МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: «ЖӨНӨТҮҮ»

Шиңгил аңгемелер

Үй-бүлөлүк сөздөр Рузван баскан палоо желип бүтүп, куран окуп, бата кылышкандан кийин башталды. Баятан бери күтүп турган сөздөр аң алды атасынан чыгат.

— Чамаданиңди даярдадиңби?

Рузван башын ийкеди. Сөздүн башталышын эле күтүп турган чоң энеси:

— Эчтемени унута көрбө. Пулуңу маккам бекит. Кисабирлар алып койбосун. Илгери Момушка той кылган жылы Сейдана миң сомун алдырып коюп Анжиандан пияда келген, — деп өзүнүн дайыма кайталанып айтыла берчү насаатын баштап кирди.

 

— Кала ысыктыр? Чөнтөгүңө үч тыйындыктардан салып ал. Аржерде жашыкка окшогон нерселер болот экен, ошого таштасаң муздак суу чыгат, ошондон ичип жүр. Бир тыйын таштасаң кызылы жок чыгат, ошонусу эле жакшы, арзан. Тыйынды чырагы күйгөндө ташта, болбосо жеп коет экен. Анан бираазда чыкпай калат, уялбай эле катуу ур, анан куюлат! – Чоң атасы качандыр бир шаарга барганда өзүнө жаккан нерсени кошумчалап койду.

Рузван унчукпады. Унчукканда эмне, ал дале шаарды көргөн эмес, эмне десе ошолордуку эп да, шаар ага жомоктогу табышмактуу жана кол жеткис бир чоң дүйнө катары сезилип жатат.

Өмүр бою кетмен чаап келе жаткан киши, кызынын окуп калышына катуу аракет кылган атасы, сөзгө аралашты:

— Кокус мугалимдериң менен сүйлөшүп калсаң, же сурап калышса, айт, туура эле айт, атам миңди таап берет де, анан бирөөдөн айттирип ий, же тилгирам ур, уйду торпогу менен сатсак, миңге алар? Быйылча актан өксүсөк да, куда кааласа, отчоттун пулуна бооз кунажын алап албай жанибиз жокпу?

Атасынын сөзүн бөлүп, аны жактырбай апасынын сүйлөмөй адаты бар:

— Окууга барба десе, ынабадың. Ошко эле барсаң, мугалим болор элең. Адам соёрдун окуусуна барып… Жүрөк-пүрөгүң түшөт экен… Өтпөсөң уялып жүрө бербей, келе бер. Окууга өтпөгөндөрдү күлүган балдар көп пайлашат экен. Иши кылып кызым, өзүңө этият бол да!

Чоң энеси адатынча келининин сөзүн жулуп кетти:

— Түнү чыкпа, үйүңдү ичинен калиттап ал! Ким келсе да ачпа! Акаңмин деп келет, ачпагын! Кино-пиного барам деп ойлобо, кыздар барабыз десе да сен кой де! Балдар сени аяшпайт, оозуңду маккам бууп эле алып кетип калышат.

Бул эчен кайталанган сөздөр Рузвандын кулагына сиңип бүткөн. Ал азыр түнү кет десе да, окууга жөнөп кете берер эле. Таң атса…

— Кана, ата, Рузванга бир бата берели? – Кыздын атасы өз атасынан суранды.

— Кана, эмесе, оомийин! Ылайым багың ачылып, окууга өтүп, ниетиңе жет, ишиңе ырваж берип, жолуңду кызыр колдосун! Оомийин!

 

ТҮШ

Шаардын стадионуна эл батпай кетиптир, бир да оюнда, бир да майрамда калк мынча көп чогулбаса керек. Миңдеген адамдар Эсенгелди түшүп кол булгалап бараткан үстү ачык, кара түстөгү «Чайканы» карашат. Трибунадан гүлдөр жаайт, асманга шарлар коё берилип, салют атылат, кыпкызыл от менен «Биринчи кыргыз космонавты, кораблдин борт-инженери Амангелдиев Эсенгелди Саламатовичке жердештеринин атынан жалындуу ысык салам!» деп жазып коюшуптур.

