МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: МАДАМИНБЕКТИН ӨЛҮМҮ

Үч-Коргондон Исфайрам бойлоп кеткенде Алыш, Кара-Жыгач, Майдан деп жүрүп отуруп Кичиненин-Оозуна келет. Кезегинде Полот хан качып келген бул жайлардын өзүнчө сыры бар, бир жагынан аш бышымда Барганынын жайыгына түшсө, жарым күндө Кызыл-Кыядан Апшыр-Ата өрдөп кетет Кичи-Алайга, бир жагынан Тамаша аркалуу Шаймардан жерине жетип, андан Сохко, Зардалиге барат, анан да Дароотко күнүн барат, Дароотко жетти дегенде Эркеч-Там менен Кытайга да, Кара-Тейит менен Сары-Колго да, андан ары Кара-Тегин аркалуу Ооганга да жол ачылат. Кууш капчыгай, өрдөп жүргөн жол кандай куугун келсе да жеткире койбойт.

Бекеринен Кудаяр хан чеп-коргонун ушул жерлер менен өтүп Дароотко курган дейсизби?

Анан калса биринчи дүйнөлүк урушта орустарга колго түшкөн австро-венгерлер капчыгай ичине таш тизип жол салып, тоо башына кен издегендер келип…

Ал эле эмес кербен жолу да ушул Кичиненин-Оозунда бир өргүп алат, чөл жактан чаңкап келгендер бул жердин салкын абасынан кере-кере дем алып, түнкү чыйрыктырган желине бир эркелеп, ичтейди ачкан, кан дүргүткөн, эчки чаначта бышылган кызгылт кымыздан канганча жутуп, андан ары жолун улайт. Тоо жактан түшкөндөр болсо бул жердеги катар-катар чайханаларда буулоолонгон манты менен самсага, аш менен аталага тоюп, сагындырган ширин жемиштерди үзүлө түшүп жеп бир жыргап алат.

Базарын айтпайсызбы. Жээнбайдын уулу Кадыркулдун коргону базар болуп, алайчысы да, кара-тегинчиси да, маргалаңчысы да каалаган соодасын кылып, алыш-беришин жүргүзүп оңуп калат. Кезегинде Полот хандын байлыгы ушул Кадыркулда калган дешет, анан анын байлыгына кызыккан Садыр миңбашы амал менен бүт тартып алыптыр.

Отунчулардын алып келген тарашаларын, кололорун алып сатарлар эки ат чегилген шада арабага жүктөп ичкери шаарларга алып кеткени даярдап койсо, киши боюнан эгиз гылдыректүү өзбек арабада келген тордолгон коондорду тоолуктар куржундарынын эки көзүнө салып, жандарына аттарлардын майда-чүйдө жип-шуусун, күзгү-тарагын, балдарына деген таттууларын шыкашат.

Буерде Банд суусунун Исфайрамга куйган чатында Садыр миңбашыдан калган чайхана, анан жол боюнда чынар теректин түбүндө таш супа бар. Мына ушул жер Шермухаммадбекке – Көр Шерматка аябай жаккангабы, же качуу жолун ойлогонгобу, неси болсо да төрт миңдей аскерин ушунда токтоткон. Буларга кошо Баргана, Чоң-Алай жактан шыпырма жигиттерди топтоп турган. Банд суусуна ауз кылып, ага түрдүү суу парандаларын багып, тоонун арчаларын тиктирип, көпүрө салып, ат араба жүргүзүп, күндүз аскерлерин Кол-Кутман жакта машыктырып, кызылдарды туурап бормо дедирип, баарына бирдей кара кийим кийгизип, урушка даярдап, түнү балаханада тажиктин бийчи кыздарын чимирилтип бийлетип өз дүйнөсү менен алек болуп жаткан.

Көр Шермат бул кыштакка ылдыйтан да, жогортон да көрүнгөн караандарды байкап туруш үчүн кароол коюп, айылдын Кичиненин-Оозу аты унутулуп, Кароол аталып барат. Өзү болсо Уста Абдимбеттин чайханасынын балаханасына жатып туш-туштан келген мусапырлар менен сукбатташып, эл ичинде эмне кеп экендигин эшитет. Ошондой кептердин ичинде Мадаминбектин оруска өтүп кеткенин, аны ээрчип дагы көптөр өтүп жатканын уккан сайын ичи туз сепкендей ачыша түшөт да, баденине кан ойноп, шадылуу муштумун түйүп калат.

Дал ушундай күндөрдө кудай берди болуп үч миң ашуун жигиттери менен Калкожо келип кошулуп… Эми минтип «ал кулум» деп өзү келип Мадаминбек колго түшүп отурат.

Кароолдун Кашатына кармаган Мадаминбекти Калкожо менен Шермухаммадбектин алдына ак дамбалчан алып келди. Мына ушинтип аны сындырабыз дешти. Чөгөлөйт дешти. Колу артына байлануу Мадаминбекти эки корбашынын алдына чөгөлөтөбүз дешти эле, ал желдеттерге баш бербей койду. «Тим койгула» дегендей болду Көр Шермат.

Ары жакта Мадаминбек менен келген жигиттерди катар тизип коюшуптур.

