, билбейм мен үчүн,
Таңымбы, кирген кечимби?

Мемирейт мезгил чеги жок,
Дүйнөм ай, ашык кеми жок.
Жапжалгыз боздойт жан шордуу,
Өзүнөн бөлөк теңи жок.

Айлантып атып чимирик,
Тагдырым келет чимирип.
Тынчыбайт окшойм, Кудурет,
Боюңа алчы сиңирип.

Жашоону көрдүм, курусун,
Көрбөдүм жакшы, дурусун.
Койнума каткан нерсем жок,
Болгону ушул турушум.

Жазымыш, өзүң көр, теңде,
Түшпөдү ооздон АК*, келме.
Алсаң, ал жанды, а бирок,
Экинчи жерге апкелбе.

 

ЧӨККӨНДӨ

Жеп алдым өмүрдүн жарымын,
Көрбөдүм бакыттын жарыгын.
Уурдалды алтындай жаштыгым,
Отуздун боюнда карыдым.

Бу тагдыр ушундай катаалбы?
Төрөлдүм, бербедиң батаңды…
Кудайды кармасам таяктап,
Оңдогун демекмин катаңды.

Тамыры зак жеген тагдырдын,
Көчөтүн суу куюп, жандыргын,
Шактарын жая албайт, келет өх,
Бүркүттөй өзүмдү жарга ургум.

Көңүлдүн түбүндө жара бар,
Өмүрүм чала жан, жарадар.
Бабалар журтуна көчкүм бар,
Мен кетсем канаар ээ табаңар.

Жашоонун маңызын түшүндүм,
Үзүгү экенмин түтүндүн.
Мээримге зар болуп жашадым,
Келүүдө өмүрдү бүтүргүм.

Максатым бар эле бараандай,
Жашагым келчү эле адамдай.
Закымдар соңунда сандалып,
Өзүмдү калдымбы таба албай.

Каргыш бар же өзүм жаманмын,
Калдымбы астында тамандын.
Санаалар курт сымал жанды оюп,
Саргайдым өңүндөй самандын.
Жашагым келчи эмес изи жок,
Изим жок, издечү кишим жок.
О дүйнө, бу дүйнө өмүр сүр,
Кудайга баары бир, иши жок.

Жеп алдым өмүрдүн жарымын,
Көрбөдүм бакыттын жарыгын.
Уурдалды алтындай жаштыгым,
Отуздун боюнда карыдым.

 

КУСАЛЫК

Сен түшүмө кирипсиң,
жалгыз кирбей уул-кызыңды ээрчитип.
Олтуруппуз дасторкондун үстүндө,
жайнайт анда дүйүм тамак, шараптар.
Кайра-кайра кызыл шарап сунасың,
алып коём сунган колуң сумсайтпай.
Коём анан, эркелетип уулуң менен кызыңды,
өз уулумдай, кызымдай,
өзүң дагы аялымдай сезилип.
Олтурабыз жай гана, үй оокатын сүйлөшүп,
тиричилик жөнүндө.
“Түшкө чейин сасып уктап жатпастан,
тур батыраак, калды сыртта тирилик!”
Кеттим чочуп ойгонуп.
Сыртка чыктым.
Баягы үй, баягы эле короо-жай,
баягы эле үй-бүлөм,
баягы эле, көр тирилик бүтпөгөн,
баягы эле, окшош күндөр тажатма,
баары өзүңсүз.
Калды үй – жай, тирилик,
чыкты баары, баары эстен,
жүрөгүмдө, мээмде жалгыз өзүң олтурган,
бешенеме жалгыздыктын мөөрүн,
небак басып койгонсуң.
Ичип кеттим жумалап.

 

АВТОПОРТРЕТ

Кимсиң өзү,
кайдан келдиң, баратасың каякка?
Сен үчүн бүт, баары эски,
керектөөдөн чыгып калган кудайлар,
жок, сенде түк идеал.
Бутуң бокто жүргөн менен
ойлоносуң көк менен,
асман менен жашайсың,
жашагандар жер менен
ырыскыңды жеп жатышат чокулап.
Деги кимсиң?
Жалгыздыкты жактырган,
жакпайт сага жүргөн жандар топурап,
кеткиң келет дербиш болуп жер кезип,
чыккың келет Гималайдын башына,
тооп кыласың
Шаман сымал Ата-Журттун ташына.
Жаткың келет кээде
түбөлүккө топуракты жазданып,
карманасың өзүңдү,
ыйлап ийе ташташыңа аз калып,
көзүң чалса тентип калган жандарды.
Деги сенде ар барбы?
Арам тамак бектер менен хандарды
жылаңачтап айдактап
келет сенин кең көчөнү айланткың.
Теңдегиң бар жөн койсо,
тектүү менен тексиздерди
таразанын ташына.
Эч ыраазы болбойсуң
күндөгү ичкен ашыңа.
Жакпайт сага көр дүйнөнүн оокаты,
жалтыр-жултур буюмдары көздү алган.
Жакпайт сага жол башчылар из салган,
жүргүң келбейт изи менен алардын.
Кудайды да издебейсиң, көктөн сен,
баш ийбеген эч кимге,
өз билгенин бербеген бир, көк бет сен.
Деги кимсиң,
Качан, кайда житесиң?

