МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: «КҮН ЭЖЕЙ»

АҢГЕМЕ

— Жамбаштап жата бербей, кир жууганга биржадан бирөөнү алып келбейсиңби, кызматчыбыз айылга суранып кеткен, бири отпускада? — Аялы эми эле телевизордун пультун колго алган Медерге аткарабы-аткарбайбы дегендей, бирок ургаачылыкка салып буйра сүйлөдү.

Мындайда Медер аялын чымын чакканчалык көрбөсө да, боору оорудубу же жекшембилик зеригүүсүн бир аз болсо да унутайын дедиби, айтор, машинасынын ачкычын алып, спорт кийимчен сыртка жөнөдү.

— Түзүгүрөөгүн алып кел! Бир уурусун же алкашын жетелеп келбе! — Аялы катар-катар темир эшиктерин шарактата жаап атып дагы бир жолу айтарын айтып алды.

 

Медердин «Жип» машинасы шаардагы жумуш издөөчүлөрдүн көчөсүнө келгенде акырындап калды: берки башында төрт-беш эркек карта чабышып отурат, акырындаган машина менен дале иши жок, андан ары он чактысы үймөлөктөп турган экен, баары «Жипке» чуркап келди, «бу крутойлор акчаңды да бербейт» деген бирөөнүн үнүн укту, дагы бир үн «рэкет болуп жүрбөсүн» дегендей болду. Медер машинасын акырын жылдыра берди.

Эми топтошуп турган аялдарга жетти. Алар баары тартиптүү турду, топтон бирөө гана суурулуп чыгып, Медерге жакын келди:

— Чоң жигит, сиз жумуш бересизби?

— Ооба! Аялыма жардамдашып кир жуудурайын дедим эле?

— Жарайт! Машинагабы? Колгобу?

— Киржуугуч жайга алып барып коём, ошерде жуушат.

— Кыздар, пречкада ойногонго. – Аял ушинтип кайрылды эле, ары жакта тургандардын баары кол көтөрдү. Бирөөсү кол көтөргөндөрдү да карабай, жанагы башчысын да тоотуп койбой, түз эле «Жиптин» арткы эшигин ачып отуруп алды.

Көтөрүлгөн колдор да түштү. Аялдардын башчысы да ныпым унчукпады. Медер да аң-таң калып, тигил аялды тиктебей эле:

— Бир күнгө канча аласыз? — деди ушул жерде баасын бычып алгысы келип.

— Сага эмне, акча жокпу? Менин баам баарынан кымбат! Айда, тачкаңды!

Медер машинасын акырын ордунан жылдырды. Анан ал унчукпай үйүн көздөй айдады. Бир көчө өткөндөн кийин:

— Токтот! Башым сынып атат! Аванс бер! — деген артта отурган аялдын өктөм үнү Медердин оюн бузду.

Ал шаар четине элиталар үчүн куруп жаткан жүз үйдүн негедир кечигип жатканынын себебин ойлоп келаткан, жетекчилерин алмаштырсам, ордуна кимди коём деп башын катырып аткан. Кол алдында иштеген курулушчулардын баарын бир-бирден көз алдыдан өткөрүү менен алаксып, артындагы жүргүнчүсүн унутуп да коюптур. Анын үстүнө машина минген шоопуру бар, бүгүн ага эс алууга уруксат берип, рулга өзү отура калган. Чочуп кетти. Жол четине чыгып, унчукпай, жүз сомдуктан бирди алып, арттагы аялга узатары менен ал машинанын эшигин да жаппай чуркап кетти да, «Баткенское вино» деген челекке барып, кырлуу ыстакан менен бирди куйдуруп, анысын оозуна тийгизери менен шыңгытты да, кандай ылдам кетсе, ошондой ылдам келип машинанын арткы орунтугуна отурду.

Жалаң жыпар жыттуу аба тазалагычтарды сээп жүргөн «Жиптин» ичи коңурсук жыттанып, Медердин кускусу келип, желдеткичтерди иштетип, дезодрантты байкатпай чачып койду да, күзгүдөн арттагы аялды карады. Бети жайлоонун майлуу топурагындай күйгөн, богокторуна тырыш эбак изин салган, кир көйнөктү эткээл денесине илип алган ушул аялды күзгүдөн бир карары менен Медердин бүткөн бадани зырп этти. Негедир ага ушул турпат, ушул жүз тааныштай сезилди. Ким эле? Ким эле? Эстей албай атты… Бирок жакшы билчү, жакын таанышындай жүзүнө ысык көрүнө берди… «Кайдан көрдүм эле? Ким эле?»

Тигил аял окшуп алды. Машинанын ичине кусуп жибербесин деп акырындап калды эле, аял:

— Айда! — деди. Үнү да тааныш. Өмүр бою өзүн коштоп, кулагында жаңырып жүргөндөй эле бул үн. Күзгүдөн дагы бир жолу уурдана тиктеди. Тааныды. Ошол! Ооба, ошол!

* * *

Азыр өлкөгө аты таанымыл бизнесмен Медер анда айылда, орто мектепте, бүтүрүүчү класста окуйт. Биринчи сентябрь күнү директор алардын аты чыккан тентек классына бир мугалим кызды баштап келди. Аппак булуттай аппак көйнөкчөн, чырайлуу шыйрактарына байпак кийбей, ачык калтырган, ал жерлери балдардын баарын өзүнө жалт караткан, катуураак үйлөп койсоң учуп кете тургандай дирилдеген назик жанды бул айылдын балдары ошондо биринчи көрүшү.

