КАРИМОВ Мирзохалим: МИРЗАХАЛИМ КАРИМОВ: ОТ МЕНЕН ОЙНОГОН ДИНИЙ ФАНАТИЗМ

Тагдыр буйругу менен байыркы элдердин бири болуп саналган баатыр мүнөз, меймандос, таланты таш жарган кыргыз туугандарымдын мекенинде жашап калганыма сыймыктанам.

“Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган” Манас баатыр, көлөмү океандай “Манас” эпосунун миллион сабын жатка айткан Гомер Саякбай Карала уулундай залкарлар кайсы элде бар? Дүйнө элдерин таң калтырган сыйкырдуу Комуз, ааламга нур чачкан Ала-Тоо чокусундай Ак калпак, касиеттүүлүгү жер бетинде курулган бардык имараттардан артык болгон Боз үй, көк асман сымал мелтиреген Ысык-Көл, дүйнө окурмандарынын назарын калеми менен багындырган гуманист Чыңгыз Айтматов кимде бар?

Айтор, кыргыздын бактысына жаралган баалуулуктарды санаса сан, айтса ай түтпөйт. Чын дилден айтылган бул сөздөр кыргыз туугандарыма көнүмүш кеп катары сезилээр, бирок жеке мени, башка элдерди суктандырат. Ушундай чоң дөөлөткө ээ болгон туугандарым ошого жараша ынтымак, улутка жат идеологияларды жакын жолотпогон кыраакы, сак болушун тилеп келем.

Демократиялык жолду тандап алган дүйнөбий Кыргызстаныбызда коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүлүп жатат. Буга президент башында турган тийиштүү органдар эле эмес, жалпы эл катышканда гана натыйжа чыгаары анык.

Коррупциядан да коркунучтуу болуп саналган диний фанатизмге каршы күрөшүү, союз тарагандан бери унутулуп калган улуттук идеологияны жолго коюу маселелерине олуттуу маани берилбей келатканы мени абдан тынчсыздандырат.

Жетимиш жылдан ашуун мезгилде тамырын тереңдетип алган диний фанатизм дүйнөбий өлкөнү келечекте кандай кесепеттерге кептей тургандыгын коңшулаш Тажикстанда болуп өткөн 1992-1995-жылдардагы кандуу согуш аттын кашкасындай далилдеп көрсөттү. Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун тезинен чек араны бекитип, диний фанатизмге каршы аёосуз мамиле кыла баштаганы ушундан улам болгон. Эгер И.Каримов ушундай катуу турбаганда, диний экстремизм Өзбекстанды да каптап кирип, арымын андан ары улантып кетмек.

Тилекке каршы, Кыргызстан Тажикстанда болуп өткөн диний-саясый согуштан эмгиче сабак ала электей сезилет. Мамлекет диний фанатизмге мыйзамдуу чара көрбөсө, улуттук идеологиясынын таасирин күчөтүп турбаса, мунун аягы чоң кесепеттерге кириптер кылышы ыктымал. Анын алдын алыш үчүн мамлекет момун мусулмандарды ыйманга, адеп-ахлакка тарбиялай турган салттуу дин менен эмес, диндин ичинен бөлүнүп чыккан диний фанатизмге каршы тынымсыз иш жүргүзүп турушу шарт. Эгер андай болбосо, дүйнөбий режимди өзгөртүүнү тээ коммунисттик доордон бери самап келаткан ички жана тышкы күчтөрдүн чырактарына май тамат. Ал күчтөр өлкөдөгү саясый ырксыздыктан, бийликтин кайдыгерлигинен ыктуу пайдалануу менен аста-секин баш көтөрүп өзүнүкүн диктовка кыла баштайт, дүйнөбий өлкөнү тирүүлөй тозокко айландырат. Мен муну өзүмдүн тарыхый мекеним – Тажикстанда болуп өткөн кандуу согушта көрдүм.

Демократияны бетке тутуп от менен ойногон диний ж.б. топтордон куралган оппозиция жана дүйнөбий режимди сактап калууга аргасыз болгон тажик бийлигинин ортосундагы тирешүү тынч жаткан өлкөнү бир нече жылга чейин кадимки түрмөгө, тозокко айландырган. Ошол кандуу күндөр кимдин ким экенин даана көрсөткөн. Советтик коомдун тузун татып, убагында КПССке мүчө болуп, майлуу-сүттүү кызматтарды аркалагандар, ошого чейин мамлекеттик каттоодон өтүп алган ислам партиясынын лидерлери Бириккен тажик оппозициясын түзүп, бийликти талкалаш үчүн элдин канын төгүүгө чейин барышпадыбы.

Тышкы күчтөрдүн колдоосу менен куралданган Ислам партиясынын лидери Саид Абдулло Нури, бийликке жете албай жүргөн исламчыл Туражонзода, убагында “Правда” гезитинин Тажикстан боюнча өз кабарчысы болуп жүргөн Отахон Латифи, таанымал акын Бозор Собир сыяктуу көптөгөн чыгармачыл адамдар өкмөттү кулатыш үчүн диний фанаттар менен тилектеш болушканы ишенген интеллигенциянын диндешип кеткенинен кабар берет. Курман болгон 100 миңден ашуун бейкүнөө адамдын, жесир калган 22 миң аялдын, жетим болгон 55 миңден ашуун баланын убалы кимде экени, эбегейсиз чоң экономикалык зыян үчүн кимдер күнөөлүү экени эмгиче иликтенип келет.