 

КОЖОЮН

Сага гана баш ийем,
менден башка сага эч ким баш ийбейт,
бар аларда кожоюндар, кожейкелер сандаган.
Ар коктудан чыга берип кыйындар,
мээсин, эсин, сезимин байлап алган
кыл арканга сыйкырдуу.
Ал сыйкырлар укумунан-тукумуна уланат,
кыйын аны жандыруу.
Кожоюнум, жалгызмын деп ыйлаба,
аска-зооң бар, тоо-ташың бар, дайраң бар.
Ай, Күнүң бар, жылдызың бар, жайлооң бар,
асманың бар анан да,
сан жетпеген ааламдарың айтпайын.
Кара, кара жан-жаныбар, куштарың,
Сени даңктап сойлоп, жойлоп, учканын,
карагайың, талдарың, баары сенин балдарың.
Кейибегин мен бармын,
кулуң дагы, уулуң дагы жана досуң, сырдашың,
жашыңды тый муңдашым.
Сени жакшы түшүнөм
канча жолу көз майыңды коротуп,
мээнет кылып уктабай
эргүүң менен, сүйүүң менен жараттың,
Сен аларды бир өзүңө окшотуп.
Сага каршы чыккан далай От жандар,
ошондо да койгон жоксуң токтотуп,
билем, билем жатат ичиң ачышып.
Кой, кейибе, экөөбүздү чангандар,
келет акыр кайрылып.
Олтура тур тагыңда,
мен жаныңда,
Сен тиккен ыр багында.

 

ЧАЛГЫЛА

Өзүмө өзүм батпайм,
ички отум алоолонуп көктү серпет,
оолугуп, жээлигемин,
акылым бууркандап ашып-ташат.
Бу мезгил кайда шашат?
Күнүңкү ишим бүтпөйт,
бүтсө да маңызы жок,
таң атат, иңир кирет,
уктасам уйкум канбайт.
Жайылып олтургум жок дасторконго,
карылар кеп кылчу эле:
Кармалат кайран өмүр дасторкондо.
Жоо кууп келаткандай,
чуркаймын кай жаккадыр,
бир мүнөт тыным алсам,
оокатым өтпөөчүдөй сезилгенсийт.
Тыпырап бутум жерге тийип-тийбей,
жүрөмүн, жүрөм чуркап,
жаткансып өмүрүмдү бирөө уурдап.
Мен шашам, мезгил шашат,
кечээки ой максатым,
эскирди кайра бүгүн,
кечээки текке кеткен кайран күнүм.
Сооп иш кылсам эгер эртең менен,
башканын сыйын көрөм түш оогондо,
бирөөнү сөктүм эле,
жаңы эле кетти ашатып башка бирөө.
Менин мээм жетпей койду,
силерге берем суроо:
Убакыт неге мынча тез өтүүдө?
Эмне үчүн мезгил мага өчөшүүдө?
Убакыт чалмасыбы чагылгандын?
Чалгыла 0771 121840

 

УЙКУ

Күндө кечте өлөм мен.
Жаным учуп арбактай,
саякаттап көз көрө элек,
бут баса элек жерлерди,
чыгам, бирден кыдырып.
Учурашам жандар менен
бейтааныш,
таанышымдай санаалаш.
Аралаймын токойлорду
эң бир кооз,
талдар менен сүйлөшөм,
мас боломун буркураган,
чөп, гүлдөрдүн жытына,
мастыгымды таркабасын
деп тилейм.
Кайберендер алып чыгып
аскага,
жылдыздарды алперип,
тагат бирден чекеме.
Мемиреген белгисиндей
тынчтыктын,
көпөлөктөр бий бийлейт.
Оолуктурган оюм жок,
токтоп калып акылым,
жаным жыргайт тек гана.
Учам, учам ойт берип,
жарык жанган жылдыздай.
Ай шооласы астында,
Ай селкинчек тебебиз,
Ай көкүлдөр шыңкылдап,
дирилдетет жанымды.
Каакым сымал жанымдын
жеңилдиги керемет,
ак пахтадай жанымдын
жумшактыгы шумдук эй.
Чырр дей түшкөн саат үнү
албарстыдай басканда,
кетем чочуп ойгонуп.
Оорлошкон денемди,
сүйрөп алып кетет мээм,
тирилемин тирилик…
Мээ азабы башталат.