— Эми жолуңуздан кайтасыңбы, бегим?! – деди Шермухаммадбек бир кездеги жол башчысына тик карай албай.

— Жок! Силер да мени менен ээрчигиле? Түрк аскерлерин түзөбүз! Элди баскынчылардан куткарабыз! – Мадаминбек башын көтөрүп акыркы үмүт менен үн катты.

— Орус менен кошулуппу? – Калкожо какшык жылдырды.

— Орустун баарынын эле ою жаман эмес!

— Биз касам ичпедик беле!? – Шермухаммадбек алдында турган тордогу бактектей осол кишиге оолугуп сүйлөй баштады.

— Касам ичкенде бири-бирибизди колго түшүрүп, өлтүрөбүз дедик беле!? – Мадаминбек дале тик карап турду.

— Жок, мен сизди өлтүртпөйм, а буларды болсо… – Көр Шермат канталаган көзү менен желдеттерди карады эле, заматта алардын мылтыктары тарсылдап, Мадаминбек менен келгендердин он сегизи сулап жыгылды. Бир гана алардын арасында Момун көрүнбөдү.

Мадаминбектин ачуусу келип кетти:

— Сен көр, бул эмне кылганың, буларда эмне күнөө, сен элге жабыр кылып атасың, элди жамандыкка баштап жатасың! Буларды өлтүрбөй мени атпайт белең?!

Мадаминбек чөк түштү жана дагы айбат менен кыйкырды:

— Сени касам урат! Ит өлүмү менен өлөсүң!

Ушул учурда Калкожо бир белги бергендей болду эле, анын эки желдети Сакы менен Назар Мадаминбекти ары түртүп кетти.

— Уламалар Мадаминбекти тоо арасында ээн жерге – Сурма-Ташка алып барууну, ошол жакта же кармап турууну, же эч кимге билгизбей тындым кылууну чечти.

*   *   *

Тегирменчтик Абдымомун Шыгайда жалгоодон туз казып алып, жарымын Кичиненин-Оозундагы кароолго берип, жарымын айылына алып келип сатып жан бакчу. Бул жолу да ошентип, туз казып көл-шал болуп тердеп аткан.

Шыгайдын өз тарых-таржымалы бар. Кууш капчыгайдан атырылып агып келген эркек суу ушул жерде бир аз жайыла түшөт, таш тоолордун арасында суу буруму, анан саз, эгин-тегин кылчу ат чабымдай түз жер бар. Илгери суу жей бергенде шыгай кой, шыгай үчүн адамдын өлүгүн кой, өлүктөн суу качат дешип айыл аты Шыгай аталып кеткен. Ошол ары-бериси адам кыйкырса угулуучу жайыктын күн чыгыш жагында шагылдардын арасында таштар туз даамданып калган. Абдымомун ошолорду талкалайт да, кесек-кесек кылып артынып өөнгө түшөт. Мындай оор ишке Абдымомун эле жарабаса, башканын колунан келбейт. Аны болсо адегенде теңтуштары Ташка Батпас деп жүрүп, кийин элдин баары ошентип калган. Айтуудан бир жолу аңчылыкка чыгып, баргандардын баары бир кычык таштан өтүп кетсе, килтейген бу эргулуң батпай калыптыр. Ошондон Ташка Батпас аталган бул зор киши күн менен туз күйгүзгөн оор денесин бир азга жай алдыра коёмун деп үңкүрчөн чыгып, көчүк басып, аталадан жутуп, тээ төмөндү караса, Исфайрамдын аркы өйүзүндө он чакты атчан турат да, кечүүдөн экөөнө киши минген, биринде киши артылган үч ат берки өйүзгө өтүп келе жатат.

Ташка Батпас туз алган оюктарынын бирине жата калды. Булар кимдер? Неге келе жатат?

Жанагылар менен кошо келаткан атка артылган мүрдөбү, тирүү адамбы деп турса, аны аттан түшүрүштү да Шамшынын жериндеги узун-туурасы эки кулачтай келген төрт бурчтанган таштын далдоосуна алып келишти…

*   *   *

Мадаминбекти Сурма-Ташка алып жөнөгөндөрдүн ичинен экөөсүнүн Калкожонун жигиттеринен – Сакы менен Назардын ниети Шыгайга жакындагында бузулду. Бул ойду аларга Калкожо ишаарат кылдыбы, же өздөрү ойлоп таптыбы, неси болсо да абал аттарынын башы, анан өздөрүнүн башы бириге түштү да, бир убакта берки Көр Шерматтын жигиттерине карап Сакы желдет өктөм үн катты:

— Силер ушул жолдон чыкпай тургула, биз аркы өйүзгө өтүп, бекти дагы бир мерте жолунун кайтарып көрөлү!

Анан ал Назарга карап алып жүр дегендей кылды эле, Назар бектин атын жетелеп жолдон бурулду.

Жайыкта кыш эми кетип, байчечекейлер жайнап, майда майса көгөрө баштаган экен. Алар таштын далоосуна келди. Мадамин ошондо билди. Булар эмне кыларын да туйду. Денесин майда калтырак басты.