Анан аны түз эле «Чайка» менен стадиондун дал ортосундагы боз үйгө алып киришти. Килемдер салынып, дүйнөдөгү түркүн тамактын баары жайнайт. Оокат кылбай каңкакшатчу аялы койкоңдоп торт ташып жүрөт, жакын келе албай начальниги бир четте таң калып олтурат. Эсенгелди аларды карап да койбойт, чоңдордун гана анча-мынча суроолоруна ооз учунан жооп беримиш болот, эки жагында эки милиционер олтурат.

Жапжаш сулуу кыздар коньяк, шампан, бальзам, арак… көтөрүп келишет.

— Кереги жок! Алып чыккыла! Суу бергиле, суу! – деп кыйкырат Эсенгелди.

— Азыр, азыр, Эсенгелди Саламатович. – Начальниги чуркап кетет. Чыны менен толтуруп суу алып келет.

— Ай, акмак! – дейт Эсенгелди сөөмөйүн начальниктин көзүнө такап, куду анын өзүнө окшоп. – Космоско чыгып келиш сага семичка чагыш бекен, бир чыны суу балээ болобу, чурка, дагы алып кел! Айткан ишти айткандай кылыш керек!

— Куп болот! – Директор буту-бутуна тийбей чуркап кетет. Чакасы менен муздак суу көтөрүп келет.

— Мынакей, Эсенгелди Саламатович, сиз үчүн кызматка биз даярбыз.

Ал сууну чакасы менен көтөрүп шимирип калат…

… Эсенгелдинин эриндери кеберсип кургап, тили оозуна батпай, акактап, ичтери тартылышып, башы зыңылдап ооруп жатыптыр. Кийимчен, жуурканы да жок, бурчта баласынын жалайыгын эптеп үстүнө тартат. А жалайык ал байкуштун кайсыл жерине жетмек эле…

 

БРОНДОЛГОН МАМИЛЕ

Администратор аял «Мест нет» деп жазылган тактайчаны жакшылап тургузуп койду да, анан шашып кагаздарын жыйнаштырып чыгып кетти.

Чал куржунун жонуна салган бойдон акырын басып келди да, администратор олтурган жердеги кыпкызыл телефонду коомай кармап, этияттык менен өзүнө тартты. Анан тыңшап көрдү. Кыйла угуп турду да, трубканы стол үстүнө коюп, жегдесин байлаган курду бошотту да, анын уч жагына түйүлгөн түйүндү чече баштады. Түйүндүн ичинен уйпаланып калган алакандай барак чыкты, ага көпкө карап турду да, жанындагы кишиден жазылган номерлерди терип беришин өтүндү. Бир топтон кийин чал кубанганын жашыра албай жылмайып сүйлөй баштады.

— Бизди кудай алат беле?… Тынчпыз… Жаманым кандай, жаманым?.. Кайда турасың дейсиңби, силердин шаарыңарда… Учмапайызга олтурдум да, келе бердим… Азырбы?.. Азыр кастинисада… Силерди сагынып келдим да… Силер биржөлү келбей койдуңар… Мейманыңар болсо, убара болбой эле койгула, кастинисада эле жатам… Берет!.. Согуштун ветеранымын дейм да… Адресиңди айткан менен таба албайм… Паданын кезүүсүн өткөрүп келдим, эртең, бүрсүгүн, колуң бошогондо келсең, кастинсадан таап кетесиң да…

Аңгыча шыпылдай басып администратор аял кирип келди.

— Ай, абышка, коюп кой телефонду! Сенин эмне менчик малыңбы? Муну служебный телефон дейт! Мал багып, мал болуп калган сасыган байсың да, эки тыйынды кудайдан көрүп сүйлөшпөйсүң! Вот безобразие!

Чал трубканы акырын телефонду жылдырып ордуна койду да, өзү да ары болуп, алдыдагы ачуулуу аялдан дале ырайым күткөндөй тура берди.