— Бул эжейиңердин аты Атыргүл. Быйыл университетти кызыл диплом менен бүтүрүп, биздин айылга мугалим болуп келди. Силерге астрономиядан сабак берет, ошол эле кезде айлыбыз тоо башында жылдыздарга, Айга, Күнгө жакын болгондуктан эжейиңер асман телолоруна байкоо салып, илимий ишин жүргүзүп, кандидаттык диссертациясына материал топтоп, бул илим боюнча белгилүү окумуштуу болот! — Директор жаңы эжей менен окуучуларды ошентип тааныштырып атканда тентек класстын тентектеринин айрымдары «бырс» күлүп ийсе, дагы бирөөлөрү тоолорду карап, асмандагы Күндү карап, анан иймейген ийнеликтей ушул кызды карап ичтеринен «кыйратарсың» дегендей мыскылдуу тиктешсе, бир-экөө жаңы кызга көзүн кысканга үлгүрүп да ийишти.

Жаңы мугалим дароо эле сабак баштамак болуп, директор чыгып кетери менен журналды ачып, окуучулар менен таанышмак болду.

— Абдураимов! — Журнал башындагы биринчи окуучунун фамилясын калтырап-титиреп араң айтты.

Мындайда аты чыккан окуучу ордунан ыргып турушу керек болсо да, эч ким ордунан козголбоду.

— Абдураимов! — эжей дагы бир жолу пас үн менен, акырын, журналдан көзүн албай тизменин башын окуду.

Кудай урган Болот дале ордунан козголбойт. Балдар баары аны карады.

— Мугалим айтканда туруш керек! — деди жаңы эжей балдар караган жакка тигилип, болжолу Абдураимов ушул болсо керек деп чын эле Болотко үңүлүп.

— А сиз мугалим белеңиз… — деди Болот жай козголуп.

Балдар күлүп жиберди. Жаңы мугалимдин кубакай жүзү кызарып, кызармак түгүл татарып, эч нерсе дей албай, тизмени улантып кетпей узак турду.

* * *

Медер күзгүдөн дагы бир жолу артындагы аялды уурдана тиктеди. Карарган бети кызыл виного уугуп, чачтары апсайып, тиштери түшүптүр.

* * *

Кийин-кийин Атыргүл эже менен Медерлердин классы ынак болуп кетти. Кайда барса ээрчишип жүрүшөт. Силер менин жандоочуларымсыңар, мен Күн болсом, силер ошол күндү айланган спутник-планеталарсыңар дечү эжейи. Ооба, ал эже Күн болчу, балдардын баары «Күн» дешчү. «Күн эжей келатат» дешчү. «Күн эжейден «беш» алдым дешчү. «Күн эже кимди сүйөт?» дешчү. Күн эже… Күн эже…

* * *

Медер кайрадан артындагы киржуугуч аялга көз кырын узатты. Күн эжейин күн күйгүзүп бүтүптүр…

Күн эжейинин ошондогу сөздөрү келди Медердин кулагына: «Күн – биз жашаган Жер планетасына эң жакын жылдыз болуп, Күн системасынын уюлунда турат. Күндүн радиусу Жердин экватордогу радисунун 109 эсеге чоң, салмагы Жерден 333 000 эсеге оор».

Ошентип окутчу Күн эжейи.

Бир жолу Күн эжейи алардын классын шаарга алып барган. Асмандагы жылдыздарга байкоо салабыз деп телескоп көрсөтүп аткан. Балдар-кыздар улам-улам биринен бири талашып, телескоптон асманга тигилишкен. Анан алар карашса эле Күн эжеси байтааныш жигит менен туруптур. Бүт мугалимдер айтмакчы «жинди класстын жинди балдары» сүрүлүп барып, үнсүз-сөзсүз жанагы жигитти тепкиге алып кеткен. Эртеси кайтып келатканда Күн эжелери көзүнөн жашын агызып келген, балдардын баары башын салып унчуккан эмес, кыздар гана ырдап жүрүп отурган…

Дагы бир жолу Күн эжейи буларды тоонун эң бийик чокусуна алып чыккан, ошерден жылдыздарга кол сунган, «мына бул жылдыз Орион, мунусу Алтын казык, мунусу Үркөр, Жетиген, бул жылат, бул жылбайт» деп баарын көрүп чыгышкан. Дагы баягы Болот: «Күн эже, ар бир жылдыз Күн болсо, ар бир Күндө Жерлер болсо, ар бир Жерде бирден Болоттор болсо, ошолордун ар биринин Сиздей Күнү болобу?» — деп тамашалуу суроолорун жылдырган.

Бир мертебе терең аңга түшүшүп, эжейи балдарга күндүз күнү асмандагы жылдыздарды көрсөткөн…

Күн эжейи ошондой эле. Булар үчүн Күн сыяктуу көрүнчү. Балдардын баары аны тегеректеп жүрөр эле…

* * *

Медер күзгүдөн дагы бир жолу артындагы адамын карады. Баягы көз. Тааныш көз. Күн сыяктуу күлгөн көз. Башкасы жок. Күн эжейи жок… Көз турат…

* * *

Светофор кызыл көзүн күйгүздү. Ушул кесилиште Медер оор машинасын акырын токтотту. Жөө жүрүүчүлөр жолду кесип өтө баштады. Машина токтору менен артындагы аял эшикти шарт ачып, көчөнү кесип өткөн ошол адамдардын агымына аралашып кетти…