 

БҮТҮНДҮК

Мен такыр бул дүйнөнү,
бөлбөймүн ак-карага,
бул дүйнө турат мага бүтүндүктөн,
агылып түшкөн нурлар бу түндүктөн,
баарына тийет тегиз.
Төмөндөн Көктү көздөй,
сызылып сызат жарык.
Бөлгөндөр ак-карага бул дүйнөнү,
агың ак, а караң, караңа бар,
бейишти самагандар бейишиңе,
тозокко жарагандар тозогуңа,
бар, бара бер.
Мага жок ысык, суугу,
мен турам бүтүндүктөн,
нур түшкөн тээ түндүктүн
астында, үстүндөгү
жарыктын жолу кызык.
Жараткан бою кызык.

 

ЗАМАНА

Менин жолум белгилүү,
абийир менен өтөп бүтүп
жандык аманатымды,
башатыма баруум керек оозанган.
Түшүнбөймүн силерге,
Неге жашап жүрөсүңөр бу жерде,
жыйып эле жатасыңар
көр дүйнөнүн бок-сагын,
сатасыңар бирин койбой
досту-жарды, эл-жерди.
О Жараткан, кечире көр пендеңди.
Наристени ал тургай,
касапчыдай союп алып,
бөйрөк, боор, жүрөгүн
сатышууда деп уктум.
О Жараткан, о Кудай,
билбей жатат дарегиңди буларың,
билсе эгерде, Сени да
талап алып, тоноп алып, сатышмак,
үлүш тийбей калса кокус,
бирин-бири атышмак.
Калбай барат жер бетинде ыйыктык,
тили менен ысымыңды айтышып,
сени коюп күрөөгө да күбөгө,
сатышууда ыйманын.
Жүрөктөрүн ээлеп алды Ибилис,
жер бетинде Сен жоксуң,
олтурасың очоюп өз тагыңда,
түшчү жерге, десеңчи өзүң бирдеме.
Жомок кылып айттырбастан,
болор кыяматыңды,
эртелетсең боло, бол эй тезирээк!
Же, Сен эмне,
асманга эле жооп берип,
жердин бетин башкарабы башкалар,
жерди эмне кагаз бийлеп калганбы?
Кетирүүдө мезгил менин аргамды,
чүнчүп бүттүм сатылган бул заманда.
Сөздөн айлан, эй дүйнө,
оозум барбайт сүйлөөгө.
Жаша кагаз, жашыл кагаз, көк кагаз!

 

АЛАР ҮЧҮН МЕН КААПЫР

Өзүң көрдүң Кудурет
келе жатсак экөөбүз,
Сен тууралуу
жомок айтып киришти.
Алар үчүн мен каапыр.
Сени менен турганымды,
эч бирөөсү көргөн жок,
Сени менен дем алганым,
сезишкен жок эч бири,
Сенин назик шыбырыңды,
уга алган жок эч кими.
кайран кулак, кайран көз,
кайран мурун барбайган,
көрбөгөн соң, укпаган соң,
сезбеген соң эч нерсе,
Сени сүйлөп не кылат.
Эч бир жанга байкалбай,
Сени көрүп, Сени туюп,
Сени менен дем алып,
кандай бакыт жашаган.

 

КЕЛ…
(Калмурат Рыскуловго)

Комузду чаап ташка,
кылдарын аркан кылып,
жаштыкты асып салдың,
бул эмнең?..
Кайрыл артка!
Катуу айтчу эмес элем, бул дүйнөңдө,
кыйкырам арбагыңа тыяктагы,
кайрылгын, кайрылгының
жашоого быяктагы.
Сурангын, жалынгының,
көнгүнүң, макул болгун,
Кудурет койгон ар бир талап, шартка!
Кайра кел, кайра келгин,
тозоктун, бейиштин да,
бешиктин, бейиттин да,
мекени болгон ушул жер бетине.
Карачы, канчалаган жандар турат,
акыйып, кезек күтүп,
өтөбүз дешип жашоо сыноосунан,
жер бети — сыноокана,
көк бети — суроокана,
сен эмес кудайлар да,
самашып турат кайра төрөлүүнү.
Макулук жаныбар да түлөп түшөт,
дарак да, саргайган соң, кайра көктөйт,
Ай деле бирде толуп, бирде кемийт,
сен болсо — түгөндүм деп,
жеп салдың өзүңдү-өзүң,
кыйнадың дос, тууганды, сүйгөн жарды.
Тозогу, бейиши бар,
жыргалы, кейиши бар,
жашоодон жададыңбы?
Жан болуп жаралган соң, кутулбайсың,
жашоо бул — айланкөчөк,
жашоо бул — оюнчугу Кудуреттин,
жашоо бул — түбөлүктүк,
жашоо бул — өзүң жана Кудай Теңир,
акыры билгендирсиң.
Кайрыл артка.