КУРМАНОВ Жекшенбай: ЖЕКШЕНБАЙ КУРМАНОВДОН БАЛДАР ҮЧҮН БАЗАРЛЫК

БИЗДИН БАКЕН
Бакен тентек бир далай,
Баткак сууну ылгабай.
Баса берип көп жүдөйт,
Батинкеси кургабай.

Кургаганда баштары,
Көктү карап чүйрүйөт.
Батыра албай эртеси,
Баарыбызды күлдүрөт.

Акыл айттык көнбөдү,
Ал адатын койбоду.
Кыйла кичүү өзүнөн,
Кымбатбекче болбоду.

КӨПӨЛӨК МЕНЕН ЧЫМЫН
Көпөлөк:
— Дың-дың этип үйүңдөн,
Чыкпай эле жүрөсүң.
Жүрү жыргап келели,
Гүлдүн соруп ширесин.

Чымын:
— Ал жагыңда эмне бар,
Ачпайт деле курсагым.
Тоюп алам анткени,
Мурдунан эле Ыйсанын.

Ушул сөздүн маанисин,
Баарыбыз тең ойлойлу.
Башкалардан сын угуп,
Биз да Ыйсадай болбойлу.

ТАБЫШМАКТАР
Кымыз бышат апалар,
Туруп алып заарда.
Эмне делет ал буюм,
Аты уйкаш шаарга?[1]

Бири-бирине беттелген,
Бир жыгачка эптелген.
Тегерек эки ташка биз,
Айлантып талкан тартабыз.
Эмесе ошол буюмду,
Эмине деп атайбыз?[2]

Ийленген таза териден,
Ун салгыч деп жасалчу.
Сурасаңар бул буюм
Эмине деп аталчу?[3]

Сонун көрүп күзүндө,
Союп жейбиз күндө биз.
Ала чапан кийинген,
Абдан таттуу бир жемиш.
Анда балдар айткыла,
Анын атын тапкыла?[4]

Аябай назик ал мөмө,
Абайлап үзүп албасаң:
Канап кетет колуңа,
Катуурак эле кармасаң.
Билчү болсоң билем де,
Билбесең айт бул эмне?[5]

Ышкын бышкан кезинде,
Топтомолок баш алат.
Анан ошо томолок,
Эмине деп аталат?[6]

Койколоңдоп дайыма,
Койду жүрөт баштап.
Анын аты не делет,
Айткылачы бат таап?[7]

[1] Бишкек

[2] Жаргылчак

[3] Супара

[4] Дарбыз

[5] Карагат

[6] Боткок

[7] Эркеч