КУБАНЫЧБЕКОВА Нурзада: УРЗАДА КУБАНЫЧБЕКОВА: СЕН ЖЫТТАНГАН ЖАЗ, ЖАЗ ЖЫТТАНГАН СЕН!

ЭССЕ

Ооба, дал ушундай жаз сен жыттанат, сен жаз жыттанасың. Тереземди черткилеп түнү бою жаан чакалап куюп чыкты, таңга маал шамалдан улам ойгонуп кеттим, сырт күңүрт тартып, асмандын кабагы ачылбай турган экен. Жамгыр түндөгүдөн бираз басаңдап калганы болбосо дагы деле жайбаракат өз ишин улантууда. Терезеден жамгырдын тамчылары сызылып ылдый түшүп, там түбүндөгү жаңыдан кылтыйып чыгып келаткан чөптөргө жан киргизген шекилдүү. Сен да мен үчүн кудум жамгырдын тамчылары сыңар элең. Кичине болсо да мага карап жылмайышың, эркелетишиң, коргошуң, аяшың, айтор мага деген, мага арналган ар бир мамилең жамгырдын тамчылары чөптөргө жан киргизгендей демиме дем берип, күчүмө күч кошуп турчу. Ошол себептен жазды абдан жакшы көрөр элем, азыр да жакшы көрөм, анткени менин жазым сенсиң, сен менен жазды эки бөлүп кароом мүмкүн эмес.

Жазды мынчалык жакшы көрүп калуумдун да бирден бирден бир себеби, биз дал ошол жаздын алгачкы күндөрүндө жолукканыбыз, чымыр денеңе жарашыктуу кийимдерди тандап кийер элең, ошол күнү да кийген спорттук күрмөң өзүңө куп жарашып, келбетиңди ого бетер сонун кылып көргөзүп турган. Же жаздын илеби ушундай белем, айтор, сенин турган турпатыңдын бары көзүмө жомоктогудай көрүнгөн эле ошол күнү. А мен сенин жаныңда өтө бактылуу болчумун, сени кылчактап карап өткөн селкилерден тымызын кызганып, сыртыман сыр билгизбей сен тарапка кылчайып, астыртан суктанганымды сезбегенсиң. Анан ичимен чын эле ушул келишимдүү жигит мага таандыкпы деп өзүмө өзүм ишене албай кетер элем. Ал күнү менден өткөн бактылуу адам болбогон чыгар, кучагында эркелеп, жаз жыттанган жытыңан искеп эч тойбогом.

Андан бери бир топ мезгил алмашты, мезгилден мурун сен жыттанган жаздан далайды өткөрдүм. Бирок канча жаз келбесин, аны сени күткөндөй, сени сагынгандай тосуп алар элем. Жаз жакындаганда элеп-желеп болуп, өзүмө өзүм батпай кубанганым да эсимде. Айтор, жаздын илеби сени мага чакыргандай, дайыма сени эскертип, сени сагындырып турар эле. Чындап келсе жаздын укмуштуудай касиети бар сыяктанат. Адамзаттын жан дүйнөсүнө эргүү берип жаңылантып, тирүүлүктүн бар экенин сездирип, жашоого жан киргизет.

Билесиңби, жаз менен бирге жамгырды сүйгөнүмдүн да себеби бар… Ошол кечте, “биз жолуккан кечте” жамгыр нөшөрлөп төгүп жаткан. Бала күнүмдөн жамгырда шөлбүрөп суу болуп калганды жашы көрчүмүн. Жада калса жамгыр төгүп турган убакта да сыртка атайы чыгып суу болуп келчүмүн. Ал эми ошол суу болуу сенин кучагыңда болуп өтүшү мага өтө жагымдуу маанай тартуулады. Чачтарым суу болуп, кийимдериме өтүп үшүгөнүмөн көгөрүп, эриндерим бири-бирине тийип тийбей дирилдегенин көрүп бооруңа бекем кыстың да, демиңди ичиңе алып көпкө кучактадың. Ичиңден эмнени ойлодуң билбейм, бирок менин болгон ой-мүдөөм сен элең.

Асмандан себелеп жаап жаткан ак жамгыр экөөбүздүн бактыбызга күбө болуп толкундангандай улам-улам күчөй берди. Жамгырга жүзүмдү тосуп, мен бактылуумун деп жар салып кыйкыргым келди. А бирок ал нерсе ичимде калды, канткен күндө да мен сенден тартынар элем, уялар элем. Сенин токтоо, оор басырыктуу мүнөзүң мени токтотуп турчу. Ушунчалык элирген жаным кээде балача ойноп жиберер элем, сенин токтоо тартып турган турпатыңды көргөндө дароо өзүмө келип унчукпай калчумун.

Бара-бара сенин бул кыялыңа да көнө баштадым, акырындап мен да ичимдеги сезимдеримди жашырууга өттүм. А бирок кээде маанайың өтө шат болгон убакта жазгы күндөй ачылып жаркып, бир сонун сүйлөп берип, күлдүрүп, жашоомо шаң тартуулап жиберчүсүң.

Эх, жаз жыттанган Жаным менин! Канча күттүм, сагындырып келбедиң. Акыры сени эмес, жазды күтүүгө мажбур болуп калдым. Анткени жаз бир гана сени элестетчү, сени тартуулачу. Ошентип ар жылы жаздын келишин чыдамсыздык менен күтүп жол карай турган акыбалга келдим. Мындан кийин бул акыбал бара-бара көнүмүш адатка айланды да калды. Жыл сайын бирөөнү дегдеп күткөндөй, жазды да дегдеп күтүп тосуп алам. Жаз келсе жандүйнөм толукталып, өзүмө келгендей сезим калтырат да турат. Бул да сага болгон ашыктыгымдын бир тамчысы. Азыр эми ошого да каниет кылып жашап келем, жаз келери менен сенин жытың жыттанып, мага, менин жашоомо көрк, дем бергендей туюлат.

Мына аз күндөн бери жаздын алгачкы барактары жандүйнөмдү кытыгылап кирип келди. Бүгүн аба ырайы да өзгөчө сонун, бирин-серин булуттар чет жакасында каалгыганы болбосо асман көпкөк мемирейт. Күн да чайыттай ачылып жаркып, аба мелүүн тартып, жазгы айдарым жел жүзүңдөн сылап өтүп кумарланткандай. Таң эрте турдум да, терезе, эшиктеримди кенен ачтым. Сенин жытыңдын үйүмө байыр алып сиңип калышын абдан кааладым. Мен эшик, мен терезе дегендин барын ачып салдым. Ачып алып, кадимки жаш балача кубанып, кыңылдып өзүмө батпай турдум. Ээх Жаз, сен жыттанган Жаз! Жазды бүтүндөй кубанычым менен тосуп алдым… сени күткөндөй… сени сагынгандай… сени эңсегендей…Анткени жаз бир гана Сен жыттанат!!!