— Уруксат эткейсиздер, эки ыракат намаз окуп алайын? – Ал оозу бош унчукту.

— Түшүр! – деди Сакы бериде коркконсуп турган Назарга буйра сүйлөп.

Назар колу байлануу Мадаминбекти аттан түшүрдү.

— Дааратка суу алып кел! – Сакы кайра Назарды жумшады.

Назар ээрдин кашына байланган чайдөшкө кара суудан суу сузуп келди. Мадаминбек таңылуу колу менен даарат алды. Таштын далдоосунда намазга жыгыла баштады.

— Ассалому алейкуйм, рахматтулло! – деп ал бир жагына карады.

Экинчи жолу «ассалому алейкум…» деп башын суна бергенде Сакынын суурулган кылычы ошол сунулган башты кыя чапты.

Жылуу кан, отуздан эми гана ооган жаш жигиттин каны байчечекейлер менен көк майсага чачырады.

Сакы башты кара сууга эки-үч жолу малып чайкады да калтырып турган Назарга карматты:

— Бар, Тойчу менен Карабайга көрсөтүп сүйүнчүлөп кел!..

*   *   *

Момунду Калкожо да, Көр Шермат да жакшы тааныйт эле. Деги эле Мадаминбек жетекчилик кылган корбашылардын баары эле аны амин лашкер башынын ишенимдүү жигити жана анын денесакчысы катары урмат менен карашчу. Момунжан деп турушчу. Андыктан да Дардактын жигиттери колун байлап, атка артып келери менен эле Момун дароо бошотулду. Бул жердеги жигиттер да аны сыйлай турган, алдына болгонун тартып, атынын жем-чөбүн үзбөй үйрүлүп түшкөнү менен Мадаминбектин кабарын эч кимиси айтпады. Ал тууралуу, деги эле Мадаминбектин бул жактарга келгени тууралуу билишпейт экен.

Момун бул жерлердин коён жатагына чейин билгендиктен беш-алты кыргыз жигитти алып түнү бүт айылдарды тинтип чыкты. Эч нерседен шек-шыбыт жок. Анан таң атарга жакын өз айлына барды. Мына суунун шары, чоң сууга салынган алыш, ары кеткен арык. Арык боюндагы өз үйү. Үрүп чыгар ити да, мөөрөп турар малы да, тамбашындагы чөбү да жок жайдак короого айланыптыр бул куттуу очок. Апасын көргүсү келди. Дарчалардын баары бекилүү. Үй ичинен жинчырак күйүп тургандай. Баягы жинчырак болсо керек. Атасы жатарда уйду чаркарга киргизип байлайт эле, ошондо балдардын бири же Эмин, же Момун, же экөө тең жинчыракты кармап берет. Чарчаган балдар уй байлаганча уктап кетип, кээде апасы кармап берчү. Жинчырак кармап турганда анын отунан бөлүнүп чыккан ыш-түтүндү карап турганды жакшы көрөр эле Момун. Кээде ойношо кетип Эмин экөө бири-биринин колуна жинчыракты жакын алып барып, этине жалынын такап чочутуп калышчу.

Сүрөттө: Мадаминбектин каны аккан Шыгайдагы таш Шыгайдагы Мадаминбектин кабыры

Ошол жинчырак күйүп турат. Ошол жинчырактын күйүп турганын, андан ышталган түтүн чыгып жатканын көргүсү, ошол ышты өөп-өөп алгысы келди Момундун…

Бирок андай кылууга заман тар эле. Жакында уруш бүтөт. Баары үй-үйүнө кайтат. Момун да, Эмин да… Кызык экөө ошондо бири-биринин бетин кантип карайт да, кантип бир үйдө жашайт…

Супа саадакта айылдан жылып кетти. Сураштырып жүрүп билди. Мадаминбектин өлгөнүн билди. Бирөөлөр аны Калкожо менен Көр Шермат кылды десе, бирөө кызылдардын атайын кызматтары жасашты дешти. А түгүл анын башы колдон колго өтүп жүргөнүн да сураштырып тактады.

Айылдагы жана Калкожо менен Көр Шерматка караган кыргыз жигиттери кеп бышырды, элден мал болобу, дан болобу, катындардын эски чачпактары болобу, эмне болсо ошону жыйнап Мадаминбектин башын сатып алышты. Бул чөлкөмдөгү кыргыздар Мадаминбекти абдан сыйлашар, урматташар эле.

Эски тегирмендин алдындагы денесин да табышты. Табышты да баш менен денени бириктирип тигип чыгышты. Анан Така-Тайлактагы Шыгай кыштагынын жанынан эски кабырга алып барып жашырышты. Момун акыркы парзын аткарды. Бирок кимден өч алууну, кандайча өч алууну биле албады. Ал бул өлүмдүн кунун кууганга өтө эле алсыз… Алсыз эле… Ошону түшүндү…

Боз топурак мүрзөгө кыргыз тоолорунун шабадасы уруп, суу бойлоп учууга бараткан суучулдуктардын канаттары гана тийип, башка эч кимдин иши болбой кала берди…

«Сунулган баш… Суурулган кылыч…» романынан үзүндү.