Ары жактан бир жаш жигит шыпылдай басып келди да, эч кимди көзүнө илбей, администратор аялга өктөм сүйлөдү:

— Соня эже, телефонго эки тыйындык берчи?

— Ой, Султанчик! Кандай! Мамаң оорубай калдыбы? Папаң кандай? Курорттон келиштиби? Мынакей Султанчик, он тыйындык салсаң дале боло берет. А эмне телефон сүйлөшөсүңбү? Ме, менин служебный телефонум менен эле сүйлөшө кой?

— Жок эже, биздики секретный!

— Мейли, мейли, чунак бала! Бойго жетип калган тура! Мамаңдарга привет передай!

Администратор аял жаш жигит чыгып кеткенче артынан сүймөнчүк менен карап турду, анан алдында үймөлөктөшүп турган адамдарды көрүп кайра ачуусу келип кетти:

— Турбагыла! Мен силерге айттым го, орунум жок! Бардык орундар брондолгон!

 

БАЛА

Дүк… дүк… дүк…

Чырм этип уйкуга алдырып ийген эне чочуп ойгонду. Жүрөгүнүн соккону өзүнө кадимкидей сезилип турду. Ана баласы караңгы подьезд менен үчүнчү кабаттагы үйүнө адаттагыдай мас болуп келатат.

Дүк… дүк… дүк…

Баласы күндөн-күнгө көп иччү болду. Айтса эле, энеге кыйкырганы: «Кана, атам, кана менин атам!… Сен аны кууп жибергенсиң!» дегени турат. Бала баарын билет да. Мектепте окуп калбады беле?..

Дүк… дүк… дүк…

Эне баласынын экинчи кабатка келип калганын сезди. Эми кимдир бирөөнүн коңгуроосун басат, анан ал таттуу уйкудан ойгонуп, мас кошунасынын артынан сүйөп эненин көңүлү үчүн деп үчүнчү кабатка алып чыгат.

Дүк… дүк… дүк…

Ошондо жаш келин өзүнүн бактысын көтөрө албай калбадыбы. Болбосо жалгыз уул жетет деп экинчисин боюнан алдырбайт эле да,  өзүн-өзү ооруга кириптер кылып албадыбы? Анан байкуш күйөөсүн сүйлөтө койчу эмес, акыры аны башка бала көргүң келсе үйдөн чыгып кет дегенге чейин барбадыбы?

Ал чыгып кетти. Эки-үч жыл тынымсыз келип-кетип, уулун ойнотуп, ага ар нерселерди сатып келип берип жүрдү. Ага да кызганды. Келгенде уулун жашырып жолуктурбай койчу болду. Акыры баласын атасынан, атасын баласынан алып качты.

Дүк… дүк… дүк…

Ана, баласы үйүнө алып келаткан адамдын абийирин шылдыңдап сөгүп жатат. Акыры бир күн энесин да ушинтип сөгөр бекен?

Анда ошол жаш келин ушинтип эле бактылуу күндөр өтүп кете берет, көп түйшүктөн кутулткан күйөөсүз турмуш эле жакшы деп ойлоптур, а кийин күйөө керек болорун, күйөөнү сагынарын, балада ата тарбиясынын орду бош каларын, аны эч ким, эч нерсе айыр баштай албасын ойлобоптур.

Зың-ң… зың-ң… зың-ң…

Эне ордунан ыргып турду. Халатын шашып кийип, эшикти акырын ачты. Баласы. Өңү купкуу, топчулары үзүлгөн, кастюмдары булганган, чачы бир көзүн жаап, маңдайындагы кечээги көгөргөн жердин жанынан эми гана сарыгып кан тамчылап жатат.

Кошунадан уялган эне баласынын жүзүн тиктей албай жер карады. Эненин абалына боор ооруган кошуна да оош үшкүрүнүп, өкүнүч менен жер тиктеди. Алардын экөөнүн тең жер тиктеген көздөрү бир чекиттен биригишти. Бул чекитте жыйырма жашар жигиттин таманы түшөйүн деп калган ылай ботинкасы менен экинчи жагында жалаңаяк буту турган…