КУРМАНОВ Жекшенбай: ЖЕКШЕНБАЙ КУРМАНОВДОН БАЛДАРГА БАЗАРЛЫК

Агаларын ардантат
Ишен келсе мектептен,
Иш жасалбай текшерүү:
Үсөн келет шылкыйып,
«Үчкө» толуп дептери.

Күнүгө эле сүйүнүп,
Кош таноосун барбайтып,
Эсен келет «беш» алып,
Эки агасын ардантып.

Жетиген
Биздин жалкоо Жетиген,
Быйыл окуйт экиден.
Эч бир алган беши жок,
«Экиси» чоң өзүнөн.
Эми качан Жетиген,
Арылаар экен «экиден»!?

Ойносун десек
Уят деген каякта,
Кичик иним Маратта.
Ойносун деп машине,
Сатып берсек, заматта:

Кылгылыкты кылыптыр,
Жылгыс кылып тыныптыр.
Олтургучу түбүнөн,
Омкорулуп сыныптыр.

Дөңгөлөктөр бир бөлөк,
Руль деген ийрейет.
Кабинасын карасаң,
Өз башындай сүйрөйөт.

Эркин коркок
Эшиктен кирген Атырды,
Эркин көрүп бакырды.
Алактаган боюнча
Апасына жашынды.

Кебетеси башка чын,
Кимдер андан качпасын.
Көрсө кийип келиптир,
Арстандын маскасын.

Ыйлап атат ко…
Маарап аткан козуну,
Шаардан келген Бекболот:
— Апакесин табалбай,
Ыйлап атат, – деп коёт.

Бөбөктөргө акро ыр
Баш тамгаларды кошуп көр,
Бир сөз чыгат окуп көр:
Леп-леп этип айрыкча,
Ылдыйышта зуулдайт.
Жакшы тепсе карманып,
Андан эч ким жыгылбайт.

Абдан бийик жалама,
Сүрүнөн көзүң жалтанат.
Кыйкырып «а-а» деп үн салсаң,
Ал дагы сени кайталайт.

Чагылат күнгө жаркырап,
Оронуп мөңгү, ак карды,
Карандаш сымал учтаган,
Уч жагы чийет асманды.

Күз бүткөндө ой-бой-оой,
Ызгаар болуп жер турат,
Шейшеп жаап койгондой.

Аны сыйлап минсеңер,
Табылгыс унаа билсеңер.

Ошондо кубат бил муну,
Тамак бышып, үй жылуу.

Тамгаларды жайгаштыр
«+ө» алдында «Т» койсоң,
Эки өркөчтүү бир жандык.
«+ө»лөр алды «К» болсо,
Мокочодой булгандык.
(төө, көө)

«Эр» алдына бир «Э» кой,
Атка токуп жүрөсүң.
Бир «Э»ни алып «Ш» койгун,
Баатыр жанды билесиң.
(ээр, шэр)

«У» артына бир «у» кой,
Бардык жанды өлтүрөт.
«С»ны койсоң алдына,
Арыкта агат мөлтүрөп.
(уу, суу)

«Ал» алдында «М» болсо,
Жайытта оттойт чубашып.
«М» ордунда «Б» болсо,
Аары берген гүлазык.
(мал, бал)

Үйдөн чыксаң каарынан,
Үшүп эле турасың.
«С» болбосо башында,
Билесиң боз үй жыгачын.
(суук, уук)

«Т»ны койсоң башына,
Жуп сан чыгат татына.
«Т»ны кайра аласың,
Тилсиз жоону табасың.
(төрт, өрт)

Балдардын эң улуусу,
Кандай болуп аталат.
«Т»ны алсаң башынан,
Нан ошондон жасалат.
(тун, ун)

Күндүз сенден бөлүнбөйт,
Күн батканда көрүнбөйт.
(көлөкө)

WhatsApp