КОЗУБАЕВ Алмазбек: СЫЙЛООСУЗ СҮЙГӨНДҮКТӨН ӨЛКӨБҮЗДҮ, \ СЫРТ ЖАККА СҮРҮП САЛДЫ ӨЛКӨ БИЗДИ!

Мигрант ыры

Ала салган турмуш менен агылып,
Алыс бөлгөн тагдырыма багынып.
Аңтарылган сезимдерге тушуктум,
Аскар тоону, аккан сууну сагынып.

Кутулалбай куса деген оорудан,
Кыярбады кыялдагы окуям.
Томсоруңку тарткан менен кебетем,
Тоонун жытын толкуп эстеп отурам.

Тосмосу жок куса күчү ойгонсо,
Толкуп келип туталантып койгондо.
Тыбыраган жүрөгүмдү бек кармап,
Токтоо кылам тоо баласы болгонго.

Ала-Тоого аттанмайын кадамдар,
Айыкпаган жүрөгүмдө жарам бар.
Ата Журттун баркын аңдайт турбайбы,
Аргасыздан алыстаган адамдар.

 

* * *

Сыйлоосуз сүйгөндүктөн өлкөбүздү,
Сырт жакка сүрүп салды өлкө бизди.
Сездирди окшойт мекен минтип күчүн,
Саматып сагындырып көксөөбүздү.

Сагынчы ырбап тууган, ата-энемдин,
Саматып кылыктары дос-теңимдин.
Санаркоо андан алда күчтүү экен,
Сагынчы элдин, тоонун, жер-мекендин.

 

Чет жердеги толгонуу

Бир-эки жылды болжоп кетээримде
Аа бирок, жүрөм тагдыр жетегинде.
Өсүшүп келатышат балдарым да
Тарбия көрбөй өз эл, мекенинде.

Тун кызым өз эл-жерин көрө элек
Чоң ата-чоң энеси өбө элек.
Турмушту жаңылантып алган менен
Ар ойдон көңүл чиркин чөгө берет.

Жат элдин жашоосуна тартылуу бар
Жазмыштын жандап жүрөр шарты булар.
Бабалар тарбиясын берсем деймин
Уулума улутумдун салтын улаар.

Улуу нарк, өрнөк, тил, дил сыяктуулар
Унутта калат деген апкааруу бар.
Улуттун кереметин өткөрсөм дейм
Кызыма кыргыз кутун сактап турар.

Алмазбек КОЗУБАЕВ

29.08.2012. Самара шаары