Экономикалык зыянын азыр деле калыбына келтире албай жаткан Тажикстандын ушундай кесепетке дуушар болушуна тажик бийлигинин убагында динге, диний фанатизмге карата кайдыгерлиги, интеллигенциянын радикалдарды колдогону, окуу-тарбия иштеринин улуттук баалуулуктарга жуурулушпай жүргүзүлгөнү, дин ишмерлеринин мамлекетти тоготпой калышканы себепкер болгон.

Бийлик тарабында мындан тышкары дагы көптөгөн кайдыгерликтер болгон, бирок алар согушууга чейин алып бара турган себептерден эмес. Бул кайдыгерликтерди мен ушул республиканын кыргыз-тажик аралаш жашаган Жерге-Тал райондук гезитинде согушка чейин иштеп жүргөн жылдары даана сезгенмин жана колумдан келишинче сындап жазган болчумун.

Чөнтөгүнө партбилетин салып коюп, чогулуштарда: “Жашасын марксизм-ленинизм!”, “Жашасын Компартия!” деп кыйкырып, кечинде үйүнө келгенде диний эски ырасымдар менен алектенген эки жүздүү интеллигенттерди ошондо көргөнмүн.

Улуттук идеологиясы үстөмдүк кылбай калган Тажикстанды дал мына ошондой эки жүздүү интеллигенттер менен дүйнөбий режимди кулатууну самаган диний фанаттар авантюрага түртүп коюп, көпчүлүгү чет өлкөлөргө качып кетишкен. Саид Абдулло Нури, Туражонзода сыяктуу Ислам партиясынын лидерлери отту тутандыргандан кийин бир нече жыл бою Иранда ж.б. мусулман өлкөлөрүндө баш калкалап, сайрандап жүрүштү, ал эми бейкүнөө эл болсо ошолордун тозогунда бир нече жыл бою отко куйкаланды.

Жогоруда белгиленгендей, согуш чыкканга чейин бул өлкөдө жаштарды ар кандай диний окууларга тартуу, айыл-кыштактарды дээрлик жалаң имамдар, молдолор башкарып калганы, улуттук идеологиянын унутулганы дин ишмерлеринин мартабасынын көтөрүлүшүнө жана мамлекеттик бийликти тоотпой калышына абдан жакшы шарт түзгөн. Мамлекет дин ишмерлери менен, дин ишмерлери мамлекет менен иши болбой калган процесс пайда болгон.

Согуш оту тутангандан кийин ошол мартабалуу дин ишмерлери өкмөткө эмес, айылдарга басып кирген Ислам партиясынын согушкерлерине жардам беришкен. Айылдарда дүйнөбий бийликти кулатуу жана ислам режимин орнотуу ишине салым кошушкан. Ал түгүл мечитке келип намаз окубаган айылдаштарынын аты-жөнүн тизмелеп, мужахеддерге берип турушкан.

Мужахеддер андай “күнөөкөрлөрдү” аёосуз уруп, намаз окубаганы же арак ичкени, тамеки тартканы ж.б. үчүн көп суммада салык салышкан. Эгер төлөй албаса же качып кетсе, үйүндөгү мал-мүлкүн тартып алышкан. Өкмөттүк мектептерди, имараттарды, китепканаларды, маданият үйлөрүн талкалагандары да болгон. Бийлик өкүлдөрүн куугунтуктап, байлыгынан кол жуудурган. Ислам партиясынын мужахеддери басып алган айылдарда бир нече ай, жылдар бою ислам режимин орнотуп турушкан.

Кеч болсо да өткөн кайдыгерликтен олуттуу жыйынтык чыгарган тажик бийлиги дүйнөбий түзүлүштүн диний душмандарын жана эки жүздүү интеллигенттерди жеңип, ар кимисин өз ордуна коё алды. Кылмыш жасагандарды катуу жазалады жана азыркыга дейре жазалап жатат. Диний уюмдардын жетекчилери, диний фанаттар ошондон кийин гана көздөрү ачылып, диндин дүйнөбий өлкөнүн идеологиясына, саясатына аралашуусуна акысы жок экенин, диний фанатизмди жайылтуу кандай трагедияларга алып келерин терең түшүнүп, чыныгы ислам буюрган жолго түшүштү. Кабыл алынган мыйзамдар боюнча имамдар театрларга барып турушу, кыска сакал коюшу, улуттук кийим кийип жүрүшү ж.б. көптөгөн эрежелерди аткаруу милдеттендирилген.

Жогоруда сөз болгон маселелерден улам: «Диний фанатизм күндөн-күнгө жанданып бараткан Кыргызстанда алдын-ала кандай чаралар көрүлүп жатат жана анын кандай белгилери бар?» деген суроо туулбай койбойт. Тилекке каршы, Кыргызстанда деле анын коркунучтуу элементтери кезигип калып жатат. Ал элементтер өлкөнүн келечегине кайдыгер эмес ар бир адамды тынчсыздандырат болуш керек.

Кайсы динди тутууга же тутпоого конституциялык укугу бар аял жарандын сөөгү мамлекеттин жериндеги мүрзөлөрдөн бир нече жолу казылып алынып мазакталганы жана мындай окуя буга чейин деле болуп келгени, мүрзөдөгү эстеликти мазактап талкалоо, айрым атуулдардын уул-кыздарын милдеттүү эсептелген медициналык эмдөөлөрдөн баш тартышы, өз мамлекетинин Гимни уктурулганда динчил кыздардын ордунан турбай коюшу, мамлекеттик Желекти сыйлабоо, жалпы элдин кан-жанына сиңген Нооруз майрамына карата тескери пикир таратуу сыяктуу фактылар кайсы бир даражада диний фанатизмдин өнүгүп баратканынан кабар берет.

Мирзохалим КАРИМОВ, жазуучу

«Азаттык»